п»ї

  Маалымат майданында

Ошентип, 27-июнда Кыргызстанда референдум болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн тизмеге киргизилгендердин 69% ашууну референдумга катышты деп айтты. Референдумга жаңы Конституцияны кабыл алуу суроосу коюлду. Бирок, референдумду ар ким ар кандай кабылдап, бир тарап "Таза жана адилеттүү" өттү дешсе, экинчи тарап "Мындай мыйзам бузууну көргөн эмеспиз" дешти. Ар түрдүү пикирлер эртеси эле интернет барактарына жык толду...


Референдумдун эртеси...
Өмүрбек Текебаев,
Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орунбасары:
- Референдум өттү, жыйынтыгы жакшы. Чоң миграция жана оор саясий-коомдук кырдаалда шайлоочулардын 70 пайызынын келиши чоң активдүүлүк болуп саналат жана эл аралык байкоочулар менен өкмөт мүчөлөрү үчүн да күтүүсүз болду. Буга чейин референдумда мындай активдүүлүк болгон эмес. Бирок "эл биздин сунушту колдойт" деген ишеним бизде бар болчу. Көз карандысыз иликтөөлөр жүргүзүлгөн жана биз канча пайыз келээрин алдын ала билгенбиз. Ушинтип, эл жаңы өлкө, жаңы жашоо, тартип, мыйзамдуулук, коопсуздук, стабилдүүлүктү тандады. Бул элдин шайлоо жолу менен оор саясий чечимдерди чыгара алгандыгын көрсөтүп турат. Ошондой эле референдумдун жыйынтыктары -" өлкө экиге бөлүнөт, жок болот" деп айткан саясатчы, саясий серепчи жана башка ушул сыяктууларга татыктуу жооп болду.

Иса Өмүркулов,
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:
- Шайлоо участокторунда 18.00гө карата 229 миң шайлоочу добуш берди. Бул акыркы жылдарга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч.

Исхак Масалиев,
Кыргызстан Коммунисттер партиясынын лидери:
- Референдумда калыстык болгон жок, кээ бир жерде мыйзам бузуулар болду.
20 жылдагы тажрыйбаны пайдаланып референдумду өткөрүштү. Түштүктө Баткен областында 30% шайлоочулар болгон жерде 70-80%га жеткирүү аракеттери болгон. Бир-эки участкада мыйзам бузуулар боюнча так маалымат, протоколдор бар. Калган участкаларда байкоо жүргүзө албадык. Ошого таянып референдумда толугу менен калыстык болгон жок деген чечимге келүүдөбүз. Биздин партия негизинен референдумду өткөрүүгө каршы болуп чыккан. Азыркы учурда, кан төгүлгөн мезгилде референдумду өткөзүү туура эмес деп чыкканбыз.

Садыр Жапаров,
"Ата Журт" партиясынын лидери:
- Менин жеке оюм боюнча референдумда фальсификация болду, бизде андай фактылардын далилдери бар. Биз башынан эле Убактылуу өкмөт ушундай фальсификацияга барат, элдин көбү катышпайт деп айтканбыз. Көпчүлүк эл катышкан жок, мурдагы эле эки бийликтегидей "карусель" болуп, бусиктер менен бир жерге добуш беришет, анан кайра башка жакка барып салып, ошондой фактылар бизде бар. Ал фактылар видеожазууда турат. Азырынча ал видеоматериалдарды коомчулукка чыгарыштын деле кереги жок. Аны партиянын саясий кеңеши кандай чечим чыгарат, ошондо көрө жатарбыз. Референдумдун натыйжасы чыкканда, балким, билдирүү кылабыз, күтө турабыз.

Өмүрбек Суваналиев,
"Ата Журт" партиясынын лидери:
- Кыргызстандын тарыхында мындай болгон эмес. Эл документтери жок, каалаган жерде, каалагандай добуш беришти. Жер-жерлерде "айлампа" иштеп жатты, бир эле адамдар кайра-кайра добуш беришти. Райондордун администрациясы элди участокторго жеткирүү үчүн автобустарды бөлүп беришкен. Ошол эле убакта тизмелерден реалдуу шайлоочуларды алып салып атышкан. Кээ бир тополоңдон жабыркаган райондордо чоңдор ачык эле шантаж кылып жатышты, "гуманитардык жардам алдыңарбы, эми шайлоого баргыла" деп. Коопсуздук деген шылтоо менен урналарга адамдарды топ-тобу менен жетелеп барып жатышты. Ал эми бийлик болсо процесстин тазалыгын жана референдумду мониторинг кылуу мүмкүнчүлүгүн камсыздаган жок.

Динара Ошурахунова,
"Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" коомдук бирикмесинин башчысы:
- Референдум жакшы өттү, анча көп эмес бузуулар катталды, бирок жалпысынан одоно бузуулар болгон. Көбүнчө үй-бүлөлүк добуш берүү болду. Ош, Жалал-Абад областтарында шайлоочулар коопсуздуктарына тынчсыздангандыктан, үй-бүлөлөрүн үйдө таштап коюп, шайлоо участкаларына келип, алар үчүн шайлайбыз деп жатышты. Бирок, биздин байкоочулар буга бут тосушту. Жалпысынан шайлоочулардын референдумда активдүү катышы байкалды. Айрым бузуулар жалпы референдумдун натыйжасына шек келтире албайт. Биз референдумдун легитимдүүлүгүн кабыл алабыз жана анын натыйжасына ишенебиз.

К.Байболов, Жалал-Абад облусунун коменданты:
- Референдумга эл кызуу келип жатты. Мен өзүм алгачкылардан болуп шаардагы
№1-кесиптик лицейде жайгашкан №2098-участогунан добушумду бердим. Референдум - ар бир адамдын, ал кишилердин үй-бүлөлөрүнүн тагдыры экендигин, олку-солкулуктан чыгуунун бирден-бир жолу экенин эл түшүндү окшойт. Мына ушул абдан жакшы жөрөлгө жана жакшы көрүнүш.

Бектур Асанов, Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу:
- Референдум - бул Кыргызстандын тарыхындагы эң орчундуу окуялардын бири десем болот. Себеби, кыргыз мамлекетинин келечеги чечилип жатат. Мен да Кыргызстандын биримдиги, анын келечеги, бейпилдик, тынчтык үчүн добуш бердим.
БШКнын маалымдоосуна караганда, референдумдун жыйынтыгы бир жумадан кийин расмий түрдө жарыяланат.




  Сырттан сын

Дмитрий Медведев Кыргызстандын парламенттик республика болушуна каршы
27-июнь Кыргызстанда Референдум күнү Россиянын президенти Дмитрий Медведев журналисттерге Кыргызстанда өтүп аткан референдумга карата өз оюн айткан. Медведев Кыргызстандагы парламенттик республикага айлануу моделинен таасирдүү эч нерсе көрбөй тургандыгын билдирген. "Эми бул алардын иши дечи, бирок мен Кыргызстандын кошуна өлкөлөрүнүн биринин президенти катары тынчсызданып жатам. Кыргызстандын бийлиги өлкөсүнүн азыркы алсыраган абалын мурдагы калыбына келтире албай убара болушууда. Өлкөнү тынч абалга келтирүү алар үчүн кыйын болууда. Анткени бийлик легитимдеше элек. Анан кантип парламенттик республика болушат. Бул сценарийди ишке ашырыш үчүн алгач күчтүү, демилгелүү бийлик болуш керек" деген. Ошол эле мүнөттөрдө Кыргызстанда референдум жыйынтыкталып жатканынан кабардар болгон президент "Эми өтсө өтсүн, бирок шайлоо комиссиясы да өз жыйынтыгын туура чыгарыш керек. Кыргызстанды кандай жол менен башкарыш керек? -бул абдан чоң суроо" дегенине караганда, Кыргызстанда саясий күрөш катуу болот окшойт...

Жооп келиптир...
Министр эт үчүн эмес, эл үчүн жүрдү
"Калк кайгырып турса, Р.Момбеков "тайралаңдап..." аттуу макала "Обон" гезитинин 29-июндагы, 122-санына жарык көрүп, окурмандарга министр жооп берер деген таризде жыйынтыкталган. Окурмандарга министр Момбековдун "тайралаңдап" жүргөн себебин тактап коелу дедик. "Учурунда айтпаса сөз атасы өлөт" эмеспи.
"Үмүт кербени" маданий-саясый иш-чарасы тууралуу Убактылуу Өкмөт тарабынан атайын токтом кабыл алынып, алдыдагы референдумду ийгиликтүү өткөрүү максатында уюштурулган. Ал эми бул вазийпаны аткаруу Маданият министрилигине жүктөлүп, министр баш болуп акындар, ырчылар аймактарда болуп кайтышты. "Үмүт кербени" тууралуу басылмаларга далай маалымат берип келгенибизди айта кетүү оң.
Ал эми министр Момбековдун тай жегенине кызыкдар болгон аттуу-баштуу окурмандарга айтчу кеп, аймактарга барган өнөр адамдарын сыйлап, ак дасторконго чакырган атуулдарыбызга Маданият министрлиги тыюу сала албасын эскерте кетели. Албетте, кыргыз келген конокту казан асып, сыйламайынча кетирбейт да.
"Үмүт кербендин" Ысык-Көл жергесине болгон сапары 16-июнь Аза күтүү күнүнө дал келип, концерттик программа токтотулуп турган. Жалпы журт кайгырып турганда шаан-шөкөткө орун жоктугун Маданият министрлиги билбей калса, анда баш кеп эле.
Ошентсе да "Үмүт кербендин" өкүлдөрү барган жерлерде патриоттук духтагы, Ата Мекен, кыргыз эли тууралуу чыгармалары менен кыргыз калкына кайрат, дем берип келгенин баса белгилеп кетмекчибиз.
КРнын Маданият министрлигинин Басма сөз кызматы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-июнь, 2010-ж.:
1-бет
КУРМАНБЕК БАКИЕВ АЗЫР ТАМАКТЫ ӨЗҮ ЖАСАЙТ
2-бет
Нурайым Азыкбаева:
"Атамдын тарбиясы менен энемдин төрөтү бирдей"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Биринен-бири өтүп...
5-бет
Эриккенби дейм...
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Жарык дүйнөнү көрбөй калганыма кайгырбайм"

7-бет
АКЫЙ, АКЫЙ, АКЫЯ!
8-бет
Аскат Мусабековдун патриоттук сезими күч алып…
9-бет
Айымдардын мүчө-келбетине карап мүнөзүн аныктайбыз
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Сезимай Алиева
13-бет
Гипноз ооруга жардам берет
15-бет
Обон почта
16-бет
Наргиза Абдраева, ырчы:
"Актриса болгонду каалабайм"











??.??