п»ї

  Сырмаек

Нурайым Азыкбаева:
"Атамдын тарбиясы менен энемдин төрөтү бирдей"
Кыргызда "Аккан арыктан суу агат" деген сөз бар эмеспи. Элибиз таланттуу улан-кыздардан уучу кур эмес. Алардын катарында ата жолун жолдоп, түрлүү аспаптарда ойногон Нурайым Азыкбаева да бар. Нурайым учурда "Наристе" тобун ачып, жаш таланттарды таптап жаткан учуру. Анда колуна аспап кармап чоңойгон Нурайымдын кызыктуу маеги назарыңыздарда.

- Нурайым, жаңы топ ачканыңа эмне түрткү болду?
- Ойлонуп көрсөм "Эне-Сай" тобунда баарыбыз үй-бүлөбүз менен иштейт экенбиз. Жөнөкөй эле мисал, мен атамды башкара албайм да. Чыгармачылык жактан атам экөөбүздүн пикирибиз, көз карашыбыз такыр эки башка. Мен бир чыгарманы айтып аны заманбапташтырып чыгаралы десем, атам макул болбойт. Анын айткандарына мен көнө бербейм дегендей… Анын үстүнө үй-бүлөлүү байкеме да "мындай кылабыз" деп айтуу оңой эмес. Ошон үчүн мага илхом бере турган, мен билгендеримди үйрөтө турган, кичинекей балдарга арнап "Наристе" тобун ачууну туура көрдүм. Азыр окуучуларым көбөйүп калды, бир жумада үч жолу сабак алып турушат.
- Топту жетектегенден сырткары дагы эмне менен алексиң?
- Сессиямды бүтүп алдым. Консерваторияда талап катуу, эгер башка окуу жайда билим алсам окуп барып же башкача жол менен деле бүтүрмөкмүн. Бирок, бизде сөзсүз бир аспапта ойношуң керек. Чуркап жүрүп, эс албай даярданып жатып сессиямды ийгиликтүү тапшырып алдым. Учурда ырдап чыгайын деп сүйүү темасына арналган ыр жаздырып жатам.
- Чет өлкөлөргө көп чыгып жүрөсүң, ал жактан тилчилик милдетти ким аткарат?
- Улуу байкем англис тилинде жакшы сүйлөйт. Бизге которуп, биз каалаган нерселерди сурап берип турат. Мен убактымдын тардыгынан англис тил курстарына бара албай жүрөм. Канча убактан бери жогорку деңгээлде сүйлөгөнгө аракет кылам, бирок... эми буюрса аракетимдин акыбети кайтат деген үмүттөмүн.
- Байкашымча, атаң тартипке катуу окшойт?
- Бизди кичинекей кезибизден баштап эле төгүлүп-чачылып эркелетип, мактачу эмес. Чоң кишиге жасагандай мамиле кылчу. Азыр деле ошонусунан жазбайт. Кокус бир ийгиликке жетишип калсаң, "азаматсың" дейт, ошондо да "мунуң менен чектелбе" деп айтканга үлгүрөт. Экөөбүз башынан бери эле кесиптеш катары сүйлөшөбүз, ошого көнүп да калыптырбыз. Мени эки-жакка көп жибербейт. Апам ортого түшүп, "кызың чоңойбодубу, бой жетпедиби" деп суранып жатып барышым мүмкүн. "Ал жакка кимдер барат экен, ким жеткизип келет" деп ойлонуп жатып жиберсе жиберет, жибербесе жок. Курбу кыздарым "келбейсиң, тоотпойсуң" деп таарынышат. Кеп анда эмес, болгону атам чын эле тартипке катуу.
- Андай учурларда жеңенин жардамы тийчү эмес беле?
- Жеңем менен мамилем жакшы, өзү орус чалыштардай жүрөт. Ал деле "Ииий, ата, эми барып келсин. Жиберип коюңузчу" деп жакшы эле айтат. Бирок, атам "жо-ок, турмушка чыкканда күйөөсү менен каалаган жагына барсын. Азыр мунун жоопкерчилиги менин мойнумда" деп ошондо да моюн бербейт. Анын үстүнө жеңем кайнатасынан айбыгып көп деле сурана албайт. Бирок экөөбүз сырдашып отуруп калганда "сага боорум ооруп жатат" деп жан тартып калат. Себеби, жеңем да меникиндей катуу тартипте өсүптүр.
- Атаң дагы кандай талаптарды коёт?
- Эрте туруубузду талап кылат. Өзү таңкы саат төрттө турат да аспаптарын колго алат. Бул адатынан такыр жазбайт. Бизди кичине аяганыбы, билбейм, саат алтыда тургузат. "Эрте турсаңар көп нерсеге жетишесиңер" деп көп айтат. Чын эле байкап көрсөм ошондой экен. Анан тамакты бат-баттан жегиле деп айтат. Негизи эле атам убакытты баалаган жан. Бир да мүнөтүн текке кетирбейт. Мен кечкисин кафеде ырдап, эртең менен сабакка жетиде туруп баратсам, "кийин турмушка чыкканда деле уктаганга жетишесиң, мен сендей кезимде саат жетиде консерваторияда болуп калчумун" дейт. Ага караганда апамдын мүнөзү жумшагыраак. Бизге жан тартып болушуп турат. Иним Нурсултан кээде кечке чейин аспапта ойноп чарчайт да, апам болушуп "бул бала да ойноп келсин" десе "азыркы убакта балалыктын эмне кереги бар, убакыт өтүп жатпайбы" дейт анда да. Анан да "жасап кой" деген тапшырмасын убагында аткарбасаң бирөө үчүн баарыбыз тил угабыз.
- Өзүңдүн балалыгың кандай өттү эле?
- Мен алты жашыма чейин чоң апамдын колунда өстүм. Куурчак ойногонум деле эсимде жок. Жаңылышпасам кичинемден бери эле куурчактын ордуна колума аспап кармап чоңоюптурмун. Мен Нурсултанды жакшы түшүнөм, ал ойногусу келет, бала да. Кээде атаман суранып жатып жиберем. Ал дагы убагында келбей кечке чейин ойноп кетип калат, атам мени "мына, аяп жибердиң эле, убактысы өтүп кетти, каякта жүрөт" деп урушат.
- Катуу тартипте өссөң жигит менен сүйлөшкөнгө кантип убакыт табасың?
- Чынын айтсам убактым да жок. Ачылып-чачылып жигитим бар деп айтуудан алысмын. Бирок, акыркы күндөрү бир адам пайда болду. (Күлүп) "Алам" деп жүрөт, мамилебиз кайсыл нукка бурулаары азырынча белгисиз.
- Сенин жүрөгүңдү бийлегиси келген мырза кандай сапаттарга ээ болушу керек?
- Эң негизгиси мүнөзү жакшы болсо болду. Азыркы турмуштун агымынан калбай, оокатка тың эле болгону жакшы. Менин чыгармачылыгыма кайдыгер карабашы керек, үйдө отуруп калышты каалабайм. Шаардын да, айылдын да турмушун билген жигитке жолуксам деп кыялданам.
- Айыл демекчи, оокатына кандайсың?
- Апам убагында элеттин турмушуна аралаштырып уй сааганды, дагы башка жумуштарды үйрөтүп койгон. Айылга барганда эки-жагын каралашып, билбегенимди сурап, үйрөнгөнгө аракет кылам. Тамак жасаганды жакшы көрөм. Өзүм кечкисин ресторанда иштеп тамакты түрү менен жегенге көнүп калган окшойм. Үйдөн да эринбей көңүлүмө эмне жакса ошол тамакты жасайм. Чөп-чар аралаштырып, салат жасаган жагат. Эмнегедир мен тамактын тузун өткөрүп жегенди жакшы көрөм, ушул жагынан атам экөөбүз окшошпуз. Тамак жеп жатканда да ачуу кошулмаларды аралаштырып жемейин ыраазы болбойбуз. Апам да иштеп, чарчап келет. Үйдө болгондо ага колуман келген жардамымды берем.
- Азыр деле атаң менен чогуу даярданасыңбы?
- Кийинки күндөрү "керек болсо өзүм барып билбегенимди сурап алам" деген принцип менен өзүмчө даярданганга өттүм. Бирок баары бир музыкант "фальшты" дароо угат экен. Мен коңшу бөлмөдө чертип жатсам, кирип келип "эмнеге бул жерин жакшы ойной албай жатасың" деп сурап калат. "Ошо жакшы кылганга аракет кылып жатпайымбы" дейм. Атамдын мага кыйкырып, урушуп салган күндөрү деле болгон, өзгөчө мен каалабаган чыгармаларды "ойно"деп кыйначу. Көңүлүң жок болсо ойдогудай болбойт эмеспи. Азыр болсо кичине эбиңе көнүп келе жатат. Кээде өзү менден кеңеш сурап калат.
- Сенин алган тарбияңда кимдин салымы көп деп ойлойсуң?
- Атамдын тарбиясы менен энемдин төрөтү бирдей деп ойлойм. Бизди атам апамсыз жалгыз он бир жыл бакты. Мен экөөнү талкуулаганга, кимисинин эмгеги көбүрөөк экенин таразалаганга акым жок деп ойлойм. Атамдын эмгеги чоң аны тана албайм, азыр болсо апам бизге көп эмгек жумшап жатат. Негизи мен апама жакынмын. Экөөбүз үй-бүлө, келечек тууралуу жакшы сүйлөшөбүз. Көп кеңешин айтат, алдыда экөөбүздүн чакан ишкана ачсакпы деген жакшы ниетибиз бар. Буюрса аны убакыт көргөзөт.

Анара Дүйшөналиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-июнь, 2010-ж.:
1-бет
КУРМАНБЕК БАКИЕВ АЗЫР ТАМАКТЫ ӨЗҮ ЖАСАЙТ
2-бет
Нурайым Азыкбаева:
"Атамдын тарбиясы менен энемдин төрөтү бирдей"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Биринен-бири өтүп...
5-бет
Эриккенби дейм...
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Жарык дүйнөнү көрбөй калганыма кайгырбайм"

7-бет
АКЫЙ, АКЫЙ, АКЫЯ!
8-бет
Аскат Мусабековдун патриоттук сезими күч алып…
9-бет
Айымдардын мүчө-келбетине карап мүнөзүн аныктайбыз
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Сезимай Алиева
13-бет
Гипноз ооруга жардам берет
15-бет
Обон почта
16-бет
Наргиза Абдраева, ырчы:
"Актриса болгонду каалабайм"











??.??