п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Билгениң оң

Келбеттеги кемчиликтин да пайдасы бар
Эгер сиз өзүңүздү күзгүдөн карап, келбетиңизге нааразы болсоңуз, бекер антесиз. Биринчиден, сулуулук - адамдардын маанайына жана модага жараша өзгөрүлүп турат. Окумуштуулардын айтымында сулуулукту эволюция өзү эле жайгаштырып коёт. Мисалы, биздин эле жашообуздан алып көрсөк: эркектер жар издеп жатканда, кыздардын кийимине же фигурасына карап алышпайт. Эң башкысы - ден соолук. Ал эми ден соолугу чың адам ар дайым сулуу. Андыктан келбеттеги кемчиликтин да пайдасы бар экенине ынана жүрүңүз.


Чоң жамбаш
Оксфорддун иликтөөчүлөрү "айымдардын жамбашы канчалык чоң болсо, ден соолукка ошончо жакшы". Чоң жамбаш организмдеги холестериндердин көбөйүп кетишин жөнгө салып, диабет оорусун алдын алып турат. Жамбашы чоң айымдарды "алмурут фигурасы" деп коюшат. Мындай "фигура" организмдеги гормондордун, дененин тең салмактыгын жана аппетитти жөнгө салып турат. Демек, булар тамакты коркпой эле көптөн жей берсе болот. Дагы бир жакшы жагы, саны жоон кыз-келиндерге, эркектер суктанып гана турушат. Себебин, "жоон сандуулар сексуалдуу көрүнөт" деп түшүндүрүшөт. Ал эми ичке сандуу аялдардан оорукчан балдар төрөлөөрүн Саутхэмптон университетинин иликтөөчүлөрү далилдешкен. Ичке сандуу айымдардын көпчүлүгү сүт безиндеги рак оорусу менен 3 эсе көп оорушат. Буга организмдеги "эстроген" түздөн-түз таасирин тийгизет. Белгилүү болгондой, организмде мындай гормондордун көп өлчөмдө болушу, айымдардын фигурасынын көркүн ачканы менен, ушундай ооруга алып келет экен.

Чоң кал
Денедеги жана беттеги калдын чоң өлчөмдө болуусу, организмдин жаш экендигин далилдейт. Лондондогу колледждердин генетиктери, адамдын денесинде кал канчалык көп болсо, жашоосу ошончолук узак болоорун да аныкташкан. Эгерде адамдын организминде жүздөн ашык күрөң тактар болсо, өзүнүн курагындагылардан 5-7жылга кечирээк карыйт.

Кызыл ашыгы кеңдер
Колорадо университетинин профессору Венди Корттун айтымында, кызыл ашыктагы майдын болушу айымдардын толуп кетишине тоскоол болуп, курсактын айланасындагы майларды чыгарбаганга жардам берет. Ал эми англиялык доктурлардын айтуусунда, кызыл ашыктын айланасындагы жумшак ткандар адам карыганда тамандын жана тамырлардын оорусун жөнгө салат. Бирок, кызыл ашыгы кеңдердин буттары бийик така туфлиден жаман көрүнөт.

Семиз манжалар
Эгерде сиздин бутуңуздун манжалары семиз болсо, сүйүнө бериңиз. Анткени, Уэллс университетинин окумуштууларынын айтымында, мындай манжалар катуу жана көп убакыт чуркасаң да чарчатпайт.

Чоң мурун
Мурун канчалык чоң болсо, организмдеги бактериялардан жана аллергендерден сактоого мүмкүнчүлүгү көп болот. Анткени, чаң мурун аркылуу биздин организмге кирет. А мурун чоң болсо, микробдор жетүүчү жерине жете албай убара болушат. Андан сырткары, мурундун түбүндөгү суюктук да, микроорганизмдердин кирип кетишине тоскоол болот.

Узун кулак
Узун кулактар катуу үндөрдү тарсылдака акырын жеткирет. Бул болсо, кулагы узун адамдар башкалардан жаманыраак угат дегенге жатпайт. Тескерисинче, дароо жеткен үн толкундары адамдын кулагына тарсылдап жатып, угууну начарлатып салат. Ошондон улам жыл өткөн сайын кулак катуулап, укпай калганга чейин барат. Ал эми кулагы узундар карыганда да мурун кандай укса, ошол калыпта уга беришет.

Кыска бут
Кыска буттуулардын сөөгү катуу болот. Демек, бул сөөктүн жарака кетүүсүнө жана сынып калуусуна көп жол бербейт. Андан сырткары буттун "остеопороз" оорусу менен да аз оорушат.




Женнифер Лопестен сулуулук сырлары
Голливуддун белгилүү актрисасы, ырчы Женнифер Лопестин сулуулугуна эркектер эле эмес, айымдар да кызыгат. Актриса кырктын кырына барып калса да, өз курагынан абдан эле жаш көрүнөт. Кантип жаш боюнча жүрөт? - деген суроого өзүнүн сулуулук сырларынан бөлүшкөн.


Женнифердин айтуусу боюнча, терини кароодо эң биринчи анын жумшактыгын караш керек. "Мен дайыма денеме жана бетиме жумшартуучу каражаттарды колдоном. Жуунгандан кийин жана уктаар алдында бир нече жолу жумшартуучу бет майларды сүйкөп турам" дейт актриса. Ошондой эле кымбат косметикалык тазалагычтардын ордуна, кадимки эле вазелинди колдонот. Вазелин менен кечкисин макияжын тазалайт экен. Андан сырткары, курамында плаценти бар косметикаларды гана колдонот.
Ден соолукка жана сулуулукка - уйку да өз таасирин тийгизет. "Мен дайыма 8 сааттан гана уктайм. Менимче, 8 сааттык уйкудан дене да эсалганга жетишет, анан өзүңдү да жеңил сезип жүрөсүң".
Лопестин косметологдорунун айтымында, актриса үй шартында даярдалган косметиканы жактырат. Ошондуктан, дайыма атайын рецепттер менен бет тазалаган тониктерди, маскаларды даярдап берүүсүн суранат.

женниферден бетке маска
Сиздин бетиңиз да Женифер Лопестикиндей болгонун кааласаңыз, актрисанын атайын бетине жаап жүргөн маскасы менен таанышып алыңыз. Бул маска бардык типтеги терилерге жарайт. Курамы: 1 чай кашык йогурт, 2 чай кашык бал жана 3-4 тамчы жаңы демделген көк чай. Баарын аралаштырып, бетке жана моюнча 10-15 мүнөт убакыт коёсуз. Алгач жылуу суу менен масканы кетирип алган соң, муздак суу менен бетиңизди жууйсуз. Бул процедураны жумасына 3-4 жолу жасаш керек. Жакшы натыйжа бере баштагандан тартып, жумасына 1-2 жолу жасасаңыз болот. Женифердин бет маскасы, беттин терисин бирдей кылуу менен бирге, бетти жалтыратат.

Лопестин арыктоо сыры
Лопестин эрки күчтүү. 2008-жылдын февраль айында эгиздерин төрөгөндөн кийин 20 килограммга арыктаган. Анын айтымында, мындай жыйынтык көп күчтү талап кылган. Арыктоо үчүн, машыгууну калтырбай, күнүнө 18 саат иштеген. Бир эле учурда фитнес менен машыгып, күчтүү көнүгүүлөрдү жасаган. Ийилүү көнүгүүлөрүн да тез-тез кылып турат. Лопес тамакка да жакшы көңүл бурат. Күнүнө 1400 калориядан ашыкча жебейт. Жер-жемиштерди көп колдонот.

Кулпунай арыктоону тездетет
Кулпунай - арыктай албай жаткан айымдарга абдан жакшы жардам берет. Анткени, анын курамында майларды күйгүзө турган баалуу микроэлементтер бар. 100грамм кулпунайда болгону 20 калория болот. Андан сырткары, кулпунай тамак сиңирүүгө да жакшы жардам берип, кан айлануу системасына жана иммунитетти күчтөөгө өз пайдасын тийгизет. Бирок, аллергиясы барлар кулпунайдан аз өлчөмдө колдонгону жакшы.
Элес Турар





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Калк кайгырып турса Р.Момбеков тай сойдуруп "тайралаңдап..."
2-бет
Динчил болуп, убадасына туруп үйлөнгөн Бекчоро
3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Саясатчылардын кимиси купулуңузга
толот жана кимиси кыжырыңызга тийет?

5-бет
Жылдыз Жолдошева, "Курманжан Датка" фондусунун төрайымы:
"Эмне үчүн түштүктүн жигиттери мага окшоп эл аралабайт?"

6-бет
Cинура Раимкулова, акушер-гинеколог:
"Энедеги инфекция балдар ооруларынын башаты"

7-бет
Жумуш издөөдөгү олуттуу каталар
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Эй, Россия, Россия бир боор энем!
10-бет
Баластан
11-бет
Келбеттеги кемчиликтин да пайдасы бар
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Миң түркүн
15-бет
Обон почта
16-бет
Махабат Молдалиева, акын:
"Жалгыз айым аталып..."











??.??