п»ї

  Айчырай

Айымдардын чачтары алардын мүнөзүн аныктайт
Сулуулуктун бир бөлүгү болгон чач жасалгалар айымдарга өзгөчө көрк берип гана тим болбостон, алардын мүнөзүнөн жана ички жан дүйнөсүнөн дагы кабар берип турат. Аялзатынын тышкы келбетине эмес, алардын чачына карап мүнөзүн жана жашоого болгон көз карашын аныктап чыккан Калифорниялык психологдор бир нече эксперименттерди жүргүзүп, төмөндөгүчө жыйынтыкка келишкен.


Кара чачтууларга мүнөздөмө: Кара чачтуу айымдар бирөөнө көз каранды болууну жактырышпайт. Алар чечкиндүү жана күчтүү келишет. Айланадагы адамдарга да катуу талап кылуучу, так адам катары көрүнөт. Алар алдыга койгон максаттарын так билишет. Жашоодон да ийгиликтерди багындырууга өзгөчө умтулушат. Психологдордун берген суроолоруна кара чачтуу айымдар бирдей жооп бергенинен улам ушундай жыйынтыктарга келишкен. Анткени алардын ой жүгүртүүсү окшош болуп чыккан. Ал эми кыска кара чачтуу айымдар курч мүнөзгө ээ болушуп кайраттуу келишет жана темпераменттүү дагы. Алар өздөрүнө өзү кожоюн болууну жактырышат.


Сары чачтарга мүнөздөмө: Эгерде айымдар табигаттан берилген сары түстөгү чачтарга ээ болсо, аларга башка түс жарашпай калышы мүмкүн. Көпчүлүк мырзалардын айтуусу боюнча ачык түстөгү чачтарга ээ болгон айымдар сексуалдуу келишет. Кээ бир психологдор аларды "жеңил ойлуу болушат"-деп эсептеп келишет. Бирок, алар бардык адамдарга жасалмалуулугу жок чын жүрөктөн мамиле кылышат. Эмоционалдуу, кежир, көп эркелешет. Кимдир бирөө менен пикир алышууда кыйналбайт, ачык айрым келишет.


Аксаргыл чачтарга мүнөздөмө: Алардын мүнөзү табышмактуу. Дайыма сырдуу келишип, жашыруун болууну жактырышат. Алар көбүнчө бардык нерселерди жүрөгүнө жакын кабыл алышып, көп нерсеге кабатыр болушат. Бирок, жакын досуна дайыма жардам берүүдөн баш тартышпайт. Кыйынчылыктардан амалдуу чыгуунун жолдорун жакшы билишет. Ар бир мүнөттү баалаган айымдардын катарына киришет.

Чач ыр саптарында
1. "…Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,
Жер чийген чачтарыңа байладың да…
А. Керимбаев" ,
2. "…Узун чачы бар эле, көздөрү кара эле.
Унчукпаган жанында иниси бар эле… Б. Борбиев",
3. "…Капкара кашыңдан,
кундуздай болгон чачыңдан.
Мен ашык болгон элем,
Сен 18 жашыңда… Белгисиз автор"
4. "… Сагынып самап келсем сапарымдан,
Саамайың саамал кымыз сыңар эле… Д. Садырбаев"
5. "… Койгондой мезгил сизге жүгүн артып,
Саамайың былтыркыдан агыш тартып… С. Бейшекеев"

Кара түстүү чачтардын ээлери
Булардын катарына Бактыгүл Бадыева, Кундуз Канатбек кызы, Айгерим Расул кызы жана Элина Абай кызы кирет. Бул айымдар чачын белине жеткире өстүргөнүнө баа берсек болот. Буларды карап туруп "Кара чачтуу айымдар сулуу жана жагымдуу болушат" - деп айткан психологдордун сөздөрүнө да кошулбаганга арга жок. Ырчы Кундуз Канатбек кызы "Узун чачым үчүн да мырзалар тараптан сый урмат табам, бул мен үчүн абдан кубанычтуу. Чачымды боеп коюп эле турбасам, эч убакта координалдуу түрдө өзгөртпөйм" -дейт. Ал эми Айгерим: "Узун чачтын пайдасы абдан көп. Мисалы, кечелерде каалаган чач жасалгасын жасатсаң болот. Парикмахерлер менин чачыма анын түрүн рахаттануу менен жасап беришет" -дейт жаш ырчы.


Сары чачтуулар
Айя Садырова, Сайкал Садыбакасова, Фарида Карбосова, Раллия аттуу ырчыларды киргизсек болот. Буларга бул өң табигаттан берилбесе да кара чачын сары кылууга жетишишкен. Убагында модага айланган бул өң баарына эле бирдей жараша бербесе керек. Жаш ырчы Сайкал Садыбакасова "Сары чачтуу кыздар жеңил ойлуу болушат" - деген сөзгө такыр кошулбайт. "Кыздар чачтарын кандай түскө боебосун, эң негизгиси жарашыктуу болуп, алардын сулуулугун дагы бир жолу арттырса болду" - деп белгилейт. Ал эми Айя Садырова биринчилерден сахна босогосун дал ушундай имидж менен аттаган. Ал эми үй-бүлөлүү болгон соң, чачын күрөң түскө боеткон. Бул анын мүнөзүнүн өзгөргөнүнөн дагы кабар берет.


чачын дайыма өзгөртүп турган айымдар
Мындай айымдардын катарына Ассоль Молдокматова, Анжелика, Нена жана Айжан Газиеваны киргизүүгө болот. Популярдуу Ассоль айымдын чачы мурда сары түстө болсо, азыр капкара түскө өзгөргөн. Анткени ал дайыма жаңыланууну жактырат. Ал эми Айжан Газиева чачына эсперимент жүргүзүүдөн эч тажабайт. Бирде карэ кылып, бирде толугу менен кырып, кээде чачына чач улап, өрүп алып… Ал эми жаш ырчы Нена бир чач жасалга менен көп убакыт жүрө албайт. "Мен чачымды бир айда бир өзгөртүп турбасам, бир беткейликтен бат эле тажап кетем" - дейт Нена. Ал эми Анжелика өзүнүн сулуулук салону болгондуктанбы айтор, чачын дайыма өзгөртүп турат.
Чач жасалгасын өзгөртүп турган айымдар-дайыма алдыда болууну көздөгөн, жашоосуна жаңылыкты издегенден талбагандар.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Роза отунбаева анвар артыковго турмушка чыкты дейби?
2-бет
Гүлнара Кахарова:
"Жолдошумду чыгармачылыктын аркасы менен таптым"

3-бет
Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт!
4-бет
Окуу, окуу жана окуубу Жэ?
5-бет
Белгилүүлөрдүн белгисиз жоруктарынан
6-бет
Телефондогу тааныш үндөр
7-бет
Айымдардын чачтары алардын мүнөзүн аныктайт
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Шарттуу салт
11-бет
Жылдыздар турмушунан
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Сойку деген ким?
Египет - сойкулуктун башаты

15-бет
Обон почта
16-бет
Дарамет










??.??