п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

ОП-123-01. Аваз Акимовго. Салам салып сага садагам, / Самап сени саат сайын сагынам. / Суранаарым сарсанаага салбачы, / Сансыз сүйүү сезимдерин сактачы. / Айсулуу Ош.
ОП-123-02 . Мен ыймандуу, ичпеген, чекпеген балдар менен таанышам. 0552651465.
ОП-123-03. Салам Кундуз! Кайсы фирманын косметикасын колдоносуң? Алиса.
ОП-123-04. Нарын шаарында жашап жаткан карындашыбыз Эркин кызы Эркайымды К.Жакыпов атындагы орто мектебинин 8-классын ийгиликтүү аякташы менен жана 29-июнь туулган күнү менен куттуктайбыз! Байкелериң Каныбек, Жаныбек.
ОП-123-05. Биринчи саламым Обондун жалпы окурмандарына! Баарыңарга ийгилик! Жони.
ОП-123-06. Салам Леди Гуличка! Кандайсың? Окусаң мени менен байланыш. Досуң. 0779134889.
ОП-123-07. Ильяз сен супер жылдызсың! 0773672ххх.
ОП-123-08. Султан Садыралиевге салам! 0777561ххх.
ОП-123-09. Билал козу мени менен байланышыңызды күтөм. Айсулуу Ош. 0779134889.
ОП-123-10. Бекчоро, жүрөгүмдү сага берсем алаар белең? Жооп күтөм. Жазгүл Сарытологой айылы 92.
ОП-123-11. Аллах жалгыз, Аллах беймуктаж, Ал туулбаган жана ага эч ким тең эмес. Алланын өзүнө гана сыйыналы, Тоо-таш мазарларга сыйынбайлы. Намаз окуйлу. 0777546ххх.
ОП-123-12. Сыдыков Улан жаныма салам жолдойм! Ар дайым сен меникисиң! 0771549ххх.
ОП-123-13. Мэри, аялзаты акылсыз болсо, эмнеге кыз болуп жаралдың?! Аял акылдуу үчүн жашап жатабыз бул дүйнөдө. Өзүң акылсызсың! 0778850ххх.
ОП-123-14. " Обонтайдын" редакциясына ыраазымын. Жаштарга ушундай маек куруп бергениңерге. Кыргызстанда тынчтык, амандык болсун! Бул жалган жашоодо баарыбыз Аман бололу! Раяна.
ОП-123-15. Бардык 93төргө салам! Ganster girl Аяна.
ОП-123-16. Казак-кыргыз биртууган. Жетим сартка ким тууган? Ganster girl Аяна.
ОП-123-17. Бекчоро байке, Назгүл жеңем менен бактылуу болуңуз! Казарманга чоң салам! Жердешиңиз.
ОП-123-18. Жаным билесиңби, сени сагындым! / Ак сүйүүмдү сага гана арнадым. / Жашоомдо сенсиң менин ардагым, / Сүйүүмдү ардактагын-барктагын. Күмүшайка.
ОП-123-19. Жалгыздыктан тажадым, / Жаным сени сагындым! / Жанымда болчу ар дайым, / Жашоонун көрүп жыргалын. Күмүшайка.
ОП-123-20. Сени сүйүп ырлар жаралат, / Сезимди козгойт махабат. / Жаным сага арналат. / Сүйүүмдө болот аманат. 0778015ххх.
ОП-123-21. Музыкант балдар менен таанышам. Маякка жооп жок. 20 жашта болсо жакшы. 0778206725.
ОП-123-22. Супер ырчылардын бири Ильяз Андаштын 30-июнь туулган күнү менен куттуктайм! Сизге кааларым, узун өмүр, бакыт-таалай, ата-энеңиздин ардактаган уулу, биртуугандарыңыздын сыймыгы болуңуз. 0773997ххх.
ОП-123-24. Салам кундуз эже! Иштериңиз кандай? Сиз менин кумиримсиз, талантыңызды баалайм. Кантип фигураңызды бир параметрде сактап жүрөсүз? Кантип арыктаса болот? Кеңеш бериңизчи? Айпери.
ОП-123-25. Кичинекей сиңдилерим Даткайым жана Мырзайымды 30-июнь туулган күндөрү менен куттуктайм! Ар дайым жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин! 0773997ххх.
ОП-123-26. И. Абдразаковго: Сүйүп жашайм жалгыз сени, / Бир келген жашоодо эч кимге бербейм сени. / РЭД Сакиш.
ОП-123-27. Сени сүйдүм бирок жетпедим, / Жүрөктүн ооруганын билбедиң. / Махабаттын даамын сен сезбедиң. / Ак сүйүүнүн азабына илиндиң. / Күмүшайка.
ОП-123-28 . Жүрөгүм ооруп турат сени эстесем, / Суроо сурайм ар убак элесиңден. / Түбөлүккө бир болобуз дечү элең, / Кайда калды убадаң мага берген?! / Күмүшайка.
ОП-123-29. Нарын облусуна караштуу, Ат-Башы районунун Баш-кайыңды айылында жашап жаткан Бусурманов, Исаевдердин үй-бүлөсүнө чоң салам жолдоо менен бирге, бардык жакшылыктарды калайм. Күмүшайка.
ОП-123-30. Баш-Кайыңды айылында Чыпай Асеков орто мектебинин 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө Ак жол каалайм! Айжамал, Бегимай, Мунара эжелерге жана Элдияр таекеме ж.б. салам жолдойм! Күмүшайка.
ОП-123-31. Сиздин атыңыз Кундуз, / Атыңызга - затыңыз жарашкан. / Бардык жактан төп келген, / Кыргыз жигиттер карашкан. / Жүзүңүздөн супсулуу нур чачылган, 0772249ххх.
ОП-123-32. №7 Мамбеталиев мектебинин 8-в классында окуган досторум Саламат, Алия, Зарина, Каныкейге чоң салам! 92-жылкы досум Тойлубекке өзгөчө салам! Бар болгула! Айжамал.
ОП-123-33. Салам Омар! Роза сага уйгактай болуп жабышкан жок. Омарлардын акыркысы сен болгонсубай акырын жассаң. Бутан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт. Аська.
ОП-123-34. Темир Назаровго супер салам! Күйөрманы.
ОП-123-35. Даниель сенин ырдаган ырларыңа кийген кийимиң жарашат. Оштон Айпери.
ОП-123-36. Неля сиз эң бактылуу айымдардын катарын толуктап келесиз. Сиздин бактыңызга көз арткандар көп. Мен дагы көз артам бирок, жамандык каалабайм. Ата-энеңиздин, туугандарыңыздын, Нурэлдин маңдайында, жаркырап жаңы ырларды жаратып жүрө беришиңизге тилектешмин. Ылайым көз жана сөз тийбесин! Аська.
ОП-123-37. Сен дүйнөнү экиге бөлгөн элең, / Баары мендик, мен сендик болгон элем. / Көрсө жаным айткан сөзүң, / Чындап эле жалган экен. / Күмүшайка.
ОП-123-38. Кундузга салам жолдойм! Чыгармачылык ийгилик каалайм! 07778700ххх.
ОП-123-39. Сезимдер туталанып, / Каректен жаштар тамып. / Кетемби оо дүйнөгө армандуу сүйүүм калып. / Түшүнбөй койдуң неге? / Жүрөгүң татан беле? / Теңсинбей ойдуң неге? / Жүрөгү катуу беле? / 0779035ххх.
ОП-123-40. "Бекжан" базарында отурган бардык кыргыз элиме салам жолдойм! Туугандарым, айланайын кыргызым, ынтымакта болгулачы суранам! Алмазбек. +77776022ххх.
ОП-123-41. Жаш төгүлөт көзүмдөн токтобостон, / Жер айланат жүрөгүм сени эстесем. / Жүргөн күндү саламын мен эсиме, / Кол кармашка сени менен ошол кезде. / 0777672ххх.
ОП-123-42. Сүйүүнү күчтүү дешет алы барбы? / Сүйүүнү таттуу дешет даамы барбы? / Сүйүүдөн пайда болгон жараларга, / Сүйкөсө айыктыраар дары барбы? / Күмүшайка.
ОП-123-43. Күн нурундай чачыраган күлкүңдөн, мээрим төгүп караган көздөрүңдөн ачылчы суранам, жан дүйнөңдөн аябачы, аянбачы суранам сөздөрүңдөн. 0779035ххх.
ОП-123-44. Досторум Муту, Айбек, Нуся, Бакытка салам жолдойм! Энназар, Казарман.
ОП-123-45. Түшүнөт деп айткан элем сырларымды, / Сага арнап жазган элем ырларымды. / А бирок, аттиң ай билбептирмин, / Ушунча азапка салаарыңды! / 0779035ххх.
ОП-123-46. Жүргөнүң элден башкача, / Күлгөнүң тунук таптаза. / Көчөдөн өтсөң жанаша, / Көчөнүн көркү келишкен. / Булбулдар үн коштоп, / Узатат сизди алыска. / Нурбек 91.
ОП-123-47. Алтын деген жерден чыккан зат экен, / Андан кымбат сүйүү деген бар экен. / Сүйүп жүрүп, сүйгөнүңө жетпесең. / Араңарда мендей адам бар бекен? / 0772249ххх.
ОП-123-48. Кундуз сени сүйөм. 0773455ххх.
ОП-123-49. Баяттагы Каныбек атама, Даргүл апама, Нуржан эжеге, Сулайманга салам жолдойм. Элназар.
ОП-123-50. Кумирим Кундуз эжеме: Сезим сырларын сансыз санаага салып, сүйкүмдүү, суйкайган сулуу сырдуу селкиге, супер сагынычтуу сонун салам! Шакуля. 0770518ххх.
ОП-123-51. Бар СМС барып кел, / Кумирим Кундуз эжени көрүп кел! / Ден соолугу чын болсо, / Бир СМС ала кел! / Шакуля.
ОП-123-52. Алай районун Гүлчөлүк кыздары менен таанышкым келет. Астана жигити. +77028910953.
ОП-123-53. Обон гезитине салам! Ар дайым бар болуңуздар! 20-25 жаштагы Оштук намаз окуган балдар менен таанышам. +79244715223.
ОП-123-54. Кыргыз элиме салам! Неля.
ОП-123-55. И.Абразаков сиздин ырларыңыз мага абдан жагат. Сураныч мага чалып коюңузчу, сиз менен сүйлөшсөм арманым жок. Агдана. 0778634308.
ОП-123-56. Акжолтой, мурун сени аябай жакшы көрчү элем. Азыр дос катары. Салтанат.
ОП-123-57. Жашоо таттуу бирок сизчелик эмес, / Сизди баары жакшы көрөт, бирок менчелик эмес. / Даниель байке сиз менин дайыма жүрөгүмдөсүз. Шакуля.
ОП-123-58. Замир Арыкбаевге салам! Венера.
ОП-123-59. Атыңызга затыңыз жарашкан Кундуз эже, / Жүрөсүз айырмалуу назик ырдап сахнада. / Күлөсүз сиз наздуу карап башкаларга, / Каалаймын ушунуңуздан жазбаңыз эч, / Зирешка.
ОП-123-60. Табышмак мага тагдырым, / Тандалат жүрөк сырларым. / Ырларымдан билдирем, / Сүйүү, сезим кылдарын. / Наоми.
ОП-123-61. Каникулда эс алып жүргөн мектеп окуучулрына чооң салам! Жакшы өткөзгүлө! Зирешка 95.
ОП-123-62. Кумирим Кундуз эжеме! Жашоо бул чыныгы кино! Капалансаңыз - драма, ачууңуз келсе - боевик, күзгүгө караганыңызда - ужас. Азыр күлүп жатасыз эми бул - комедия! Шакуля.
ОП-123-63. Көлдүк балдар менен таанышам. 0778314562.
ОП-123-64. Масыдагы Бөкөнбаев айылынын 95-жылкы окуучуларына салам! Зирешка 95.
ОП-123-65. Кумирим Кундуз! Турмушта бактылуу бол! Узак жаша! Макс.
ОП-123-66. Лейлектик Нуризат жана Гүлбарчын биз силерди чексиз сүйөбүз. Силерди күтүп жүргөн сырдуу жигиттер.
ОП-123-67. Саламым Масыдагы №1 мектептин президентине жолдонот! Сени жакшы көрөм Мукан. Сырдуу селки.
ОП-123-68. Салам Обонушка! Сиздердин жалпы жамаатыңыздарга жакшылыкты, ден-соолукту каалаймын! Зирешка 95.
ОП-123-69. СМСчилерге салам! Силерге суроом бар. Достук сүйүүгө айланабы? Сырдуу селки.
ОП-123-70. Челпек айылындагы 10-класс Акжолтой деген баланы сүйүп калдым. Эзели бала сүйүп көргөн эмес элем. Могрифа Рахимова мектебинин окуучусу Салтанат.
ОП-123-71. Тилегиң ар дайым кабыл болсун! Туррмуштун ачуу-таттуу даамын татып , көптү бил, алга умтул, артта калба! 0770518ххх.
ОП-123-72. Салам Кундуз! 0772447ххх.
ОП-123-73. Айлуу түндө сага барамын, / Сүйүү сезимин сага арнаймын. / Эгерде ошондо мени таарынтсаң, / Мен кетем алыстап сенден жаным! / 0773846ххх.
ОП-123-74. Ырларым сага жагабы? Мени кумир тутасыңбы? Анда кел дос болуп байланышалы? Табигат сырдуу Алтынай. 0773846457.
ОП-123-75. Назгүл келе жаткан туулган күнүң менен! Сага кааларым, биринчи байлык ден-соолук экинчи байлык ак жоолук! 0773094ххх.
ОП-123-76. Ильязды мен да сүйөм! Ичтен кайрып сага айтчу сөздөрүмдү , / Сезет го деп сырдуу тиктейм көздөрүңдү. / Кантип эле сезилбесин менин сүйүүм, / 0773997ххх.
ОП-123-77. Салам Кундуз! Жараткан кудайым колдоп жакшыга жанаштырсын, жамандан адаштырсын! Куру дооматтан сактасын, эл алдында кадыр-барктуу инсан бол! 0771210ххх.
ОП-123-78. Мен да ырчы болгум келет. Бирок ата-энем ырчы болуума колдоо көрсөтүшпөйт. Эмне кылайын? Ата-энеме каршы чыгайынбы? Же өз каалоомо каршы чыкканым туурабы достор? 0770518ххх.
ОП-123-79. Кайдасың? 0770517ххх.
ОП-123-80. 23 жаштан 33 жашка чейинки кыздар менен таанышам. Жалал-Абад, Аксылык кыздар СМС жазгыла. 0558009976.
ОП-123-81. Роза Отумбаева сага эр керекпи же эл керекпи? Тима.
ОП-123-82. Кара-Булактык кадыр (78) кандайсың? Бир көрүүгө зар болдум. Барахолкадан кетип калдыңбы? Сүйлөшпөсөк да көрүш…. +77016760779.
ОП-123-83. Чын сүйүү кандай болот сездиң беле? / Же ушул ысыгына күйдүң беле? / Махабат кемесинде сүзүп жүрүп, / Сүйүүнүн балын татын көрдүң беле? / Агып чыккан булактай таза сүйүү, / Даамын татсаң ал сүйүүнүн кандай күчтүү, / Колдон келсе булгабай бул булакты, / Айланасын булгабай таза күтчү. / Кыргызымдын жигиттери жана кыздарына. Сүйүшкөндөр дайыма бактылуу болгула! Кыргызстан алга! Эрке кыз Элья.
ОП-123-84. Сагынычтуу саламым "ТРАНЗИТ" АЗСинде иштеп жаткан жездем Мамытка, эжем Назирага, операторлор Нуржамал, Элиза, Жазгүл, Бегай, Оксана, Абад, Мамыт кызы Жазгүлгө жана Дамир, Нуртилек, Азат, Айбек байкеге, Бегимай, Эльмира эжелерге! Аси. ….0771899ххх.
ОП-123-85. Менин сүйүктүү досум Нуриге: Ийгилик коштоп, алга жүрсүн иштериң, / Бактылуу бол, кенен болсун келечегиң! / Издеп тапкан акылдуу жигитиң менен жанашып, / Айлуу түндө жытуу гүлдү искегин! / Аси.
ОП-123-86. Салам достор! Силер үчүн бул жалган дүйнө эмнеси менен кызыктуу? Аси.
ОП-123-87. Менин саламым менин сүйгөнүм Салиге жолдонот! Сагындым сени сүйгөнүм, / Саналуу гана күндөрүм. / Алтынным сени сүйөмүн, / Артыңдан издеп жүрөмүн. / Саламат 93 мен сени сүйөм. Сырдуу кыз.
ОП-123-88. Анекдот: Мас киши жолдо келатса, алдынан милиция чыгат. Көзүнө эки киши болуп көрүнгөн милицияга - Ортоңорду ачып койгулачы өтүп кетейин, - дейт. Анда милиция - Таптырбай бирден өткүлөчү! - дептир. Каныкей.
ОП-123-89. Дайыр мен сени сүйүп жүргөнүмдү сезээр бекенсиң. Күнүгө үйүңдүн жанынан апасын күткөн баладай болуп күтүп, сен келген учурда сага даап бара албай, босогоңдон уялыңкы узатам. Сен менин сүйүүмдү сезбесең да, жөн гана күлүмсүрөп койгонуң эле мага бир күн кечке дем-күч берет Алтыным! 0555412ххх.
ОП-123-90. Мен сүйгөн Саламатка арналат. Көз көрүнбөй сенден башка бир да жан, / Көлөкөдө отурамын көздөрүңдү сагынам. / Унуталбай уккум келет сөзүңдү, / 0770240ххх.
ОП-123-91. Жалгыздык жараланган махабатта жазылып арман бир барака, / Сагындым бирге жүргөн күндөрүмдү, / Келчи жаным мен айтайын сүйөөрүмдү! / Сали мен сени сүйөм! Кайдасың? Сырдуу кыз.
ОП-123-92. Бакиевди жактаган кээ бир түштүк эли эми ойгонду бекен? 0551111ххх.
ОП-123-93. Аң-Арык айылындагы Ш.Баев атындагы орто мектебинин 11-клыссынын аяктап жаткан классташтарыма ысык салам! Иштерине ийгилик каалап Нагима.
ОП-123-94. Ильяз сен Кыргызстандагы супер ырчысың. Сенин үнүң таза жана алтын! Мекка.
ОП-123-95. Досторум Дамира, Айгерим, Нурсияга салам жолдойм! 0778246ххх.
ОП-123-96. Демир, эмне үчүн адамга-адам ашык болот? / Ажыраса эки көзү жашка толот. / Ойлонуп жооп берчи, / Сүйүү эмне үчүн кымбат болот? / Бул менин акыркы суранычым. Аси.
ОП-123-97. Аллах айткан экен да: "Менден сурагыла, эмне сурасаңар берейин!" деп. Ошол үчүн Аллага ибадат кылып, бейиштен жай алууга эртерээк аракет кылалы. Эмне керек болсо эки рекет намаз окуп, Алладан сурасаң берет. Аси.
ОП-123-98. Саламатсыңбы Кундуз! Сага ийгилик! Ар дайым назиктигиңден жазба! Баку экөөңөр кудай жиберген перисиңер. Күйөрманыңар Ели.
ОП-123-99. Кундуз, эмне үчүн сиздин атыңызды минтип койгон? 0553510ххх.
ОП-123-100. Ардагым кимге айтам арманымды? / Жүрөгүмдү сен жаралап албадымбы? / Жөн эле тааныш болуп жүрүп, / Билбептирмин сени сүйүп калганымды. Нурбек 91.
ОП-123-101. ОП-122-02 деги Мэри сен эмне Бакиевге жан тартып жатасыңбы? Бийликке келгендер тупойлор экен. А өзүңчү?! 0778850ххх.
ОП-123-102. Билал козунун телефонун билсеңер берип койгулачы сураныч. Билал козу өзүңүз окуп калсаңыз мени менен байланышыңыз. 0779134889.
ОП-123-101 . СМСчи кыздар ЛиМинХого тийишпегилечи! Леди 92.
ОП-123-102. Жымыңдаган айлуу түндө сен экөөбүз, / Жолукканда жылдыздарды саначубуз. / Сүйүүбүздү айтышып көздөрүбүз, / Түбөлүк бир болууну самачубуз. / Күмүшайка.
ОП-123-103. Жала-Абад облусуна караштуу Каракүл шаарындагы Ч.Түлөбердиев атындагы "2 орто мектепте окуган классташтарым 8-а-класска сагынычтуу салам. Жакын досторум Айгүмүшкө, Элгизага өзгөчө салам! Мека.
ОП-123-104. Айгерим Расул кызына салам! 0778422ххх.
ОП-123-105. Кундуз, сенин фигураң чын эле 90-60-90 болуш керек ээ? Үнүңөн сенин! 0773526ххх.
ОП-123-106. Салам Кундуз, жүзгө толгондо да 90-60-90 болуп жүрө бер! 0778629ххх.
ОП-123-107. Назира эженин талантын баалайм! Мен да куудул болгум келет. 0770324ххх.
ОП-123-108. Кыргыз элим бар болсун! Патриот.
ОП-123-109. Кундуз, сиз качан Беловодскийге концерт коюп келесиз? Сизди чыдамсыздык менен күтүп жатам. 1000 сомдон болсо дагы кирмекмин. 0773526ххх.
ОП-123-110. Кундуз 90-60-90ду ырдаганыңа өкүнбөйсүңбү? Ыйык сахнаны үнү жоктор эээлеп алганына көз карашың? Сахна сен үчүн эмнени түшүндүрөт? 0778386ххх.
ОП-123-111. Роза гүлүн үзүш кыйын, / Бир жигитти сүйүш кыйын. / Ал жигитти сүйгөн соң, / Андан көңүл үзүш кыйын! / 0778821ххх.
ОП-123-112. Саламат мен сени унуталбайм. Сырдуу кыз.
ОП-123-113. Жалал-Абад облусуна караштуу Каракүл шаарында жашап жаткан апам батмага, эжем Элинага жана иним Кудайбердиге, сиңдим Айзирекке ысык салам! Ар дайым ден соолукта болгула! Силерди аябай жакшы көрөм! Мээримгүл.
ОП-123-114. Обондун жалпы жамаатына ийгилик! Ар дайым бар болгула! Меку.
ОП-123-115. Салам Обон! 13 жаштамын. Журналист болгум келет. 10 жылдан кийин иштейсиңерби? Нурай.
ОП-123-116. Улан менен Бегимайга жана Жумагүлгө салам! Үмүтай.
ОП-123-117. Айтамын угуп турган сырларымды, / Армандуу жазып келем сырларымды. / Ак сүйүү бул дүйнөдө эң зор бакыт, / Айталбаймын сага жүрөктөгү сырларымды. / Аси.
ОП-123-118. Өзгөн районунда жашаган Асел менен Бурмага салам! Нурайка.
ОП-123-119. Алыста жүргөн атакеме салам! 0773807ххх.
ОП-123-120. Даниель жөнүндө толугураак маалымат бергилечи? Ал азыр кайсы жерде? 0773769ххх.
ОП-123-121. Мирик таеке кандайсыз? Сакайып калдыңызбы? Шомо.
ОП-123-122. Айгеша, ырчы жигиттер кыргызымдын жигиттери эмеспи? Алар да Кыргызстандын патриот жигиттери. Ай.
ОП-123-123. Сүйүү десе сүйүп бирин жүрүшөт, / Бирин сүйүп, экинчисин күтүшөт. / Акырында ак сүйүү тебеленип, / Ажырайт ажырашууга кез келип. / Сүйгөн адамын алдап, анан жалгыз калган жакшыбы? Андан көрө алдабай таза жүрүп түбөлүк жашаса кандай гана сонун! Ошондуктан алдабагыла! Аси.
ОП-123-124. И.Абдразаков сен кыргызымдын ыймандуу, таланттуу, жылдыздуу, патриот жигитисиң. Кайда болсоң да аман бол! Кыргызымдын керегине жараган жигиттердин арасында бар бол! Сизге суроо: Сүйүү эмне үчүн кымбат болот? Аси.
ОП-123-125. Тамма шоу: Досу менен мончодо отурган атасы баласын чакырып алып сурап атат дейт: - Ыя балам дагы эмненин сүрөтүн тартып койгонсуң? Бул эмне? - десе, баласы: - Ой ата, ушуну эмгиче билбейсизби? Бул эки шариктер болсо менин шариктерим, узун шариктер болсо апам экөөңөрдүкү да. Төртөөнү тең үйлөп туруп байлап койгом. Себеби мен да инилүү болгум келет - деген экен баласы атасына түшүндүрүп. 0772707ххх.
ОП-123-126. Кундуз, өзүңүз жөнүндө айтып бересизби? 0779022ххх.
ОП-123-127. Кыздар таанышалы. Азим. 0551126297.
ОП-123-128. Кыргыз элиме тынчтык каалайм жана мырзалар менен таанышам. 0556443935.
ОП-123-129. Салам Кундуз! Обон гезитине кош келипсиң! Обон гезити жана сени сүйгөн күйөрмандарың кучак жайып тосуп алабыз! Самара. 00778629ххх.
ОП-123-130. Кундуз, сенин фигураңдын параметри канча? Сени менен бирге отуруп кофе ичсем арманым жок эле. Ильяз.
ОП-123-131. СМСчи Айгеша номериңди ташта. Калганы көрөбүз. Нурбек 90.
ОП-123-132. Аргам кети жалгыздыктан тажаганда, / Дос күтсөм дейм, кыялдана бул жалганда. / Сырдашууга, баарлашууга не жетсин! / Кел замандаш сырдашалы бул ааламда! / СМС жаз. 0773846457.
ОП-123-133. Байлыкка көз артпагын, суктанбагын, / Байлык - колдун кири сен аны унутпагын! / Байлар дагы кээ бир кезде ыйлаарын сен эске алгын. / Бул ырга ой-пикириң? 0773846457.
ОП-123-134. Чыңгыз мен сени гана сүйөм! Ала-Тоо конушу Айзада.
ОП-123-135. Пенделердин тагдырына агылдырган, / Сүйүүгө туруктуу эмес ар бир адам. / Деген сөзгө кошуласыңарбы? Аси.
ОП-123-136. Козучакта жашап жаткан апам Айгүлдүн келе жаткан туулаган күнү менен кутуктайм! 0777448ххх.
ОП-123-137. Сен үчүн эмне гана кылбадым, / Сүйүүм даңктап мен жар салып ырдадым. / Сүйөм сени койгун мени кечирип,/ Сен сүйбөсөң, сүйө берем мен сени. / Арнайм сага жүрөктөн чыккан ырларым, / Аси.
ОП-123-138. Келеби деп көчөлөрдү караймын, / Эркелешкен күдөрүмдү самаймын. / Эркин басып көчөлөрдөн көчөгө, / Эми качан колдоруңдан кармаймын? / 0779022ххх.
ОП-123-139. Узун бойлуу, чачы узун, ыймандуу кыздар менен таанышам. Жашым 20да. 0700743752.
ОП-123-140. Кыргыздын ыймандуу балдары менен таанышам. 1995-жылкымын. 0779022183.
ОП-123-141. Байдылуу жайлоосундагы атам Сүйүндүккө, апам Керезге, сиңдим Бурулсунга, иним Нурчикке ысык салам! Ар даым маңдайыбызда аман болуңуздар! Балдарыңыз.
ОП-123-142. Миң-Булак айылыныдагы чоң энем Анипага. Байкем Айтбекке, жеңем Кундуз, балдары Чыңгыз, Илгиз, Жылдызга жана сиңдим Кузяга ысык салам! Каникулду жакшы өткөргүлө! Небереңер.
ОП-123-143. Нарын шаарындагы Асан Үсөнов атындагы Нарын Облсуттук мектеп лицей интернатын бүтүрүп жаткан Нурсултан иниме ийилик! Өзүң каалаган жогорку окуу жайын тапшырып, келечекте өз кесибиңди мыкты билген адис бол каражан! Туугандарың.
ОП-123-144. НОМЛИнин бардык бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалайм! Эжеңер.
ОП-123-145. Кыргызстандын бардык жактарындагы бүтүрүүчүлөргө ак жол! 0554126ххх.
ОП-123-146. Сырдашкың келсе мага чал! Назик кыз.
ОП-123-147. Куйбышевдеги кудагыйыма салам жолдойм! Балдарыңыздын маңдайында аман болуңуз! Кудачаңыз.
ОП-123-148. Кыргызстанда тынчтык болсунчу! Патриот.
ОП-123-149. Референдумга баралыбы достор? Патриот.
ОП-123-150 . Мекага, Эляга, Сезимге чоң салам! Кара корооз.
ОП-123-151. Баарыңар эле акын болгону калгансыңарбы? Ырларыңардын кээ бир өтө жакшы экен. 0557126ххх.
ОП-123-152. Леди Гуличка жоголдуң го. Барсыңбы? 0779516ххх.
ОП-123-153 . Билал козуну ким көрдү? 0779516ххх.
ОП-123-154. Келгиле баарыбыз биригебиз! Бөлүнгөндү бөрү жейт. 0775148ххх.
ОП-123-155. Обондун жамаатына салам! Калемиңер курчуй берсин! Башка бир да гезит силердикине жетпейт. Материалдарыңар ушунчалык жакшы. 0555981ххх.
ОП-123-156. Кыздар менен таанышам. Номериңерди гезитке калтыргылачы. Нурик.
ОП-123-157. Кундуз, фигураң сонун ээ? Алтынбек.
ОП-123-158. Кундуз эже, чакырсам чай ичкени келесизби? Айка.
ОП-123-159. Кыргыздын жигиттерине эч ким тең келе албайт. Айка.
ОП-123-160. Азаматсыңар кыргызымдын жигиттери! Биз силер менен сыймыктанабыз! Кыргыз кыздары.
ОП-123-161. Студенттер, сессияңар бүтүп, жыргап эле калдыңарбы ыя? Мен дагы силердин катарыңардамын. Жакшы эс алгыла. Жалко студент.
ОП-123-162. Мен качан окууну бүтөм? Ушинтип эле 9-класс боюнча жүрө беремби? Окуучу.
ОП-123-163. Көңүлдү ача турган, жарп жаза турган анекдот билсеңер жазбайсыңарбы досторики? Жаңы СМСчи.
ОП-123-164. Апам Айзаттын туулган күнү менен кутуктайм! Кызыңыз.
ОП-123-165. Ырлардан дагы жаза бергилечи достор! Айка.
ОП-123-166. Мен дагы силердин катарыңарга кошулгум келип жатат. Эмне кылам ыя? Жаңы СМСчи.
ОП-123-167. Ысыкта Көлгө түшкүңөр келип жатса меникине конокко келгиле. Жаңы СМСчи.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-июнь, 2010-ж.:
1-бет
КУРМАНБЕК БАКИЕВ АЗЫР ТАМАКТЫ ӨЗҮ ЖАСАЙТ
2-бет
Нурайым Азыкбаева:
"Атамдын тарбиясы менен энемдин төрөтү бирдей"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Биринен-бири өтүп...
5-бет
Эриккенби дейм...
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Жарык дүйнөнү көрбөй калганыма кайгырбайм"

7-бет
АКЫЙ, АКЫЙ, АКЫЯ!
8-бет
Аскат Мусабековдун патриоттук сезими күч алып…
9-бет
Айымдардын мүчө-келбетине карап мүнөзүн аныктайбыз
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Сезимай Алиева
13-бет
Гипноз ооруга жардам берет
15-бет
Обон почта
16-бет
Наргиза Абдраева, ырчы:
"Актриса болгонду каалабайм"











??.??