Жылдыздар турмушунан

Сабайт, демек-сүйөт!
Атак-даңк, акча, карьера, махабат… Эгер жолдошуң начар чыгып калса, жогорудагы айткан нерсенин баардыгы бакыт болуп бералбайт. Бул санда турмуштун кыйынчылыктарын көрүп, жолдошторунан токмок жеген белгилүү жылдыздар жана аялдарына алы жеткен актёрлор тууралуу сөз кылмакчыбыз. Айрымдар айткандай, сабайт, демек-сүйөт!-дегендин чындыгы бар бейм.


Мурду сынган
Кристина
Орустардын примадоннасы Алла Пугачёванын кызы Кристина Орбакайте орустардын чоң бизнесмени Руслан Байсаров менен 1997-жылы таанышып, бир жылдан кийин түгөйлөр Денис аттуу уулдуу болушат. Жубайлардын алгачкы чыры тууралуу Кристина 2009-жылы Россиянын телеканалындагы ток-шоуда айткан эле. Андан кийинки окуя Орбакайтенин "Май" деген аталыштагы жаңы альбомунун ачылышында болгон. Москвадагы "Кристалл" клубунда өтүп жаткан кечеде аялын кызганып кеткен Руслан Байсаров, сүйүктүү жубайынын мурдун сындырып салат. Билгендер, "Кристина Русланды алмаштырып кеткенинен көп токмок жечү" деп айтышкан.


Аялынан күчүн чыгарган актёр
Алексей Макаров менен Анастасия Макеевалар да жогорудагы сөз болуп жаткан чуулуу жубайлардын тобуна киришет. 2008-жылы эки жаш үйлөнүү үлпөтү тууралуу жалпы журтка жарыялап, келечекке жакшы эле пландарды коюшкан. Бирок, экөөнүн махабат дастаны эки жылга гана созулган. Үйлөнүү тоюна аз калганда Анастасия үйдөн чыгып кетет. Анын курбусунун айтымына караганда, Алексей кызганычтын айынан Анастасиянын чоло жерин калтырбай көгөртүп токмоктоп койгон.


"Грэммиде" токмок жеген Рианна
2008-жылдын жай айларында ырчы Рианнанын рэпер Крис Браун менен ысык мамилеси башталат. Экөөнүн махабаты ысык болгонуна карабастан, аягы ачуу чыр-чатак менен бүткөн. Тактап айтканда, 2009-жылдын 8-9-февралга караган түнү,"Грэмми" музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземине түгөйлөр чакырылган жерден 19 жаштагы Крис Браун өзүнүн сүйгөнү Рианнаны бир нече жолу урган. Жыйынтыгында Крис полициялык участкага, Рианна ооруканага жеткирилген. Лос-Анджелестин полициясы Крис Браундун үстүнөн кылмыш ишин козгоп, беш жыл сыноо убактысын (испытательный срок) жана алты айлык коомдук жумушту берген.


Кол көтөргөндү сүйгөн Александр Домогаров
Актёрлор Марина Александрова жана Александр Домогаровдор да урушуп, кайра табышып жүрүп, аягында ажырашып тынышты. Экөө граждандык никеде эки жыл чогуу жашаган. Бирок, эки жылдын ичинде эле Александр жубайына бир нече жолу кол көтөрүп, бир нече жолу көзүн көгөртүптүр.


Популярдуу болгон сайын тепки жеген Жасмин
2006-жылы Россиянын дагы бир ырчысы Жасмин ооруканага түшүп калат. Ырчынын баш мээси чайкалып, болгон жери көгөрүп, мурду сынган. Көп өтпөй аны өзүнүн эле күйөөсү Вячеслав Семендуев сабап койгондугу айкын болот. Жасмин менен Вячеслав 1996-жылы таанышып, ошол эле жылы үйлөнүшкөн. Бир жылдан кийин Михаил аттуу уулдуу болушат. Жасмин кедей-кембагалдын үй-бүлөсүнөн болгондуктан, башында жакшы жерге турмушка чыкканына сүйүнүп жүргөн. Вячеслав Жасминдин туугандарына "Жасминди бүткүл дүйнөгө белгилүү ырчы кылам" деп сөз берген. Ал өзүнүн берген сөзүн толук аткарды. Бирок, ырчыны популярдуу кылган менен анын артыгын чыгарып, сабачу экен.


Уитнини урган
Бобби Браун
Уитни Хьюстон менен Бобби Браун да эл катары үч жылдай сүйлөшүп, бири-бирин толук түшүнгөндөн кийин, бир үйдөн түтүн булатып жашап калышат. Кристина аттуу кыздуу болуп, сүйүнүп очор-бачар болуп калганда Бобби "зордуктоо", "мас абалында көчөдө жүрүү", "кол көтөрүү" деген кылмыштары менен милициялардын участогунан чыкпай калат. "Аялы-күйөөсү баңгизатынан көз каранды болуп калыптыр" деген ушактар тарагандан кийин эле, Бобби Уитнини ит сабагандай эле сабап салат. Ошентип, көп жылдык токмоктон тажаган Уитни, Боббини таштоого аргасыз болгон.


Күйөөсүнөн араң
кутулган Валерия
Орус ырчысы Валерия да "жылдызым жанып кетсин" деп өзүнүн продюсери Александр Шульгинге тийип алып, азабын абдан тартты. Шульгинден үч бала төрөгөн Валерия эки жолу ажырашууга арыз жазган. Ырчы бир канча жолу үйүнөн качып кетейин деп, балдарын кыя албай, күйөөсүнүн ур токмогуна чыдап көп жыл жүрө берген. Бирок, акырында жарылган Валерия 2001-жылы закондуу түрдө ажырашып тынган.