п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Чиркин, шоола …

Тилек Алиев, музыкант:
"Жарык дүйнөнү көрбөй калганыма кайгырбайм"
Тилек Алиев көзү жок болсо да көкүрөгү жарык, жан дүйнөсү бай адам. Ал өмүр деңизинен өзүнүн татынакай аралын таба билди. Жаркын дүйнөнүн шооласы буюрбаса да, бакыттын шооласына окуу жана эмгек менен жолукту. Бишкек мэриясы жыл сайын майыптар күнүндө өткөрчү фестивалдын башкы уюштуруучусу жана музыка мугалими. "Кудай сүйгөн пендесине оору менен жакырлыкты берет" деп айтылат хадисте. Балким биз, алты саны амандар, убакытты, таза денди, өмүрдү баалаганды Тилек Алиев сыяктуу оптимист адамдардан үйрөнүп жүрбөйлү?..

"Төрт жашымда көрбөй калдым"
Тоң районунун Ак -Өлөң айылында 1949 - жылы туулгам. Төрт эркек, үч кыз болуп 7 биртууганбыз. Кичинекей кезимде өтө алыстан эмес, жакыныраак жерди көрчү элем, төрт жашыман баштап көрбөй калгам. Көрсө, мен глаукома деген көз оору менен ооруптурмун, азиздердин 70 пайызы ушул оорудан улам көрбөй калышат экен. Мен көзүмдөн ажырагандан кийин атам Бишкектеги сокур балдардын интернаты жөнүндө сураштырып билип, мени шаарга окутам деп камына баштады. Апам ыйлап, каршы болсо "кой, окусун. Эркек бала да. Бу дагы үй-бүлө күтүп, өзүн багышы керек" деп мени интернатка сегиз жашымда берди. Ал жерде 11 жыл окудум. Интернаттагы мугалимдерибиз бизге тамак жасаганды, ашканада кандай жүргөндү, отуруп-турганды, басканды, кыскасы өзүбүздүн денебизди оорутуп албай, аярлап жүргөндү үйрөткөн. Интернатты аяктагандан кийин борборубуздагы музыкалык педагогикалык окуу жайынын хор дирижеру жана баян боюнча төрт жыл билим алдым. Окууну бүткөнчө группалаштарым менен чогуу жатаканада жашадым. Көчөдө балдар менен кетип баратканда жолдон бурулуп же токтой турган болсок, чыканагы менен түртүп белги берип коюшчу. Алар менен чогуу шарактап, ойноп-күлүп кете берчүмүн.

"Көздүү аял алып, төрт кыздуу болдум"
Үчүнчү курста окуп жүргөндө менин тагдырымда чоң өзгөрүү болду. Биздин окуу жайда окуган жаш селки экөөбүз сүйүшүп калдык. Ал көздүү, жөнөкөй кыргыз кызы эле. Кылган мамилесине, сүйлөгөн сөзүнө ашык болуп үйлөндүм. Экөөбүз сегиз жылдын ичинде төрт кыздуу болгон соң, тагдырдын буйругу менен эки башка жолго түштүк. Ортобузда төрт кыз турганда жолукпай коюшка мүмкүн эмес экен. Кыздарымдын тойлорунда, башка жакшылыктарында азыркы аялымды да ээрчитип барам, ал кызганчаак эмес да. Биринчи аялым келет, үчөөбүз тамашалашып, кадимкидей ал-жай сурашып чогуу отурабыз. Кыздарымдын баары мугалимдик кесиптин ээлери, төртөө тең турмушка чыгып, балалуу-чакалуу болушту.

"Азыркы жубайым тубаса азиз"
Азыркы жубайымдын аты-жөнү Ольга Карловна, өзү немец кызы. Оля тубаса азиз болуп төрөлүптүр. Менден тогуз жашка кичүү. Бу дагы сокур балдардын интернатында окуп, андан кийин музыкалык педагогикалык окуу жайын аяктаган. Биринчи турмушумдан ажырашып, бойдок жүргөндө, Фучикте дудуктар менен сокурлардын жатаканасы бар эле, жумуштан кийин көңүлдүү убакыт өткөзөйүн деп, ал жакка көп барчумун. Ольга ошондо жашачу. Анан, мунун көзү көрбөсө да оокат кылганга тың экенин байкап (тамашалай) "кой, кокуй кармайын" деп, бат эле үйлөнүп алдым. Кыргыздын салтын, шартын бүт билет. Кыргызча сүйлөй албаганы менен баарына түшүнөт. Камыр ачытып торсойгон, даамдуу нан бышырат. Мына, жаңы эле жаап бүттү, жүрүңүз балкондо болушу керек, сизге көрсөтөйүн. (Экөөбүз балконго барып, Оля жеңенин балпайган нандарын көрдүк А.Б.) Кирди өзү жууп, таңдайды такылдаткан тамак жасайт. Бизде деле казан-аяк кагышат дечи, бирок, Оля (дагы тамашалап) мени аралаштырбай, жини келгенде чыны-аякты өзү сындырат. 1979-жылы уулдуу болгонбуз. Уулум татар кызга үйлөнүп бизди Элдар аттуу неберелүү кылган. Былтыр балама 6-кичи райондон там алпергем, уул - келиним өзүнчө турушат. Неберем төрт жашта, үйгө келгенде "аташка, кел күрөшөбүз" деп кечке мени менен күрөшөт, экөөбүз бийлейбиз, ойнойбуз.

"Оорулуу балдарды окутам"
Буга чейин 33-мектепте сабак берчүмүн. Азыр мектепке алынбаган оорулуу балдардын менчик мекемеси бар. Ошондо музыка - терапиядан сабак берем. Алар аң-сезими чектелген балдар болгондуктан бир музыканы көпкө кайталаган соң гана кабыл алышат. Көбүнчө Чайковскийдин "Аккуу көлү" сыяктуу классикалык музыкаларды угузам. Ар кандай ырларды үйрөтөм. Окуучуларымдын 95 пайызы 7-8 жаштан 30га чейинки орустар, кыргыздар беришпейт да. Бул жерге денеси туура эмес өнүгүп, башы чоңоюп кеткен, же сүйлөй албаган, бирок, кулагы уккан, элден жатыркап, жалкып турган ар кандай оорулар менен ооруган балдар келишет.

"Светофору жок жолдон өткөндөн кыйналам"
Биз, азиздер, Луи Брайл ойлоп тапкан, Брайл тамгалары менен китеп окуйбуз, жазабыз. Бул китептер Россиядан келет. Мурун "сүйлөөчү китептерди" кассета менен уксак, азыр компьютер аркылуу угабыз. Жубайым экөөбүздүн убактыбыз чектелүү, ал күндүзү тиркеме кагаздарды чыгарган ишканада иштейт. Кечинде тамактангандан кийин дүйнөлүк адабияттарды окуйбуз, "сүйлөөчү китептерди", радиодон берилген концерттерди, жаңылыктарды угабыз. Жумушка кадимки эл жүргөн маршрутка менен барам, бирок, шаардын көчөлөрүндөгү жолдордон өткөндөн кыйналам. Светофор бар жерден да жеңилирээк, айрым көчөлөрдө бузулуп калган же такыр эле жок да болуп калат. Мына ошондо бизге абдан кыйынчылык туулат. Дагы жакшы, шаардын тургундары жолдон өтүүгө жардам беришет.

"Көрбөй калганыма кайгырбайм"
Бир жерге барып калганда мени адамдар таза эле эркелетип, көзүмдү карап, жетелеп кирип, жетелеп чыгып калышат. Алардын мени аяп аткандыгын мен түшүнөм да: "Мага бир-эки жолу көрсөтүп койгула, андан ары өзүм таап көнүп кетем" дейм. Кээде (күлүп) айрымдары такыр эле колтугумдан катуу мыкчып алат. Көзүмдүн көрбөй калганына кичинекей чагымда да, кийин да кайгырган жокмун. Буга өзүм да, оюм да көнүп калган. Эмне кылабыз, бу да болсо кудайдын сыноосу. Атам көптү билген, келечекти көрө билген киши экен, менин болочок жашоомду ойлонуп, окутуп койгонуна абдан сүйүнөм. Болбосо, сокурлардын 90 пайызы иштебей үйүндө отурушат. Алардын көбү окуган эмес, же дагы башка себептери бар. Менин бир досум дайыма телефон чалып, "мен да сендей болуп окуп алсам болмок экен" деп катуу өкүнөт. Менин татыктуу досторум көздүүлөрдөн, көзсүздөрдөн да бар. Досу жок адамды бактысыз деп эсептейм.

Занипа Алиева, карындашы:
"Байкемдин көзү көргөндө чыгаан уул болмок"
Апамдын айтканына караганда байкем төрт жашка чыкканда көзүнө конок конуп, врачтарга алып барса "кийин келгиле" деп, арадан убакыт өткөндөн кийин барса,"кеч болуп калыптыр" деп коюшкан экен. Апам байкуш дүйнөдөн кайтып кеткенге чейин байкемдин ушундай болуп калганына өкүнүп, ыйлап жүрүп өттү. Азыр атам экөөнүн тең көзү жок. Биринчи жеңеме үйлөнгөндө атам менен апам аябай сүйүнүп: "сокур балага көзү бар кыз тийет деген не шумдук?" дешип, чоң той өткөрүшкөн. Жеңем төрт кыз төрөгөндөн кийин кетпей деле койсо болмок экен, балким уулдуу да болушат беле. Эми, ачык айтканда байкемди чанып кеткендей эле болду. Жеңем менен ажырашкандан кийин байкем биз айылдан келгенде: "жүргүлө кыздарды көрүп келели" деп бизди жеңемдин төркүнүнө ээрчитип барчу. Барсак кайненеси байкемди такыр кетирбей, бузулуп калган муздаткычын, үтүгүн, электр приборлорун алып чыгып баарын оңдотуп калчу. Байкем, ак көңүл да, карыган кишинин көңүлүн калтыралбай, айткандарын жасап берчү. Тилек байкемдин көзү көргөндө кыргыздын бир чыгаан уулу болмок деп ойлойм. Көзү көрбөсө да өтө билимдүү. Мына, менин айылдан келгениме эки күн болду, кечинде экөө "сүйлөөчү китептерин" угуп атканда кулагың тунуп калат. Жеңем биз келгенде эч жумуш кылдырбайт, уктаарда балпайта калың төшөк салып берип, кардай аппак шейшептерге жаткырат. Таза, сарамжалдуу, адамкерчиликтүү. Айылга түлөө, той -ашка барып калышканда "мен да кылыша коеюн" деп тынч отура албайт. Биз болбой отургузуп коебуз. Байкем экөө айына 8 миң сом алышат экен, анын баарын азык-түлүккө салышат. Базарга барганда бир кап туз, ун, 10-20 кило май ж.б. кылып, жарым жыл, бир жылдык тамак-ашын камдап алышат. Тилек байкемен улуу байкебиз каза болуп калгандыктан азыр Тилек байкемен кеңеш сурап турабыз.

Афина
Бакирова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-июнь, 2010-ж.:
1-бет
КУРМАНБЕК БАКИЕВ АЗЫР ТАМАКТЫ ӨЗҮ ЖАСАЙТ
2-бет
Нурайым Азыкбаева:
"Атамдын тарбиясы менен энемдин төрөтү бирдей"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Биринен-бири өтүп...
5-бет
Эриккенби дейм...
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Жарык дүйнөнү көрбөй калганыма кайгырбайм"

7-бет
АКЫЙ, АКЫЙ, АКЫЯ!
8-бет
Аскат Мусабековдун патриоттук сезими күч алып…
9-бет
Айымдардын мүчө-келбетине карап мүнөзүн аныктайбыз
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Сезимай Алиева
13-бет
Гипноз ооруга жардам берет
15-бет
Обон почта
16-бет
Наргиза Абдраева, ырчы:
"Актриса болгонду каалабайм"











??.??