Сырмаек

Гүлнара Кахарова:
"Жолдошумду чыгармачылыктын аркасы менен таптым"
"Туулган күн" дегенде эле Гүлнара айым эске түшөт. Чыгармачылыктагы досторун чогултуп туулган күнүн белгилеп, өздүк майрамын клипке айланткан Гүлнара Кахарова жаркылдаган кабагы менен адамды өзүнө тартып, кыргыз сахнасында күйөрмандардын жакшы көргөн ырчысы болсо, үй-бүлөсүндө жолдошунун сүйүктүү жары, балдарынын мээримдүү энеси. Анда чыгармачылыктагы досторунун арасында "Баатыр эне" деген эң ыйык атка татыган ырчы менен болгон маекке көз жүгүртүңүз.


- Гүлнара айым, чыгармачылыктагы досторуңуз сизди "Баатыр эне" деп коюшаарын билебиз. Балдарыңыз чоңоюп жатабы?
- Рахмат. Кудайга шүгүр чоңоюп жатышат. Балдардын улуусу Теңизбай Совет айылында чоң энесинин жанында. Жайкы эс алууда үйгө келет. Калганы Сезим, Жаханбий, Аруужан, Угузхан өзүбүздүн колубузда. Мен башынан эле балдарга жакшы көңүл буруп, алардын жанында көп болгонго аракет кылам. Өзгөчө тамак-ашка абдан маани беребиз. Жолдошум Мед институтту бүтүргөндүктөн, балдарга кайсы убакта эмне тамак бериш керек экендигин мыкты билет.
- Өзүңүз кайсы тамактын майын чыгара жакшы жасайсыз?
- Бардык тамакты көңүл буруп жакшы жасайм. (Күлүп) Себеби, мен жасаган тамакты менин балдарым жейт да. Кийин балдарым чоңойгондо менин тамагымды сөз кылып "Ий, апамдын тамагына жетпейт да, билесиңерби апам ушундай тамакты жакшы жасачу эле"деп эстеп айткандай, балдарыма татыктуу апа болушум керек.
- Баласааксызбы?
- Атасы өтө баласаак, мага караганда ал көбүрөөк балдарга төгүлүп турат. Мен деле балага жакынмын дечи, бирок балдарымды сыртка көп чыгарбайм. Көздөрүнө карап деле тарбиялабай, кээде какус-кукус кылып коём.
- Сиз жокто балдарды үйдө ким карайт?
- Үч жылдан бери Элмира деген "нянькабыз" бар. Аябай жакшы кыз, балдарыма дагы жакын болуп калды. Мен ал кызды кетиргим келбейт. Балдарга эмне алып берсем, ага да кошо алам. Көпчүлүгү "бул кыз туугандарың болобу?"деп сурап калышат. Эч кандай тууганыбыз эмес, сырттан таанып эле алгам.
- Кийим-кече алаарда балдардын баарын ээрчитип аласызбы?
- Мурда ээрчитип алчумун, азыр болжолдоп карап туруп эле өзүм алып келем. Бирок, мага караганда балдарга кийимди атасы көбүрөөк сатып берет. Анын алып келген кийимдери чап-чак болуп калат десең.
- Балдарыңызды карап отуруп, өзүңүзгө окшош жактарды издейсизби?
- Албетте. Балдарыңдын-кыздарыңдын кылыктарын, баскан турганын көрүп, "Алма сабагынан алыс түшпөйт" дегендей, өзүмө аябай окшоштурам. Мен кичинемде аябай ыйлаак болчу экенмин. Апамды иш кылдырбай ыйлай бергендиктен, тандырга нан жабаарда мени жоолук менен белине байлап, кээде тапчандын бутуна жип менен байлап койчу экен. Мен өзүм билбейм бирок, "Ушундай тентек болчусуң"деп айтып калышат. Былтыр кичинекей кызым Аруужан менен чоң кызым Сезимди таятасыныкына каникулга жиберсем, кичинеси алардын айласын кетириптир. "Айланай-ы-ын, Аруужан сени жазбай тартыптыр. Ыйлаганга атайын даярданып, анан "Аа-а-а.."деп, ыйлап баштайт экен. Сен так ушундай болчусуң"деп атам күлүп жатпайбы.
- Кичинеңизде тентек, эркек мүнөз болсоңуз, куурчак менен ойнобой калыптырсызда?
- Чындыгында кичинемде кыздар менен эмес, эркек балдар менен көп ойнодум. Эмнегедир, кыздарды тоготчу эмесмин. Өзүм кыз болсом да кыздар менин көзүмө майда көрүнүп, алар менен сүйлөшкүм келчү эмес. А бирок, үйдөн куурчак менен ойноп калдым. (Күлүп) Ал кезде бир үйдө бир же эки куурчак бар болчу да. Аны да сылап-сыйпап ойночубуз. Антпесек, "Кирдетесиңер" деп тилдеп, бекитип көргөзчү деле эмес. Куурчакты алыш үчүн үй оокаттарынын көбүн жасап, атаң менен апаңдын айтканын кылчусуң. Ошондо да барктап берет эле. Биздин убакта куурчак эле эмес, бардык оюнчуктун баркы бар болчу. Азырчы?... Оюнчуктун жаңы кезинде кызыгышат да эки-үч күн өткөндөн кийин таштап коюшат. Раматылык апам бизди Жалал-Абад шаарынын паркына алып барат эле. Ошол жакка барып бирден балмуздак жеп, селкинчектерге түшсөк, аны эки ай жомок кылып эстеп, кайра-кайра ырахматыбызды айтчубуз.
- Мектепке ата-энелердин жыйналышына барасызбы?
- Кызымдын жыйналышына бир-эки жолу баргам. Азыр мугалимине телефон чалып тартибин, окуусун текшерип турам. Мектепте чогулткан акчаларын убагында берем.
- Акча демекчи, аны кандай кармайсыз?
- Акча кармаганды билбейм. Колум ачык. Кийинки күндөрү байкап жүрөм, ушул менин эң чоң кемчилигим экенин. Акчаны дагы сыйлап, таарынтпаш керек тура. Тапкан өзүнчө, а аны кармай билген да өзүнчө түйшүк. (Күлүп)Тапканы Кудайга шүгүр жакшы табам, чачканым да Кудайга шүгүр. Балдар деп жашап жаткандыктан колубуздан келишинче алардан акча аябайбыз. Кандай жаңылык, кандай жакшы нерсе чыкса сатып алганга даярбыз.
- Үйдө талаш-тартыш болуп кеткенде кимиңиздер биринчи басыласыздар?
- Биринчи менден кетип жатса мен басылам. Андан кетсе ал... Үй-бүлөдө ызы-чуусуз, казан-аяк кагышмайынча оокат болбойт чындыгында. Мурда анча-мынча түшүнбөстүктөр болуп кетчү. Азыр эми балдар чоңойгон сайын токтолот экенсиң. Бардык эле үй-бүлөдө балдар тарбиячы болуп калат эмеспи.
- Ошентсе дагы жеке жашоодо капа болмой, санаага батмай түйшүктөрү түгөнбөйт. Андай учурда кантип алаксыйсыз?
- Андай учурдан бат эле чыгып кетем, себеби, менин жашоом ошого ылайыкташып калган окшойт. Капанын да жеңил, оор деген түрү бар да. Чынын айтсам, азыр менин капа болгонго деле убактым жок. Башынан эле үңүрөйүп турган адамды жаман көрөм. Андай адамдар өзү үңүрөйүп турганы аз келгенсип, жанындагыларын да кара аурага оройт.
- Эми маегибизди чыгармачылыгыңыз менен улантсак?
- Жолдошумду, үй-бүлөмдү чыгармачылыктын аркасы менен таптым. Ырдап жүрүп, кандай сонун чыгармалардын аркасында балдарымды төрөдүм. Бир топ эс алуудан кийин кайрадан чыгармачылыкка киришип, репертуарыма ар кыл теманы камтып, татыктуу ырларды ырдаганга аракет кылып жаткан учурум.
- Үй-бүлө темасына байланышкан ырларды ырдоого көз карашыңыз кандай?
- Үй-бүлө абдан жакшы тема. Бирок, ырдайт десе эле бардык ырчылар жарашса, жарашпаса деле ырдап алганы туура эмес деп ойлойм. Буга чейин балама арналган "Менин балам" анан жолдошума арналган ырларым бар эле. Эми кызыма арналган кызды күйөөгө узатуу боюнча жакшы тилекти камтыган ыр даярдап жатам. Буюрса, жакында радио түйүндөрүнөн жаңырып калат. Күзүндө жеке концертимди берсемби деген жакшы пландарым бар.
- ИИМдеги ансамблге кирген элеңиз. Аскер формасын кийген кандай экен?
- Форма дагы жарашканга жарашат экен. Жаңы барганда бири-бирибизди карап алып шылдыңдап, ар кайсы ырчыга ат коюп күлгөн учурлар болду. ИИМде иштеп жалаң гана жакшы нерселерди өзүмө сабак кылып алдым. Бир жыл иштесек дагы саз иштедик. Учурунда бизге жакшы колдоо көрсөтүштү. Азырынча ишке чакырыша элек. Кудай буюрса, убакыт көрсөтөөр.
- 7-апрелде болгон окуяга ыйладым дедиңиз эле. Түштүктөгү азыркы абал сизди да ойго салып турса керек?
- Ооба да. Мындай учурда эненин жүрөгү кантип оорубасын. Ар бир эне жакшы үмүт менен бала төрөп, анын келечеги үчүн кам көрөт. Канча энелер сыздашууда. Бизге тынчтык эле керек экен. Кыргыз элимди Кудай колдоп тынчтык берсин, мындан наркы жашообуз ынтымак менен улансын демекчимин.