п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Маалымат майданында

Рыскелди Момбеков "тайралаңдап"…
"Өлкөбүз мүңкүрөп кан жутуп, кайгыга батып турса, Маданият министринин милдетин аткаруучу Рыскелди Момбеков жер-жерлерге "Үмүт кербенин" уюштуруп, А.Сапаралиев, Ж.Муратова, Г.Суранчиева, З.Арыкбаев, М.Иманбеков өңдүү ырчыларды кошуп алып концерт коюп, барган жерине тайралаңдап тай сойдуруп, уча тарттыртып, тарткан кишиге 100 доллар сунуп жүрөт" деп айрым аттуу- баштуу адамдардан тартып, карапайым калк да нааразы боло редакциянын телефонунун жаагын тындырышкан жок. Эми бул иш-чара өкмөттүн токтому менен кабыл алынып, референдумга карата элди ынтымакка, биримдикке чакыруу үчүн уюшулганын биз билсек да, аттуу-баштуу айрым адамдарга (аларга бергиси келбесе!...)карапайым калк үчүн и.о. министр мырза өзүнүн тиешелүү жообун берээр чыгар.


Роза Отунбаева акыбал сурап…
Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги Президенти Роза Отунбаева Ош окуясынан туптуура 11 күн өткөндөн кийин 21-июнда Жалал-Абад областынын жашоочулары менен жолугушууга барды. Роза Отунбаева бардык элди биримдикке чакырып, өкмөт мындан ары мындай кайгылуу окуяларды болтурбоо боюнча иш-аракеттерди көрүп жатканын баса белгилеп, болуп өткөн окуялардын себеби жана массалык башаламандыкты уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иликтөө жүргүзүүлөрүн да убада кылган.


Дмитрий Медведев кейип…
Орусия президенти Дмитрий Медведев Wall Street Journal америкалык гезитине маек берген. Анда Кыргызстан жөнүндө кеп козгоп, Кыргызстан Орусиянын стратегиялык шериги болгондуктан, мурдагы жетекчилик менен иштөөгө аргасыз болгонун айткан. "Кыргызстандын мурдагы бийлиги "оюнга өтө алаксып кеткендиктен" ушундай абалга келип такалды" дейт. Дмитрий мырза К. Бакиевдин Орусияга бир сүйлөп, АКШга бир сүйлөп акча тапканын кыйытып, "таза жол менен акча тапса" азыркыдай болуп авторитети чачылбай, Кыргызстан ушундай кырдаалга келбейт эле деп кейиптир.


"Ата Журттун" рейтинги көтөрүлүп…
Буга дейре "биздин партия референдумду өткөрүү боюнча каршыбыз" деген Камчыбек Ташиев "Эми биз Убактылуу өкмөттүн референдумду өткөрүү аракеттерин колдойбуз. Эң негизгиси - референдумду болтурбай коюуну алдын алышыбыз керек", - деп айтты."Ата Журтту" "булар не болсо да келерки шайлоого мол авторитет топтоп алышты. Эми коркпой эле шайлоого аттана беришсе болот" деп шыпшынууда. Анткени элди ынтымакка чакырып чынында "Ата Журттун" эрлери жүрдү. Экиден бир иш болуп, саясий рейтингин да көтөрүп алышты. Эми "куйруктар" деген сөздөн арылып жыргап эле калышат го.


Ө.Суваналиев кетип…
Ош облусунун ИИБнин жетекчиси болуп ээрге бекем минип, минелекте генерал-майор кызматынан бошотулду. Мурунку бийлик болгондо биз мунун бийликтин кезектеги тактикасы деп айтат элек. Бул жолу Өмүрбек Суваналиев өз ыктыяры менен кетти. Ал мындай чечимин референдумга байланыштуу партиялык иш-аракет менен алек болуу максаты менен түшүндүрдү. Ал эми анын ордуна Болот Абакиров дайындалды. Мындай буйрукка министр Болот Шер 20-июнда кол койгон. Буга чейин Абакиров Ички иштер министрлигинин Издөө башкармалыгын, Транспорт башкармалыгын башкарып келген.


Адахан Мадумаров коркутуп…
"Убактылуу өкмөт референдумга даярдыкты көрүүнүн ордуна стабилдүүлүк жана туруктуулук орнотууга аракет кылышы керек. Эгерде өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева дагы бир жолу референдумду өткөрүү боюнча сөз кылса, мен телевизорумду сындырып, көчөгө таштап салам" деп коркутту "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жетекчиси. Телевизордо не күнөө десең… Деги эле бул партиянын атына-заты жарашпай туру. Аты "Бүтүн" а бирок Кыргызстандын "бүтүндүгүн" ойлоонун ордуна, (сүйлөй берсем болбос, ырдаганга да бирөө керек дегениби?...) Бек Борбиевди кошуп алып, элди референдумга каршы үгүттөп жатканы эмнеси?


Азимбек Бекназаров кошулат, кошулбайт…
Эмне эле Азимбек Бекназаров Камчыбек Ташиевди "Ошто жакшы иштеди. Элди стабилдүүлүккө, ынтымакка чакырып, күч үрөп жүрдү" деп мактап калды десе, көрсө күбүр-шыбыр кептерде айтылгандай, Камчыбек мырза тең төрагалык кылган "Ата Журт" партиясы менен бирге чыгат окшобойбу. "Телефонгейтте" "Мен үчүнчү революция кылганга күчүм жетет" деп айтканы да бекер жерден чыкпай, ушуларга ишенсе керек.




бир бүркүм
Ош шаарындагы борбордук базарды 20-августка чейин убактылуу жабуу чечими кабыл алынды, Анын негизги максаты - базарды калыбына келтирүү, таштандылардан арылтуу, аны тартипке келтирүү жана эң негизги себеби - бир жерге адамдарды көп топтобоо болду.
Ош областында өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Ош областынын Өзгөн, Кара-Суу, Араван райондорунда жана Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими 25-июнга чейин болуп, коменданттык саат 18.00дөн 6.00га чейин күчүндө болот.
Бишкектин Щербаков, Казарманский, Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кээ бир үйлөрүн белгисиздер "7" саны менен белгилеп, ылдый жагына "античерти" деген жазууну калтырышкан. Ал эми кээ бир үйлөргө белгисиз бирөөлөр келип, каттоодон өткөрүүдөбүз деп жашоочулардын тизмелерин түзүп жатканын да жашоочулар кооптонуп айтууда.
Коргоо министрлигинин аскер күчтөрүнүн түштүк тобунун курамындагы "Скорпион" спецназынын кызматкерлери 19-июндан баштап, Ош шаарынын четиндеги Кашгар Кишлак жана Нариман айылдарында көчөлөрдү короомо-короо кыдырып, паспорттук режимди текшерип, калк арасында курал-жаракты тапшыруу боюнча да түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Убактылуу өкмөттүн буйругу менен Кыргызстандын Коомдук палатасы жоюлду.
Акыркы төрт күн ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы шаардагы күйүп кеткен 168 обьектини эсептеп чыкты, анын ичинде жарандардын үйлөрү да бар. "Бул акыркы сан эмес, өрттөнүп кеткен обьекттерди эсептөө, каттоо дагы уланат", - дейт Ош шаарынын мэриясынын аппараттык башкармалыктын башчысы А.Сулайманов.
Жалал-Абад областы боюнча качкындар жайгашкан 7 жер бар экени аныкталды. Сузак районунда 2500, Базар-Коргон районунда 5500, Ала-Бука районунда 3127 качкындар бар. Ноокен районунун Чек-Сакалды айылында 26 үй-бүлө (500 адам) качкындар жайгашкан.
Ош шаарында керектен чыккан жаратылыш газынын түтүктөрү 17 млн сомго жакын зыянга учураган.
Ош областынын Нариман айылында атайын оперативдик-профилактикалык операциялардын жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулардын паспорттору текшерилип, алдын ала маалыматтар боюнча, 2 даана РГД - 5 гранатасы, 40тан ашык Калашников автоматынын огу жана 3 жардыргыч зат куюлган бөтөлкө табылган. Мындан тышкары, 7 адам кармалган. Кылмыш жасагандыгы боюнча шектүү адамдарды аныктоо боюнча оперативдик - тергөө тобу иштөөдө.
Сузак районунун жашоочулары 19-июнга карата өз ыктыярлары менен 18 курал тапшырышты. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, элдин колунда дагы куралдар бар. Аларды өз ыктыярлары менен милицияга өткөрүп берүүсү үчүн түшүндүрүү иштери улантылууда.
Ош шаары жана Ош областы боюнча ведомство аралык ыкчам тергөө бригадасы 133 кылмыш ишин козгоду. Иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында 315 адам жабыркаган адам катары аныкталып, 189 адам күбө катары суракка алынды. Кылмыш-жаза Кодексинин 94-беренеси боюнча кылмыш ишин жасады деген айып менен 39 адам кармалды.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Калк кайгырып турса Р.Момбеков тай сойдуруп "тайралаңдап..."
2-бет
Динчил болуп, убадасына туруп үйлөнгөн Бекчоро
3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Саясатчылардын кимиси купулуңузга
толот жана кимиси кыжырыңызга тийет?

5-бет
Жылдыз Жолдошева, "Курманжан Датка" фондусунун төрайымы:
"Эмне үчүн түштүктүн жигиттери мага окшоп эл аралабайт?"

6-бет
Cинура Раимкулова, акушер-гинеколог:
"Энедеги инфекция балдар ооруларынын башаты"

7-бет
Жумуш издөөдөгү олуттуу каталар
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Эй, Россия, Россия бир боор энем!
10-бет
Баластан
11-бет
Келбеттеги кемчиликтин да пайдасы бар
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Миң түркүн
15-бет
Обон почта
16-бет
Махабат Молдалиева, акын:
"Жалгыз айым аталып..."











??.??