п»ї
 Таанышуу жарыясы


  алыстарда...

Эй, Россия, Россия бир боор энем!
"Жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска" дегендей, концерттин уюштуруучулук маселесин моюнга алып, кыргыз ырчыларын Казакстан, Россияга алып барып, ал жакта күн өткөрүп жүргөн мекендештерибизге жагымдуу концерттерди тартуулап жаткан азамат мырзалардын жасаган эмгектери көмүскөдө калгандай. Дал ушул иш менен он жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келаткан кыргыздардын Россия жана Казакстандагы диаспораларынын маданият боюнча координатору, Стамкулов Шайырбек Жумашович биздин мейманда болду.


Ырчыларды Россия, Казакстан менен бириктирген координатор
- Мен бул ишти 1998-жылы баштагам. Ал кезде бизге жакыныраак Алматы, Чымкент, Жамбул шаарларына барып ырчылар менен концерт коюп жүрчүбүз. Кийин 2000-жылы "Замандаш" деген ассоциация Россия менен Казакстандагы шаарларга кыргыз диаспораларын түзүп, алардын баарын чогултуп конференция өткөрүшүп турган. Экинчи конференциясында мени чакырышып, маданият боюнча ассоциациянын координатору кылып шайлашкан эле. Диаспоралардын айтуусуна караганда мени координатор кылганга чейин ар бир ырчы, эстрада топтору Россияда, Казакстанда жашаган өздөрүнүн туугандары менен сүйлөшүп концерт коюп жүрүшүптүр. Көп учурда бир убакта эки ырчы барып алып, зал тартыш болуп, эки жакка бөлүнүп концерт коюшканга туура келген. Ошондой кырдаалда жол кирелери акталбай, залдын арендасы жабылбай калганда диаспоралар жардам көрсөтүшкөн. Анан алар бул тармакта иш алып барган атайын маданий координатор шайлайлы деп чечишиптир. Ошондон бери артисттер менен иштешип келатам.

Спирт ичимдиктерин ичпегенге аракет кылабыз
- Ырчыларды Россияга, Казакстанга алып кетээрде Бишкектен алар менен өз ара сүйлөшүп алабыз. Өзүм устав катары киргизип алгам, "ал жакка барганда спирт ичимдиктерин ичпегенге аракет кылабыз, туугандары конокко чакырып калышса, бөлүнбөстөн баарыбыз чогуу сый көрөбүз"деген сыяктуу чектөөлөр бар. Анткени, азыркы учурда өзгөчө жаштар моданы артисттерден алып калышпадыбы.

Суроо-талап жаш ырчыларга болууда
- Көбүнчөсү 31-август, Нооруз сыяктуу майрам күндөрү диаспоралар мага "Баланча ырчыны алып кел" деп Кыргызстанда ким популярдуу болуп жатса ошол ырчыны чакырышат. Анткени алар спутник антеналар аркылуу КТРди, ЭлТРди көрүшүп, кыргыз гезиттеринен жана электрондук сайттардан ырчылар тууралуу кенен маалыматтарды окушат. Баардыгына жетише албайсың. Бирок, майрамдарды жылда ар кайсы шаарларга бөлүштүрүп, график түзүп алам. Биз көбүнчө Сибирь тарап менен иштешебиз. Азыр Россияда жашаган кыргыздар жашарды десем болот. Мен жаңы баштаган учурдагы көрүүчүлөр улгайып, көбүнчөсү иш ордуларын балдарына калтырып, өздөрү Кыргызстанга көчүп кетишкен. Ошондуктан көпчүлүк суроо-талап жаш ырчыларга болууда.
Мурдагыга караганда азыр ырчылар койгон концерттерине гонорар алышат. Артисттердин гонорарлары ар кандай. Анткени, концертти уюштурган диаспораларга дагы канча бир пайызы калыш керек да. Концерттин афишалары Кыргызстандагыдай ар бир столбага чапталбай, белгилүү 50-60 жерге гана чапталат. Андан сырткары көрүүчүлөргө концерт тууралуу майда баракчалар таратылат.

Кайда барба мамайдын көрү...
Бардык иштин кыйынчылыгы болот. Мурда ишибиз жаңы башталган кезде поезд менен барчубуз. Поезддин чыгашасы көбүрөөк. Барганын барып алып, чыгымды актай албай калган учурлар көп эле кездешчү. Бир жылы Москвага "Кыз-Бурак" тобунун концертин уюштуруп, "мына концерт" болот деп жатканда Кавказдагы мектеп жарылып кетип концертти токтоткон элек.
"Жол азабы, көр азабы"дегендей, азыр самолёт менен каттайлы десек билеттин баасы кымбат. Концерт жок дегенде эки саатка уюштурулат. Ошондуктан машинеге батышынча төрт ырчыны алып барабыз.
Артисттер кыйналып калбасын деп, Россияга барганга чейинки эки күндүк жолду кыскартып, убакытты үнөмдөш үчүн Кыргызстандан чыккандан кийин Алматыга, Карагандага, Астанага токтоп, ал шаарларга концерт коёбуз. "Концерт кечки саат жетиде башталат" деп жазсак, көрүүчүлөрдүн көбү кечки тогузга чейин кечигип келе беришет. Анан "Эмнеге жарым саат эле ырдап койдуңар?"дешип кайра ырчыларга нааразы болушат.
Баягы эле баш ооруткан бажы... Казакстандын бажыканасынан машине, автобус менен соодагерлер көп өтүшөт да. Алар бажыканачыларга милдеттүү түрдө акча берип көндүрүп коюшкан. Биз башында акча бербей өткөнгө аракет кылчу элек, кийинчерээк бизди да кыса башташты. Бардык документтериң туура болсо дагы машиненин ичине чейин иттерин киргизип текшерген күндөр болот. Кээде он саатка чейин бажыда туруп каласың. Машинеңде китебиң болуп кала турган болсо китепти бирден барактап нервге тийишет. Ага чыдабагандар анан акча сунушат. Албетте, баардыгы эмес. Ал адамдын өзүнөн болот. Кээде жакшы адамдарга туш болуп калсак, "Ооу, биздин артисттер турбайбы?!" дешип жыйырма мүнөткө жеткирбей бажыдан өткөрүп коюшкандар да бар.

Динаранын монитору магнитофонго айланып...
- Динара Акулованын концерти менен барганыбызда, Динара ал жакта иштеген балдарга "Мен сахнадагы монитор жок ырдай албайм. Мага концерт башталганча монитор тапкыла"деген эле. (Монитор деп биз ырчынын ырдаган үнү өзүнө угулуп турган колонканы айтабыз) Кечинде концерт башталаардын алдында, Динара "Жигиттер, монитор таптыңарбы?" деп сураса, камырабай бирөөсү "Ооба"деди. Динара чыйпылыктап, "Кана, сахнадан көрүнбөйт го?"десе, "Бул жакта турат" деп сахнанын артынан магнитофон көтөрүп чыкса болобу. Аны көргөн Динара күлө албай же ыйлай албай туруп калган эле.

Адамдар биринин үстүнө бири чыгып....
- Бир жолу Айбек Карымов менен Россияга баратабыз. Бишкектен Самарага барчу поездге отурдук. Поезддин ресторанында иштеген эжелер Айбекти таанып калышып, "Биз азыр ресторанга силердин концертиңерди уюштурабыз"деп күлүп калышкандарынан "Тамашалап жатышат"деп ишенген эмеспиз. Бир убакта "Концерт уюшулду, керек болсо киргенге билет да сатылып бүттү. Мына силердин акчаңар, мынча пайызы биздики, концертке даярдангыла" дешти. Дагы жакшы Айбек комузун алып алган, жаныбызда Максат Тасмаев, Айылчы Орозалиев, дагы бир-эки ырчы бар эле. Анан ресторанда күтүүсүз Айбектин концерти башталып, көрүүчүлөр батпай калды. Биринин үстүнө бири чыгып алып концерт көрүштү. Бир саат жандуу концерт коюшкандан кийин элдер алкыштарын айтышып, поезд боюнча гастроль, сыйлоо башталып, (күлүп) кезек менен "Баланчанчы вагондо чай даярдап жатабыз"дешип, барганча сый көрүп, жолду кыскарткан элек.

Орусиядагы ойго келбеген окуялар
Жаш ырчылар Замир Арыкбаев, Сьездбек Искеналиев, Аида Кулуева болуп Россияга жолго чыкканыбызда, мага диаспорадан телефон чалышып, "Сиз менен келаткан ырчыларды "Мир" телеканалындагы тамак-аш даярдоочу "Смак" телекөрсөтүүсүнө тартканга сунуштап жатышат" деп калышты. Биз кеңешип макулдугубузду бердик. Чакырылган сааттан кечикпей барганыбызда "Эмне тамак даярдайсыңар?"дегендеринен кыргыздын тамагы "Бешбармакты" айтсак, "Бешбармакты"мурдагы көрсөтүүлөрүндө казактар жасап беришиптир. "Анда силер шорпо менен самсы жасагыла"дешти. Биз макул болуп, шорпону кайнатып, этибизди эзилте бышырганыбыз менен, Аида самсы жасаганды билбейт экен. Ошол жерден апасына телефон чалып, самсыны кантип жасаш керектигин, эмне кошуп, камырын кандай жууруйт экенин сурап, апасынын айткандары боюнча самсыны жасап баштады. Эртең мененки саат ондо барганбыз, кечки саат төрткө чейин болдук. Эми шорпобуз да, самсыбыз да укмуш сонун болуптур. Аида биринчи жолу ошол жерде самсы жасап, орустар тамшанып жешти. Бирок, тамак жасап жаткан учурда жасалышы кандай болоорун айтып бериш керек да. Ал учурда Замир Арыкбаев орус тилинен кичине кыйналып, сүйлөй албай койгонунан бери жактан биз ага "подсказка" кылып жаттык.

Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
22-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Калк кайгырып турса Р.Момбеков тай сойдуруп "тайралаңдап..."
2-бет
Динчил болуп, убадасына туруп үйлөнгөн Бекчоро
3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Саясатчылардын кимиси купулуңузга
толот жана кимиси кыжырыңызга тийет?

5-бет
Жылдыз Жолдошева, "Курманжан Датка" фондусунун төрайымы:
"Эмне үчүн түштүктүн жигиттери мага окшоп эл аралабайт?"

6-бет
Cинура Раимкулова, акушер-гинеколог:
"Энедеги инфекция балдар ооруларынын башаты"

7-бет
Жумуш издөөдөгү олуттуу каталар
8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Эй, Россия, Россия бир боор энем!
10-бет
Баластан
11-бет
Келбеттеги кемчиликтин да пайдасы бар
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Миң түркүн
15-бет
Обон почта
16-бет
Махабат Молдалиева, акын:
"Жалгыз айым аталып..."











??.??