Жаргылчак

Саясатчылардын кимиси купулуңузга
толот жана кимиси кыжырыңызга тийет?
Мекенибиздин бейпилдигин кайда качырдык? Же "чабал өрдөктөр" бийликтин бутактарына "заңдап" отуруп, акыйкаттыктын тунук абасын булгадыбы? Ушул жаз менен жайдын гүлдөрү кан шимирди. Ата журтубуз дагы… Чокчоюп ээрде отурган саясатчыларды чыгармачыл адамдардын көңүлүндөгү күзгүгө караттык.


Рая Нургазиева, ырчы:
- Саясатчылардын ичинен Текебаев менен Сариев татыктуу. Башка эч кимиси купулума толбойт. Баарынын тили сайрайт, иш жүзүндө жарыткан эмгегин таппайсың. Мисалы, Марат Cултанов, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаровдор Акаев кезинде дагы, Бакиев "доорунда" дагы тери жамынып алышып, бир мезгилден бир мезгилге кубулуп өтүп кетишти эле. Эми деле бетиндеги эски терисин сыйрып, уялбай жаңы партия түзүп атышат. Мен буларды кыргыздын жигити деп айталбайм!


Аалы Туткучев, төкмө акын:
- Мага саясатчылардын баары жакпайт. Акылбек Жапаров менен Данияр Үсөновду жек көрөм. Таластын элин аттырган ошол Үсөнов болгонун эми угуп атабыз. Ал эми Атамбаевди кудайдан корккон адам деп баалайм. Ал кудайды эч унутпай кайсы жерде болсо да оозанып жүрөт. Шефинен коркуп турган адам пара ала берет, ал эми кудайдан корккон адам башка эч кимден коркпойт.


Бакыт Мамаев, ырчы:
- Купулума толгон бири да жок. Булар эми "Бак кыйылды бирок, тамыры калды" деген сөз да. Бакты кыйган соң анын тамыры ордунан кайра чыкпаса да баары бир тияк-биягынан чыгат. Кеткен бийликтин тамырын сууруп салыш керек болчу. Эми уруучулдук, уруулардын ич ара кырылышы күчөбөсө болду.
Желекти, гербди алмаштырууну талкуулап атышат. Мен желектин өзгөрүлүшүнө каршымын. Анткени, биздин каза болуп кеткен 87 балабыз ошол тууну көтөрүп жүрүп, желектин алдында жан беришти.


Темирлан Сманбеков,
"Куурчак" театрынын директору:
- Мен негизи саясатка аралашканды жактырбайм. Бул жаман, бул жакшы деп айталбайм. Иши кылып аман болушсун. Албетте, тарыхый саясатчылардан Ганди менен Ататүрктү баалайм.


Гүлзат Байзакова, ырчы:
- Текебаев менен Сариев өз позициясынан жылбай, нака жигиттик сөздөрүнө туруп келатышат. Ал эми элин сатып кеткендерди жек көрөм. Алардын ким экени баарыбызга белгилүү да. Азыр бардык кыргыздын жүрөгү Ошто болуп атат деп ойлойм. Ушундай жаман кырдаал болуп кеткени өтө өкүнүчтүү. Өзбек-кыргыздарды кайраштырып, кандын төгүлүүсүнө себепкер болгондор оңбосун! Оштогулар менен сүйлөшүп атабыз: "Ооруканаларда өзбек врачтар да, кыргыз врачтар да жанталашып чуркап, жарадарлардын өмүрүн сактап калууга далбастап атышат" дешти. Абалтадан эле революциянын максаты - бийлик болуп келген. Бул кагылыштын артында бийлик көксөгөндөр турат деп ойлойм.


Мирлан Самыйкожо, кыргыз радиосунун башкы редактору:
- Саясатчылардын баарына кыжырым кайнайт. Ошол "тыңчыкмалар" элге туура багыт бере албаганынан, ошолордун начардыгынан, чабалдыгынан 7-апрелде Бишкекте, бүгүнкү күнү Ошто атышып, эл кырылып атат. Кылычтын мизинде жүрүп, өзгө жерде түгөнбөгөн кыргыз өз жеринде өлүп атат. Азыр саясат жөнүндө уккум да, сүйлөгүм да келбейт. "Саясат, саясат" болуп атып, кыргыздын нукуралуулугу саясатка көмүлүп-чөмүлүп калды.


Гүлзинат Суранчиева, ырчы:
- Элдин башынан канча кыйынчылык өтүп атат. Кимге ишенбей, кимисине ишенээримди да билбей калдым. А чындыгында Роза Отунбаеваны чечкиндүүлүгү жана эр мүнөзү үчүн сыйлайм. Эркектер коркуп, тайманбай өз пикирин айткандан качып атса, ал мурун деле тайманбай өз пикирлерин айтып келген. Бакиевдерге, Данияр Үсөновго жана кандуу окуяларга катышы бар бардык саясатчыларга кудайдын жазасы бардыр.


Афина Бакирова