п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Шоу дүйнө

Аскат Мусабековдун патриоттук сезими күч алып…
Ырчы жигит Аскат Мусабеков мамлекеттин келечегине кайдыгер карабастыгын мындан билиңиз, 27-июнь күнү таң эрте туруп референдумга катышып, үйүндө уктап жаткан жоро- жолдош, тааныштарын ойготуп, референдумга катышууга үндөгөн.


Эми кечирим сурасын!
Өзбекстандын Эл артисти Юлдуз Усманованын Ош окуяларына арнап, өзбектерге кайрат, кыргыздарга наалат айтып, кыргыздын кымызын келеке кылып, элин ыймансыз кылып ырдаганы жалпы кыргыз коомчулугун кыжырдантып, айрыкча жаштарды чоң дүрбөлөңгө салды. Адатта элчи менен ырчы кандай гана кырдаал болбосун калыс баасын берүүсү тийиш болчу.
Өзбек ырчысынын бул жоругуна КРнын Маданият министрлигинде атайын жыйын өткөрүлүп, эксперттик комиссия түзүү пландалыптыр. Комиссияга кыргыздын белгилүү композиторлору, министрликтин өкүлдөрү бекитилип, КРнын Тышкы иштер министрлигине атайын кат жолдомой болушуптур. Ал эми комиссиянын чыгарган чечими тууралуу толук маалыматты жакында Маданият министрлиги коомчулукка жарыялаарын айтты.

Жеңишбек Айтиев борборго көчүп келди
Оштогу башаламандыктан тажаган ырчы жана куудул Жеңишбек Айтиев борборго көчүп келди. "Оштогу окуялардан кийин, ал жерде жашаш абдан оор болуп калды, тополоң башталганда эле үй-бүлөмдү бул жерге жиберип ийгем, эми өзүм дагы толугу менен көчүп келдим. Бишкектин бир бурчунан үй алып, турукташып атабыз. Жашоомду жаңы барактан баштайын деп атам. Өлкөдөгү кырдаал оңолсо, элим тынч болсо деген эле тилек" -дейт.
Учурда Жеңишбек Бегимай Бекбоева менен биргеликте тамаша - интермедияларды, ырларды жазып жатат.

Назгүл Насиева кой союп, куран окутту
Продюсер Назгүл Насиеванын демилгеси менен чыгармачыл адамдар "Жылуу суу" эс алуучу жайына барып, кой союп, түштүктөгү курман болгондорго куран окутушту. Ырчы Азиза шакарап жасап, Замир Мырза самоорго чайды буркуратып кайнатса, Роза Шакирова менен Назгүл Насиевалар "Учур" театрынын жетекчиси Шаршебек агай сойгон койдун ичегисин артышты. Алишер Тоотаев баш куйкалап бүткүчө, куудул кыз Назира Жетигенова дымдама бышырганга үлгүрдү. Ал эми Назгүлдүн жолдошу Кубан түлөө бүткүчө отун ташып жүрдү. Түлөөгө кеткен чыгымды Назгүл жана анын курбу кыздары алган.


Ильяз Андаш туулган күнүндө…
Жаш ырчы Ильяз Андаш 30 -июнда 22 жашка чыгат. Туулган күнүн бирге окуган, чогуу өскөн жакын достору менен Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрөт. Ильяз "Досторуман эч кандай белек күткөн жокмун, болгону менин туулган күнүм аларды чогултканга себеп болот" дейт. Ошентип, Ильяз өз колу менен шашлык жасап жеп, көлгө чумкуп, энергия топтоп келмекчи.


Жаным Айзат дагы эле…
Учурда студенттер окууларын бүтүрүп, бири айылга жөнөсө, бири иш менен алек болуп, кайрадан жаңы окуу жылына даярдык көрө баштаган кездери. Жай айы ортолоп калганына карабай жаш ырчы Жаным Айзат дагы да болсо сессиясы менен алек. Чыгармачылык менен алпурушуп жатып, окуусунан аксап, сессиясынан "хвост" калган көрүнөт.


Таттыбүбү кайрадан студент
"Кабарлар" радиосунун оош -кыйыш, ачуу-таттуу турмушту чагылдырган "Жашоо" программасынын алыпбаруучусу Таттыбүбү Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу окуу жайына өтүп, кайрадан студент болду. Эми күз айларынан баштап билек түрө окууга киришет. Татына аялзаты Турсунбаеванын атын алып жүргөн Таттыбүбүнүн 2- июлда туулган күнү. Өздүк күнүн жалаң журналисттик кесипти аркалаган курбу кыздары менен өткөрүүнү пландап, ал эми жигитинен ойго келбеген "сюрпризди" күтүүдө.





Бир ырдын тарыхы:
Атантай Акбаров:
"Кат жазсам согуш болуп кетчүдөй"
Бир убакта Айчүрөк Иманалиева, "Айкөл" тобу жана Элмира Кайып кызы ырдап жүргөн сөзү, обону Атантай Акбаровго таандык "Өзүңдү сүйдүм" - деген ыр абдан популярдуу болуп, жаштардан тартып, улуу муунга чейин кыңылдап ырдап жүргөндөрү анык. Аруу сезимди даңазалаган ыр саптары өзгөчө сүйүшкөндөрдүн жүрөгүнөн түнөк таап, алардын девизи да болуп калган десек болот. Анда ошол ырдын пайда болуу тарыхына көз жүгүртсөк.


- Бул ырымдын жаралышына өзү айтып тургандай эле сүйгөнүм себепкер болгон. Студент кезимдеги ашык болгон кызым, азыркы жубайым Өктөмгө арнаган элем. Анда эмне биз жаш, күлкүлдөп жүргөн кезде сүйүүлөр күч алып турган убак. Ошондо чогуу окуп жүргөн курсташыма ашык болуп атпайымбы. Биз социализмдин учурундагы балдар болгондон кийин сезимибизди ачык айта албай, кат жазсам согуш болуп кетчүдөй сезиле берчү. Биз курсташ болгондуктан сабактарыбызды дагы чогуу окуучу элек, бири-бирибизге жардам берип, темаларды талкуулап, айтор сабак боюнча дайыма бирге жүрчүбүз. Мен жакшы окугандардын катарында элем, айына 46 сом стипендия алчумун. Бир күнү өзүмө өзүм сөз берип, "Өктөмгө барып колун сурабасам дагы жок дегенде сүйүүмдү билгизейин"- деп чечтим. Бешинчи март күнү эртең менен эрте туруп, Өктөмгө белек алдым. Анда азыркыдай белектердин кооздолгон түрлөрү жок, ошол кезде аркасында атыры куюлган ручкалар жаңы чыгып аткан, ага китеп кошуп, анын ичине "позолоченный" шакек салдым дагы баардыгын шылдыраган "целлофанга" ороп, чөнтөгүмө салып алып жөнөдүм. Баргандан кийин белегимди бергенге эрким жетпей, ошентип үч күн жүрдүм кыйналып. Барып сабагымды окуйм, кайра кетип калам. Катып келген белегимди бергенге күчүм жетпей, алсыздыгыма жиним келип, өтүмүм жок болуп, сөз айталбаганым үчүн өзүмдү жемелейм. Айтчу сөздөрүмдү улам кайталап, өзүм менен өзүм сүйлөшүп коем. Анан 8-март майрамы да кирип келди. Баягы белегимди көрүнөө көтөрүп барсам, Өктөм, "бул белек магабы?" -деп шар эле сурап ийди. Анан "ооба сага алдым эле" -деп колуна карматтым да бетинен өптүм. Бергенден кийин көл- шал болуп тердеп, кубарып, сүйүнгөнүмөн көзүмөн жаш чыкканы эсимде. Жеңилденип алгандан кийин камдап келген сөзүмдү айттым. Менин сөздөрүмдү кабыл алып, бири-бирибизди түшүнүп калдык. Ошондо кубанычың койнуңа батпай турган кезде ыр саптары дагы өзүнөн өзү куюлушуп келет экен. Алгач жазганымда өзүмө жакпай, аны миң өзгөрткөм.

Нургүл Ибраева




  Сен сүйгөн

"Обон"
Добр
"Кыргыз"
Сөзү: автордуку
Обону: автордуку
Мен Кыргызмын, мен, мен алга кыргыз калкым,
Мен кыргызмын, улуу кыргыз бойдон келет калгым.
Кыргыз улут кыраан, кыраан жигиттерге бай келген,
Ырас, ырас эле кыргыз болуп жаралган экем.
Кылым карып бирок кыргыз кыргыз бойдон калган,
Мен миң өлүп, миң тирилген мен ушундай калкмын.
Баатыр Манас атам болгон ал менин гана атам,
Миң талашып, миң кырылгын Манас кыргыздан чыккан.

Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.

Кыргыз элим илгертен, баатырларга бай келген,
Кыраан, кыраан жигиттерди элим баалап даңк берген.
Кыргыз элим намыскөйлүү намысына бек турган,
Кылым карып жылдар өтүп алдын көздөй умтулган.
Баатырыбыз Манас чыккан баатыр болгон баласы,
Арасынан кыргызымдын чыккан Тайлак баатыры.
Аргай жеринен жеримдин ар ким жети жагынан,
Чыккан Байтик баатырыбыз Курманбегибиз, Шабдан.
Чыккан экен баатырыбыз Атаке, Эр Табылды,
Кыраан күчтүү болгон экен Балбай деген баатырым.
Кожомкулдай күчтүү балбаныбыз чыккан кыргызда,
Баатыр энелерим болгон Курманжан Даткабыздай.
Эне баатыр Жаңыл Мырза менен чыккан Кыз Сайкал,
Айта берсек эч түгөнгүс азыр деле көп алар.
Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис,
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.
Кайырма
Жагабы жакпайбы сага улутум болсо кыргыз,
Мен кыргызмын жакшы көргөн беш бармак менен кымыз.
Күндөп, түндөп Манас айткан, укмуш черткен комузду,
Күлүк атты мендей чапкын көрдүңбү жер кооздугун.
Мен кыргызмын Ала тоолук ак калпак баса кийген,
Бийик койгон өз тилимди өз элиме ийилген.
Кыргыз деген улутум менин кырылгыс эч качан,
Мага каршы чыкпа сендей миң душманымды кыргам.
Кыраан, кыраан жигиттерим менин эр жүрөк келген,
Мен кыргызмын намыскөйлүү намысыма бек келген.
Болом өтө конок пейил мейман тоском илгертен,
Кылам дегенимди кылган улут болом билбесең.
Кыргызымдан өнөр чыккан миң тарапка тараган,
Өнөрлөрүн өргө чапкан жазуучу акындардан.
Токтогулдай төкмө чыккан суудай төккөн ордунан,
Улуу Чыңгыз жазуучубуз чыккан дүйнө тааныган.
Акын чыккан Алыкулдай, Аалы, Жоомарт, Мидиндей,
Саякбайдай манасчыбыз чыккан экен элимде, эй!
Төкмө акын Жеңижоктойлордон канчасы чыккан,
Сүрөт тарткан Сүймөнкул Чокморовдой болгон адам.
Сүйүп күйүү эл жерине кылып кеткен кызматын.
Бекем эске тутуп алгын ал Исхак Разаковду,
Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис,
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.
Ала-Тоолук, улуу элиме эч бириң теңелгис
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-июнь, 2010-ж.:
1-бет
КУРМАНБЕК БАКИЕВ АЗЫР ТАМАКТЫ ӨЗҮ ЖАСАЙТ
2-бет
Нурайым Азыкбаева:
"Атамдын тарбиясы менен энемдин төрөтү бирдей"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Биринен-бири өтүп...
5-бет
Эриккенби дейм...
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Жарык дүйнөнү көрбөй калганыма кайгырбайм"

7-бет
АКЫЙ, АКЫЙ, АКЫЯ!
8-бет
Аскат Мусабековдун патриоттук сезими күч алып…
9-бет
Айымдардын мүчө-келбетине карап мүнөзүн аныктайбыз
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Сезимай Алиева
13-бет
Гипноз ооруга жардам берет
15-бет
Обон почта
16-бет
Наргиза Абдраева, ырчы:
"Актриса болгонду каалабайм"











??.??