п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Шоу дүйнө

Жылдыз үй той берип…
Учурда ырчы айым Жылдыз Тутуева жаңы үйгө кирип, кубанычы койнуна батпай турган кези. "Алтынчы кичирайондон жаңы үй сатып алып, жаңы көчүп келдик. 20-июнда үйүбүздүн тоюн берип, төркүндөрүмдү жана кайын журтумду чакырдык" дейт ырчы айым. Ал эми 21-июнда Жылдыздын шоу-бизнестеги достору жана санаалаштары конок болуп кетишкен.


Өзүбеков референдумга карай…
Асылбек Өзүбеков өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу чыгармачылыгын токтотуп койду. Бирок, өзү мүчө болгон "Ата Мекен" партиясында саясий кеңеште иштеп, шаардык конференцияларды өткөрүп, буту-бутуна тийбей, референдумга даярданып жүгүрүп жүргөн кези.


"Алмаз" радиосу 18 жашта
Июнь айынын он бешинде "Алмаз" радиосу 18 жашын белгилешти. Өлкөбүздүн түштүгүндө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу "Алмаз" радиосунун туулган күндүк пландары ишке ашпай калды. Ошентсе да, радионун ар кыл чөйрөдөгү достору, угармандары келип каалоо-тилектерин айтып, "Алмаз" радиосунун логотибин чагылдырган торт менен коллективин куттуктап кетишти. Ал эми радионун ди-джейлери республикадагы акыркы кабарларды өз убагынан кечиктирбей, угармандарына жеткирип турушту.


Момунов курулуш менен алек
Ырчы жана тамада Байыш Момунов учурда курулуш иштери менен алек болуп, жаңы үй сала баштады. Бирок, чыгармачылыгын да таштап койгон жок. "Маралдайым" деген ырына клип тарттырып бүтүп, андан сырткары, Роза Шакирова менен тандем түзүп алган. "Роза эркек мүнөз кыз экен. Чыгармачылыкка аралашканына аз болсо да, тажрыйбасы күчтүү адамдай эле иштейт. Экөөбүздүн кыялдарыбыз да төп келди" дейт Байыш Момунов. Учурда, эки ырчы жаңы ырларды жаздыруунун үстүндө.


Назиранын концерти болбой калып…
Ырчы десе - ырчы, куудул десе - куудул айым Назира Жетигенова жакында Россиянын шаарларын түрө кыдырып гастролдоп, ийгиликтүү келген. Сапарын улантып Ат-Башы районуна барган Назиранын концерти өлкөбүздүн түштүгүндөгү кырдаалга байланыштуу, аза күтүү күнүнө туш болуп калып, концерти болбой, маанайы пас борборго келди.


Алтын Мырза эми ПиаР менеджер
Жакын арада эле үйлөнгөн телеалыпбаруучу Алтын Мырза пиар менеджер болуп, үч ырчы жигит менен иштеше баштады. Кимдер менен дебейсизби? Акбар Сүйүнбаев, Азиз Жетигенов жана Бекчоро. Ишке киришкенде эле Бекчоронун бир клибин тартып бүтүрдү. Эми Акбарга ыр жаздырып, аны менен бирге стилин өзгөртүүгө, Азизди Эл аралык фестивалдарга даярдоого киришти.


Түштүктүк туугандарга…
Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалга ар ким өз колунан келген жардамын аябастан жиберип жатышат. Маданият министрлиги жана министрликке караштуу музыкалык окуу жайлар, театр, китепкана ж.б. бир катар маданий мекемелер Ош жана Жалал-Абад облустарына 459, 776 сом өлчөмүндө каражат чогултушкан. Ошондой эле, жардамга колун сунган маданият, искусство ишмерлери тарабынан 100 000 сомдун тегерегинде акчалай каражат чогултулуп, түштүк тарапка жиберилген.




  Эртеси…

Сюита
Соурбаева, журналист:

Өткөн сандарыбыздын биринде редакцияга окурмандар тарабынан келген "Турусбек Мамашов Сюита Соурбаевага үйлөнөбү?" деген суроого журналист Сюитанын өзүнөн жооп алперген элек. Бирок, Сюита бул суроону жөнөкөй окурмандардан эмес, көралбастар тарабынан уюштурган интриганын бири катары эсептейт.


"Мени жигитсиз калтырдыңар"
- Силердин журналисттер мага телефон чалганда өзүмдүн жообумду бергем. Бирок, мен бул суроолуу катты менин жашоомо кызыккан жөнөкөй адамдыкы деп эсептебейм. Бул атайын даярдалган, билинип эле турат. Буга чейин мен жөнүндө башка гезиттерге да жаман маанайдагы маалыматтарды берип, болбогон ушактарды айтышты. Эми булар менин жеке карьерама гана эмес, жеке жашоомду талкалоого аракет кылып жатышат. Өзүм турмушка чыга элек кыз болсом…
- Силер жөнүндө гезитке чыккандан кийин да телефон чалуулар болуп,"Бул чын эле болсо керек. Сюита Соурбаеванын туулган күнүндө Турусбек Мамашов кучак толо роза гүлүн көтөрүп барган" деген да сөздөр айтылды.
- Мен ал кишини журналисттик кесипти аркалап баштагандан бери билем. Саламыбыз түз. А киши негизи эле журналисттер менен кандай мамиле күтүштү билет. Интервьюга чакырганда да эч качан жок дебей келчү. Мен 5-каналда иштеп жүргөндө бир долбоор ачайын деп Турусбек Чукуевичти алгачкы конок катары чакыргам. Долбоордун шарты боюнча анын кичи мекенине барганбыз. Туулган жери Кара-Кулжага чейин барып, эли-журту, классташтары менен таанышкам. Борборго келгенде "Дасмияга" чакырып, мени кыздары, туугандары менен тааныштырып ыраазычылыгын билдирген. Болгону ушул. Анан ал киши менин туулган күнүмдүн качан экенин да билбесе керек. Демек, билбегенден кийин кайдагы гүл. Мен Турусбек Чукуевичти адам катары абдан сыйлайм. Кудайдын көзү түз болсо, "көздүү мончок жерде калбайт" дегендей, мен да татыктуу үй-бүлө кураарыма ишенем.
- Жигитим бар деп жүрдүңүз эле?
- Силер ошол маалыматты жазуу менен мени жигитсиз да калтырдыңар (тамашалай). Ал гезиттеги маалыматты окуп ага ишенди. Мен түшүндүрдүм, тилекке каршы түшүнгөн жок. Анан эмитен ушундай сөздөргө ишенген адам менен андан аркы жашообуздун бирге болушуна көзүм жеткен жок да мамилемди үзүп койдум. Жигит жөнүндө сөз болуп атканда кыргыздын жигиттери жөнүндө бир нерсе айткым келип турат. Азыркы жигиттерди жаман айткым келбейт, бирок мен кызматта турганда, колуман иш келип турганда канча жигит жанымда айланчыктап жүрдү. Көрсө, жигиттер деле кыздардын атак-даңкына, кызматына карап мамиле жасап калышканын өзүм аркылуу билдим. Негизи мындай касиет кыргыздын мырзасында тиешелүү болбошу керек эле.
- Азыр эмне менен алек болуп жатасыз?
- Азыркы учурда эс алып атам. Мен журналисттик жолумду биринчи курста эле баштап алыптырмын. Ошондон бери бир да жолу отпускага чыкпаптырмын. Азыркы заманда мурунку иштегендерди кийинки келгендер куугунтукка алмай адатына өтүп алышпадыбы. Мени да Прокуратурга чакырып жатышат. Жумушум боюнча суроолоруна жооп берип жатам. "Эмне иш кылчу элең", "кандай буйруктар келчү эле", "акыркы жолу эмне буйрукту аткардың?" деген сыяктуу суроолор. Эми бул алардын иши да, алар да буйрукту аткарып жатышат.Ал эми өзүмдүн журналисттик карьерам боюнча алдыда жакшы пландар бар. Мен буга чейин да ак эмгек менен гана иштеп келгем, эми да ак эмгек менен көп нерсени ишке ашыраарыма ишенем.
- Оксана Малеванаяны устатым дечү элеңиз. Азыр ал сөздү айткандан коркпойсузбу?
- Мен аны журналист катары профессионалдык сапатын сыйлайм. Анын куугунтукталганына мен да аялзаты катары аядым. Ал биринчиден эне да. Колунан келишинче жардам берген адамдын аркасынан жаман сүйлөп же анын атын атагандан уялып же корккон менин деңгээлимен төмөн нерсе.
- Сиз жетекчи болуп турганда башкача сүйлөп, а азыр "корккон" кесиптештер болсо керек?
- Жана айтып өткөндөй эле азыркы күнгө чейин менин артыман сөз таратып, ушактагандардын аягы сууй элек. Алар убагында менин көзүмдүн кареги менен тең айланып, жагалданып жүрүшсө, азыр жаңы жетекчинин этегин кармап жүрүшөт. Башкасын айтпаганда да мени менен дайыма бирге жүрүп, бир кабинетте ысык чай ичип, жакшылыгымды көргөн бир ишеничтүү адамым бар эле, мен кеткенден кийин артына кайрылып бир да жолу акыбал сураганга батынган жок. Атын атагым келбейт, окуса ал жөнүндө сөз болуп жатканын өзү билет. Мен муну менен аларды менин артыман кетсин же мени кайра алпарып койсун деп айткан жерим жок. Болгону адамкерчилик сапат менен жүрүшсө дегеним. Мага башында ушундай адамдар "өздөрүнүн репертуарында" мамиле кылып жатышса өзүмдү оңтойсуз сезип, таң кала берчүмүн. Көрсө, алар КТРдин интрига чордонунда кайнап көнүп калгандар экен. Бирок, кубандырган нерсе да бар. Бул азыркы жаштардын ошондой интригадан тыш экени. Ала -Тоого жетекчи болуп баргандан бери көп эле жаштарды жумушка алып, иш мене камсыз кылдым. Эми алардын баары дебейм, айрымдары телефон чалып, акыбалымды сурап турушат. Кээде кеңеш сурашат.
- "Силерди маалыматты обьективдүү беришкен эмес" деп кине коюшкан адамдар азыр өздөрү иш алпарып жатышат. Сиз обьективдүүлүктү байкадыңызбы, КТР өзгөрдүбү баштагыдан?
- Телевидение мамлекеттики болуп жатпайбы. Эгерде айдан-ачык, болгонун болгондой берем десе анда уставды оңдош керек. Бизди мамлекет каржылап жатат, ошону ойлонбой туруп эле ойду-тоону сүйлөй беребиз. Мен жумуштан кеткенимдин себеби да ошол болду. "Элге чындык жетпей жатат"- деп төңкөрүш болду, эми өздөрү каалагандай обьективдүү маалымат берсем болот экен деп иштеп жатканымда кайра "муну бересиң, тигини бересиң" дей башташты, "төңкөрүштү анда эмне үчүн жасашты" дедим да арызымды жазып баса бердим. Эми азыр өзүңөр деле көрүп турасыңар обективдүүлүк барбы? Жок.
Эльмира Мадиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Калк кайгырып турса Р.Момбеков тай сойдуруп "тайралаңдап..."
2-бет
Динчил болуп, убадасына туруп үйлөнгөн Бекчоро
3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Саясатчылардын кимиси купулуңузга
толот жана кимиси кыжырыңызга тийет?

5-бет
Жылдыз Жолдошева, "Курманжан Датка" фондусунун төрайымы:
"Эмне үчүн түштүктүн жигиттери мага окшоп эл аралабайт?"

6-бет
Cинура Раимкулова, акушер-гинеколог:
"Энедеги инфекция балдар ооруларынын башаты"

7-бет
Жумуш издөөдөгү олуттуу каталар
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Эй, Россия, Россия бир боор энем!
10-бет
Баластан
11-бет
Келбеттеги кемчиликтин да пайдасы бар
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Миң түркүн
15-бет
Обон почта
16-бет
Махабат Молдалиева, акын:
"Жалгыз айым аталып..."











??.??