п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Шарттуу салт

Кыргызда кылымдан бери сакталып келген көп салттарыбыз бар. Анын бири өкүл ата коюу салты. Убакыттын өтүшү менен бул салтыбыз да бурмаланып, өз баркын жоготуп бараткандай. Бүгүн биз өкүл ата деген ким, анын милдеттерине эмнелер кирет, башка өлкөлөрдө "өкүл ата" деген түшүнүк барбы? деген суроолордун тегерегинде жооп тапканга аракет кылдык.


"Өкүл ата өз ата…"
Кыргызстанда
Никелешкен күнү жаңы үйлөнгөндөрдүн өкүлчүлүгү үчүн экинчи ата шайланат. Аны келиндин кайын-журту өз билгендериндей, көңүлү жакындардан, алыш-катышы үзүлбөгөн, дегеле ошол үй-бүлөгө кадыры бар адамдардан шайлап алышат. Өкүл ата мыкты болсо өз кызындай көрүп, кеп-кеңешин, жардамын аябайт. Отко кийирип, кадимкидей төркүлөтөт, ич ара жакшылыктарга чакырышып, катышып турушат.
Кыргыздын салты боюнча келиндин себине келген кымбат, көзгө көрүнөөрлүк буюмдун бири өкүл атага ыйгарылат. Эгерде жаштардын арасында пикир келишпестиктер чыкса, адатта өкүл ата кыздын таламын талашып, жаштарды жараштыруунун жолун издейт. Жөнөкөйлөтүп айтканда, өкүл ата-эне келиндин экинчи төркүнү болуп саналат.

Орус элинде
Биздикинен айырмаланып орус элинде өкүл ата-эне жубайлар баш кошконго чейин шайланышат. Аларга коюлган негизги талап, экөө тең үй-бүлөлүү болушу зарыл. Кыргыздар бир үйдөн эле коюшса, орустардын өкүл атасы башка бүлөдөн, ал эми энеси башка тараптан коюлушу мүмкүн. Жубайлар чиркөөгө бараарда, алардын алдынан тосуп, батасын берип, салтанат бүткөнгө чейин жанында турушат. Үйүнө келээрде өкүл ата колуна туз, өкүл эне нан кармап алдынан тосуп чыгуусу керек. Эгерде жубайлардын ортосунда түшүнбөстүктөр чыгып кетсе өкүл ата-эне милдеттүү түрдө кийлигишип, кээде жубайлардын ордуна чечим чыгарышы да ыктымал. Айрым учурларда, өкүл ата-эне бойдок жигитке өздөрү жубай таап беришет.


Молдавада
Алдын-ала өкүл ата-энени шайлап алышып, тойдун камылгасын чогуу көрүшөт. Тойдун башында отурган өкүл ата-энеге жубайлар кумарага вино же шире куюп барып ооз тийгизиши керек. Молдаванын салты боюнча, мындай кадам өкүл атаны чексиз сыйлаганынан кабар берет. Бизде өкүл ата мал, жан энчилеп берсе, Молдавада өкүл кызы тандаган буюмун сатып беришет. Колукту канчалык арзан буюм тандаса ошончолук жөнөкөйлүгүнөн кабар берет экен.


Татарстанда
Колукту өкүл атанын үйүн аттаарда өкүл эне жаңы килемди анын бутуна төшөйт. Килем канчалык кымбат болсо, келиндин кадырын ошончо жогору баалаганы. Жубайлар өкүл атасыныкынан кеткиче килем ошол ооздо салынып турат да, кетээрде өздөрү менен кошо ала кетишет. Ырымдап берген белеги, ошол жерге салынган килем болуп саналат.





  Ар собол

Өкүл ата- эненин үй-бүлөлүк маселелерге кийлигишкени туурабы?
Шахрезада Аскарова, ырчы:
"Өкүл атама жеткирбей эле
кайненем бөлүп тынган"
- Сырттан караган калыс адамдар катары кеп-кеңешин айтышкандары туура эле деп ойлойм. Анткени, ата-эне күнүгө жаныңда жүрүп же уулунун кемчилдигин же кызыныкын көрбөй калышы мүмкүн. Мен өкүл атамдар менен жолдошум экөөбүз ажырашкандан бери катышпай калгам. Башынан эле сый мамиледе болуп, жакшылыктарда эле кездешчүбүз. Үйдөгү көйгөйлөрдү деле айтканга батынчу эмесмин. Негизи эле өкүл ата -эне жоопкерчиликти алышкандан кийин кыз-уулунун жашоосунан кабар алып турушу керек. Мен жолдошум менен ажырашканда өкүл атамдар убагында билбей калышкан. Аларга жеткирбей эле кайненем ортодон бөлүп тынган болчу. Анын үстүнө баары күтүүсүз, чагылган "чарт" дегендей эле убакта болуп өттү. Азыр менин өзүмдүн өкүл балдарым тилекке каршы жок. Кыргыздын салты боюнча жалгыз бойлорду өкүл ата, өкүл эне кылып шайлашпайт да. Тааныш-досторум "турмушка чык, өкүл эне коёбуз" деп калышат.

Өкүл балдарыңызга эмне энчилеп бердиңиз эле?
Турусбек Жумалиев, актер: "Мүмкүнчүлүгүмө жараша болот"
- Менин беш өкүл балам бар. Майрамдарда келип учурашып, куттуктап турушат. Мүмкүнчүлүгүмө жараша бешөөнө тең бир нерселерди энчилеп берип, таарынткан эмесмин. Бирөөнө алтын шакек, саат энчилеп берсем, бирөөнө мал энчилеп бергем. Дагы бирөөнө "кожа" куртка же дагы башка каалаган буюмун алып бергем. Иши кылып ошол кезде мүмкүнчүлүгүм кандай болсо, ошого жараша ыраазы кылган болчумун. Азыр деле үйгө келип калганда колумда барын берип, кеп-кеңешимди айтып, жашоолорунан кабар алып турам.

Байлыгына, бийлигине карап өкүл ата койгондорго кандай көз караштасыз?
Самара Токтакунова, комузчу:
"Шаардыктарча катышабыз"
- Менин эки өкүл кызым, эки өкүл балам бар. Биз шаарда жашагандыктан башкаларчылап мал энчилеп деле берген эмеспиз. Адамкерчилик, сый мамиленин өзөгүндө түзүлгөн жылуу мамилебиз ушул күнгө чейин уланып келет. Бир кызым эки-үч жыл мурда оорудан кайтыш болуп калды. Бакыт Шатеновдун биртууган эжеси менин өкүл кызым болчу. Калган өкүл балдарым Карамолдо Орозов атындагы оркестринде эмгектенип жүрүшөт. Күнүгө жолугабыз, бири-бирибиздин жакшылыктарыбыздан кур калбайбыз. Негизи байлыгына, бийлигине кызыгып өкүл ата шайлап алышкандар да жок эмес. Бардыгы катышка, жасаган мамилеге көз каранды. "Мамаша" дешип көзүңдү карап турушса андан өткөн сый барбы.

Эки тараптан коюлган өкүл ата-энелерге көз карашыңыз кандай?
Токтобек Асаналиев, ырчы:
"Обу жок аял орсок уй саайт…"
- Иий, өмүрүң узун болот экен. (Күлүп) Азыр эле Акыл деген өкүл баламдыкында шерине жеп отурдук эле. Менин негизи төрт өкүл балам бар, баарына бирдей көңүл бөлүп, катташып, шартыма жараша жардам берип турганга аракет кылам. Төртөө тең чыгармачыл чөйрөдөн, ошондуктан бири-бирибизди жакшы түшүнүшөбүз. Азыр кыз жактан да, бала жактан да өкүл ата шайлап калышпадыбы, бул жөн эле "обу жок аял орсок уй сайт" деген кеп. Бир эле жактан өкүл ата-эне болсо жетиштүү деп ойлойм. Башынан эле бир тараптан коюлуп келгендиктен ошол бойдон эле калганы туура. Өкүл атанын да кадыр-баркы болуш керек да.


А. Сабырова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Роза отунбаева анвар артыковго турмушка чыкты дейби?
2-бет
Гүлнара Кахарова:
"Жолдошумду чыгармачылыктын аркасы менен таптым"

3-бет
Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт!
4-бет
Окуу, окуу жана окуубу Жэ?
5-бет
Белгилүүлөрдүн белгисиз жоруктарынан
6-бет
Телефондогу тааныш үндөр
7-бет
Айымдардын чачтары алардын мүнөзүн аныктайт
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Шарттуу салт
11-бет
Жылдыздар турмушунан
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Сойку деген ким?
Египет - сойкулуктун башаты

15-бет
Обон почта
16-бет
Дарамет










??.??