п»ї
 Таанышуу жарыясы


Сойку деген ким?
Египет - сойкулуктун башаты
Башка араб мамлекеттеринен айырмаланып, Египетте дене сатуу абдан өнүккөн. Денесин саткан жайларга көбүнчө кедей-кембагалдардын кыздары отурукташкан. Аларда сойкулук - жеке бизнес катары каралат. Египет өлкөсү сойкулардын башталгыч пункту. Анткени, Россиядан, Украинадан, Молдовадан, Өзбекстандан сойкулар Израилге келишет. Ошону менен Египеттеги "борделдерде" иштеп калышат. Акыркы жылдары башка мамлекеттерден келген сойкулардын саны кескин көбөйүп кетти. Ал эми алардын кардарлары да башка өлкөлөрдөн келген туристтер.


"Сойку" деген сөз латын тилинен которгондо "проституцио"-шермендечилик, булгануу жана арам болуп калуу дегенди түшүндүрөт. Жашаш үчүн өзүнүн денесин сатып, акча тапкан аялдарды - сойкулар деп аташат. Сойкулук өтө коркунучтуу иш. Себеби, сойку аял баш кесерлер, баңгичилер жана "жан бактылар" (сутенерлор) менен кошо жүрөт. А экинчи жагынан алганда сойкулук бул - кесип. Бирок, бул кесиптин ээлери өздөрүнүн эмне иш кылаары тууралуу ачыктан-ачык айта алышпайт. Ошондой эле сойкулар кардарлары уруп-согуп, коркутуп качып кеткенде да, сотко ачык айтып, арыз жаза алышпайт. Ошол себептен ойлоно келсек, толук кандуу кесип деп айтсак да өөн учурайт. Сойкулукту кесип кылып мыйзамдаштыруу бүткүл өлкөлөрдө азырынча боло элек. Германияда мындан беш жыл мурун сойкулукту мыйзамдаштыруу боюнча токтом кабыл алынган. Немис өкмөтүнүн изилдөөсү аталган кесипти мыйзамдаштырган күндө деле, алардын 1 пайызы гана иш келишими менен иштеп, салык төлөшөт экен. Ал жакта сойкулардын атайын кеңешмеси бар. Коомдук бирикмелер алардын укугу боюнча күрөшүп келишет.
Сойкулукту мыйзамдаштырган жана мыйзамдаштырбаган мамлекеттер:
Тайван. Тайбэй шаарынан башка шаарларынын бардыгы мыйзамдуу түрдө иштешет.
Таиланд. Негизинен секс-туризм өлкөсү деп эсептелинет. Анан эң кызыгы, өлкөдө сойкулукка официалдуу түрдө тыюу салынган.
Латвия. 1998-жылы 4-ноябрда Латвия республикасы сойкулукту мыйзамдаштыруу менен, "Сойкуларды азайтуу эрежесин" кабыл алган.
Испанияда сойкулукту мыйзамдаштыруу боюнча суроолордун көп көтөрүлгөнүнө карабастан, азыркы күнгө чейин мыйзамдаштырыла элек.
Австралиянын Виктория жана Жаңы Түштүк Уэллс штатында 1989-жылдан баштап эле сойкулук мыйзамдаштырылган.
Эстониялыктар азырынча сойкулукту мыйзамдаштыруунун эч кандай оң жактарын көрүшө элек. Бирок, он жыл аралыгында Эстония мамлекети сойкулуктун өнүгүшүнө эч кандай тоскоол болбоорун билдиришти.
АКШда сойкулардын укугун коргогон көптөгөн уюмдар иш алып барат. Аларга психологиялык, материалдык, медициналык жактан жардам беришет.
Сойкулуктун
зыяндуу жактары
Өмүр үчүн өтө коркунучтуу жыныстык оорулар (ВИЧ, СПИД, котон жара, рак) менен оорушат. Бул эртедир-кечтир өлүм менен бүтөт дегенге жатат.
Ар бир экинчи сойку баңгизатына берилип кетет.
Кайра-кайра ооруй берип, бир нече жолу боюнан түшүп, аборт жасатып тукумсуз калышат.
Кээ бир эркектер сойкуларды токмоктошот. Кээ бирлери аларды өлтүрүп да коюшат.
Аялдын аң сезимине катуу зак кетет. Себеби, аял сүйбөгөн эркек менен жыныстык жагынан кошулганда аялдын тубаса жаратылышына каршы келгендиктен, тозоктогудай кыйналат.




  Айла жок күлөсүң…

"Сойкудан" сонун интервью
Жеңил ойлуу кыздардан интервью алгым келди. Бирок, көчөдөн эмес, өзүнүн ишин мыкты билген, профессионалдуу, "элита" үчүн иштегендерден алууну чечтим. Тариел деген курсташым бул боюнча чоң адис… "Бир татынакай кыз менен интервью уюштуруп берем" деди. Анда баарлашууга көз жүгүртүңүздөр.


- Саламатсызбы! Келиңиз отуруңуз.
- Рахмат!
- Алгач таанышып алалы, менин атым Элес.
- Меники Жайнагүл.
- Жакшы, анда маегибизди баштай берели. Сиз өзүңүздүн жашооңуз жана азыркы учурдагы иштеп жаткан жумушуңуз тууралуу айтып беришиңиз керек.
- Албетте, айтып берем. Мен ошон үчүн келип отурам да.
- Экөөбүздүн сүйлөшкөн сөздөрүбүздүн баарын гезит бетине жарыялайбыз. Сиз буга даярсызбы?
- Ооба, албетте. Баштай бериңиз. Эч кандай коркунуч жок.
- Жайнагүл, сиздин жашыңыз канчада?
- Башталышы эле кызык болду го. А кандай айырмасы бар? 23тө элемин.
- Бул кесипти кандайча тандап алдыңыз эле?
- Бардыгы кокустан эле болгон. Башында Эрмек деген досум ар нерсени үйрөтүп дегендей… Андан ары өзүм өздөштүрүп кеттим.
- Канча убакыттан бери алектенесиз?
- 4 жылдай болуп калды го.
- Жумушуңуз өзүңүзгө жагабы?
- Ооба, абдан жагат. Жакпаган жумушта иштеп эмне?
- Эми, азыр көпчүлүгү эле акча үчүн иштеп жүрүшпөйбү дегеним?
- Акча - биринчи орунда да. Ал эми мага кылган "процесстин" өзү жагат.
- Сизге кандай кардарлар көбүрөөк жагат?
- Жаш кызга кандайлар жакмак эле? Албетте, келишимдүү, сулуу, жаш жана байлар болсо жакшы. А мен негизи аялдар менен иштегенди жакшы көрөм.
- Чын элеби? Аял кардарлар да учурап турабы?
- Ооба, бат-баттан келип турушат. Мага негедир аялдар менен иштеген көбүрөөк жагат. Бирок, эркектердин да жакшы сапаттары бар.
- Кандай сапаттары?
- Эркек акчаны оңой эле төлөп коёт. Анткени анын талабы баары бир аткарылаарын беш колдой билишет.
- Ооба, жумушуңуз чындыгында эле оор экен…
- Жумушум жонуңа туз артып алгандан жеңилирээк.
- Кардарларыңыз сиздин ишиңизге канааттанышабы?
- Албетте, мен баарын профессионалдык деңгээлде жасайм. Эгерде маанайым жакшы болуп калса, төлөгөндөрүнөн да ашыкча иштеп берем.
- Демек укмуш профессионал экенсиз да?
- Эң башкысы тажрыйба керек. Азыр бул боюнча китептер көп эле сатылып калбадыбы. Бирок, тажрыйбасыз иш жакшы болбойт.
- Муну жакшы түшүндүм. Сиз үйдө эле иштейсизби, же "ишиңиз" үчүн атайын жай барбы? Мындайча айтканда иштеген жериңиз…
- Үйдөн иштегенди жактырам.
- Канча акчага иштейсиз?
- Ал "заказдан" болот. Бирок, миңден ылдый эмес да. Мен эми кичинекей кыз эмесмин да туурабы? Тажрыйбам кудайга шүгүр, дайыма келип турган кардарларым да жакшы эле.
- Миң сомбу?
- Доллар менен Элес доллар. Мен кайдагы бир жерде жаткан шалапай эмесмин. Мен эң эле оор "заказдарды" алам, белгилүү стандарттан да көбүрөөк аткарам. Ошон үчүн көп сурайм.
- Кардарларыңыз качып кеткен учурлар болду беле?
- Андайлар деле болгон. Бирок, мен иштээрден мурун акчамды алам. Антпесе, башында укмуш каалашат, андан кийин болсо "тигиндей кыл, мындай кыл" деп мээни оорутуп жасатып алышып, "кийин төлөйбүз, ана… мына…" дегендер да бар. Мен, көптү көргөн программистмин, ошого карабастан деле кээде ушинтип кичинекей кызча алданып калам.
- Түшүнбөй калдым, кайра кайталап коюңузчу, сиз "программистмин" дедиңизби?
- Ооба, тажрыйбалуу программистмин. Ошого карабастан деле кээде алданып калам.
- Сизди жакшы түшүнө албай жатам. Сиз программист дагы болосузбу?
- Кандайча дагы? Мен чын эле программистмин. Мен сизди түшүнбөй калдым. (күлүп) Эмне мени ойнотуп жатасызбы?
- Жок, Тариел деген курсташым "профессионал сойку менен интервью уюштуруп берем" деген.
- Эмне-е?! Мен азыр анын өзүн сойку кылам - деген бойдон уюлдук телефонун алып, Тариелге чала баштады.
P.S. Курсташым Тариел өзү менен чогуу иштеген кыз менен бир интервьюга мелдеше кетиптир. Журналисттик этика боюнча кызды "сойку, түңкү көпөлөк, ж.б. " терминдерди айта албагандыктан, Жайнагүлгө өзүнүн иши боюнча суроолорду узаткан элем. Көрсө, эки адистиктин суроолору да окшошуп кетет тура.
P.S. Биз бул менен сойкуларды жамандагандан алыспыз. Дароо сойку болуп эч ким төрөлбөйт. Андыктан ар бир жаш кыз алдыдагы жолду туура тандап, келечекке жаркын үмүт менен карап, жакшы турмушка, жашоого умтулса деп тилейбиз.




Табиятынан сойку кыз
Кээ бир аялзаты акча үчүн сойкулук кесипти тандап алышса, кай бири өзүнүн кызыкчылыгы үчүн барышат. Ошондой болгон күндө да, факт - факт боюнча кала берет. Эмнеси болгон күндө да кыздар денесин акчага сатышат. Салкынай деген тааныш кызым бар. Эми анын сулуулугуна суктанып, шилекейи куюлган эркектер аз эмес. Биринчиден, ал жакшы эне жана күйөөсүнө сүйүктүү жубай. Экинчиден, ар кимдин астына акчага жатып жүргөн сойку. Салкынай 14 жашынан тартып эле төшөк жаатын мыкты өздөштүргөн. Жогорку окуу жайында окуп жүрүп, АКШдан окуп келген Марлис аттуу кыргыз бала менен таанышып калат. Экөөнүн жылдыздары келишип, баш кошуп алышат. Күйөөсүнүн сүйүп-күйгөнүнө карабай, Салкынайга бир калыптагы, кайталанма жашоо жакпай, "чакырма сойку" болуп иштеп алат. Бир күнү саунага байлар элиталуу сойкуларды чакырышат. Түн ортосунда аталган саунага Салкынай да келет. Оң жагын караса күйөөсү Марлис отуруптур. Бирок, кээ бир эркектердей болуп Марлис аялын сабап, аны менен ажырашкандын ордуна, Салкынай менен бактылуу жашап жатат. Же Американын көз карашы менен жашаган адам ушундай болуп калабы ким билсин? Балким аялынын акчасы ага көбүрөөк жагаттыр…








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Роза отунбаева анвар артыковго турмушка чыкты дейби?
2-бет
Гүлнара Кахарова:
"Жолдошумду чыгармачылыктын аркасы менен таптым"

3-бет
Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт!
4-бет
Окуу, окуу жана окуубу Жэ?
5-бет
Белгилүүлөрдүн белгисиз жоруктарынан
6-бет
Телефондогу тааныш үндөр
7-бет
Айымдардын чачтары алардын мүнөзүн аныктайт
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Шарттуу салт
11-бет
Жылдыздар турмушунан
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Сойку деген ким?
Египет - сойкулуктун башаты

15-бет
Обон почта
16-бет
Дарамет










??.??