п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Табият сырлары

Гипноз ооруга жардам берет
"Гипноз" десе эле көпчүлүгүбүз уктаган жана уктаткан адамдарды көз алдыбызга элестетебиз. Гипноздун ден соолукка пайдалуу жактары бар экендигин көбүбүз билбесек керек. Анда гипноз менен дарылоо жолдору жана түрлөрү тууралуу маалымат сиздер үчүн.


Гипноздун жаралуу тарыхы
"Гипнотизм" терминин алгачкы жолу 1842-жылы шотландиялык Брэд аттуу хирург колдонгон. Ал эми "гипноз" сөзүн грек тилинен которгондо - "түш" деген маанини берет. ХIХ кылым гипноздун "алтын жылдарынын" бири болгон. Анткени, дал ушул жылы гипноздун жардамы аркылуу биринчи тиш жулунган экен. 1826-жылы болсо, гипноздун жардамы менен бир аялдын эч бир жерин оорутпастан төрөтүшкөн. Брэд гипноздук жол менен үч миңдей операция жасаган.

Гипнотизёрлор кандай тармак болбосун ийгиликке жетише алышат
Гипноздун жардамы менен организмди чыңдап, түш жооруп, коркуп-чочугандан жана жаман адаттардан да арылууга болот. Гипнозду ар бир адам биле бербейт. Бирок, мындай жөндөмдүүлүккө адам өзүн машыктырып алса болот. Жакшы гипнотизёр болуш үчүн, адам өзүнүн үстүнөн көп иштеши керек. Гипнозду билген адам кандай гана тармак болбосун ийгиликке жете алат. Анткени, алар башка адамдарга жага алат, маектешип жаткан адамынын тилин бат таап алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ.

Өлүм менен түштүн ортосунда…
Гипнотикалык эффект адамдын көзүнө таасир берүү үчүн негизделген. Көз менен адамдын мээси байланышта болгондуктан, көздөн өтүп, баш мээни айландырып, акылдан бир нече убакытка адаштыра салат. Бул механизм миң жылдардан бери колдонулуп келет. Түш менен гипноздун механизмдеринин окшош жактары да бар. Мээнин иштеши "электротолкундар" деп аталат. Мээ толкундары ар кандай жыштыктарда иштейт. Нормалдуу абалда турган мээнин активдүүлүгү өтө деле жогору болбойт. Эгер гипноздун натыйжасында уктап калган адам, кокустан ойгонуп кетсе, мээ толкундары тезден иш алып бара баштайт. Гипноздон уктаган учурда адам, өлүм менен түштүн ортосунда жүрөт экен. Мээ жана көз гипноздо сезим мониторингин чагылдырат. Көз жабык болгондо мээ айлана-чөйрөдөгү маалыматты кабыл ала албай калат.


Гипноз менен дарылоо
Адамдар гипнотерапевтке ар кандай себептер менен кайрылышат. Мисалы, арыкташ үчүн, чылымды ташташ үчүн ж.б. Гипнотерапевт мындан да башка маселелерге жардам бере алат. Мисалы, бир нерседен катуу коркуудан, аракечтиктен, далы ооругандан, заараны кармай албагандан ж.б. ооруларды айыктыра алат. Ал эми оорулууну айыктырыш үчүн канча процедура керектиги, адамдын гипнозго туруштук бере алышынан көз каранды.
- Гипноздун жардамы менен чач өсөт. Кызыгы, баягы таз жерге, ак чач чыгат.
- Анын жардамы менен беттеги безеткиден да арылууга болот.
- Ошондой эле, гипноз аркылуу инсулинди жөнгө салып, диабет оорусун толук айыктырууга да болот.

Гипноз психотерапиянын бир методу
Гипноз - адамдын нерв системасына жана психикасына өз таасирин тийгизип, тигил же бул органдын же системанын ишин өзгөртүп жиберет. Хирургиялык оор операцияларды да гипноз менен наркозу жок эле оорутпай жасаганга болот.


Жеке гипноз
Гипноз - мистикалык аура менен курчалган. Көпчүлүк гипнотизёр кылган гипноз менен жеке гипноздун таасири ар башкача деп ойлошот. Гипнотерапевт болгону транска кирүүгө жардам берет, калганын адам өзү башкарып алышы керек. Муну "жеке гипноз" деп коёт.


Транс
Транс - бир нече мүнөткө созулуп, адам уйку соонун ортосунда түш көргөн сыяктуу абалда болот. Көп учурда ушундай фильмдерди көргөндөн кийин "Адам транс учурунда өзү каалабаган нерсени мажбурлап кылдырса болобу?" деген ой келе калат. Бирок, бул боюнча адистиги жок адамга сизди транска жеткирүүгө уруксат бербеңиз. Анткени гипнотизер адис болбосо транс абалындагы адам ойдо жок нерсени жасап салышы мүмкүн. Андан гипноз кылган адам өзү жапа чегип калышы мүмкүн.


Эстрадалык гипноз
Эстрадалык гипноз - элдин көңүлүн ачуу үчүн сахналаштырылган түрү. Гипноздун бул түрүндө, көрүүчүлөрдүн арасынан каалоочулардан беш-алтоону сахнага чыгарат. Арасынан гипнозго туруштук бералган адамды тандап алат. Гипнотизёр сахнадагы кишилерди транска жеткирип коёт. Алар транс учурунда ырдашат, музыка чыкса бийлешет ж.б. көрүп турган элди күлдүрүп, гипнозго кызыктырат.


  Окуя

Алдамчы гипнотизёр
Атым Калбүбү, 7 жылдан бери борборубуздагы ири базарлардын биринде азык-түлүк сатып иштейм. Мындан эки жыл мурун күндөгүдөй эле соода кылып отурсам, эки баласы менен эрди-катын келип, кумшекер, кесме ж.б. майда-чүйдө азык-түлүк ала баштады. Бир караганга жакшы үй-бүлө экен. Негизи кардарлар мындай көп алган учурларда "жок дегенде бир сом, эки сом түшпөйсүңбү?" дешчү. Булар болсо, антип айтмак турсун, мен айткан баада эле өтө көп сатып ала башташты. Бардыгын эсептесем он эки миң сомдун товары болду. Ошол күнү соода жакшы болуп, акча салгычта бери дегенде эле он жети миң сомдой акчам бар болчу. "Тиги кардар он эки миң сом берсе, бардыгы 29 миң сомум бар" деп ичимден кудуңдап алгам. Күйөөсү чөнтөгүнөн он эки миң сом алып берип жатканын бир билем, андан кийинкиси эсимде жок. Көзүм бир мүнөтчө эле жумулгандай болгон. Көзүмдү ачып эле бир башкача боло түштүм. Ал кезде акчаны белимдеги бел курга эле салып койчумун. Эсиме келээрим менен эле капчыгымды карадым. Эч нерсе жок! Бир да тыйын калбай калыптыр! Чачымды жулуп, ыйлап отуруп калдым… Көрсө, мен айтып өткөн жакшынакай үй-бүлө гипнозду абдан өздөштүрүп алышыптыр.Ошол окуядан кийин чоң акчаларды капчыгыма салбай, башка жерге сактап калдым. Азыр болсо, өзүмдү гипнотизёрлордон сакташ үчүн, жеке гипноз менен машыгып жатам.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-июнь, 2010-ж.:
1-бет
КУРМАНБЕК БАКИЕВ АЗЫР ТАМАКТЫ ӨЗҮ ЖАСАЙТ
2-бет
Нурайым Азыкбаева:
"Атамдын тарбиясы менен энемдин төрөтү бирдей"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Биринен-бири өтүп...
5-бет
Эриккенби дейм...
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Жарык дүйнөнү көрбөй калганыма кайгырбайм"

7-бет
АКЫЙ, АКЫЙ, АКЫЯ!
8-бет
Аскат Мусабековдун патриоттук сезими күч алып…
9-бет
Айымдардын мүчө-келбетине карап мүнөзүн аныктайбыз
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Сезимай Алиева
13-бет
Гипноз ооруга жардам берет
15-бет
Обон почта
16-бет
Наргиза Абдраева, ырчы:
"Актриса болгонду каалабайм"











??.??