п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Махабат Молдалиева, акын:
"Жалгыз айым аталып..."
Былтыркы жылы Иран өлкөсүнүн элчилиги тарабынан бүткүл дүйнө жүзүнүн акындарына атайын конкурс жарыяланып, Кыргызстандагы акындардын арасынан Махабат Молдалиевага чакыруу келген эле. Ушул жылдын 17-22-апрель күндөрү Иранда биринчи жолу дүйнө жүзүндөгү акындардын конгресси өткөрүлдү. Дүйнөнүн элүүдөн ашык өлкөсүнөн экиден-үчтөн акындар келип отуруп жыйынтыгында 120 акын чогулса, алардын бирөөсү Махабат Молдалиева. Болгондо да 119 акын мырзанын арасында жалгыз айым болуп катышып, Кыргызстандын атынан барып келгени биз үчүн чоң сыймык экени талашсыз.

Махабат
Молдалиева
Ата Журтту
колдогун!
Ооруп турат, Ата Журттун капталы,
Ордолуу Ош - орошон шаар капкалуу.
Муздак шамал агып кирип төрүнө,
Мекенимди суук илеби каптады.

Сыздап турат Мекендин бир ыптасы,
Азаматтар, эне-аял, журт башы.
Акыл калчап, тике турат эл үчүн,
Ата Журттун кан көрбөсүн бир ташы.

Көл чайкалып, көктүн бетин тозбосун,
Көөдөнүңө душман колун созбосун.
Карааныңдан кагылайын кыргызым,
Кайратыңды Манас руху коштосун.

Энелердин жаш акпасын көзүнөн,
Эрки боштор алдырбасын сөзүнөн.
Урпагыңды колдой көргүн Ала-Тоо,
Уулдарыңдын ок өтпөсүн төшүнөн.

Оо Ата Журт карааныңа кагылам,
Оргуп дүйнөм жараатыңа жарылам.
Аман болсун, арка-жөлөк уулдарың,
Аялзатын бөлбө тагдыр жарынан.

Өсүп-өнүп, көгөргөн эл батадан,
Бир жеңден кол, баш чыккан бир жакадан.
Уламалуу улуу элбиз, кыргызым,
Уул-кызын айрыбасын атадан.

Кайратыңдан катаал күндөр сүрүлсүн,
Көк бетинен кара булут түрүлсүн.
Коюнуңда бейпил турмуш уланып,
Шаңга толуп, бөбөк ойноп жүгүрсүн.

Кыргыз элим, кымбат элим кутманым,
Кыр-белесиң аралабай душманың.
Ойрон болсун, оюн таш каап көрө албас,
Умай эне колдо бүгүн урпагың.
Манас руху, колдой көргүн урпагың!

- Махабат, дүйнөнүн төрт бурчунан келген акындар менен жолугушуп келиптирсиз. Сапарыңыз кандай болду?
- Рахмат. Былтыр конкурс жарыяланып, Жазуучулар Союзунан катышканбыз. Тандоону Иран жергеси өзү жүргүзгөн. Анан Кудайдын буйругу менен мен өтүп калдым. Ирандын үч шаарында эки күндөн болдук. Барып келген каражаттын баарын уюштуруучу топ өздөрү каржылады. Чындыгында сапарыбыз абдан мыкты болду. Мени таң калтырганы Ирандыктар акын-жазуучуларга өзгөчө сый мамиле кылышканы жана маданиятынын жогорку деңгээлде өнүккөнү болду. Бири-бирине кыйкыруу, бут тосуу, басынтуу, көралбастык деген терс сапаттар жокко эсе экен.
- Конкурстун шарты кандай болду? Тилден кыйналган жоксуздарбы?
- Конкурстун ачылышын Ирандын президенти Мухамед-Адам-Али өзү ачты. Негизги максат бүткүл дүйнөнүн акындарын чогултуп, дүйнөлүк поэзияны жандандыруу жана акындардын эмгеги менен таанышуу, аларды сыйлоо болду.
Шарты боюнча ар бирибиз ар кайсы маданий жайларда ыр окудук. Мен Хафизтин күмбөзүнөн анан университеттен биринчиси Ата Журт, экинчиси сүйүү темасындагы эки ырымды окуп бердим. Ал эми тил жагынан кыйналган деле жокпуз. "Поэзия менен музыкага котормочунун кереги жок" дегендей, өзгөчө акындар ырларын окуп жатышканда котормочусу жок эле түшүнүп жаттык. А негизги маектешүүлөр котормочулардын жардамы менен болду. Кызыгы, эмнегедир бул конкурска дүйнөнүн бир да жеринен аял акындар келген жок. Башында "Кыргызстандан барган жалгыз айым" деп аталып жатсам, аягында "Дүйнөнүн атынан жалгыз келген айым" деп айтылып калдым.
- Жерден жарака кетсе акындын жүрөгүнөн өтөт" дегендей, Ирандан келгенден кийин ал өлкө тууралуу ыр жазсаңыз керек?
- Ооба, учурда Иран жөнүндө ырларды жазып жатам. Кудай буюрса, ал жактын элчилиги менен сүйлөшүп, Иран тууралуу ырлар жыйнагын чыгарып, жыйнакты фарсы тилине которсокпу деген ойлор болуп жатат. Себеби, мен Иранга барып көп жерлерине, элинин маданияттуулугуна таасирлендим. Кыргыздын белгилүү инсандары, Чыңгыз Айтматов, Болот Миңжылкыев ж.б атактуу адамдарыбыз эмне себептен чет өлкөдө бир топ жыл жашашкандарын мен Иранга барганда түшүндүм.


Айнура Касымова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Калк кайгырып турса Р.Момбеков тай сойдуруп "тайралаңдап..."
2-бет
Динчил болуп, убадасына туруп үйлөнгөн Бекчоро
3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Саясатчылардын кимиси купулуңузга
толот жана кимиси кыжырыңызга тийет?

5-бет
Жылдыз Жолдошева, "Курманжан Датка" фондусунун төрайымы:
"Эмне үчүн түштүктүн жигиттери мага окшоп эл аралабайт?"

6-бет
Cинура Раимкулова, акушер-гинеколог:
"Энедеги инфекция балдар ооруларынын башаты"

7-бет
Жумуш издөөдөгү олуттуу каталар
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Эй, Россия, Россия бир боор энем!
10-бет
Баластан
11-бет
Келбеттеги кемчиликтин да пайдасы бар
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Миң түркүн
15-бет
Обон почта
16-бет
Махабат Молдалиева, акын:
"Жалгыз айым аталып..."











??.??