п»ї

  Тентек соболдор

АКЫЙ, АКЫЙ, АКЫЯ!
Өнөрпоздорубузду "акый" айттыралы дедик. Биринчиден, аял-эркекке болгон "ич күптүсүн" чыгарып алышсын десек, экинчиден, "нукура тилибизге түшүнүшөр бекен…" деген тымызын ой бар эле. Жыйынтыгында мырзаларыбыз өз бийиктигинен түшпөй, айымдарыбыз бир аз таарынычын айтып алышты. А бирок… тил жагынан эки өкүлдөр тең аксаганын айтпай кетүүгө болбойт.


Бул суроону кандай түшүнөсүз?
"Коён карыйт тууттан…"
Кубик Калыков, куудул:
- Менин оюмча коёнду биздин аялдарыбызга салыштырып атсаңар керек. Илгери биздин энелерибиз 15-20дан бала төрөгөн. Аял киши төрөгөндөн картайып кетпейт, тескерисинче жашарат. Мен биздин күйөөгө тийбей туруп, улам аборт кылдырып, ден-соолугунан, сулуулугунан ажырап, өздөрүнүн эрте картаюусуна шарт түзгөн селкилерге жогорудагы суроонун түздөн-түз тишеси бар деп ойлойм. Ата-энелер дагы перзенттүү болгондон кийин, баланы эркин коюп койбой, жоопкерчилигин моюнга көтөрүп, туура насаат менен чоңойтуш керек.


"Кочкор карыйт кууттан…"
Райхан Абдувалиева, ырчы:
- Кеп "бабник" эркектер жөнүндө болуп атса керек. Эми, буларың табиятынан ушундай аял жандуу болуп жаралышат окшойт. Өз аялынан башкага кызыкпагандар 10% эле болсо керек. Ошондо дагы чырайлуу кыз көрсө көз кыйыгын таштап өтөт эмеспи. Бир ыплас көрүнүштөн катуу ирээнжиген элем. Алтымыштан ашып калган курсактуу кишинин жанында небересиндей болгон кыз курсагын сылап, сакалынан жыттап отуруптур. Тиги кишинин акчалуу экени көрүнүп турду. Мындай "кочкорлордун" көбөйүшүнө биринчиден, аялдар өзүбүз, экинчиден, коом күнөөлүү.Эгерде аял жылмаңдаган мырзаларды жанына жолотпой, таза жүрсө баркы бийик болмок. Илгери бизге жигиттер бир жолугуп, сүйлөшүш үчүн эмне деген азаптарды көрчү эле. Азыр аялдардын баркы өтө төмөнгө түшүп кетти. Өткөндө деле Оштогу туугандарым "14-15 жаштагы жаш кыздарды энесинин көзүнчө зордуктагандар болду" дешти. Муну ким кылды? Баягы эле эркектер.


"Каныкей, Жаңыл, Мөөрлөр "лифчиксиз" эле сымбаттуу көрүнгөн"
Камчы Сарыбаев, актёр:
- Жантай хан Ак Мөөрдү сууга түшүп аткан жеринен көрүп сүйүп калса, Түлкү баатыр Жаңыл Мырзаны от жагып отурганын көрүп ашык болгон. Илгери айтылуу сулуулардын "лифчиксиз" эле көрктүү көрүнгөнү чын, ал кезде лифчик жок болсо эмне кылышсын? Азыр шоу-бизнестеги айымдар, өзгөчө чет өлкөлүктөр "төш капсыз" эле "рекорд" коюп жүрүшпөйбү. Айрым айдоочулар жолдон өтүп бараткан аялдардын "ошонусун" көргөндө эрип кетип аварияга учургандары да дайым болчу көрүнүш дешет.


"Абийириң жапсаң боло"
деп Ай турду көктө шылдыңдап. (Аңгибек ойлогон: "эч ким жок".)
Назира Жетигенова, куудул:
- Кыргызда "Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа" деген сөз бар. Эркектердин көзүнө бирөөнүн аялы кыз көрүнүп кетет эмеспи. Өз аялы "Алганга чейин алтыным, алгандан кийин катыным" болуп…Дагы бир жинге тийген "макал" таап алышыптыр: "кечке эле манты жей беребизби?" деген. "Табият бизди ушундай жараткан. Тиги досторум деле ушинтип жүрбөйбү" деп өзүн жаман адамга салыштырбай өз мээлери менен иштеш керек. Кокустан аялы күйөөсүнүн кылыгын билип калып "кетем" деп коркутса: "кетсең кете бер, азыр аял көп, эркек аз" деп "чым" этип коюшпайт. Андан көрө балдарынын энесин сыйлап жашасын, бузук кылыктарын аялы көрбөсө да, (күлүп) терезеден ай көрүп коёт экен.


"Сары кыздын сандарына жаз келди!"
Жаныш Момунов, ырчы:
- Күн жылыганда кыздардын юбкалары түрүлүп, буттары күн көрүп, этектери кыскарып, "миниге" айланат эмеспи. Мага кыска кийинген кыздар жагат. Бирок, намаз окугандар же улгайып бараткандарга өөн көрүнүшү мүмкүн. Айымдардын аппак сандарын балкайтып көрсөтүп жүрүшкөндөрүн көптөр "ыймансыздык" деп эсептешет. Кээ бирөөлөр бар, жарашпаса деле элди туурап тайтайып кыска кийип алат. Негизи эле кыздарга айтар кеңешим - жалбырактан юбка кийбегиле, эчки жеп кетсе туралбай же отуралбай айлаңар кетет.


"Мурду тешик болсо да, Муктар бульдог үрсүнчү!"
Алтынай Нарбаева, ырчы:
- Бул соболуң биздин "Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" деген макалдан улам окшойт. Байдын балдарынын ичинде да тарбиялуу, маданияттуулары көп эле. Биз, артисттер, тойго ырдап барып калганда же башка жерлерде ар кандай адамдар менен жолугуп калабыз. Ошондой кезде акыл-эси кем бай уулдары ырчыларды "сен кимсиң?" дегенсип, кекирейип, басынтууга аракет кылган учурлар болот. Мен андай жерде чыдап туралбайм, бетке чабар мүнөзүм бар. "Сенин 4 кабат үйүң болсо, менин жан дүйнөмдө 20 кабат мунара бар. Сенин колуңда акча саман болсо, менин жан дүйнөмдүн байлыгы ааламга сыят. Өз чеке териң менен таппаган дүнүйөгө манчыркап, атаң мингизип койгон эки машинага көппөгүн!" деп кагып таштайм.


"Биз жетпес кыздар бирди эле төрөгүчө"
Жолдошбек Жанжигит уулу, актёр:
- Бул эми "мышык майга жетпей сасык дейт" деген сөз да. Кыздар ким сүйсө эле ошого жеткире берсе иш өлбөйбү! Дүйнөлүк сулуулар суктантып, бирок "кармалбай" койгону үчүн шедевр чыгармалар жаралган. "Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт". Арабыздагы өзүнүн сулуулугуна кам көрбөй койгондорду кошпогондо, сулуулардын таскагы ошо күйөөгө тийип, төрөгөндөн кийин чыгат да. Мисалы, менин аялым жыл өткөн сайын сулуу болуп, жашарып баратат. Мен жакында "Аялымды кайра сүйө баштадым" деп ырдап чыккан атам.


"Конок… конок… деп
койсо шымын чечет…"
Дилшат Кангелдиева, ырчы:
- Кыргыз эли конокко пейилин ачып, колунда болгонун чачып бир сонун мамиле кылат эмеспи. Биздин сулуу, сулуу кыздарыбыз корей, түрк, кытайлардын түрү суук жигиттерине тийип, же алардын акчаларына алданып денелерин арнап атышканына ичим ачышат. Бул бир чети биздин каржы маселесиндеги жакырлыгыбыздан улам да болуп атат. Мисалы, арабдардын кыздары башка улутка тийбейт. Анткени, араб кыз өз улутундагы жигитке тийсе, алардын жашоосуна жакшы шарт түзүп берүүгө мамлекети милдеттүү. Аларда ушундай мыйзам бар экен. Эгер бизде дагы ушул сыяктуу пайдалуу мыйзамдар жаралса, биздин кыздарыбыз да акчанын кулу болушпай, өз мекенинде жыргап жашамак.


Асмат Жылдыз




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-июнь, 2010-ж.:
1-бет
КУРМАНБЕК БАКИЕВ АЗЫР ТАМАКТЫ ӨЗҮ ЖАСАЙТ
2-бет
Нурайым Азыкбаева:
"Атамдын тарбиясы менен энемдин төрөтү бирдей"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Биринен-бири өтүп...
5-бет
Эриккенби дейм...
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Жарык дүйнөнү көрбөй калганыма кайгырбайм"

7-бет
АКЫЙ, АКЫЙ, АКЫЯ!
8-бет
Аскат Мусабековдун патриоттук сезими күч алып…
9-бет
Айымдардын мүчө-келбетине карап мүнөзүн аныктайбыз
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Сезимай Алиева
13-бет
Гипноз ооруга жардам берет
15-бет
Обон почта
16-бет
Наргиза Абдраева, ырчы:
"Актриса болгонду каалабайм"











??.??