Дарамет

Данияр Эрматов:
"Кудайдан тынчтыкты тилеп жатам"
Бир жыл мурда Данияр, Махмуд деген мырзалар тандем түзүп бирге ырдап чыгышкан эле. Көп өтпөй экөө тең көрүнбөй, көптүн бири болуп калышкан. Көрсө, экөө өз арабаларын өз алдынча тартмай болушуптур. Учурда Даниярдын "Баланын арманы", "Апакем", "Айыл апа" аттуу ырлары бар болсо, азыр "Кечки ханзаада" деген аталыштагы жаңы ырын жаздырууда.
1989-жылы Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында төрөлгөн.

"Быссымылда,
дегенде…"
- Сахнанын ашканасы менен таанышканыма бир жыл болду. Алгач таякем Махмуд экөөбүз ырдап чыкканбыз. Ал үй-бүлөлүү, мен бойдок болгондуктан анын убактысы көбүнчө үй-бүлөсүнө арналчу. Ал бошосо мен, мен бошосом ал бошобой жатып, акырында жалгыздан эле ырдайлы деп чечтик. Учурда экөөбүз эки башка кафеде музыкант болуп иштейбиз. Мамилебиз да аябай жакшы. Мага азыр режиссёр Мырза Айдаралиев колдоо көрсөтүп жатат.

Кафе жана күйөрман
- Көптөн бери кафеде музыкант болуп иштеп жатам. Ырдап чыкканыма аз убакыт болсо дагы күйөрмандарым бар десем болот. "Сен Даниярсыңбы? Сенин кафеде иштээриңди угуп атайын келдик" деп, ырларымды угуп, гүл сунган күйөрмандарым кафеге келип турушат.


Билим
жана хобби
- Мен мектепте окуп жүрүп, кошумча музыкалык билим алып, комуз аспабын бүтүргөм. Быйыл Искусство институтунун актёрлук бөлүмүнө тапшырайын деген оюм бар. Анткени, бала кезимден бери эле киного тартылсам экен деп кыялданчумун. "Жаштын тилегин берет" дегендей, өткөндө "Соолуган гүлдөр" аттуу киного тартылдым. Бирок, ырчылыкты хобби катары кабыл алсам дагы чыгармачылыкка жоопкерчилик менен мамиле кылам.


Жеке пикир
- Кайсы бийликке ишенээримди билбей калдым. Азыр Ошто болуп жаткан кырдаалга тынчсызданып, жүрөгүм ооруп жатат. Туугандарыбызга чалып, абал тууралуу кабар алып жатабыз. Чындыгында абал начар болгону менен бассак-турсак дагы Кудайдан тынчтыкты тилеп, эртерээк бейпил жашоо уланса экен деген үмүт менен жашап жатабыз.


Акыл Карачач




Кайрылуу!
Урматтуу мекендештер! Өлкөбүздөгү кырдаалдын татаалдыгынан бардыгыбыздын тынчыбыз кетип жаткан учурду башыбыздан өткөрүп жатабыз! Мекенибиз жаздан бери ары татаал ары кооптуу саясий, коомдук, экономикалык процесстин аласалган дарыясында жол алып бараткан. Баарыбыз ала салып кетпегей элек деп, кооптонуу менен кичинекей өлкөбүздүн, кайран элибиздин аманчылыгын тилеп келгенбиз. Жардын кырына барып такалып, тынчтыкты сактап калдык деп бир үшкүрдүк эле, бирок оомалуу төкмөлүү дүйнө деп коет эмеспи, эртеңки күнүңдөн эмне күтөөрүң белгисиз экен. Чагымчыл күчтөр максатына жетип, өлкөбүздү өрт каптады. Көзүбүздүн карегиндей сактаган ынтымак кетип, кан төгүлдү.
Кымбаттуу мекендештер, ага-ини, эже-карындаштар! Кине издебейли, күнөөлүүлөр Жараткандын жана мыйзамдын астында албетте жоопко тартылаар! Жабыркаган жараандарыбыздарга жана мекендештерибизге колдон келген жардамыбызды берели! Эртеңки күнүбүздү ойлонолу. Душмандарыбыздын сүйүктүү Кыргызстаныбыздын бөлүп-жарылуусуна, мекендештерибиздин кан аралаш ыйына албетте табасы канып жатат. Бирок биз кайратыбыздын бекемдигин, эркибиздин майтарылбастыгын баарына далилдешибиз керек! Кыматтуу мекендештер, биз "Элим барсыңбы?" кайрымдуулук коомдук фондунун уюштуруусу астында Жаш ишкерлер ассоциациясы, "Эгемендик" коомдук бирикмеси, "Ыйык Ата-Журт" коомдук жаштар фонду, "Адеп Башаты" коомдук прогрессивдүү фонду жабыркаган калкыбызга жардам кылуу максаты менен азык-түлүк, дары-дармек жана башка керектелүүчү каражаттарды чогултуп жатабыз! Кайдыгер калбаңыз ардактуу замандаш! Төмөндөгү дарек жана телефондорго кайрылсаңар болот.
Координатор: Жумалиев Майрамбек
Тел: 0312 895362, 0555 963366
www.elimbarsynby.org
elimbarsynby@gmail.com
Дарек: Бишкек ш. Фрунзе көч, 387, 4-кабат