п»ї

  Биринен-бири өтүп...

Кенжелердин парады…
Бул турмушта баары болот. Таарынышуу, эртеси кайра табышуу дегендей. Жүрөк "ким" деп соксо, ошол адам менен "эки бакыр, бир тукур болуп", бир үйдөн түтүн булатууга неге болбосун? Эки адам бири-бирин издешип жүрүп, акыры табышкан соң турмуштун кыйынчылыктарын тең көтөрүүгө бири-бирине убада берип жашап келишет. "Уккан кулакта айып жок" дегендей, кулагыбыз чалып калган кыргыздын атактуу мырзаларынан "кенже" жубайлары менен кантип таанышып, баш кошуп калганы тууралуу собол узаткан элек. Анан алардын аттары да Кенже экен десең.


Жамбул+Кенже
Жамбул Камчиев, куудул:
"Бирине байпак алсаң,
экинчисине да алышың керек"
- Менин экинчи жубайым Кенже Акcыдан болот. Менден болгону 22 жашка кичүү. Кенже менен Жалал-Абадда гастролдо жүргөндө таанышып калган элек. 5-6 ай бири-бирибизди аңдышып жүрүп үйлөнүп алдык. Экөөбүз баш кошкондон кийин гана Саруу уруусунан экенин билип калдым. Кенжемден бир кызым бар, экөө Жалал-Абадда жашайт. Байбичем болсо түшүнүктүү аял, андан эки уул бир кызым бар. Экөөнү жолугуштуруп койдум. Биринчи байбичем менен Кенжекем ырылдашты-чырылдашты, андан кийин тынчтанып унчукпай калышты. Азыр убактымдын көбүн талаалап, гастролдоп жүрүп өткөрүп жатам. Көрсө эки аял алуу эң кыйын экен. Кыргыздын жигиттерине айтып коёюн деп жатам: "Эки аял албагыла. Бул акмакчылык! Бул деген тозок!" Бирөөнө "турсий" алсаң, экинчисине да алышың керек. Бирөөнө байпак алсаң, экинчисине да алышың керек, бирдик салсаң, экинчисине дагы дегендей… Мен жетишкенине жетишкендей алып берем. Жетишпегенине "Алыбек алынча" дегенди колдонуп коем.


Ильяз+Кенже
Ильяз Агыбай уулу,
куудул:
"Кенже экинчи
аялым, биринчиси менен катташпайм"
- Куудул Ильяз Агыбай уулу да биринчи аялы менен оту күйүшпөй, Кенже жеңени алган экен: - Кенже экөөбүз илгери бир концерттерден таанышып калсак керек. Башкаларчылап жылдап, айлап сүйлөшкөн жокпуз. Мен Кенжени ырчы катары эле көрчүмүн. Анан бир күнү "кайф" болуп алы-ып базарда кетип атсам, алдыман чыкты. "Сен мага аял болосуң" десем, "Койсоңчу эй!" деди. Көрсө, иштеп кичине акча табайын деп жүргөн экен. Мен тамаша ирээтинде машинага салып алып үйгө алып барсам эле отуруп калды. Бирге түтүн булатып жатканыбызга жети жыл болуп калды. Үч балабыз бар, төртүнчүсү курсакта. А биринчи аялым менен катташпайм.


Бейшенбек+Кенже
Бейшенбек Бекешов, ЭлТР коомдук телеканалынын директорунун орунбасары:
"Ушуну кошпой
эле койгулачы"
Тележурналист Бейшенбек Бекешовдун да экинчи аялынын аты Кенже болуптур: Сурообузга - Ушуну кошпой эле койчу карындашым. Кенже экөөбүздүн отубуздун күйүшпөгөнүнө көп болду-деген жообун узатты.


Абдылда+Кенже
Абдылда Иманкулов, куудул:
"Аялымдын
Кенже экенин
силерге ким айтты?!"
Куудул Абдылда Иманкуловдун да экинчи жубайынын аты Кенже экендиги тууралуу эшиткенбиз. Абдылда байке менен байланышсак, аялынын аты Кенже эмес экенин баса белгиледи: - "Менин аялымдын аты Кенже экенин силерге ким айтты?! Аялымдын аты Кенже эмес".


Чубак+Кенже
Чубак Сатаевдин баласы Кубаныч, ырчы:
"Ал атамдын экинчи аялы да"
Легендарлуу ырчы Чубак Сатаевдин да экинчи аялынын аты Кенже болгонун угуп, уулу Кубаныч Сатаевден сураганыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди: - Кенже эже менен баягы күнү эле жолуккам. Ал атамдын экинчи аялы да. Ошондой болсо да мамилебиз жакшы. Саламыбыз түз дегендей. Атам экөө жети жыл бирге жашашкан.


Зайнидин+Кенже
Зайнидин Иманалиев, комузчу:
"Бири-бирибизди аяп жүрүп…"
Комузчу Зайнидин Иманалиевдин экинчи аялы ырчы Кенже Кубатова экени баарына маалым болсо керек. Ошентсе да, Зайнидин байкенин өз оозунан Кенже жеңе менен кантип баш кошуп калганын уктук: - Жашаганыбызга алты жыл болду. 2001-жылдан 2005-жылга чейин гастролдо ага -карындаштай эле чогуу жүрдүк. Ошол учурда Кенженин дагы турмушу чалыштап калды, меники дагы ошол сыяктуу болчу. Тагдыр деген ушу экен, бирибизди-бирибиз аяп жүрүп, баш кошконго туура келди. Эки кыздуу болдук. Улуу кызым үчкө чыкты, аты Төрайым, кичүүсү бир жарымда, аты Мырзайым. Кочкордо иштеп, ушул жакта жашайбыз. Кудайым буюрган турмушту көрүп жатабыз. Ушу кезде турмушка да, тагдырга да таарынычым жок. "Түштүктүн диалектиси" менен айтканда, турмушума курсантмын. А чоң балдарым менен катташам. Алар бул жакка келип-кетип, ал-ахыбалымды сурап турушат. Байбичем менен болсо катташпайм. Эгер катташа турган мамиледе болсом, а киши менен бөлүнүшүп эмне кылмак элем.


  Икая

50 жылдык сылык мамиле
Бир киши аялдан-аял алып, турмуштан жолу болбой жүргөн болот. Ошентип жүрүп он аял кетирет. Бир күнү досу келип, анын кайгырып отурганын көрүп ичинен муңайып, досун аяп кетет. Эртеси эле өзүнүн биртууган карындашын досуна алып берет. Карындашынын тарбиясы жакшы, ыймандуу абдан сылык кыз болот. Ошентип досу менен карындашы бирге түтүн булатып жашап калат. Экөөнүн үйлөнгөнүнө туптуура 50 жыл болуп, "алтын тоюн" белгилеп, дасторкондо отурганда аялы ойлонуп: "50 жыл бою өзүм жакшы көргөн нандын кытыраган жерин жебестен, абышкама берип келдим. Бул жолу өзүм жеп койсом эч нерсе болбостур" деп, нандын кытырагын өзүнө алып, жумшак жерин абышкасына берет. Ошондо абышкасы, байбичесинин колунан назик өөп: - Менин кымбаттуум, сен бүгүн мени абдан кубантып турасың! -деген экен. Көрсө, тескерисинче абышкасы нандын жумшак жерин жакшы көрчү тура. Муну ал "аялым нандын жумшак жерин жакшы көрсө керек" деп 50 жыл унчукпай жүрүптүр. А аялы "нандын даамдуу кытыраган бөлүгүн абышкам жесин" деп кам көрчү тура.


Төлөбүбү Касымалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-июнь, 2010-ж.:
1-бет
КУРМАНБЕК БАКИЕВ АЗЫР ТАМАКТЫ ӨЗҮ ЖАСАЙТ
2-бет
Нурайым Азыкбаева:
"Атамдын тарбиясы менен энемдин төрөтү бирдей"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Биринен-бири өтүп...
5-бет
Эриккенби дейм...
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Жарык дүйнөнү көрбөй калганыма кайгырбайм"

7-бет
АКЫЙ, АКЫЙ, АКЫЯ!
8-бет
Аскат Мусабековдун патриоттук сезими күч алып…
9-бет
Айымдардын мүчө-келбетине карап мүнөзүн аныктайбыз
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Сезимай Алиева
13-бет
Гипноз ооруга жардам берет
15-бет
Обон почта
16-бет
Наргиза Абдраева, ырчы:
"Актриса болгонду каалабайм"











??.??