Сырмаек

Динчил болуп, убадасына туруп үйлөнгөн Бекчоро
Көз айнеги менен көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп келаткан ырчы Бекчоро арзып жүргөн Назгүл аттуу кызына баш кошту. Кыргыздын салты менен кызга сөйкө салып, туулуп өскөн жери Казарманга барып тууган-уругунан бата алып, он күн ата-энесинин алдында кызмат кылган уул-келин шаарга келип, батирден үй алып өзүнчө бөлүнүп жашап жатышыптыр. Анда Бекчоронун кубанычы менен тең бөлүшөлү.

- Бекчоро, "Кореяга концерт берип келгенден кийин үйлөнөм" деп айттың эле, Куш бооң бек болсун!
- Чоң рахмат. Ооба, сүйлөшкөн кызым Назгүлгө "Кореядан келгенден кийин үйлөнөбүз"деп, убада берип ал жакка учуп кеткем. Убадамды аткарып келгенден кийин бир күн өтпөй биртууган эки байкемди, жеңелеримди алып кызыма сөйкө салдык. Анан кичи мекеним Казарманга барып той берип, жакындарымдан бата алдык. Ал эми өкүл атам менен өкүл апамды алдын ала бир жыл мурда эле "Улан байке, Лолита эже мен үйлөнгөндө сиздерди өкүл ата, өкүл апа кылам"деп шайлап алгам. Алар чыгармачылыгымды колдогон демөөрчүлөрүм болуп келишкен. Кудай буюрса, күзүндө ресторанга үлпөт тоюбузду өткөрөбүз.
- Сени "артист экенсиң" деп кайын-журтуң үйлөнүшүңөргө каршы чыккан жокпу?
- Жок. Назгүл экөөбүз сүйлөшүп жүргөндөн бери эле кайненем мени таанычу. "Энесин көрүп кызын ал" дегендей, кайненем мээримдүү, жөнөкөй жакшы адам. Кайнатам жок. Назгүл менден бир жаш кичүү, үйдүн жалгыз кызы. Түбү Ысык-Атадан болот. Кесиби экономист, азыр Орус-Славян университетинде сырттан окуйт.
- А өзүң тарапта кандай ойлор болду?
- Мен ата-энемдин каалоосу боюнча эки жыл мурун үйлөнүшүм керек болчу. Бирок, "үйлөнбөйм" деп өзүмдүкүн бербей жүрүп, ушул убакытка токтодум окшойт. Айтып коюшат го "Качан эки баш кошулмайынча ырыскынын да берекеси жок болот" деп. Анан мусулман дининде жүргөндөн кийин баш кошоюн деп чечтим. (Күлүп) Чечкеним туура эле болуптур, үйгө барсаң кийимдериң таза, тамагың даяр, кечинде келинчегиң койнуңда дегендей... Аябай эле жыргап калдым. Азыр келинчегим экөөбүз Бишкекте батирде жашайбыз.
- Жаңы үйлөнгөн жубайлар бири-бирине ысык болушат эмеспи. Назгүлдүн көңүлүн кантип алып жатасың?
- Негизи жылуу сөз, көңүл калтырбаган жакшы мамилеге эч нерсе жетпейт болуш керек. Кудайга шүгүр, экөөбүз тең бири-бирибиздин көңүлүбүздү жакшы эле алып жатабыз. Анан "Аялга жакшы сүйлөп, ай сайын белек берип сыйлап турсаң, ал да сени сыйлайт" деп угуп калчу элем. (Күлүп) Азыр өзүм ошол айтылган сөздөрдү колдонуп жатам.
- Келинчегиңдин жүрөгүн кантип багындырып алдым деп ойлойсуң?
- Ага жасаган жакшы мамиледен улам деп ойлойм. Адамды сүйлөшүп көрмөйүнчө жакшы экенин айталбайсыңда. Анын сыңарындай, Назгүл мени менен сүйлөшүп жүргөндө кандай экенимди билди да. "Беш убак намаз окугандан кийин Алла Тааладан коркот. Демек, ичпейт, чекпейт, кыздарга барбайт"деп мага ишенген. Биздин үй-бүлөдө эң негизгиси бири-бирибизге болгон ишеним, сүйүү бар болгондон кийин кызганыч, түшүнбөстүктөр болбойт.
- Намаз окуганга чейинки Бекчоро кандай адам эле?
- Мурда динге кирелекте керсейип, кээде оройлук кылып бирөө сүйлөп жатса жактырбай койгон, өзүнүкүн бербеген Бекчоро болчу. Азыр жумшак, кечиримдүү аракетчил адам болуп өзгөрдүм.
- Намаз окуп жаткан мусулмандардын көпчүлүгү мурдагы жашоосунда ичип кеткен, жаман жолдорго барган же болбосо кыйналып жүргөндөр экенин байкаган элем. А сенин намаз окуп калышыңа ким же эмне түрткү болду?
- Жакшы суроо экен. Намаз окуп калышыма эң кичүү 22 жаштагы иним түрткү болгон. Досум Азиз Жетигенов экөө көп жылдан бери намаз окушат. Алар дайыма "Бекчоро, сен дагы биз менен даватка чыгып келбейсиңби?"деп айтышчу. Бир күнү макул болуп үч күндүк даватка чыгып келгенден кийин дин жолунда жүргөн адамдарга болгон оюмду түп-тамырынан бери өзгөрттүм. Себеби, мурда даватта жүргөн жаш балдарды, сакал коюп алган байкелерди көрүп, "ушулар жап-жаш болуп жөн эле коюшпайбы, кийин деле 50-60 жашка чыкканда деле намаз окушат да"деп ойлочумун. Көрсө, мусулмандар күчкө толуп турган жаш кезинде, сулуу кезинде ибадат кылса, жаштыктын ибадаты карыган кездегиге караганда эң жогору турат экен. Анткени, жаштыгыбызда көп жаман иштерге барып коюшубуз мүмкүн.
- Келинчегиң да намаз окуйбу?
- Үйдө эки байкем, бир иним намаз окуйт. Калгандарынын ниеттери бар. Келинчегим азырынча намаз окуйлек. Азыр эле өзүң намаз окуп алып "сен дагы намаз оку"деп кыйнаган болбойт. Акырындык менен дават айтып көндүрүш керек. Мен беш убак намаз окуганым менен ислам дининин босогосун эми аттап жатам. Башкалар ойлошу мүмкүн "Бул намаз окуйт экен демек, ырдаганга, кафеге киргенге болбойт"дешип. Ошонун баарын тең акырындык менен жыйыштырган жакшы да. Адамдын каалоосу, нравсы болот. Таксырлардан, аалымдардан сурап көрсөм, "Ырга сен көп курманчылык кылгансың, дароо таштасаң кыйналып каласың, акырындык менен ташта"дешкен. Динде да ырчылык күнөө деп айтылган эмес.
- Сенин көз карашыңда "Чала молдо дин бузат" деген кимге тиешелүү?
- "Молдонун айтканын ук, жасаганын кылба"дегендей, эмне себептен биз Аллахка жакын жүргөн такыбаларга, пайгамбарлар менен сахабаларга көңүл бурбайбыз да, динге жаңы кирип жаткан беш убак намаз окуган мусулмандарды же болбосо сакал коюп алган адамдарды көрүп эле сөз кыла беребиз. Айылда жүргөн намаз окугандардан биз үлгү алалбайбыз. Бир кишини көрүп, диндин жаман экенин биле албайбыз. Биз Пайгамбарлардан жана сахабалардан үлгү, сабак алышыбыз керек.
- Сен да сакал коюп алыпсың го?
- (Күлүп) Ооба, бир жыл болуп калды, аз-маз эле коюп койдум.
- Кел эми маегибизди чыгармачылыкка буралы. Көз айнегиңди качан чечейин деген оюң бар?
- Азырынча көз айнек чечкенге эртерээк болуп калат го. Бир айдын ичинде "Сагындым" деген келинчегим Назгүлгө арналган жаңы ырыма клип тартайын деп даярданып жатам. Анан ошол клипте кызга сүйүүмдү, сагынычымды билдирип, көз айнегимди чечем. Бирок, ошону менен биротоло көз айнексиз жүрүп калбайм.
- Кореяга барып келген сапарың тууралуу да айтып бербейсиңби?
- Кореяга концерт менен барып келдим. Ал жактын элчилиги менен сүйлөшкөнүбүздө алар "Кореяда жашаган үч миңге жакын кыргыз бар. Алардын башын бириктирип, концерт уюштуралы, келбейсиңерби?"деп сунуштап калышты. Алардын чакыруусу менен Айпери Кубик кызы экөөбүз төрт күнгө барып келдик. Эки күн атайын уюшулган ресторанда концерт берип, эки күн шаардын ичин кыдырып, алардын жаратылышы, жашоо шарттары менен тааныштык. Шаарды кыдырып жүрүп, Корей элинин маданияттуулугун, сылыктыгын, жөнөкөйлүгүн жана көчөлөрүнүн тазалыгын байкадым. Бирок, биздин кыргыз кыздарындай сулуу кыздарды көрө алган жокмун.
- Ал эми Түштүк жергесиндеги башаламандыкта жабыр тарткан мекендештерибизге кандай жардам көрсөтүп жатасыңар?
- Ырчылар чогулуп колубуздан келишинче жардам берип жатабыз. Кан тапшыруу күнүндө жарадар болгон туугандарыбызга жардам иретинде канымды тапшыргам. Мурда күнү эки-үч ырчы болуп мечиттен куран окуп, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн аэропортто гуманитардык жардамга кетип жаткан камаздарга макарон, азык-түлүктөрдү жүктөштүк. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдалынып, жакынынан айрылып, сыздап турган мекендештерибизге терең кайгыруу менен көңүл айтып, жалпы элиме сабырдуулук каалайм.

Айнура Касымова