п»ї

  Кызык элесиңер...

Белгилүүлөрдүн белгисиз жоруктарынан
Өзгөчө таланттар өзгөчө адаттарга да ээ болушат. Кайсы бир учурда алардын жоруктарына таңгалбастан, пенде экенин эстеп койгонубуз жетиштүү.


Болот, Садык
Шернияздарды атасы ороого салып
Эр азамат биртуугандар Болот Шернияз менен Садык Шернияз бала чагында атасынын ачуусуна тийип, атасы аларды тарбиялап коюш үчүн картөшкө көмгөн ороого салып жазалайт. Болот мырза жаштайынан эле көк, чыдамкай, туруктуу мүнөздүү экен. Ал эми Садык мырза агасынан айырмаланып куу болуптур. Акылман ата уулдарын сынамакка "кимиңер менден кечирим сурасаңар, чыгарам. Сурабасаңар ороого бир күн жатасыңар" дейт. Ойлонуп туруп кичинекей Садык "ата, мени кечирип коюңузчу" деп "жарк" этет. Ал эми көкжал Болот мырза буркуюп, ооз ачпастан тиштенип отура берет. Жыйынтыгында Садык мырза агасын эликтеген бойдон ороодон жайдаңдай чыгып, Болот Шер бир күн сызда жатып калган экен.


Таттыбүбү эки
бутун машинанын төбөсүнө асып...
Кылымдын кыраан артисттери Даркүл Күйүкова, Таттыбүбү Турсунбаевалар коллегалары менен гастролго чыгып, кайтып келатышкан экен. Жайдын күнү, эки атактуу айым үстү ачык машинада термелип, бажырайган Таттыке арткы орундукта чалкалай, эки бутун машинанын төбөсүнө асып алат да Даркүл Күйүковага: "Тур, мага бир четок алып келе кал" деп буйрук берет. Даркүл эженин төбө чачы тик туруп: "Ай, айланайын, мен сенин энең менен теңмин го. Ал эмне деп сүйлөгөнүң?" десе "Мен сулуумун!" дейт кызымтал Таттыбүбү. "Сулуу экениңди элдин баары билет. Мен сенин алдагы тагдырыңа кейип жүрөм, балам. Кудай берген сулуулугуңду кор кылып, эмне болуп жүрөсүң?" дейт улуу актриса чын дилинен кейип. Ошондо табиятынан абийирдүү, айжаркын мүнөздүү Таттыбүбү элеңдей тура калып: "Кечирип коюңуз… Кечирип коюңуз!" деп колунан өөп жиберет. Тагдыры кейиштүү бүткөн актриса " Акмөөр" киносунан кийин чын эле көөп кеткен дешет жакындан билгендер.


"Чыңгыз Айтматов
тизелеп отуруп"
Чыңгыз Айтматовдун экинчи жубайы Мария Урматовнаны баарыбыз билсек керек. Мария Урматовна биринчи турмушунан ажырашып бой жүргөн кезинде, япон режиссёру менен сүйүшүп калат. Ал: "менин мекениме кетүүгө макулсуңбу?" деп сурап, Мария айымдын макулдугун алып, өз мекенине алып кетет. Алыска түшкөн кыргыз кызы бирди төрөгөн соң, япон режиссёрдун кызыгы тарап, аны таштап коёт. Япониядан кете албай айласы куруп турганда нике кайып да… Кыргыздын кырааны Чыңгыз Айтматов ошол жерге барып калат. Аны уккан Мария мекендешине келип "мени Кыргызстанга ала кетиңиз" деп ыйлайт. Айтматов "карындашын" алып жүрүп кетет. Келип Кыргызстан Кинематографисттер Союзуна секретарша кылып орноштурат. Бир журналист минтип айткан эле: "Чыкем мени чакырып: "Ай, түшкү саат бирге келип кал. Франциядан киночулар тобу келишти, интервью алып кет" деди. Чыке айтып атса кечикмек кайда? Саат бир бололекте тердеп-кургап жетип бардым. Кабинеттин каалгасын ачып жиберсем… Чыңгыз тизелеп отуруп алып, Марияны бутунан кучактап туруптур. Уялып кетип кайра шак жаба салдым"… Мына ушундай… Улуу адамдар аялзатын назик сүйүп, аздектеп сыйлайт эмеспи… Атактуу жазуучу менен жубайы экөөнүн махабаты дал ошол Кинематографисттер Союзунан башталган экен.


"Ит экенсиң деп
ашатканы угулду"
"Рыспай бир күнү эшиктен опурулуп кирди. Аркасында эңгезердей болгон Рыспек Тасмаев турат.
- Далиш, бирдеме "тыз" эттирип ий. Рыспек карызынан кутулганы келиптир, деп экөө бир бөтөлкөнү жара бөлүп ийип, бир паста дуулдап калышты. Ошондо Рыспек мага карап минтип жатпайбы:
"Алгансып күндө май калпып,
Аяшым көчүк чайпалтып.
Тыңсынып бөйрөк таянат,
Тургансып эри жайнатып", десе эле;
- Давлет, ашканадан бычак апкелчи, -деп Рыспай мени жумшаса, жини менен дагы бирдемени баштаганы турган экен деп мен чочуп кеттим.
- Ботом, эмне кыласың бычакты?
- Рыспекти соймок белем, ага бычак да бойлобойт, апкеле бер. Бычакты апкелип берип, ашкана тарапка бастым. Бир маалда Рыспектин "Ит экенсиң!" деп ашата сөккөнү угулду. Чыга калсам, эшикти "карс" дедире жапкан бойдон кетип калды. Рыспай болсо ырсалактап күлүп жатат. "Ай, эмне болду?" дедим. "Эмне болмок эле, болбогон нерсеге таарынып кетти. Мен базардан чыгып келатсам, темселеп ошерде жүрүптүр. "Ыкыш, биякта кайдан адашып?" десем: "Сүйүмкан жарым кило куйрук-май ала кел" деди эле деп жатпайбы. Ага акча коротуп эмне кыласың, жүр үйгө, он кило семиз куйрук бар деп ээрчитип алдым. Анын майга деген акчасына арак алып келгенибиз ушу болчу". "Анан эмнеге таарынып кетти"? "Сен ары ашкана тарапка басканда, ага бычакты карматып: "Ана, тиги он кило майлуу куйруктан каалашыңча кесип алып кете бер!" -деп сенин сооруңду көрсөтсөм, алдаткан акчасына ичи ачышып калды окшойт" деп жанды кашайтып жатпайбы". Б.Боркеев "Рыспай" китеби.

Тургун Бердалиев Сүймөнкулдун "почточусу" болгон
Айтылуу "Акмөөр" фильминде "Мөөрдү алпер, катын кылам!" деп байдын уулу, эси жок Баяндын образын жараткан Тургун Бердалиев Сүймөнкулдун ысык досу болуптур. Сүймөнкулдун жашыруун жубайы (кийин ачыкка чыккан экинчи аялы) Нуржамал эже экөөнүн ортосунда почточу болуп кат ташычу экен. Ошо кезде тасмадан-тасмага түшүп, сансыз кыз-келиндин сүйүүсүнө айланган Чокморов досуна даттанчу тура: "Эч эркин жүрө албайм. Кыздар бура бастырбай кол тамга алып, таанышууга чакырышат" деп кээде атактуулугунан жадаган кези да болгон дейт. Ошондой кезде күнүгө бир бейтааныш кыздан кат келе берип, Сүймөнкулдун айласын кетириптир. Бир күнү Тургун Бердалиев: "жүр, ошол кызды көрөлүчү, кандай болду экен" деп, каттагы дареги боюнча издеп табышат. Барса, үч кыз болуп ижарада жашашат экен. Медицина институтунун 3-курсунун студенттери экен. Катты жазып жүргөн кимиси экенин да билишет. Сүймөнкулдун жанынан акча үзүлчү эмес дейт, Бердалиев:"акча бербейсиңби, студенттердин курсагын тойгузалы" деп акча алып, эшиктен аны-муну көтөрүп кирип келет. Тилекке каршы, сүйүүгө кабылган жаш селки эки жигиттин купулуна толбой калат. Андан эптеп кутулуш керек болот да, шампан аттырып бокал көтөрүп, кайран Тукең сөз алат: "Карындашым, сен жаш экенсиң. Дагы далай сүйүүгө жолугасың. Мындан кийин кат жазба. Байкеңдин убактысы жок, экинчиден үй-бүлөлүү, сен ага жолтоо болуп атасың" деп "тостту" айтып бүтүп, досун кырдаалдан алып чыгып кетиптир.

Асмат Жылдыз








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Роза отунбаева анвар артыковго турмушка чыкты дейби?
2-бет
Гүлнара Кахарова:
"Жолдошумду чыгармачылыктын аркасы менен таптым"

3-бет
Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт!
4-бет
Окуу, окуу жана окуубу Жэ?
5-бет
Белгилүүлөрдүн белгисиз жоруктарынан
6-бет
Телефондогу тааныш үндөр
7-бет
Айымдардын чачтары алардын мүнөзүн аныктайт
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Шарттуу салт
11-бет
Жылдыздар турмушунан
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Сойку деген ким?
Египет - сойкулуктун башаты

15-бет
Обон почта
16-бет
Дарамет










??.??