п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Сезимай Алиева

Сен жана мен
(Уландысы, башы өткөн санда)
Ыйык түн

Экөөнө деп арналып салынган апакай төшөктүн аягында жүйүртө басып отуруп, азыр өзүнө гана таандык аруу, аялуу бир нерсесинен айрылчудай алаңдап коркуп, сол көкүрөгүн жарып чыкчудай болуп, жүрөгүнүн кагуусу күчөп акылдап, катуу толкунданып турган Сүйгөн Дуулатты көрүп "селт" этип алды.
- Жаным, эмне болду сага? Өңүң кантет купкуу болуп? - Дуулат жете келип өйдө тарта тургузуп, кучагына алды. Экөө бой тиреше түшкөндө Сүйгөндүн көздөрүнө тигилип, балбылдаган каректерден "Мен коркуп турам…" дегенди түшүнө койгон Дуулат ичи элжирей ысып, келиндин колдорунан кармалап, билектеринен өптү. Ушинтип жоошуткусу келди. Өйдөлөй өпкүлөп келип, келиндин мойну-башынан акырын өөп-жыттай:
- Алтыным менин! Баары жакшы болот… Сен болгону чочулаба, өзүңдү бош таштасаң… Жаным менин! Билесиң го мен бул күндү кандай күткөнүмдү?! Сен мендик, мен сендик болуп, кан-жаныбыз биригээр күн да бүгүн! - Жалынып, жалбарып, демиге сүйлөп да, шыбырап да, эркектик кумарлануусуна ээ боло албай калган Дуулаттын колдору калтырап, келиндин көйнөгүнүн бүчүлүктөрүн издеп атты.
Ошондо гана Сүйгөн жыйрылган боюн жазып, жалыныч ысык сөздөрдөн жаны эргип, жүзү тамылжып, көздөрүн сүзө колдорун Дуулаттын мойнуна арылта желке чачтарынан сылап:
- Мен сени аябай-аябай жакшы көрөм! - күйөөсүн кубанткысы келди.
- Мен да… Мен да жаным!
Күйүп жанган эки дене биригип бириге албай, тулку бойлорун майда калтырак каптап, көшөгө ичи төшөктүн шуудуруна, жалынычка, шыбырга, сүйүүгө толуп турду.
- Менин каным менен бир агасың, жүрөгүмдө, ойлорумда ар убак сен болосуң! Гүлүм менин! Аңкыган жыпар жытыңан жыттоочу адамың жалгыз мен болоюн, мен гана болгум келет! - Алкымынан аймалап, Дуулаттын колдору көйнөктүн акыркы топчусуна жеткенде асемделип бермет шуру бастырылып тигилген апакай үлпөт көйнөк төшөк үстүнө шыпырылып түштү…
Эртең менен төшөк жыйнаганы киришкен эки келиндин бирөөсү уялыңкы башын жерге салып турган Сүйгөндүн жүзүнөн акырын өөп койду. Бул өзүнө карата ыраазычылык билдирүү экенин боолголоду жаш келин. Жүзү албырып чыкты. Келин болуп барган жериңдин босогосун кыз башың менен аттасаң, жүзү жарык, абийири ак болоорун Таласка барганда келин көргөнү барып келишип, кеп-сөзгө алышкан Жийденин жеңелеринен укканы эсинде бекем сакталып калган эле.
… Эки жашка элдин батасын алалы деп Дуулаттын ата-энеси ага-тууган, айыл-апаны чакырып түлөө беришти. Эки күн көшөгөдө олтурган Сүйгөн үчүнчү күнү гана үй сыртына чыгып, оокат-тиричиликке аралашканы менен, баары эле аны карап турушкандай сезип, үйдөгүлөрдөн тартынып, кысынып жүрдү. Канчалык аяр кыймылдайын дегенине карабай жууп жаткан чынылары колунан шагырап түшүп кетет, же эт туураса колун кесип алат. "Иий, этият болбойт белең" деген кайненесинин өнтөлөгөн сөзүн угуп, уялганынан жерге кирип кете жаздайт. "Жүдөгөн аял алыптыр деп жатышат го сени" дейт кесилген манжаларын өөп, таңып берген күйөөсүнө. Ал болсо күлмүңдөп, "жок" деп көздөрүнөн өпкүлөйт. Келин эшикке чыга качкыча шашат.
Ии-ий, ушинтип кантип казан жуусун?! Жуубай эле кара көөсүн кайра шыбап койгон го. Көмкөрүп да койгон жерин кара! - кабагын бекем түйүп алып, кагынып-силкинип, чоң казанды кайра жууп кирген Кымбаттын күбүрөңгөнүн үй ичинде жүргөн Сүйгөн укпаганы менен, кемеге боюнда көң калап, от жакмакчы болуп отурган кайненеси даана эшитти.
- Ай, сен эмне зирпилдеп, киши жактырбай калгансың?! Чарчап, же бир жериң ооруп турабы? Андай болсо барагой үйүңө, жатып эс ал. Келген элдин аягы деле суюлуп калды, Гүлнар менен Сүйгөн деле жетишет. Кой антпе… Үйгө батып кете албай басырылып араң жүргөн немени кагаажытып эле кагып-силкип жатасың да. Кечөө үй шыпырса, артынан кайра шыпырдың. Унчукпадым. Иш кылганды билбейби - үйрөт, көргөз. "Андай кыл, мындай жаса" деген энеси болбосо, билбесе билбейт чыгаар. Жаш немени алдап-соолап бооруңа тартып, үйүралдыргандын оордуна үркүтөсүң да. Айтпайын десең адамдын жанын өзүң кашайтасың. Өзүңдүн келгениңди эстечи?! - Кымбат, өзүн нааразы боло теше тиктеген кайненесинен көзүн алакачып кетти. - "Менин колуман камыр ачыбайт" дедиң, жан адамга билгизбей таң азандан туруп, наныңды бышырып "Кымбат салган нан" деп текчеге тизип коюп жүрдүм. "Уй сааганды билбейм" деп жүрүп, уйдун эмчегин кечээ жакында эле менден бөлүнгөнүңдө аргасыздан кармадың го.
- Апа болбодубу эми!
- Ии, кандай угулат экен?! Эмне, бул кемпир карыды, каруусунан күч кетти, сүйлөй албайт деп ойлодуң беле. Кудай минтип буттан-колдон алып, очорулуп баса албай, он тынып, он туруп калсам да тилден ала элек. Көп ачуума тийбей тим жүр. Эгер билсең, мен өлсөм оордумду басаар мына сенсиң. Дуулат менен Сүйгөн апа ордуна көрүп, мына сага келишет көтөрүнүп. Сени сыйлашат. Анан сен ошону түшүнбөй минтип тескериленсең, сыйлаганды билбеген сыйпалаган көр сокур деп колдорун силкип коёт булар бир күнү.
Баарынан да Дуулат укса эмне дейт?! Ансыз да бир мүнөз, кыялы катуу неме… Экөөнүн ысыгын суутпайсыңбы, ирээнжитпейсиңби сен бул кылыгың менен. Тескерисинче, сен ал экөөнү телишиң керек. Кой тегеренейин, тигине, өзүңдүн кызың да бышып жетилип келатат. Ал да бир күнү буюрган бир жерге келин болот. Ошондо кайненеси же сага окшогон абысыны иттей арылдап турса жакшыбы?! Анын жүзү ары кылсын, бирок жаман айтпай жакшы жок демекчи, алды-артыңды ойлой жүрсөң кичине…
"Бөөдө жерден кайненеси менен кер-мур айтышып калдым" деп ойлогон Кымбат, унчукпай калды.
Кан басымы тез-тез көтөрүлө бергенинен дарынын күчү менен жашап калган кыраакы кемпир жашынын бир топко барып калганына карабай, эртеден-кечке жаны тынч алчу эмес. Жайы-кышы дебей күл чыгарып, от жагат. Уй саагандан колу кечээ жакында эле ортончу келиндүү болгондо бошоду. "Апа, сиз олтура бериңизчи, өзүм эле…" деген Гүлнардын сөзүн кулагынын сыртынан кетирет. Бара-бара өзү менен кошо талашып, оокат кылган кайненесине ал да көнүп калгандай, унчукпайт. Токсонунчу жылдары жер титирегенде короодо тоокко жем чачып жүргөн жеринен эски бастырманын устуну кулап, бели катуу мертинип, көп жыл төшөктө жатып калган эле. Ары-бери басып калганына бир аз эле жыл болду. Ага карабай эмдигиче үйдө тим олтура албайт. Түшкү тамакка кам урган Сүйгөндү от калай албай эки келиндин астында шагы сынбасын деп кемеге оозунда олтурганы да ошондон.
Сүйгөн ушунун баарын астыртан көрүп, байкап, өзүнө айланып кагылган кайненесине, Дуулатка кошкон тагдырына ыраазы.
(Уландысы кийинки санда)




  Күндөлүк

Карабет катын

Мен азыр 40 жаштамын. Мындан 12 жыл мурун эркек балага зар болуп, абдан жаман абалда жургөн кезим болчу. "Эми кантип эркек төрөйм, бешинчисин төрөсөм дагы кыз болуп калсачы" деп санаага баттым. Төртүнчү кызымдын чукурана уктап атканын карап жатып өзүмдүн көзүм илинип кетиптир, Эшиктин акырын "тык, тык" деп кагылышы мени чочутуп жиберди. Жолдошумду карасам эч нерсе сезбей уктап атыптыр, ордумдан туруп каалганы ачпастан "бул ким?" дедим. Ушундай жети түндө ким келиши мүмкүн? "Жанара, бул мен…" деген аялдын калтаарыган үнү чыкты. Эшикти ачып жиберсем, кара тору, сулуучумак бетин сепкил басып, мени корко да, жалооруй да карап классташым Гүлжан турат. Колуна килейген пакет көтөргөн. Шашып кетип "Кир Гүлжан, эмне болду?" деп жибердим. "Көптөн бери келбей калдың го?" Ал менин суроомо жооп бербестен "күйөөң үйдөбү?" деп, дагы тарткынчыктап пакетин карап койду.
Гүлжандын суроосу боюнча жолдошума анын келгенин айткан да, билдирген да жокмун. Түн ичинде ал жаткан бөлмөдөгү баланын ыйлаганы күйөөмө угулуп калбаса экен деп, таң атканча кирпигимди какпай чыктым. Таң агарганда туруп, Акназарды жайлоого кайнатамдарга жөнөтүп жиберген соң гана тынч алдым. Гүлжандын күйөөгө тийбей төрөп алганын укса "аның сойку турбайбы, ошо менен достошуп жүргөн сенин да мандемиң бар" деп мени сойбойбу! Анын ачуу тилинен, аялдардын баарын "ж…п" деп ойлогон жаман пикиринен корком. Ошон үчүн өз канынан жаралган кыздарын да ичин эзиле эркелетип койбойт, "чоңойгондо булар деле бирөөнүн аялы болот да" деп ойлойт окшойт, караңгы!
Бир убакта классташымдын баласы бака-шака түшүп ыйлап жиберди. Кирип барсам жалаягын которуп, кургактап атыптыр. Чочосу чормойгон эркек бала экен, чочогунан көзүм өтүп, тиктеп калыптырмын. Экөөбүз чай ичип отурганда Гүлжан денени дүркүрөткөн сөз айтты: "Жанара, "ичтен чыккан ийри жылан" деген сөз бар го. Бу баланын атасы киши өлтүрүп түрмөгө түшүп чыккан эме экен. Билбестен байланышып алыптырмын. Апам боюмда бар кезимде угуп алып, "жогот эле жогот! Атасы жыргабаган эменин баласы жыргалдуу болмок беле" деп, үзүнүп-тытынган. Бу баланын көзүн жоготпосок болбойт" деди. Кантсе да энемин го. Денем жыйрылып Гүлжанды жек көрүп кеттим: "кудайдан корксоң боло, жок дегенде бир үйдүн эшигинин алдына ташта, наристе бала сенин атаңды өлтүрдү беле?" дедим.
Эркек баладан көзү каткан мен классташымдын баласын абдан багып алгым келди. Бирок, күйөөм эч качан бактырбайт болчу: "Бирөөнүн арам сийдиги менен үйүмдү, тукумумду булгаба!" деп чаңырып чыкмак. Наристени жакшыраак жашаган бир үйгө таштайм деп Гүлай кечке маал үйдөн чыкты. "Иңир кирип калганда оңой болот болуш керек" деди ал. Жүрөгүм түпөйүл болуп мен калдым, "мейли эми, багы болсо жакшы адамдарга туш болоор" деп өзүмдү жооткоттум. Арадан үч-төрт күн өтүп, мисирейген Гүлжан "шып" этип ачык эшиктен кирип келди. Кыздарым "эжекелеп" басып жыгылды. Чай-пайын берип бүткөн соң, кыздарды эшикке ойногонго чыгарып жиберип, байкуш баланын кабарын укканга шаштым. Жооп бергендин ордуна "Жүрчү, көлдүн жээгине барып келели. Ошол жактан айтып берем" деди. Көлгө 15-20 мүнөттүк жол эле, бат эле жетип бардык.
Ал эмнегедир бир нерсе издегенсип элеңдеп атты. Анын көзүн ээрчий жерди карасам, тааныш чүпүрөктүн тытылган үзүндүлөрү, дагы нарыраак жакта жалаяктын чоңураак айрындысы жатыптыр. Көргөн көзүмө ишенбедим. Гүлжан ырайымсыз, булганыч, сойку бетин мага буруп, жер тиктеген калыбында: "Баягыда ушул жээкке апкелип таштап кеткем" деди буулуга шыбырап. Эмне кылаарымды билбей жерди оё-оё баса бердим. Аңгыча баланын мүлжүнгөн денеси, үзүлгөн колу-буттары чачылып алдыбызда жатты. Көркоо иттер каалашынча "майрамдашып", баланы үзүп-жулкуп жегени экөөбүзгө тең белгилүү болду. Көзүм эч нерсе көрбөй, бакырып ыйлагым келип, көзүмдөн мончоктоп жаш кетти. Жанымдагы акмакты көрөйүн деген көз калбай, тиштенип туруп жаакка бир тарттым. Ал да аз дедимби, бетине жаба түкүрдүм да ыйлаган бойдон чуркап кеттим.
Андан бери канча жыл өттү. Каргышка калган кара бет турмушка чыкканы менен улам ичинен өлүп калып, же боюнан түшүп, балага жетпей келатат.
Н.И.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-июнь, 2010-ж.:
1-бет
КУРМАНБЕК БАКИЕВ АЗЫР ТАМАКТЫ ӨЗҮ ЖАСАЙТ
2-бет
Нурайым Азыкбаева:
"Атамдын тарбиясы менен энемдин төрөтү бирдей"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Биринен-бири өтүп...
5-бет
Эриккенби дейм...
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Жарык дүйнөнү көрбөй калганыма кайгырбайм"

7-бет
АКЫЙ, АКЫЙ, АКЫЯ!
8-бет
Аскат Мусабековдун патриоттук сезими күч алып…
9-бет
Айымдардын мүчө-келбетине карап мүнөзүн аныктайбыз
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Сезимай Алиева
13-бет
Гипноз ооруга жардам берет
15-бет
Обон почта
16-бет
Наргиза Абдраева, ырчы:
"Актриса болгонду каалабайм"











??.??