п»ї

  күнсүрөт

Жылдыз Жолдошева, "Курманжан Датка" фондусунун төрайымы:
"Эмне үчүн түштүктүн жигиттери мага окшоп эл аралабайт?"
Жылдыз Жолдошеваны сөөк узатуу зыйнатынан, кан жутуп турган эл арасынан таптык. Табиятынан мырза мүнөз, эрктүү, кайраттуу эжебиз үнү каргылданып, абдан жаман абалда турганына карабай бизге кыскача сүйлөп берди. Маалымат булактарында ишмер айымдын биртууган жээни да каза болгонун эшиткен элек, өзүнөн сурасак Уран аттуу жээнин бычактап, өлтүрүп кеткенин айтты. Ал Кара-Суу районунун ИИБдин начальнигинин айдоочусу эле эмес, милиция кызматкери да болгон. Бирок, бул жөнүндө кеңири айтуудан баш тартып, түштүк жергесиндеги жалпы абал жөнүндө маек куруп берди.

- Жылдыз айым, Ошто экенсиз, учурдагы абал кандай?
- Түштүк жергесиндеги абалды калыбына келди дегенге эрте. Эки тараптан тең абдан көп жоготуу болгон. Каза болгондордун дээрлик көбү жаштар. Ушул кандуу кагылышты ким, эмне себептен баштаганын түшүнбөй койдум. Кандайдыр бир саясый маселелер үчүн элдин канын төккөнгө ким жол берди болду экен? Караңызчы, кимдир бирөөлөр жеке кызыкчылыктары үчүн эки элди тытыштырып, орду толгус трагедияга апкелип койду.
- Бул кагылышка кимди себепкер деп ойлойсуз? "Ата журт" партиясынын рейтинги көтөрүлүп, Убактылуу өкмөттүкү түштү. Партиянын жеке кадыр-баркы үчүн кандууу окуяны "Ата Журт" баштаган деп атышат. Сиз буга не дейсиз?
- Бирөөнү коргоп, бирөөнү каралоо менин мүнөзүм эмес экенин жакшы билесиздер. Мен бул пикирди жокко чыгарам. Миңдеген адамдар мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Мындай чоң чыр бир партиянын колунан келе турган иш эмес. Бул жерде кандайдыр бир провакация бар. Бирок, Убактылуу өкмөттүн 7-апрелден кийин элди, өлкөнүн тагдырына чечкиндүүлүк менен киришпей, түштүк жергесиндеги чырды өз убагында баса албай калганы элди капа кылып атат. Биздин ички-тышкы жерибизге, суубузга, байлыктарыбызга көз арткан душмандарыбыз арбын. Азыр ким күнөөлүү деп териштирбей, каза болгон мекендештерибиздин сөөктөрүн жерге бериш тирүүлөрдүн милдети.
- Түштүк жергесинде азыр эмне жумуш бүтүрүп жүрөсүз?
- Мен Оштун кызы жана "Курманжан Датка" фондусунун төрайымы катары келдим. Кандуу көчөлөрдү аралап жүргөнүмө беш күн болду. Азыр энелердин көзүнөн кан агып, эл сөөктөрдү жерге берип атышкан кезде алардын муңун-үнүн угуп, көңүл айтып келип койгон киши жок. Кана сайраган саясатчылар, журналисттер? Мен аял башым менен жүрөм, кана түштүктүн баш көтөргөн эркектери? Албетте, мен өзүмдүн миссиямды айтсам, биринчиси, эки элди ынтымакка чакыруу. Экинчиси, түштүккө моралдык колдоо көрсөтүү иретинде Көлгө пансионатка балдарын жөнөтөлү деп атабыз.
- Ошто көп күндөн бери элди ынтымакка чакырып жүрүпсүз, элдин уга турган түрү барбы?
- Элдин уга турган түрү жок. Жакын арада ынтымакка келет деп айтыш кыйын. Ошентсе да аксакалдар менен аксакалдар, аялдар менен аялдар сүйлөшүп кепке келгенге аракеткылышууда. Акырында элди канга бөлөгөн жашыруун жырткычтарга айтаарым - жөнөкөй элди кырганды токтотсун! Болбосо элдин кусуру, өлгөндөрдүн каны уруп кетет!
- Жылдыз айым, референдумга упай топтоп атыптыр дешет. Буга кандай дейсиз?
- Анысын билбейт экенмин. Референдумду токтотпой, жанталашып аткандары уят иш. Абалтадан кыргыздар арбакты сыйлаган. Караламан калк боздоп турганда бийлик башындагылар референдумду токтотпосо ал балдардын арбагын, ата бабабыздын салтын тепселегендик, сыйлабагандык болот!
- Ар тараптан жиберилип аткан жардамдарды ортодон пайдаланып, жеп аткандар бар экен. Бул тууралуу кабарыңыз барбы?
- Гуманитардык жардамды тескөө менин жумушум эмес.Азыр барымтага алынып, кайра берилбей аткан балдар мени кыжаалат кылып атат.
"Моргдо өлүктөр курттап атат"
- Түштүктө абал курчугандан курчуп атат. Ушундай кезде саясатчылар, журналисттер келиши керек эле. Эмне үчүн Ошко келип. элдин үнүн укпай жатасыздар? КТРге, интернеттеги маалыматтарга ишенбегиле.
Биз күйөөм экөөбүз Оштогу жайма базарда соода кылчубуз. Үч балабыз бар.13-июнь күнү уруш тынчып калды дешкенинен кайра соодабызды улантып атканбыз. Эртең мененки саат ондордо өзбек улутундагы үч киши келип, күйөөмдүн колун кайрып, мага бычак кезеди. Күйөөм: "Биз товарга келдик эле. Аялымды койбергиле, өлтүрбөгүлө" десе "Анда сени залогго алып кетебиз" деп сүйрөп кетишкен. Аңгыча жанындагысы бычагын көтөрүп алып мени кубалады. Мен качып баратсам кыргыз балдар чыгып калып, мени сактап калышты. Жарым саат өтүп-өтө электе жолдошумдун телефонуна чалсам өчүп калыптыр. Ошондон бери издебеген жерим калган жок, же өлүк, же тирүү экени дайынсыз. Моргдордун баарына кирип карап чыктым, жок. Көзүң жамандыкты көрбөсүн. Моргдо каршы-терши сулап, курттап кеткен өлүктөрдү көрүп денең дүркүрөйт. Көбү кыргыздар. КТРден, Интернет булактарынан өлгөндөрдүн саны 200гө жакын деп атышат. Ал калп! Миңдеген адамдар өлүп кетти. Жолдошумду өзбектер жашаган Жийделик жана Шейит Дөбө деген махалалардан издейли десек "Роза Отунбаева уруксат берген эмес" деп орган кызматкерлери оперлерди ал жакка киргизбей жатышат. Эми эмне кыларымды да билбей калдым. Убактылуу өкмөттөн суранаарым барымтага түшкөндөрдү кайтарып бергенге жардам берип коюшсунчу. Биз деле (кыргыздар) барымтага алынган өзбектерди бошотуп берип атабыз. Алар бошотпой атышат.




  Эламан Жамбулбеков:

"Элге жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдар сатылып атат"
Редакциябызга белгилүү куудул Жамбул Камчиев уулу менен келип, өз оюн айтты. Ал: "мен өзбектерге 2003-жылдан бери мамлекеттик тилди терең өздөштүрүүнү үйрөтүү максатында концерт коюп келатам. Кыргыздарга жана кыргыз тилине өзбектердин ою таза болчу. Мындай жамандык үч уктасам түшүмө кирген эмес. Муну Бакиевчилер кылып атканы айдан ачык болуп атпайбы. Тез арада тынчтык орнотуш үчүн Убактылуу өкмөт Бакиевчилер менен сүйлөшүүгө барыш керек" дейт. Ош окуясы болуп аткан учурда Жамбул мырза башка жакта жүргөнүнө байланыштуу, Камчиевдин уулу менен маек курдук.

- Сиз дагы кыргыз-өзбек чатагынын ичинде болгон экенсиз?
- Ооба, түнкү саат төрттөрдө атышуу угула баштады. Биз дагы үйдү өрттөп же да бир жамандык кылып жиберет экен деп, эшикке чыксак алар бизди аткылай башташты. Биз дарактарга жашынып турдук. Октор бактарга келип тийип атты. Аңгыча милициялар келип аларды кууп, ошол жерге баррикада уюшулуп калды. Башында кыргыздарда эч кандай курал-жарак жок болчу. Таң калыштуусу өзбектердин баарында автоматтар, башка куралдар бар экен. Бул жерден алардын көп күндөр бою аябай даярданганы билинип турат. Бир күндөн кийин кыргыздар 200дөн ашык тапанчаны милициялардан ж.б. адамдардан тартып алышты.
- Сиз өз көзүңүз менен көргөн адам катары айтсаңыз, азыр КТРдеги жаңылыктардан, башка маалыматтык булактардан өлгөн адамдын саны 191 деп айтып атышат. Ал эми эл бул маалыматты жокко чыгарышууда?
- Мен албетте, Оштун ичин түрө кыдырган жокмун да. Бирок, ооруканга түшүп, тизмеге алынгандардын санын гана ачыкка чыгарып атышат. А көчөдө канча киши өлүп жатты. Менин оюмча жалпы каза болгондор 4, 5миңди чамалап барат. "Он Адыр", "Тогуз Адыр", "Шейит Дөбө" ж.б. конуштарда 90 пайыз өзбектер жашайт. Кыргыздар каза болгондорду жерге берип атышканда, өзбектер сыртка чыккандан коркуп, кайтыш болгон бала-бакыра, туугандарын өз короолоруна көмүп атышты.
- Наристелердин ичинен да көп каза болуптур?
- Эки эл бири-биринин үйлөрүн өрттөп атканда жаш балдарын жер төлөгө катып, жыйынтыгында үйлөр өрттөнгөн соң думугуп, бекинген жеринде чыкпай калгандар да көп болду. Эми мындай кан суудай аккан жерде наристеби, кары-картаңбы, аялбы ага карабастан туш келгенин өлтүрүп атышты да.
- Түштүк жергесине барган гуманитардык жардамды ортодон пайдаланып, сатып аткандар бар экен. Оштун тургуну катары бул боюнча маалыматыңыз барбы?
- Ош, Жалал -Абадда качып кеткендердин саны арбын. Мисалы, биздин эле короодо жүз киши жашачубуз, азыр үчөөбүз эле калдык. Ошто кыргыздардын жарымы айылдарга, өзбектер болсо Россияга качып кетишти. Бишкектен, башка жактан жөнөткөн гуманитардык жардамдар Ошко келип атат. Кызыгы, жогорудагыдай аз адам калсак дагы бир адамга 700, 800 граммдан гана ун бөлүштүрүлүп атат. Ошол араң жетип атат. Андан көрө бербей эле койбойбу. Муну ким жеп, ким саттырып атканы элге белгисиз. Өткөндө "Ак Тилек" конушун машина менен аралап азык-түлүк сатып жүрүштү. Эл өзү кыйналып атса, ким ал жакка азык сатып бармак эле?! Ошол эле гуманитардык жардамды саттырып атышат да.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Калк кайгырып турса Р.Момбеков тай сойдуруп "тайралаңдап..."
2-бет
Динчил болуп, убадасына туруп үйлөнгөн Бекчоро
3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Саясатчылардын кимиси купулуңузга
толот жана кимиси кыжырыңызга тийет?

5-бет
Жылдыз Жолдошева, "Курманжан Датка" фондусунун төрайымы:
"Эмне үчүн түштүктүн жигиттери мага окшоп эл аралабайт?"

6-бет
Cинура Раимкулова, акушер-гинеколог:
"Энедеги инфекция балдар ооруларынын башаты"

7-бет
Жумуш издөөдөгү олуттуу каталар
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Эй, Россия, Россия бир боор энем!
10-бет
Баластан
11-бет
Келбеттеги кемчиликтин да пайдасы бар
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Миң түркүн
15-бет
Обон почта
16-бет
Махабат Молдалиева, акын:
"Жалгыз айым аталып..."











??.??