п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кыялыңан сенин…

Айымдардын мүчө-келбетине карап мүнөзүн аныктайбыз
Ар бир аялзаты өз алдынча сулуу, бири-бирине окшошпогон өзгөчөлүктөргө ээ. Бирөөнүн жүзү, бирөөнүн көзү, бирөөнүн жан-дүйнөсү дегендей…Психологдор айымдардын мүчө-келбетинен улам анын мүнөзүн аныктоого мүмкүн экенин айтып келишет. Биз да шоу-чөйрөсүндөгү бийкечтердин мүчө-келбетин байкап көрдүк. Ал эми мүнөздөмө алардын кулк-мүнөзүнө шайкеш келээр-келбесин өздөрү жана жакындары билсе керек.


Алмурут формасындагы мүчө-келбет
Жамбашы кең, үстүңкү бөлүгү ичкерээк келген айымдардын мүчө-келбети алмурут формасына кирет. Алмурут формасындагы келбеттин ээлери өзүнүн ички туюмуна караганда башкалардын пикирине көбүрөөк кулак түрүшөт. Мындай айымдар бут-тосууларга бат жеңилишет. Карьера жаатында бири-бирин түшүнгөн, колдогон коллективде өздөрүн ыңгайлуу да, бактылуу да сезишет. Тескерисинче, интрига көп жерге туш болсо жемин оңой жедириши мүмкүн. Алмурут формасындагы айымдар үчүн жашоонун маңызы - сүйүүдө. Төшөк жаатында өнөктөшү тарабынан орой мамилеге кабылгандан коркушат. Өз күчүнө ишенген, суудан кургак чыкканга жөндөмдүү эркектер - мындай айымдардын идеалы. Шоу чөйрөсүндө мындай мүчө-келбетке ырчылар Азиза, Айя Садырова, Айгүл Чаловалар ээ.


Тик -бурчтуу мүчө келбет
Ийиндери менен жамбашы бирдей өлчөмдөгү айымдар тик бурчтуу мүчө-келбеттин ээси. Өзүнө караганда айланадагылар үчүн көбүрөөк кам көрүшөт. Кимдир-бирөөлөр тарабынан кысымга кабылышса өздөрүн коргош үчүн түркүн жолго баруусу мүмкүн. Үй-бүлөдө "рулду" өздөрү башкарып, оңой менен өнөктөшүнө лидерликти алдырышпайт. Сезимтал, боорукер, чыдамкай, сабырдуу эркектер мындай түрдөгү айымдардын жүрөгүн багындыргысы келсе, көп эмгек жумшаганга туура келет. Анткени, мындай айымдар оңой менен эркектерге ишене беришпейт, эгер көңүлүнө кимдир-бирөө жакса аны узак убакытка, түркүн жол менен сынашы мүмкүн. Актриса Элина Абай кызы , Бактыгүл Бадыева жана Мэри Шакулинанын мүчө-келбети көбүрөөк тик бурчтууга окшош экенин байкалып турат.


Үч бурчтук мүчө-келбет
Бул мүчө-келбеттин катарын Ташкент кызы Гүл, Бегимай Эсенгулова, Айгерим Расул кызы толуктайт. Ийини жамбашынан чоң бийкечтер бир аз мерез жана эрки күчтүү келишет. Алдыдагы максаттарына жетүү үчүн көп нерсени курмандыкка чалышы да мүмкүн. Психологдордун изилдөөсүнө таянсак, үч бурчтуу мүчө-келбетке ээ айымдардын көбү бийликти жакшы көрүшөт. Кээде ар жакта ийгиликтин учкуну көрүнүп турса эркекке тийиштүү жумушту жасап, жоопкерчиликти мойнуна алганга да даяр. Бирөөнүн кылган ишине так, туура сын айтуудан качышпайт. Булардын бирден-бир артыкчылыгы - кылган жакшылыгын эч кимге, эч убакта милдет кылышпайт.


Кум саат формасындагы мүчө-келбет
Эркектердин кыялындагы мүчө -келбет. Ийни менен жамбашы бирдей, бели ичке айымдар. Жеке мамилени, алыш-катышты баалашат. Сүйүүгө кабылса ошол адамдын ишенимине киргенге болгон мүмкүнчүлүгүн жумшашат. Тил табышууга жөндөмдүү келгени менен, булар бал тилге бат кирип, бат алданышат. Үй-бүлө менен карьераны чогуу алып кеткенге анча жөндөмсүз, эгер карьера же бир гана үй-бүлө менен алек болушса жасаганынан майнап чыгышы мүмкүн. Адистердин айтымында, кум саат формасындагы айымдардын көбү карьерага умтулушат. Эркектердин бүйүрүн кызыткан кум саат формасындагы мүчө-келбетке Анжелика менен Айпери Кубик кызы ээ.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
29-июнь, 2010-ж.:
1-бет
КУРМАНБЕК БАКИЕВ АЗЫР ТАМАКТЫ ӨЗҮ ЖАСАЙТ
2-бет
Нурайым Азыкбаева:
"Атамдын тарбиясы менен энемдин төрөтү бирдей"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
Биринен-бири өтүп...
5-бет
Эриккенби дейм...
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Жарык дүйнөнү көрбөй калганыма кайгырбайм"

7-бет
АКЫЙ, АКЫЙ, АКЫЯ!
8-бет
Аскат Мусабековдун патриоттук сезими күч алып…
9-бет
Айымдардын мүчө-келбетине карап мүнөзүн аныктайбыз
10-бет
Махабат майданы
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Сезимай Алиева
13-бет
Гипноз ооруга жардам берет
15-бет
Обон почта
16-бет
Наргиза Абдраева, ырчы:
"Актриса болгонду каалабайм"











??.??