п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кыйналды го…

Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт!
ортого от салган ойрондор
10-июндан 11-июнга караган түнү Ош шаарында башталган башаламандык бүгүнкүгө чейин уланып, токтобой келет. Бир заматтын ортосунда шаар ичи кымгуут-кыйсыпырга толуп, башында "окуя" эмнеден улам ырбаганын билбей, элдин башы маң болуп турду. "Жергиликтүү бир өзбекти кыргыз балдар сабап коюп, алардан өч алмакчы болгон өзбек досторун чогултуп, кыздар жашаган жатаканага киришип, зордукташып… ошондон баары башталыптыр" дешти эки-экиден шыбырашып. Бирок, бул маалыматты ансыз да бир жерде туруп эки жаат болуп жаткан кыргыз-өзбек улутунун ортосунда жик тереңдеп кетпесин деп официалдуу айтышкан жок. А бирок, терең ойлонгон кишиге мунун артында чоң саясат турганы маалым эле да. Акчага алданган айрымдар ушул кырдаалды баштап берип коюшту. Акыры эки жак тең түшүндү: жөнеле бирөөнүн курмандыгы болуп жатканын. Түшүнүп бир пикирге келип жаткан боордошторду башаламанга кызыктар адамдар ортодон чыга калып эки жакка тең ок жаадырып жатышат дейт. Аны көргөндө өзбек-кыргыз кайра эле бири-бирине ок атышып жаткандай туюм калтырат. Муну үчүнчү күчтөр жасап жатканын өзбек-кыргыз түшүнүп турса да абал тынчыбай, шаар бир ыкка түшалбай жатат. Ал эмес Ошто башталган жаңжал Жалал-Абадды каптап, жыйынтыгында, Кыргызстанга кыянаттык кылгандардын аркасынан экономикабызга чоң залал келип, үйлөр, машинелер, дүкөндөр, кафе-ресторандар, банктар, май куйуучу жайлар, маданияттын очогу болгон Филармония, дагы-дагы чоң-чоң имараттар керектен чыкты. Эми буларды эптеп ордуна келтирсе болот дечи, а адам өмүрүчү… .

жабыркагандар
Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө Ош менен Жалал-Абад окуясынан жабыркагандар 1685 адам болду, анын ичинен каза тапкандар - 124 адам. 824 адам ооруканада жатат. Светтен да, газдан да жок отурушкан жергиликтүү калк жада калса наны жок ачка калышып, учурда борбордон камаз-камаз азык-түлүк тынбай жеткирилүүдө. кыйын кырдаалда бир болушуп...
Жер-жерлерде Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү жана Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган патриоттор "Бул атайын уюшулган провокация" экенин түшүндүрүп жүрүшөт. Буга чейин Убактылуу Өкмөттүн позициясын сындап жаткан генерал Өмүрбек Субаналиевди Ош шаарынын ИИБна начальник кылып дайындашкан. Эки жак тең мындай учурда эрегишип отуруунун кажети жоктугун жакшы түшүнүштү окшойт да. Ал эми Жалал-Абад шаарын көзөмөлгө алуу үчүн коменданттык милдет Кубатбек Байболовго жүктөлгөн. Абдыгул Чотбаев, Феликс Кулов, Мирослав Ниязовдор да элге көмөктөшүүдөн тыш калышкан жок. Алыста жүргөн Урмат Барыктабасов дагы "Кыйын кырдаалда жүрө бергеним болбос" дедиби, Мекенине учуп келип, аэропорттон түз эле туулган жери Балыкчыга жөнөдү. Ал эми Жалал-Абадда эл И.Исаковго нааразы болушууда. Алар " бизде өзбектерди өлтүрүү, аларды жек көрүү ниети жок, бирок, бул кырдаалды уюштургандын бири Кадыржан Батыровду камакка алуу талабын аткарбай койду" дешкен. Кадыржан Батыров "Мен ушул күндү 20 жыл күткөм…" чери жазылганча сүйлөп дисктерге жаздырып таратыптыр дейт. Албетте, мындай чагымчыл көз-карашты теле-радиодон бердиртпейт эле да.
Эми бул жаңжал Сузак районуна да өтүп кетиши тынчсыздандырууда. Өзбек бийлиги болсо, Анжиянда Кыргызстандан келген 60 миң качкынды каттаган. Катталган качкындар арасында жаш балдар басымдуулук кылат.
күбүр-шыбыр таратышып...
Бул кыянаттыкка кимдин ниети бузулуп барганы али тактала элек дечи, бирок "Патриот" элдик кошуундун жетекчиси Равшан кабарлагандай, Бакиевдин жээни жаштарга (алардын ичинде 15 жаштагы балдар да бар) курал таратып, козутууларды жүргүзгөн. (Равшан өзү көп өтпөй октон шейит кеткен) Ушундан улам бул ишке Бакиевдер кызыктар экенин билебиз. Муну Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева да ачык айтты. "Бул ишти Бакиевдердин бир-туугандары уюштуруп жатат. Биз мындай көрүнүш болоорун алдын-ала билгенбиз. Бирок, референдумга жакындай 20-июнда күтүп жатканбыз, эрте кылышты. Ушундан улам биз мурунку бийликтин ушунчалык ачкөз экенин билсек болот" деген журналисттерге берген интервьюсунда. Президент баш болуп өлкө үчүн ушинтип кайгырып турганда (пендебиз да) ал жөнүндө күбүр-шыбыр тарады. "Роза Отунбаева мурдагы губернатор, кийин оппозиционер болуп жүргөн өзбек улутундагы Анвар Артыковго турмушка чыгыптыр…" дешти. Бул балким кыргыз-өзбек "урушун" токтотуу үчүн (жаман оюнда)таркатылган ушакпы? Айрымдар "Кыргызда жесир аял эл башкарбайт. Туура кылган" деп чыгышты.
Тууганым токто!
Казакстандын президентинин кеңешчиси "Эгерде, Кыргызстанда ушул акыбал эки жумага чейин оңолбосо, анда эл аралык террористтик топтордун ар кандай түрү Кыргызстанга кирип кетүү коркунучу бар. Муну менен Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготуп алышы мүмкүн" дешүүдө. Ошондой эле Омбудсмен Турсунбек Акун дагы тызылдап, сырт жактан курал-жарак менен куралданган күчтөрдү Кыргызстанга киргизүүнүн кереги жок экенин айтууда. Мындай чечимге ал кыргыз-өзбек улутундагы адамдар менен жолугушуудан кийин келген. Чын эле кирсе эле эки улуттун адамдары тең бөөдө кырылган жатпайбы. Андан көрө эки элдин ынтымагын тилейли. Убактылуу Өкмөт да болгон аракетин кылып жатышат. Кечээ алар Жалал-Абад шаарына асмандан тынчтыкка чакырган баракчаларды спецназ аркылуу тик учактардан ыргытышты. Баракчада: "Тууганым, эмне кылып жатасың? Токто! Көзүңдү ач! Азыр токто,болоору болду. Кыргызстан - сенин үйүң, провокацияга алдырба. Уккандардын баары - ушак. Биз бир тууганбыз. Досум, унутпа! Сени өз максаты үчүн бирөөлөр колдонуп жатат. Азыр токто! Кудай баарын көрүп турат. Күнөөсүз элге ок аттыргандарды жана ок аткандарды, жакырларды алдап акча берип, улуттарды бири-бирине каршы үгүттөгөндөрдү жана ага кошулгандарды Кудай урсун! Өз өлкөңдү өз колуң менен Афганистанга айландырба!". деп жазылган. Акыркы маалыматтарга таянсак: Түштүктө абал баштагыдан тынч болуп, стабилдешүү стадиясында. Ошондой эле болсун!


Ура-а!!!
Максим Бакиев кармалды
14-июнда гезит басмаканага жөнөп жатканда"Интерполдо издөөдө жүргөн Максим Бакиев Лондондо Улуубританиянын чек ара кызматы тарбынан жашыруун операциянын жыйынтыгы тарабынан колго түштү" деген маалымат уктук. Маалыматты "The Sun" аталыштагы британ гезити жазып чыкты. Алардын жазганына ишенсек, Максим Улуубританиянын аймагындагы Гемпшириде, Фарнборо аэропортуна өзү ижарага алган самолету менен конгондо кармалган.
Ошондой эле апрель, май, июнь айларындагы тополоңдорду уюштуруучулардын, Бакиевдин жан-жөкөрү, Пайзуллабек Рахманов да учурда сурак берип жатат.




  Бир собол

Түштүктө болуп жаткан чыр-чатакка ким күнөөлүү?
Орозбек Молдалиев,
саясат таануучу:
"Жаныш менен Максим
Бакиевдердин сценарийи менен…"
- Эл күнөөлүү эмес. Бул жерде эки тарапты кагыштырып аткан күчтөр күнөөлүү болушат. Булар атайын эки тарапты тең аткылап, жаңжал чыгарып жаткан күч- Жаныш менен Максим Бакиев. Интернетте жазылып чыккан сүйлөшүүдө "Улам беш жүз кишиден чогултуп алып, тополоң кылып туруш керек" деген сценарий боюнча иштеп жатышат.

Ишенбай Абдуразаков,
коомдук ишмер:
"Саясий маанайдагы
кызыкчылык"
- Бул жерде бирөөнү эле күнөөлүү деп айтыш өтө кыйын. Бир топ кишилердин кызыкчылыгы топтолуп келип, ушуга такалып жатат. Мындайча айтканда саясий маанайдагы кызыкчылык . Азырынча атын атап айтыш кыйын, болгон окуя жакшылап текшерилсе, кимдин эмне кылганынын баары чыгат. Мындай иш болбошу керек эле. Бул биздин мамлекеттин келечегине каршы чабылган балта болду. Себеби, улут аралык кагылыш оңой менен өчпөй турган нерсе. Мындай нерсе жүрөктө калып калат. Уюштургандар эгоисттик максат менен элдин убалына калышты, башка эчтеке айталбайм.

Муратбек Мукашев,
экс-депутат:
"Саясатка такыр
жокмун"
- Жок, жок, мен азыр саясатка такыр жокмун. Бул боюнча эч нерсе айта албайм.
Гүлшайыр Садыбакасова,
"Кыз Бурак" тобунун
жетекчиси:
"Өкмөт башчылары күнөөлүү"
- Азыркы болуп жаткан улут аралык чыр-чатакка жол берген Өкмөт гана күнөөлүү деп ойлойм. Азыркысыбы, же мурункусубу иши кылып күнөөлүү. Мамлекет жетекчилери мындай нерселердин алдын алышы керек эле. Ушундай учурда күч органдары жакшылап иштеш керек болчу. Мына азыр көчөдөгү өлүктөрдү өз көзүм менен көрүп туруп кантип унчукпай кое алам?

Төлөйкан Исмаилова,
укук коргоочу:
"Алгач
аныкташыбыз керек…"
- Биз учурда Оштобуз. Ушул боюнча укук коргоочу катары иштеп атабыз. Азыр бул күнөөлүү, тиги күнөөлүү деп алдын-ала айта бергенде болбойт. Биз биринчи аныктап туруп айтышыбыз керек.

Клара Ажибекова,
коомдук ишмер:
"НАТОнун да түздөн-түз тиешеси бар"
Бул жерде Бакиевдерден тышкары аскердик базасы бар НАТОнун да түздөн-түз тиешеси бар. Ошол күч биздин өлкөдөгү кырдаалды пайдаланып, керек болсо айрым адамдардын үндөрүнөн өйдө ажыратып чыгышты. Алардын техникасы өтө күчтүү жана бул жактагы сепаративдери (бөлүүчүлөрү) жакшы иштеп жатышат деп ойлойм. Алар өзбек диаспорасы менен да биргеликте иштеп жатышкандай. Ошол кошумча күч Бакиевдерди да жек көрүшү мүмкүн… Бирок, Бакиевдерди да мындай улуу державага кошушту . Анткени 7-апрелдеги окуядан кийин, алардын ичтери күйүп калган да

Темир Сариев, Убактылуу Өкмөттүн каржы министринин милдетин аткаруучу:
"Ынтымакты ыдыраткандар жоопко тартылат"
- Мындай оор кырдаалда Кыргызстандын түштүгүндө болуп жаткан окуяга жүрөгүбүз ооруп жатат. Канчалаган адамдардын өмүрүн кыйып жаткан коогалаңда шейит кет--кендердин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз колдон келишинче жардам берип жатабыз. Баарыңарды ушундай учурда кайраттуулукка чакырмакчымын. Ар бирибиз кошунабыз менен ынтымакта жашасак, өлкөбүздүн да ынтымагы бекем болооруна ишенгиле. Ал эми бул массалык эки элдин ынтымагын ыдыраткандар, өз кезегинде жоопко тартылышат.

Майрамбек Осмонов,
ырчы:
"Өзбек-кыргыз өзү эле мынчалыкка бармак эмес"
- Эми бул кырдаалга "тиги же бул күнөөлүү" деп даана айталбайм. Бирок, өзбек-кыргыз өзү эле мынчалыкка бармак эмес. Бул жерде үчүнчү же төртүнчү күчтөр бар болуш керек. Кыргызда "Бир карын майды - бир кумалак чиритет" деген макал бар эмеспи. Ошол "кумалакты" таап биротоло кубалабасак, "бир карын" кыргыз элин чиритип жатат. Жүрөк бир секундда он жолу соксо, тогузу "Ош" деп согуп жатат. Эгерде болуп жаткан окуяны ыр менен жөнгө сала алсак, бардык ырчылар барат элек… кейиштүүсү чыр менен бүтүп жатпайбы.

Собол салган Төлөбүбү
Касымалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Роза отунбаева анвар артыковго турмушка чыкты дейби?
2-бет
Гүлнара Кахарова:
"Жолдошумду чыгармачылыктын аркасы менен таптым"

3-бет
Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт!
4-бет
Окуу, окуу жана окуубу Жэ?
5-бет
Белгилүүлөрдүн белгисиз жоруктарынан
6-бет
Телефондогу тааныш үндөр
7-бет
Айымдардын чачтары алардын мүнөзүн аныктайт
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Шарттуу салт
11-бет
Жылдыздар турмушунан
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Сойку деген ким?
Египет - сойкулуктун башаты

15-бет
Обон почта
16-бет
Дарамет










??.??