п»ї
 Таанышуу жарыясы


Сен жана мен
(Уландысы, башы өткөн санда)
Келин болуп келгенде…
Сүйгөн "акырын" дегендей эрдин кымтып жылмайып койду.
- "Абысын- аңдышкан жоо" деп бекер айтышпайт. Мен өз жеңелеримден улам билем го. Карабайсыңбы, эшиктен бутуң аттай электе эле атаандашып, ич күйдүлүк кылып жатканын, -деп безелене шыбыраган Жийде сырттан чыккан кобурдан улам токтоп калды.
Той шааниси башталып, үй ичи опур-топурга толуп күүлдөп турган. Көшөгө тартылган үйгө жаштарга деп өзүнчө дасторкон даярдашып, сырттан шуулдаган самоор көтөрүп киришти.
- Ай, шаардан келгендерди тамакка киргизгиле. Дуулатка айт, досторун үйгө алып кирсин, -деди жанакы сулуучумак келин сырттагыларга.
"Келин келди" дегенди уккан кошуна кемпир-кесектер күүгүм кирип көз байланып калганына карабай бирден жоолуктарын колтуктарына кыстара "Той кут болсун!" деп чекесинен келип башташты.
- Аий, берекем, бактың ачылсын! Мен Дуулаттын киндик энеси болом. Бакырып ыйлап жерге түшкөндө киндигин өзүм кескем. Убакыт дегенди карачы, бекеринен учкан куш дешпейт тура. Ошондо карын чачы ийинине чейин өсүп, колумда тарбалаңдаган кара бала минтип эр жетип келинчек алып келет деп ким ойлоптур. Келегой, ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн,- деп ийилип турган Сүйгөндүн башына жоолугун салып, бетинен өпкөн аял көшөгөдөн узай электе аны коштоп кирген Кымбатка:
- Келиндин төркүнү кай жер экен? Ачуу басарга эртең эле жарыкта барасыңар да, же ачуу-таттуусунан чогуу эле бир кутулалы деп сүйлөшөсүңөрбү?- деди.
- Апе-ей, сиз уга элек белеңиз? Келиндин ата-энеси жок, жетимдер үйүндө чоңойгон кыз экен. Балаңыздын акылдуусун карабайсызбы, калың төлөп кайын-журтка барыш керек деп баш оорутпаган кыз алганын. - Кымбат өз сөзүнө өзү маашырлана күлүп калды.
- Аа, ошондой бекен? Эми Дуулат анысына деле карабаса керек. Көңүлүнө жакканына карады да. Жылдыздуу экен бечара, багы ачылсын, - деген болду аял шыпшынып.
Дал ушул маалда сырттан кыраан-каткырык күлкү, бажактаган үндөр коштоп Эдилдер кирип келишти. Дуулат артта кирди. Бүгүн ал бөтөнчө токтоо, көз карашы сырдуу.
- Охо-о, кана,кана, аяшкама жоолук кандай жарашат экен көрөйүнчү, -деген Эдил жадырай күлүп көшөгөнүн чекесинен акырын көтөрө башын салды да, бир саамга катый, кыздарды алмай-термей карап алып:
- Жок, Дуулат, болду чечилди. Эртең кечинде дал ушул той Тоңдо уланат. Сүйгөн айтчы, сен эми биз тараптык болуп калбадыңбы, курбуларыңдын кимиси аскер адамына бекем тыл болуп бере алат. Досторуңду сен жакшы билесиң да, болбосо менин башым айланып калды. Ту-уй, экөөнө тең көшөгөдө отурган кандай жарашат ээ. Биринен-бири өтүп моймолжуйт.
Кыздар күлүп тим болушту. Тамаша-күлкү аралаш баары чогуу отуруп тамактанышты. "Бактылуу болгула!", "Кармашкан колуңар үзүлбөсүн!", "Үйүңөрдө кичинекей тапичкелер көбөйсүн!" деген каалоо - тилектер айтылып жатты. Жакшы сөзгө жүрөктөр толкуп турду. Дуулаттын эки көзү Сүйгөндө. Канчалык отургандарга алаксыйын деп сыртынан сыр бербегени менен карегин келинчегинен тартып ала албай, кучагына кысып, өпкүлөп, бүгүн кандай татына, кандай наздуу болуп турганын кулагына шыбырап айткысы келип, ички эңсөөсүн эптеп тыйып отурду.
"Бүгүн сенин күнүң, бул күнү кийбегенде мен сага ак көйнөктү качан кийгизет элем? Мейли кымбат болсо кымбат болсун. Сага жакса болду" деп Сүйгөн жактырып, бирок акчасынан улам кыйылып "албай эле коёлучу" дегенине болбой сатып берген үлпөт көйнөгү ак жуумал өңүн ого бетер нурлантып, көзүнө ак жоолукчан периштедей көрүндү. Дуулаттын көз карашын сезип-туюп бирок, тегерегиндегилерден тартынып, кирпигин өйдө көтөрө албай, алдындагы чайдан ууртап-татып олтурган Сүйгөндүн көөдөнү кубаныч сезимге жык толгону менен, жанагы уккан "жетим кыз экен" деген сөзү мээсине мыктай кадалып, унута албай койду. Көңүлү бир чөгүп, бир көтөрүлүп, бирде өзүн жалгыз сезип, кайра туруп өзүнө-өзү ачууланып сооронуп, түрмөктөлгөн түркүн ой менен отурду. Экөө сүйлөшүп жүрүшкөндө Дуулат өзүнүн үй-бүлөсү жөнүндө айткандарын эстеди.
- Мен үч биртууганмын. Менден улуу үйлөнүп-жайланышкан эки байкем бар. Биздин үйдө кыз жок. Ошондуктан апам кыз-неберелерин абдан жакшы көрөт. Мен өзүм апамдын кырк экисинде күтүүсүз көргөн кенжесимин. Атам да, апам да пенсиядагы кишилер. Ортончу Кубат байкемдин колунда турушат. Улуубуз Эрмек деле ошол айылда, бирок үй-жайы бөлөк. Балдары чоңоюп калган. Атамдар карып калгандыктан сен экөөбүз эч кимден жардам күтпөй өз алдынча тирилик кылып кетишибиз керек. Бирин-экин малың бар дешет, бирок мен алардан эч нерсе үмтөтпөйм. Керек болсо өзүм берип турсам дейм. Кыйынчылык болот, болбой койбойт. Мен жумушума байланыштуу көчүп-конуп турмуш кечиришибиз мүмкүн. Сен ошого чыдасаң эле болду. Мен сени сүйөм! - деген.
- А сен менин ата-энемдин жок экендигин үйдөгүлөргө айттыңбы? Алар каршы болушсачы?
- Эмнеге? Ким каршы болот? Жок, демек жок. Апам айтты "өзүң бил, кызга өзүң - ата, күйөө да, бирдтууган да болосуң" деп. Анын эмне кыйынчылыгы бар экен. Болом эле. Жомоктордо, кинодо деле көп кыйынчылыктар кездешип, аны эки жаш жеңип, акыры аягы жакшы- үйлөнүү той менен аяктайт, сүйүшкөндөр бирге калышат. А турмушта болсо тескерисинче, кыйынчылык, түйшүк, түшүнбөстүк үйлөнгөндөн кийин башталса керек. Бирок мен сени кандай кырдаал болбосун мени менен катар жүрүп, көтөрүп, жеңип алаарыңа ишенем. Алдыда бүт тапканым сен үчүн. Биздин үй-бүлө үчүн. Мен азыр ушинтип сүйлөп жатам, а бирок алдыда бизди эмне күтүп турганын биз билбейбиз да. Жашоо ошонусу менен кызык. Бир гана нерсени билем, сен мага өзүңө окшош, жо-ок, өзүңдөн да татынакай кыз жана өзүмө окшош уул төрөп бересиң. Анан сен үчүн биз бар болобуз. Сен жалгыз эмессиң.
…Мына ушуларды эстеп чыйралды, мен эмне болуп турам деп көз чарасына толо түшкөн ысык жашын акырын аарчый, жанындагы Жийдеге күлүмсүрөп койду.
Никелери кыйылган соң, бөлмөдө эл сээлдеп, төшөк салуу камын көргөн эки келин күйпөлөктөп жүрүштү. Сырттан кирген курбуларына Кымбат күлө бага:
- Кыздар, жүрө койгула, силер тигил тамга жатып эс аласыңар, -деди.
"Шыңк" күлгөн курбулары көшөгөнүн бурчунда жоолугун кармалап, салынып жаткан төшөктү чочуркай тиктеп турган Сүйгөнгө көз кысып, "жакшы эс алгыла" деп чыга жөнөштү. Дагы бир нерсе айтайын деп оозун таптаган Айжан бөлмөдөгү эки келинден тартындыбы, босогодон артын карап жылмайып алды.
Саймаланган гүлдөрү бар кызыл тукабадан тигилген көшөгө бөлмө ичин кандайдыр бир сыйкыр түскө бөлөп тургандай сезилди Сүйгөнгө. Бир белгисиз сезим дене боюн курчап, ал түшүнүксүз, өзүнө мурда тааныш эмес сезимден улам тартынып да, уялып да, кооптонуп да ошол эле учурда өзүн чексиз бактылуу сезип үлбүрөп турду.
- Жакшы жатып жай тургула, жаш жубайлар, - деди да эки келин жымыйа күлүп жылып чыгып кетишти сырттан Дуулат кирип келээри менен.
- Периштем менин, көйнөгүң менен жоолугуң өзүңө жарашып калат экен. Эртеден бери сенин жаныңа жете албай көзүм өтүп өзүмдү араң колго алып, ар нерсеге алаксып жүрбөдүмбү.
(Уландысы кийинки санда)




  ыйык хадистер

Мухаммед пайгамбардын осуяттары
Абийирдүүлүк менен аз сүйлөгөндүк ыймандын эки түрдүү бөлүгү. Абийирсиздик жана көп сүйлөгөндүк эки жүздүүлүктүн эки түрдүү бөлүгү.
Каттын жообун кайтаруу - кудум саламды алик алуу сыяктуу зарыл нерсе.
Ата-энелеринин экөөнү тең, же бирин картайган чагында тапса да, аларды ыраазы кыла албаган перзент кор болсун!
Алыстап кеткен туугандарыңа камкордук көрсөт. Бирөө сага жамандык кылса да, сен ага жакшылык кыл. Өзүңө канчалык зыяны тийсе да ак сүйлө.
Кайрымдуулук жана соопчулук иштер инсанды түрдүү балекеттерден сактайт.
Калкка көлөкөсүн тийгизип турган даракты кыйган адамды Алла Таала тозокко буюрат.
Инсандын сүйлөгөн ар бир калп сөзү ага күнөө болуп жазылат. Мунун үч түрү буларга кошулбайт.
Биринчиси - согушта, анткени согуш айлакерсиз, куулуксуз болбойт;
Экинчиси - эринин аялына мунаса үчүн айткан жалган сөзү;
Үчүнчүсү - эки араздашкан адамдын ортосунда байланыш түзүү, жараштыруу ниетинде айтылган жалган кеп.
Он бейтааныш үйдү уурдагандан да, коңшуңдун үйүн уурдаган жаман.
Ичкиликтен сактаныңыздар, себеби ал көптөгөн жамандыктардын ачкычы.
Өзүңө жаккан нерсени башкаларга да ыраа көр!
Мүмкүн болушунча адамдарды эң жогорку жазага тартуудан чектөөгө аракет кылыңыздар. Бирок, ал жаза күчүн жоготпосун.
Казан-аягын тейлеп турган кызматкери өз кожоюнуна тамак даярдап келгенде аны өзү менен дасторконго чогуу отургузсун. Эгер чогуу отургузбаса, анда бир аз насибин берип койсун.
Бирин-бири жакшы көрсө (дос тутса), анда сүйүүсүн билдирип койсун.
Эгер күнөө иш жашыруун кылынса, анда ээси гана залалын көрөт. Көрүнөө кылынган учурда болсо, залалы баарына тиет.
Эгер кандайдыр бир күнөө иш кылып койгон болсоңуз, анда аны жууш үчүн артынан бир сооптуу иш да кылып коюңуз.
Байлардын үйүнө азыраак кириңиздер, эгер антпесеңиздер Кудайдын сиздерге берген жыргалдарына каниет кылбаган болосуздар.
Бу дүйнөдө маанисиз сөздөрдү тантырап көп сүйлөгөн адамдын күнөөсү акыр кыяматта көп болот.
Кудай жаман көз менен карай турган адамдарды жактырбайт. Кудай аялдар менен жакшы мамиледе болушуңуздарды жактайт, анткени алар: энелериңиз, карындаштарыңыз, эжелериңиз.
Күйөөсү өз аялына, аялы өзүнүн күйөөсүнө көмөктөшкөндө гана Кудай да аларга ыраазы болуп, көмөк көрсөтөт.
Сабырсыздык кайгынын биринчи ирмеминен эле билинет.
Оор басырык жана жооштук - инсанга утуш болот.
Өз күнөөсүн жууйм менен убара болуп, адамдардан күнөө издебей, ашыкча мал-мүлкүн сарптап, жана сүннөткө амал кылган, тетири көз караштарга азгырылып кетпеген адамдарга кандай жакшы.
Эшиткен ар бир нерсесин сүйлөй берүү - адамдын күнөөкөр болушуна толук себепкер.
Жамандыгыңызды адамдардан алыс карманыңыз, ошонун өзү деле сизге садага ирээтинде жазылат.
Арам менен өсүп-өнгөн ар бир дене - тозокко ылайык.
Кемсинтүүлөрдүн, дилге азар берүүчүлөрдүн бардыгы тозокко өкүм кылынат.
Момун адамдын өмүрү өтүп, карыган сайын ага жакшылыктар ыйгарыла берет.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Калк кайгырып турса Р.Момбеков тай сойдуруп "тайралаңдап..."
2-бет
Динчил болуп, убадасына туруп үйлөнгөн Бекчоро
3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Саясатчылардын кимиси купулуңузга
толот жана кимиси кыжырыңызга тийет?

5-бет
Жылдыз Жолдошева, "Курманжан Датка" фондусунун төрайымы:
"Эмне үчүн түштүктүн жигиттери мага окшоп эл аралабайт?"

6-бет
Cинура Раимкулова, акушер-гинеколог:
"Энедеги инфекция балдар ооруларынын башаты"

7-бет
Жумуш издөөдөгү олуттуу каталар
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Эй, Россия, Россия бир боор энем!
10-бет
Баластан
11-бет
Келбеттеги кемчиликтин да пайдасы бар
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Миң түркүн
15-бет
Обон почта
16-бет
Махабат Молдалиева, акын:
"Жалгыз айым аталып..."











??.??