п»ї

  Махабат майданы

Шоу-бизнес "лесбиянкалары"
Дүйнөлүк шоу-бизнестеги бир жыныстагы адамдардын ысык мамилелери күйөрмандарына өтө деле өөн учурабай калган. Көпчүлүк атактуу айымдар кыздар менен кумарга батып көрүшкөн. Кээ бирлери "сүйгөнү" менен жашаганын жашырбай, ачык айткандары бар. Ал эми айрымдар турмушка чыкса да, азыркы күнгө чейин "мындан" четте эмес.

"Лесбиянкаларга" мыйзамдуу түрдө үйлөнүүгө жол берилген өлкөлөр:
Испания;
Нидерландия;
Бельгия;
Норвегия;
Швеция;
Исландияда.

"Кыз жандуу"
Ирина Аллегрова
Ирина Аллегрованы Россия эстрадасынын "карыган лесбиянкаларынын" бири дешет. Чындыгында эле, мындан бир канча жыл мурун ырчы айым кыздар менен "болууга" өтө кызыга баштаган. Мунун калп экендигин журналисттерге канчалык актанса да, баары бир орустардын бир гезити, Аллегрованын "кыз жандуу" экенин казып чыккан. Алардын айтымында, Ирина гастролдоп жүрүп, мейманканадан бир кыз менен жыныстык катнашта болгон имиш. Башында ырчы айымдын күйөрмандары анын аракка берилгендиги жөнүндө ишенсе да кыз менен "болгонуна" ишене берген эмес. Дмитрий Бекин аттуу сексологдун айтуусу боюнча, ырчынын кызга жакындыгы анын "эркек" кыялы менен мүнөздөлөт. "Аракты ашыкча ичкенде адам өзүнүн ички дүйнөсүндө эмнени кааласа, ошону кылат. Анан дагы, Иринаны күйөөсү Игорь Капуста да жөн жерден таштап кеткен эмес. Ал аялынын башка кыз менен жыныстык катнашта болуп жаткан жеринен кармап алган" дейт сексолог Д.Бекин.


Ева Польна "лесбиянка"
"Гости из будущего" тобундагы ырчы кыз Ева Польна да бир жыныстагы сүйүүнү даңазалап жүрөт. Россиянын "Желтая Газета" деген гезитине ачыктан-ачык эле, "Мен алгачкы жолу 18 жашымда өзүмө жагып жүргөн бир кыз менен кумарга баткам. Конокко барган элек. Анан эле уктоочу бөлмөнүн эшигин бекитип алып кучакташып, бири-бирибизди чечинтип, өбүшкөнбүз. Андан кийинкиси да абдан сонун болгон… Ошондогуну азыркы күнгө чейин унутпайм. Мен негизи эле эркектерге караганда кыздар менен төшөк мамилесинде болгонду сүйөм" деп интервью берген.


Лайма Вайкуле
ким менен жатат?
Орустардын шоу-бизнесинде "лесбиянкалар" бутка чалынат. Алардын арасында ырчы жана актриса Ирина Салтыкова, Земфира, "Маша и медведи" тобунун солисткасы Маша Макарова, "Вирус" тобунун солисткасы Лаки, "Блестящие" тобунун солисткасы Ирина, "Стрелкинин" солисткасы Кэт, Лолита, Лайма Вайкуле, жада калса орустардын примадоннасы Алла Пугачёва ж.б. бар деген имиштердин жүргөнү-жүргөн. Лайма Вайкуле жогоруда аталган кыздардын бири менен чогуу бир квартирада туруп, жада калса бир төшөктө жатат экен.


"Лесбиянство" - "кыз+кыз" экзотикалык мамилеси. Себеби, бул жакта жөнөкөй адамга өөн учураган өзгөчөлүктөр бар. Биринчиден, - эч кандай эркеги жок эле кумарга батуу. Экинчиден, "лесбиянкалардын" көпчүлүгү сексуалдык ориентациясын жашырып жүрүшөт. "Лесбиянкаларды" үч түргө бөлүп карасак болот:
Биринчиси - мүнөзү, кыял-жоругу эркектикине окшош. Эркектин костюмун кийип, чачын кыска алып жүрөт жана косметика колдонбойт. Төшөктө "актив" болушат.
Экинчиси - аялзатына тиешелүү буюмдардын баарын жакшы көрөт. Бийик така, узун көйнөк, узун тырмак жана чачтары да узун болот. Төшөктө "пассив" болуп, биринчи топтогуларга жакшы түгөй боло алат.
Үчүнчүсү - интеллектуалдуу айымдар. Булар ар кандай стилдеги кийимдерди кийе беришет. Ал эми төшөктө абдан ийилчээк келишет. Биринчи топтогу туш болуп калса, пассив, экинчи топтогу менен бирге болуп калса актив болууга жөндөмдүү.


Батыш "лесбиянкалары"
Кыздарга жакын Бритни
Бритни Спирс мектепте окуп жүргөндө эле кыздарга тийишмейин баштаган. Ошондо эле кыздар менен болгон төшөк кумары Бритниге майдай жагып калган. Кийин, өзүнүн жардамчысы Шэннон Фанк менен да чогуу жаткан жеринен журналисттер сүрөткө тартып алышканын баары окушкан. Бритнинин экс-жубайы Кевин Федерлайн өзү да, аялы кыздар менен гана жатканда кумар ала тургандыгын айткан.

"Төшөктөш" достор
Белгилүү "лесбиянкалар" Криста Паркер жана Элизабет Родригестер өздөрүнүн кыздар менен болгон мамилесин айтып түгөтө алышпайт. Экөө прессага интервью берип жатып, "Spice Girls" тобунун солисткасы Мел Би менен бирге кумарга батаарын да айтып алышкан. "Биз Мел менен балдарыбыздын мектебинен таанышып калганбыз. Анан бат эле тил табышып кеттик. Бир күнү биз менен чогуу көңүл ачууну сунуш кылсак, макул болду" дейт айымдар. Алардын айтымына караганда, Мел 8 айлык боюнда бар кезинде да экөө менен төшөк кумарына батып жүргөн экен. Мел Стивен Белафонтеге турмушка чыккан. Бирок "төшөктөш" достору бат-баттан каттап турушат.

Жаш кыздарды жактырган Уитни Хьюстон
Уитни Хьюстон дагы кыздар менен жакын мамиледе болгон. Ырчы жалаң жаш кыздар менен бир төшөктө болгонду жактырат. "Жаш кыздарга болгон каалоом, сүйүүм хит-параддан түшпөй, бийиктикте жүргөнүмө жардам берип жатат" дейт Уитни.

Монро бир актриса менен болгон
Дүйнөгө белгилүү актриса Мэрилин Монро да "лесбиянкалык" жашоо менен кагылышып көргөн. Монро Джоан Кроуфорд аттуу актриса менен бир жолу төшөк кумарында болгон. Тиги актриса Монрону канааттандырбай койгонбу, айтор, ошондон кийин эле актриса "лесбиянкалык" жашоо менен түбөлүккө коштошкон экен.

Эл көзүнчө курбусунун эрдин соргон Перис Хилтон
Перис Хилтон да бир кечеге өзүнүн курбусу менен келип, алкоголдук ичимдикти нормадан ашык ичип алгандан кийин, элдин алдында ээрчитип келген курбусунун эриндеринен соруп, жамбашынан кармап, коноктордун оозун ачырган.

Анжелина Жолли дагы…
Голливуддун белгилүү актрисасы Анжелина Жоллинин да "лесбиянкалык" жашоо менен жашагандыгы жөнүндө имиштер бар. Анжелина Женни Шимиз аттуу курбусу менен 10 жыл кадимки "лесбиянкалардай" болуп эле жүрүшкөн. Айткандай, Жоллинин курбусу жалаң гана атактуу айымдар менен мамиле курган кыз. Женни жакында эле Мадонна менен төшөк кумарына бирге баткандыгы тууралуу прессага айткан эле.




Орус "Лесбиянкаларына"
карата айтылган пикирлер
Борис Моисеев, ырчы:
"Уялгандын ордуна
сыймыктаныш керек!"
- Туура, шоу-бизнестин кыздарынын жарымы эле "лесбиянка" десем жаңылышпайм. Ира Салтыкова, эже-сиңди Зайцевалардын "лесбиянка" экенин ким билбесин? Бирок, биздин учурда бул өтө деле оозду ачырган жаңылык болбой калбадыбы. "Лесбиянство гомосексуализм" сыяктуу эле көрүнүш. Ошондуктан, мындай нерседен уялгандын ордуна, сыймыктаныш керек деп ойлойм.
Андрей Рогов, ырчылардын
концертин уюштуруучу: "Шоу-бизнес адамдарды бузуп жатат"
- "Гости из будущего", Земфира, "Блестящие" тобунун солисткалары "лесбиянка" экенин шоу-бизнестин өкүлдөрүнүн баары эле билет. Мындай эле көз салып көрсөңүз, алардын көпчүлүгүнүн күйөөлөрү жок, анан дагы публикага (элдин алдына) жалаң кыздардын чөйрөсүндө чыгып жүргөндөрү баарыбызга белгилүү. Менин оюмча, шоу-бизнес адамдарды бузуп жатат. Эгерде алар эстрада жылдызы эмес эле жөнөкөй адам болгондо, мындай жийиркеничтүү нерсени кылмак эмес.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-июнь, 2010-ж.:
1-бет
КУРМАНБЕК БАКИЕВ АЗЫР ТАМАКТЫ ӨЗҮ ЖАСАЙТ
2-бет
Нурайым Азыкбаева:
"Атамдын тарбиясы менен энемдин төрөтү бирдей"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Биринен-бири өтүп...
5-бет
Эриккенби дейм...
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Жарык дүйнөнү көрбөй калганыма кайгырбайм"

7-бет
АКЫЙ, АКЫЙ, АКЫЯ!
8-бет
Аскат Мусабековдун патриоттук сезими күч алып…
9-бет
Айымдардын мүчө-келбетине карап мүнөзүн аныктайбыз
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Сезимай Алиева
13-бет
Гипноз ооруга жардам берет
15-бет
Обон почта
16-бет
Наргиза Абдраева, ырчы:
"Актриса болгонду каалабайм"











??.??