п»ї

  Жылдыздар деле сиздей жан

Бул жолу "Кеңеш" тобунун ырчылары Мүзүр менен Гүлмиранын ак өргөөсүнө сапар алдык. Учурда кош жылдыздар көп кабаттуу үйлөрдүн биринде батирде жашашканы менен шаардын четинде жайгашкан Калыс-Ордо жаңы конушунда чоң үй салып жатышыптыр.

Кожоюн+кожейке
Гүлмира:
"Кыздуу болгубуз келет"
- Гүлмира, Мүзүр мырза үйдө кандай кожоюн?
- Мүзүр үйдө эрке кожоюн. Биз азыр көп кабаттуу үйдө жашагандыктан Мүзүргө жумуш деле жок. Жеки Чандын кинолорун көрөт, баласын ойнотот, машинасын жуудурат анан ямахасында отурат.
- Жасаган тамактарыңызга сын айтабы?
- Сынды сыртынан айтпайт. Эгер тамагым жакпай калса, "курсагым ток" деп коюп пияз менен нан жеп отуруп калат. (Күлүп) Дагы бир адаты баарыбыз тамактанып жатканда сүйлөп отура берет да, дасторконго бата кылгандан кийин кайра тамак жей баштайт.
- Уулуңуздар Медер төрт жашка чыгайын деп калыптыр. Качан аны бөбөктүү кылалы деп жатасыздар?
- Буюрса болот. Үйлөнгөнүбүзгө сегиз жыл болсо да үй тууралуу ойлонбоптурбуз. Аракет кылып Калыс-Ордо жаңы конушунан там салып баштаганбыз. Азыр шыйпыры көтөрүлүп, сырты эми бүтөйүн деп калды. Буюрса, кышка чейин бүтүрүп кирип алсак анан баланы пландаштырабыз. Мүзүр экөөбүз тең кыздуу болгубуз келип жатат.


Мүзүр: "Гүлмиранын жинине тийип алгандан корком"
- Мүзүр мырза, бош убактыңызда эмне иш кылгандан ырахат аласыз?
- Жаңы ыр жазгандан ырахат алам. Бир ырды баштап алсам, аны аягына чейин иштеп чыкмайынча кыжаалат боло берем. "Мен жаңы ыр жазам" деп Гүлмирага айтсам, ал "балаң экөөбүз сага тоскоол болбойлу" деп апасыныкына же туугандарыбыздыкына кетет. Анткени, жанымда киши болсо алаксып, оюмду жыйынтыктай албаарымды жакшы билет.
- Өзүң үй оокатка кийлигишип, жубайыңыздын жинине тийип албайсызбы?
- Гүлмиранын жинине тийип алгандан корком. Өзүм башынан эле ашканага аралашкан жан эмесмин. Үйгө келгенде Гүлмира кожейке болот, өзүнүн оокатын айттырбай жасайт. А мен мага тиешелүү сырттагы жумуштарды бүтүрөм. Өзгөчө азыркы учурда тамдын бүтүшүнө чуркап, көп убактым усталардын жанында өтүүдө.
- Өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаалга кандай ойдосуз?
- Чындыгында түштүк тарапта баардыгыбыздын эле тууган-туушканыбыз, жоро-жолдошторубуз бар да. Өтө жаман кырдаал болууда. Менин оюмча Кыргызстанда бири-бирин уккан адам жок болуп жатат. Баары эле кыйын, баары эле мен- мен деп көкүрөк каккан кишилер. Анткени бири-бирибизди угуп, бир гана Кудай Тааладан тынчтыкты, сабырдуулукту, ыймандуулукту тилешибиз керек.

Мүзүр уулу Медердин жоруктарынан...
Гүлмира: Медерди кичинекей кезинен бери таенеси баккандыктан ал таенесинин кылык-жоруктарын, баскан-турганын, жада калса сүйлөгөн сөздөрүнөн бери туурайт. Таенеси менин кайненемди кудагый десе, Медер дагы аны туурап "кудагый" деп айтып алыптыр. Өткөндө барсак, менин чоң атамды дагы апамдын айтуусу боюнча "кайната" дегенин угуп, боорубуз эзилгенче күлө беребиз.
Медердин балабакчадагы тарбиячысы алгач бизди ырчы катары эмес, ата-эне катары таанычу. Анан "Карагат" деген ырыбыз жаңы чыкканда тарбиячысы балдарга коюп бериптир. Медер отурган жеринен тура калып, "Менин папам менен мамамды көрбөгүлө"деп жанында отурган балдардын көздөрүн жаап, эжесинин жөн дегенине болбой ыйлаптыр. Бир күнү балабызды алып кетели деп балабакчага барсак, тарбиячысы "Аа, чын эле "Карагатты"силер ырдайт турбайсыңарбы? Медер айтса ишенген эмес элем" деп күлүп жатпайбы.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
15-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Роза отунбаева анвар артыковго турмушка чыкты дейби?
2-бет
Гүлнара Кахарова:
"Жолдошумду чыгармачылыктын аркасы менен таптым"

3-бет
Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт!
4-бет
Окуу, окуу жана окуубу Жэ?
5-бет
Белгилүүлөрдүн белгисиз жоруктарынан
6-бет
Телефондогу тааныш үндөр
7-бет
Айымдардын чачтары алардын мүнөзүн аныктайт
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
10-бет
Шарттуу салт
11-бет
Жылдыздар турмушунан
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Сойку деген ким?
Египет - сойкулуктун башаты

15-бет
Обон почта
16-бет
Дарамет










??.??