Шоу дүйнө

Нурайым "Наристе" тобун ачты
Атасынын жолун жолдогон Нурайым Азыкбаева жакында эле "Наристе" тобун ачты. 5 жаштан 13 жашка чейинки улан-кыздар учурда сабак алып жатышат. Арасында орус улутундагы окуучулар да бар. Топтун ачылганына аз эле убакыт болгондуктан, азырынча окуучулардын саны саналуу эле. Нурайым "Наристени" жетектегенден тышкары, Кыргыз техникалык университетинде "культуралогиядан"да сабак берет, учурда студенттерден "зачет" алып, өзү да сессия тапшырып чуркап жүрөт.

Бегимай Бекбоева Оштогу коогалаңда калды
Ата-энеси менен айыл жергесин кыдырып гастролдоп жүргөн Бегимай Бекбоева Оштогу коогалаңга кабылышып, азыр борборго жете албай турган кездери. Алар Оштон Кызыл-Кыяга өтө бергенде элдердин кагылышы башталган. Бишкекке чыгууга болгон аракеттерден жыйынтык чыкпагандыктан, айлалары куруп туугандарына телефон чала башташат. Бактыга жараша, ырчы Сапар Сопубековдун апасы Бекбоевдердин алдынан чыгып калып үйүнө алып барган. Ошондон бери алар Сапардын ата-энесиникинде жашынып жатышат. Эгерде күтүүсүз кырдаал болбогондо Бекбоевдердин гастролу 10-июлда аяктамак экен.

"Үмүт кербени" Нарында
"Үмүт кербени" иш-чарасы алдыдагы жалпы элдик добуш берүүнүн алкагында, Убактылуу Өкмөттүн атайын токтому менен уюштурулган. Учурда Маданият министри Рыскелди Момбеков баш болуп, "Үмүт кербендин" өкүлдөрү Нарын облусуна сапар алышты. Буга чейин "Үмүт Кербени" Талас облусунун элине концерт тартуулашып, концерттин экинчи бөлүгү Чүй өрөөнүндө болуп өткөн.


Гүлнара Калдарова ырчылыктан ишкерликке өтөбү?
Айрым ырчылар чыгармачылыктан сырткары кошумча каражат табуучу булактар менен алектенип келишет. Андай ишкер ырчылардын катарын "Кыз Бурактын" ырчысы Гүлнара Калдарова да толуктады. Тагыраак айтканда кийим тигүү цехин ачканына бир ай болуптур. "Мурда мындай иш менен алектенип көрбөгөн жаным, болгон убактымды, күчүмдү цехке жумшап жатам. Атайын заказчиктерди таап, тигилген кийимдерди тиешелүү жерлерге жөнөтүп… түйшүгү көп эле экен. Мурда өзүм кийим тигип көрбөсөм да сапатына жакшылап көңүл буруп, кылдат карап жатам" дейт жаңы жумушу тууралуу Гүлнара. Азыр "сезон" учурунда иш жакшы жүргөндүктөн жайлата цехтин иши менен алек болуп, күздөн баштап чыгармачылыгына киришээрин кошумчалады. Баса, тигүү цехин Гүлнара Калдаровага кайнежеси ачып берди.


Нелянын ыры үч тилге которулат
30- майдан 3-июнга чейин Түркиянын Деңизли шаарында шаардын мэриясы тарабынан уюштурулган фестиваль өттү. 26 мамлекетти камтыган фестивалда Кыргызстандын атынан ырчы айым Неля да катышкан. Үч күн катары менен катышуучулар өз өнөрлөрүн тартуулашып, Неля түрк, кыргыз тилинде ырларын аткарган. 13 мамлекеттин ичинен алдыңкы 5 өлкө мактоого татыды. Ал беш өлкөнүн катарында Кыргызстан да бар. Мекенибиздин намысын коргогон ырчы диплом менен сыйланды. Фестивалга барып келгенине "Манас" университети жана "Манас FM" радиосу көмөк көрсөттү. Бир ок менен эки коён аткан Неля башка мамлекеттен келген кесиптештери менен таанышып, жыйынтыгында, түрк тилинде аткарган "Жаным- ашыгым" деген ырын үч мамлекет өз тилинде которуп ырдамай болушуптур. "Үч ай тынымсыз даярданып, жумшаган эмгегибиздин акыбети кайтты. Түркияга болгон сапарыбызда жолдошум мага моралдык, материалдык жактан колдоо көрсөтүп, менин котормочум да болуп жүрдү" дейт Неля Урматтын эмгегин баса белгилеп.


ЖанЭл жанынын бардыгынча чуркап...
Финансылык Техникумда билим алып жаткан ЖанЭл азыр сессия тапшырып чуркап жүргөн кези. Кышкы сессиясын да убагында бүтүрбөй жүрүп, азабын эми тартып жатканын жашырган жок. "Элдер сессия тапшырып жүргөндө мен чыгармачылыктын түйшүгү менен алышып, ыр жаздырып, клип тарттырып жүргөм" дейт ырчы кыз. Кошумчалай кетсек, ЖанЭль буга чейин Караколдогу техникумду да аяктаган.




  Тасма толкун

"Ысык-Көлдүн бешбармагына"
тамшангандар

10-июнь күнү Тарых музейинде киносүйүүчүлөр белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаровдун кезектеги эмгегине күбө болушту. "Россия" телеканалы менен биргеликте 12 бөлүмдөн турган "Гаишниктер" сериалынын бир бөлүгү "Ысык -Көлдүн бешбармагы" деп аталат. Аты айтып тургандай эле, кинонун акыркы бөлүгү Көл өрөөнүндө, тагыраак айтканда Бөкөнбаев менен Каджысай айылдарында тартылган.
Кинонун сюжетине кыскача токтолсок: Россиянын Маи кызматкери, капитан Зимин (Сергей Гусев) уурдалган кымбат машинасын издеп, коллегасы, капитан Лавров (Сергей Астахов) экөө Кыргызстанга келишет. Жөн кетпей орто жолдон террористтерге кабылып, чоң террордук кыймылды жойгонго да жетишишет. Кинонун башынан аягына чейин капитан Зимин кыргыздын бешбармагы жөнүндө кыялданып, тамшанып жүрүп көптөгөн кыйынчылыктардан кийин араң ооз тиет. Көрсөткөн эрдиктери үчүн Зимин машина менен сыйланса, Лавров жорго менен сыйланат. Жумуштары бүтүп, Кыргызстандан кеткиче экөөнү МАИ кызматында иштеген кыздар коштоп жүрүшөт. Орто жолдон алар да капитандарды зериктирбей, түркүн окуяларга кабылтышат. Кыргыздын кыз алакачуу салтына күбө болушуп, Лавров менен Зимин куугун болуп барып, калпак кийип, чепкен жабынып, сый көргөнгө да үлгүрүшөт.
Тасманы кыргыз актёрлору Кубанычбек Адылов, Элина Абай кызы, Зарема Асаналиева, Аскат Сулайманов, Камчы Сарыбаев, Назым Мендибаиров, Бакыт Мукулдар да көркүнө чыгарышкан. Кино боевик жанрында тартылып, кооптуу трюктарды Үсөн Кудайбергенов атындагы каскадёрлор Федерациясынын жигиттери аткарган. "Ысык-Көлдүн бешбармагында" баш-аягы 100 дөн ашык адамдар тартылган. "Кинонун ачылышы Украинада да өттү. Биздин кыргыз актерлорго кызыгып, телефон чалып, алардын дарегин сурагандар күн сайын көбөйүүдө" дейт кубанычы койнуна батпаган Эрнест Абдыжапаров.