Күнсүрөт

Окуу, окуу жана окуубу Жэ?
"Билим алуу ийне менен кудук казгандай" деп коёт эмеспи. Анысыңарындай канча жыл мээнет менен окуган окуунун кийин пайдасын көрсө го жакшы. Айрымдардын бир эмес, эки кызыл диплому сандыктын түбүндө, чаңдап жатат. Андай болсо жогорку окуу жайда окугандын кереги барбы? Ушул сыяктуу ЖОЖ боюнча биз кызыккан суроолорго КРнын Билим берүү жана Илим министрлигинин басмасөз катчысы Дүйшембиева Альбина жооп берет.


- Союз учурундагыдай пландуу түрдө адистерди даярдоого болбойбу?
- Өлкө адистерди даярдоодо баланстын бирдей болушун көзөмөлдөп келе жатат. Быйылкы 2010-2011-окуу жылына республикалык жогорку окуу жайларына 5 705 мамлекеттик гранттар бөлүнүп берилди. Курулуш, энергетика, тоо кен өнөр-жайы факультети, транспорт, айыл чарба, саламаттык сактоо, компьютердик технологиялар багыты боюнча бюджеттик негизде окуй алышат. Биз айтып өткөн гранттык орундар жалпы республиканын бардык аймактарындагы 24 ЖОЖна берилет. Дагы бир эске ала кетчү нерсе, гранттык негизде республикада жетишпей жаткан адистиктерди даярдоо сөзсүз түрдө эске алынат. Азыркы убакта мамлекеттик бюджеттин эсебинен мугалимдик кесипти бүтүрүүчүлөрдү ар кайсы жерлерге бөлүштүрүү системасы иштеп жатат. Мугалимдик кесиптин бюджеттик бөлүмүнө тапшырган ар бир студент менен мамлекетке иштеп берүүсү жөнүндө келишим түзүлөт. Бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу максатында ЖОЖдордо жыл сайын бош орундуктардын ярмаркасы жүрүп турат.
- Өлкөдөгү ЖОЖдордун санын азайтып, билимдин сапатын жогорулатса болбойбу?
- Ооба, чындыгында эле Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайларынын кескин көбөйүшү, билим сапатынын начарлатты. ЖОЖдордун коммерциялаштырылышы жаңы кадрлардын билим деңгээлинин төмөндөшүнө алып келди десем болот.
Мамлекеттик инспекциянын аттестациялоосунун негизинде көпчүлүк университеттердин лицензиялык талаптарды бузган, материалдык-техникалык керектөөлөр жок, окуу методикалык базасы, керектүү окутуучу кадрлардын жетишсиздигинин натыйжасында 14 ЖОЖ жабылды. Келечектеги пландар тууралуу айта кетсек, бүткүл дүйнөлүк эки деңгээлдеги жогорку билимге - бокалавриат жана магистратурага өтүү алдында турабыз. Биринчиден, биздин экономикабызды кадрлар менен толуктап, экинчи жагы жогорку окуу жайларынын билим деңгээлин жогорулатууга жакшы шарт түзүлөт.
- Азыр студенттердин көпчүлүгү сабактарын жалаң акча менен бүтүрүп, түнкүсүн кафе-ресторандарда иштеп жүрүшпөйбү. Мунун себеби эмнеден деп ойлойсуз жана кандай чараларды көрсө болот?
- Былтыркы жылдын март айында Жогорку окуу жайлардын билим берүү сапатын жогорулатуу максатында, сабака келбей жаткан студенттерди контролдоо максатында, ар бир ай сайын отчет берип туруу боюнча токтом (приказ) чыккан. Мунун негизинде көптөгөн студенттер окуусунан чыгарылган. Май айында болсо Министрлик тарабынан атайын күтүүсүз текшерүү болуп, көпчүлүк ЖОЖдорго конкретүү чаралар көрсөтүлдү. Камсыздандыра албай жаткан адистиктер боюнча кийинки окуу жылында абитуриенттерди албоо, кээ бир окуу жайлардын санын кыскартты.
Өлкөбүздөгү жүзгө жакын ЖОЖдордун негизги максаты акча табуу болуп калган көрүнөт. Канчалаган жаштар ата-энесинин үй-бүлөлүк бюджетинен (жылына 1 жылкыдан) контракт төлөп окуп жатышат. Мунун натыйжасында кыргыздар жакырчылыкка белчесинен чыланып жаткан жокпу?
- 2007-2008-жылкы окуу жылы үчүн КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан факультеттин престиждүүлүгүнө карап, окуу үчүн төлөмдөр 4850 сомдон 31 миң сомго чейин болгон. 2008-2009-окуу жылында окууга болгон бааны толук көзөмөлдөөгө мүмкүн болгон эмес. Конкуренция күч алып, билим берүү кызматынын рыногунда көптөгөн ЖОЖдор ачылды. Алар окууга болгон төлөмдөрдүн негизинде жашап жатышат. Жогоруда мен айтып кеткен университеттер контракттын баасын башка университеттерге караганда арзаныраак кылып, сиз айтып жаткандай студенттердин санын көбөйтүп жатышат. Мамлекет тарабынан бир студентти даярдоого бюжджеттен жылына 15800 сом минималдык чыгым кетет. Кээ бир окуу жайларда контракттык негизде окуган студенттердин минималдык жылдык чыгымы көрсөтүлгөн стандарттан да төмөн. 2008-жылдын 14-майынан тарта, бардык жогорку окуу жайлардагы контракт үчүн бир жылдык төлөмдөрдүн минималдык баасы 15 миң сом болсо, сырттан окугандар үчүн, бир жылдык минималдык баа 13 миң сомду түзгөн. Экинчи жагынан алып карасак, контракт үчүн төлөмдөрдү жогорулатуу ЖОЖдордун арасында билимдин сапат жагынан катуу конкуренцияга алып келди. Көпчүлүк бүтүрүүчүлөр, көп суммадагы акчаны төлөгөнгө жараша, престиждүү факультеттерге тапшыра башташты.
- Студенттердин билим деңгээлин жогорулатыш үчүн кандай долбоорлордун үстүнөн иштеп жатасыздар?
- Биздин эң негизги максатыбыз билим берүүнүн сапатын жогорулатып, мыкты заманбап кадрларды даярдоо болуп эсептелет. Акыркы жылдары биз жогорку билим алуу боюнча экстенсивдүү өстүк. Ошонун негизинде жогорку окуу жайын бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн көбүнчөсү жумуш орундары менен камсыз боло алышпай калды.
- Жаштарга кесип тандоо боюнча мамлекет тарабынан кандайдыр бир кеңештер, долбоорлор, программалар аркылуу жардамдарды берсе болобу?
- Акыркы убактарда Кыргызстанда жогорку билим берүүгө көп маани берилип жатат. "Билим берүү боюнча мыйзамга" өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип жатабыз. Ошону менен мектептен жогорку окуу жайга чейинки окуу системасы жөнгө салынып, аларга керектүү кеңештер берилип жатат.
Чет өлкөдөгү
студенттер
Мамлекеттер аралык келишимдин негизинде алыскы жана жакынкы өлкөлөрдө 4158 КРнын атуулдары окушат. Студенттерди кабыл алган өлкө тарабынан аларга жатакана жана стипендия берилет. Ал эми биздин өлкөгө көбүнчө жакынкы өлкөлөрдөн Кытай, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан жана Түркиядан келип билим алышат. Кыргызстандын ичинде 2008-2009-окуу жылында 13430 студент билим алган. Быйылкы жылы бул боюнча так маалымат жок.
Бүтүрүүчүлөрдүн саны:
Былтыркы жылы 73 миң бүтүрүүчүнүн 50 миңи жогорку окуу жайларына тапшырган. Бюджетке 5705и өткөн. Быйыл болсо мектепти бүтүрүп жаткандардын саны 76 миң.
Быйылкы жылдагы Жалпы Республикалык тестирлөө
Быйылкы жылкы Жалпы Республикалык тестирлөөгө жалпысынан 30 613 жазылса, алардын 30 210 абитуриенти катышты. Бирок, катышкандардын арасынан 62 абитуриент тестирлөөдөн чыгарылган. Калгандары болсо ар кандай себептер менен тестирлөөгө катыша албай калышты. Абитуриенттер төмөнкү себептер менен тестирлөөдөн чыгарылды:
Тестирлөө учурунда уюлдук телефондорду колдонуудан 65 пайыз чыгарылган;
20 пайызы жанындагыларга тестин көрсөтүп жатып чыгарылган;
15 пайызы башка себептер менен тестирлөөдөн чыгарылган.
P.S. Эскерте кетсек, 2010-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө өлкөнүн бардык аймактары боюнча 78 тестирлөө борбору иш алып барды.