Баластан

Бир убакта бөбөктөргө арналган "Рабаят" телекөрсөтүүсү эфирге чыгып, көптөгөн өспүрүм балдардын жүрөгүнөн орун алган. Азыркы учурда ага үндөш "Керемет көч" мультфильми балдарга "кызмат" кылып келет.

Бир кездерде балдардын калтырбай көргөн "Рабаят" берүүсү боюнча маалыматты анын ошол кездеги алыпбаруучусу Бурул Асакеевадан алдык.

Бурул Асакеева:
"Ак үйдөн чалуулар болду"
"Рабаяттын" биринчи кадамдары
- Улуттук биринчи каналда 1997- жылы балдарга арналган "Рабаят" телекөрсөтүүсү эфирге чыга баштаган. Чыгармачыл топтун өтүнүчү менен ал программага мен алыпбаруучу болдум. Балдардын психологиясын жакшы билгендиктен сценарий жазганга да жардам бердим. Каармандарды өзүм таап, кызыктуу алпарганга аракет кылчумун. Анан бат эле "Рабаят" балдардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, эл оозунда айтыла баштады. Балдар бир эле каарманды кечке көрө берип тажап кетпесин деп аларды дайыма алмаштырып турчубуз. Дайыма изденүүнүн үстүндө болуп, жаңы жомокторду айтып берчүмүн. Элдер тараптан да ар кандай сунуштар түшө баштады, алар дагы өздөрүнүн пикирлерин билдирип, ыраазычылыктарын айтышчу. Андан кийин жаш балдарды программага кошуп, ар түрдүү кылып чыгарууну туура көрдүк. Бул албетте Кыргызстандагы эң биринчи балдарга арналган программа болгондуктан өспүрүмдөрдүн жакшы көргөн көрсөтүүсүнө айланган.


Атын
өзгөртөбүз деп...
- "Рабаяттын" эфирге чыкпай калганынын себептери көп. Ошол учурда улуулардан өйдө жактырып көргөн программаны ар бир инсан талкуулачу эле. Бир күнү эле мени чакырып, "Рабаяттын" атын өзгөртүш керек деп калышты. "Ак үйдөн чалуулар болду, "Рабаят" деген кыргыздын сөзү эмес экен. Ал эмнени түшүндүрөт, башкача ат ойлоп тапкыла деп жатышат" - деп калышты. Андан кийин жаңы "лицо" керек деп башка адам издеп башташты. Менин ордумду ээлегиси келгендер да четинен чыга баштады. Айтор, "Рабаяттын" эфирге чыкпай калган себептери көп эле. Чоңдор, депутаттар "балдар биздин келечегибиз" деп айтканы менен алар тараптан колдоо жок болчу. Ошентип, Рабаяттын атын өзгөртөбүз деп атып эфирге да чыкпай калган. Өзүм изилдеп көрсөм, "Рабаят" деген кыргыздын эле сөзүнөн алынып, "жомок айтуу" дегенди түшүндүрөт экен.


"Керемет көчтөн"
кыскача маалымат
Эл аралык уюмдар жана ЮНИСЕФдин жардамы менен биргеликте Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясы 2006- жылдан тартып, балдар үчүн анимациялык "Керемет көч" программасын экрандан көрсөтүп баштаган. Мультфильмдин каармандары кичинекей телекөрүүчүлөрдү туура тамактануунун, тазалыктын, көчөдө жана коомдук жерлерде үйдө өзүн алып жүрүүнүн эрежелерин дагы үйрөтүүгө жардам берет.


"Рабаяттан" куурчак театры жаралып...
- Эфирге чыкпай калган соң, анын атын өчүрбөй, сактап калуу максатында, "Рабаят" балдардын коомдук чыгармачылык бирикмесинин алдында, "Рабаят" куурчак театры түзүлгөн. Театр жаңыдан калыптанып келе жатканда "Учур" театры уюшулуп, аларга көбүрөөк көңүл бурулду. Убагында куурчак театрын эч ким колдобой койгондуктан жакшы өнүкпөй калган. Азыркы учурда куурчак театры эс алууда, мен дагы жаңыдан ооруканадан чыгып, кымыз ичип, дарыланып жатам. Эми жай айларында Ысык-Көлдөн баштап, республиканын жети областын кыдырып балдарга оюн көрсөтөлү деп жатабыз, буюрса ишибиз ийгиликтүү болот деген ишеничтемин.


Чыгармачыл топ
"Керемет көч" мультфильмин эфирге чыгаруу үчүн профессионал адистерден турган чоң жамаат эмгектенет. Сценаристтер, сүрөтчүлөр, композиторлор, акындар, актерлор дагы атайын даярдоо бөлүмдөрүнөн сабак алып, эл аралык адистерден тажрыйба топтошот. Мультфильмдин ар бир сериалы кылдаттык менен каралып, балдардын аң сезимин изилдеген психологдор жана социологдор менен биргеликте сценарий түзүлөт. Мектеп жашындагы балдарга мультфильм кызыктуу болуш үчүн ылайыкташтырылып, музыкасы, анимациясы жана үнү дагы каралган. Ар бир сериалда жаңы каармандар кошулуп, жаңыланып турат. Эми ар бир сериал мурдагыдай 5 мүнөт эмес, 15 мүнөткө созулат.


Башкы каармандар кимдер?
Актан менен Акылай жана аларды дайыма коштоп жүргөн эшек "Керемет көч" мультфильминин эң негизги мазмунун түзөт. Кыргызстандагы биринчи кыргыз тилиндеги мультфильмине каармандар талап кылынып, телевидение аркылуу кулактандыруу жарыяланган. Актандын ролун - Талас жеринин кичинекей тургуну Дастан Мадалбеков аткарган. "Дастан дайыма ар түрдү актерлордун ролун аткарууну жакшы көрчү, ал төрт жашынан тартып Манас эпосунан үзүндүлөрдү жаттап, бизге декламацияларды айтып берчү. Дастандын жакшы көргөн оюнчугу калем менен калемсап болчу, аларды микрофон катары колдонуп, ойногонду абдан жакшы көрчү. Дастан үн студиясынан ар түрдүү кыймылдары менен режиссерлордун боорун эзип, чыгармачыл топтун купулуна толду" - дейт апасы Джамиля Мадалбекова.


Акылайдын ролу
Мультфильмдеги Акылайдын үнүн - Адеми Кулманбетова сүйлөткөн. Сынакка катышкан жүздөгөн улан-кыздардын арасынан төрт кыз жана төрт бала тандалып алынган. Алардын арасында Адеми дагы бар эле. "Мен керемет көчтү калтырбай көрчүмүн. Сыналгыдан кулактандырууну окуган соң, апам мени "керемет көчкө, катышып көрбөйсүңбү?" -деп калды. Кастингге барып, алдыма койгон текстти так жана образга кирип окуп бергеним үчүн мени кабыл алышты. Менин сиңдим дагы "Керемет көчтөгү" тыйын чычкан, коен өңдүү каармандарды сүйлөтөт. Ал жерде иштеген адамдардын баардыгы мага жагат. Мектепти окуп бүткөнгө чейин "Керемет көч" менен бирге болом" - дейт Адеми.


Тимоти Шаффтер, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү:
- "Бул социалдык мультипликациялык программанын мааниси абдан чоң. Мектепке чейинки жаш балдарды ар кандай оюндардын жардамы жана көңүл ачуучу кызыктуу окуялар аркылуу балдардын ой жүгүртүүсүн жогорулатып, аң сезимин өркүндөтүп жана ар кандай кырдаалдардан, конфликттерден чыгуунун жолдорун дагы үйрөтүүгө жол түзүлгөн программа болуп эсептелинет. Балдарга гана эмес, ата-энелерге дагы абдан пайдалуу сабак болгон. Анткени ар бир ата-эне балдарын кандай ыкма менен тарбиялоону жана алардын потенциалын жогорулатуунун дагы жолдорун өздөштүрүшөт" -деп билдирген.


Барбара Колюки
эксперт:
Эл аралык деңгээлде таанымал болгон "балдарга тарбия берүү" боюнча эксперт жана кеңешчи Барбара Колюки 2007-жылдан тартып, Кыргызстандагы жаш балдардын потенциалын жогорулатуу боюнча көптөгөн кеңештерин берип келет. Ал "Улица Сезам" мультфильмин чыгаруу менен таанымал. "Үй-бүлөдө азыр улуулар программаларды же кинолорду мектепке чейинки жаш балдар менен чогуу көрүп олтурганы туура эмес. Анткени, жаңы калыптанып келе жаткан жаш балдардын аң сезимин, психологиясына туура келбеген программалар менен бузуп алышыбыз ыктымал. Өспүрүм балдардын деңгээлин Массалык Маалымат Каражаттары аркылуу жогорулатууга Кыргызстанда толук мүмкүнчүлүктөр жана чоң потенциалдар бар" - деп эсептейт.


Нургүл Ибраева