п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Байланыш

Телефондогу тааныш үндөр
Иш чачтан көп болуп турган кезде же маанилүү иштер менен жолугушууга баратканда сөзсүз түрдө уюлдук телефондун жардамы керек. Ушундай телефондук байланышка муктаж болуп турганда "Сиз чалган абоненттин аппараты өчүрүлгөн. Бир аздан кийин чалыңыз" же болбосо "Сиз чалган абонент убактылуу жооп бералбайт, текшерип кайра чалыңыз", "Мындай номер жок", "Номер туура эмес алынды. Номерди текшерип, кайра чалыңыз"деген "жеңелердин үндөрү" угулат. Албетте, кыжырыңыз келип, эмне кылаарыңызды билбей үй номерине чаласыз. Анда да "Номер акы төлөнбөгөн үчүн өчүрүлгөн" деген жоопту укканда анча-мынча адамдын кан басымы көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Мындай билдирүүнү окуп, кан басымды көтөргөн айымдар кимдер деп ойлосоңуз, биз аларды сиздер менен тааныштырабыз.


Лилия Абдыбаитова:
"Нияз, азыркы учурда жуунуп жатат "
"Мегаком" компаниясынын "AVR" үнүн окуган айым, "Кыргызстан Обондору" радиосунун экс-программалык директору, белгилүү ди-джей Лилия Абдыбаитова.
- Лилия, сиз бул компаниянын "AVR" үнүн кандайча окуп калдыңыз эле?
- Башында эле радио менен биргеликте бул компанияда иштечүмүн. Кесиптештерим "Сен радиодо иштесең шыгың бар"деп үнүмдү жаздырып көргөн. Үнүм аларга жакты окшойт, азыркы күнгө чейин бул иш менин мойнумда. Кыргызча айтылышын кээде өзүм которсом, кээде компаниянын кызматкерлери которушат.
- Тажрыйбалуу ди-джей болгонуңуздан улам тез эле көнүп кетсеңиз керек?
- Жаңы окуп баштаганда бизге өзүнчө студия бөлүнө элек болчу. Бир бөлмөдө көп киши отурчу. Анан алардын көзүнчө окуп жатып капысынан "туйатаа, апе-ей" деген сөздөр кошулуп кетсе, записти жаздырган кесиптештерим мени шылдыңдап ошол сөздөр менен "прикол" кылышчу.
- Сизди тааныган тааныштарыңыз же досторуңуз буга байланыштырып тамашалаган учурлар болду беле?
- Ооба. Мен жаңы окуп баштаганда көпчүлүгү мен экенимди билген эмес. Таанып калгандары "Сен өзүң трубканы алып эле "абонент жооп бералбайт, бир аздан кийин чалыңыз"десең, биз ишенип калат экенбиз да"деп күлүп калышчу. Бирок, мен бир да жолу андай кылып көргөн эмесмин. Эсимде бир жолу чогуу иштеген кесиптешим мага "Сиз чалып жаткан абонент Нияз, азыркы учурда жуунуп жатат" деп окуп берчи. "Сигналдан кийин сүйлөгүлө" деп айткандан кийин ушул сөздү койдуруп алайын"дегенинен окуп бергем. Кийин аны сигналга койдубу, койгон жокпу кайра текшерип чалган эмесмин.
- Бул ишиңиз өзүңүзгө жагабы?
- (Күлүп) "Сенин үнүң кечке тажатты"деп тамашалап калган тааныштарымдын сөздөрүнө карабай бул ишимди жактырам. Ким билет, балким кийинчерээк жаңылануу болсо менден башка адис окуп калышы мүмкүн.


"О" догу билдирүүнү окуган Айтурган
Ошондой эле "О" компаниясында жаңырган билдирүүлөрдү журналист Айтурган Сатиева окуйт экен. Айтурган да бул компанияга кастинг жүрүп жатканын тааныштарынан угуп, өзүнүн күчүн сынап көргөн. Аталган компания ачылган күндөн азыркыга чейин кыргыз тилиндеги билдирүүлөрдү окуп келет.


Назгүл Айдаралиева: "Мырзанын
ачуусун
келтиргем"
"Билайн", "Кыргыз телеком" компанияларынын расмий үнүнө айланган "Түнкү Белес" радиосунун продюсери, "Кыргыз" радиосунун башкы режиссёру, Назгүл Айдаралиева.
- Назгүл айым, бул тармакка кандайча келип калдыңыз?
- Мен анда Назгүл Айдаралиева болуп таанылып калганыма эки жылдай эле болгон. "Кыргызстан Обондору" радиосунда жаңылыктар түрмөгүн окучумун. Анан "Продакшн" студиясында ар түрдүү аудио кызматтарды көрсөтчүбүз. Ошол кездеги 50гө жакын диктор, ди-джейлердин баары кастингге катышкан эле. Эсимде мага түнкү саат он экиде кастингден өткөндүгүмдү айтышкан.
- Анда сүйүнгөнүңүздөн таң атканча уктай албасаңыз керек?
- Кайдагы уйку. Түнкү саат он экиде барып, түнкү үчкө чейин үч миң билдирүүнү шашып окугам. Ошол күн аябай чарчаганым менен эсимде калган. Кыргыз, орус тилиндегисин мен, ал эми англис тилиндеги билдирүүлөрдү 5-каналдын кызматкери Ольга Данилова аттуу айым окуган. Бирок, мен үчүн бул эң алгачкы долбоорум болгон эмес. Анткени, билайнга чейин "Кыргызтелеком" компаниясынын расмий үнү болуп иштегем. Мен муну сыймыктануу менен деле айтпайм. Себеби, бул менин жумушум да.
- Сиз окуган билдирүүлөргө байланыштуу кызыктуу окуялардан айтып бербейсизби?
- Көп эле болгон. Бир жолу Араб Эмиратында иштеген Амир деген досубуз бир кечеде отуруп, түнкү саат төрттөрдө жолдошум Мырзага чалыптыр. Анан эле менин үнүм менен "Сиз чалган абоненттин аппараты өчүрүлгөн. Бир аздан кийин чалыңыз" деп жатса, кызып калган досубуз, "Эй, аяшка Мырзаны ойготуп койчу, суранам деген тура. Аны кийин Кыргызстанга келгенде башка досторубуздан уккан элек. Дагы бир кызык окуя эсиме түштү. Бир күнү Мырза экөөбүз бир суроону талашып чыртылдаша кеттик. Менин үнүмдү уккандан тажады окшойт, жинденген бойдон үйгө барып, үй телефондон бирөөнүн номерин терсе, "Номер акы төлөнбөгөн үчүн өчүрүлгөн"деп мен окуп жатам. Ээк, деп ашканага кирсе радиодон жаңылыктарды дагы мен окуп жатам. Радиону өчүрүп салып досунун уюлдук телефонуна чалса, "Сиз чалган абонент убактылуу жооп бералбайт, текшерип кайра чалыңыз"десе, "Кайда барбасам аялымдын үнү"деп катуу жинденген эле.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Роза отунбаева анвар артыковго турмушка чыкты дейби?
2-бет
Гүлнара Кахарова:
"Жолдошумду чыгармачылыктын аркасы менен таптым"

3-бет
Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт!
4-бет
Окуу, окуу жана окуубу Жэ?
5-бет
Белгилүүлөрдүн белгисиз жоруктарынан
6-бет
Телефондогу тааныш үндөр
7-бет
Айымдардын чачтары алардын мүнөзүн аныктайт
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Шарттуу салт
11-бет
Жылдыздар турмушунан
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Сойку деген ким?
Египет - сойкулуктун башаты

15-бет
Обон почта
16-бет
Дарамет










??.??