п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Омор Султанов, КР эл акыны:
"Кандай сезсем ошондой жашагым келет"
Акын Омор Султановдун керемет ырларына бир нече обончу кайрылган. Анын башында Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдер болгон. Бул улуу обончулардын ырларын сүйүп уккандардын айрымы ошол саптардын автору ким экенин билбей калышы мүмкүн. Ошондуктан мындан кийин кээде байкабай калган эмгектерге көңүл бура жүрүш үчүн ушул рубриканы ачтык.

Акындын китептери
"Ашуу төр", "Дүйнө", "Аралдар арасында", "Чарчоонун жүзүнчү ыры", "Жылдыздуу түндөр", "Адамдын турмушу", "Тоо күндөрү", "Жан берели сүйүүгө"ж.б.

- Рыспай Абдыкадыров менен болгон чыгармачылык байланышыңыз качан башталды эле?
- Рыспай "Алмашымдан" кийин менин "Биз экөөбүз" деген текстиме обон жазган. Ал кезде биз бири-бирибизди таанычу эмеспиз, китебимди окуп, 5-6 текст тандап алып, беш-алтооно тең удаа обон чыгарып жибериптир. Андан кийин телефондон, кийин жүзмө-жүз тааныштык. Ошол кезде Рыспай дагы ашыктыкка катуу таасирленип жүргөн кези экен, ага менин лирикалык ырларым шайкеш келип, көңүлүнө аябай жаккан окшобойбу. Рыспай жаңы обон жазып бүткөндө түнкү үчпү, төртпү ага баары бир эле, дароо мага телефон чалып "жаңы обонумду укчу, кандай экен?" дечү эле. Учурунда ага эмне үчүндүр биздин чоңдор каршыгып, өчөшүп жүрүштү. Же ким кыйын чыгып келатса ошонун артынан түшүп алмай биздин салтыбызбы, билбейм.
- "Биз экөөбүздүн" тарыхын айтып бербейсизби?
- "Биз экөөбүз" дешип гезиттерде рубрика, радиодо уктуруу бар экен. Кээде акындарга ушундай бир төп келген саптар түшүп калат. Бул ыр аябай жакшы көргөн селкиме арналган. Ал да мени өтө жакшы көрчү эле. Эми аны ачык айтканда болбойт. Сүйүүнү аздектебесең көңүлү калып качып кетип калат, жанагы "сүйүү түгөндү" деген сөз ошондон чыгат да.
- Асанкалый Керимбаев да сиздин көп ырларыңызга обон жаратты эле. "Ак булуттар" деген ырыңызга обон жазып, сизге угузганда, сизди ыйлап жиберген дешет?
- Асанды мен биринчи көргөндө колтойгон кыяк көтөргөн, кичинекей сары бала эле, нота билчү эмес. Өзүң суроо бергендей биз "ыйлашканда" экөөбүз көлдө элек, көлдүн жээгине басып бардык. Маанайыбыз эң сонун болчу, тоодон таякем келип калып, аны да ээрчитип алганбыз. Асан колунан кыягын түшүрчү эмес, таштын үстүнө көлкөйүп отурду да:
"Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүм, өткөрбөдүм эмнелерди?
Адашып келдим мында сүйгөнүмдөн,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи?!"

деп созуп атып ыйлап жиберди. Кээде ырчы жүрөгүн берип ырдаганда, өзүнүн тагдыры менен ырдын мааниси жуурулуша түшкөнсүйт да, карасам таякем да ыйлап атат, аларды көрүп менин да көз жашым агып…Ошентип мас болбой туруп буркураганбыз.
- Асан обончу сиздин "Жылдызым учат зуулдап" деген ырыңызга да обон салбады беле, ал обон сизге башында жаккан эмес деп айтышат?
- Ким айтат? Мен эч качан Асандын обондорун жактырбай койгон эмесмин, тескерисинче анын бардык обондорун баалачумун. Асандын ырлары түбөлүктүү ырлар, ал эң мыкты обончу эле, эрте өлүп кетти. Дүйнөдөн кайтарына жакын "Мен өлөм, ошондо менин сөөгүмдү "Акбулуттар" менен узаткыла" деп айтыптыр. Сөөгүн туулган жери Токтогулга алып кетишти, мен барбай калдым. Жакындары "керээзин аткардык" деп келишти. Рыспайды да, Асанкалыйды да ичкени үчүн урушчумун. Катуу-катуу айтып койгон учурларым да болгон, экөөнүн тең көзү өтүп кеткенден кийин ошол жемелегенимди эстеп алып ичим ачышып, өкүнүп жүрдүм. Эми жаман болсун дебейсиң да, "балким, эбептен-себеп болуп, ушундан кийин ичпей токтоп калабы" деп ойлойсуң. Сезимтал жандар сүйүнсө да, кайгырса да токтоно албай кетип, күчүн шараптан чыгарышчу окшойт.
- Обондуу ырларыңызды өзүңүз укканда кандай сезимде каласыз?
- Жакшы же жаман абалда калышым - ал аткаруучунун деңгээлине жараша болот. Айрым ырчылар бар, обонун да, текстин да бузбай жакшынакай аткарышат. Мен ырларымдын ар бир сөзүн жатка билем. Кээ бири обонду же текстти бузуп ырдайт, ошол учурда бирөөлөр менен олтурган болсом аябай уялам.
- "Омор Султановдун "Сен жөнүндө поэмасы" нечен сулууга арналган. Бирок, окурмандарга бир гана селкиге арналгандай сезилет" дегендери чынбы?
- Кыздын баарын сүйө берсе сүйүүнүн тамыры жок болуп калбайбы.Эми эки-үчөөнү жакшы көрүшүң мүмкүн, бирок, негизинен сүйгөнүң бирөө эле болот. Мурунку ырларды окусаң сүйгөн кызын "аркар көз" деп сүрөттөшөт. А чын эле ошол кыздын көзү аркардыкындай болсо "страшный" болуп калбайбы. Кудай билет, анда ал кызды сүйөт беле. Менин лирика жаратуудагы негизги максатым - аялзаттын сулуулугун, сырткы келбетин эмес, ички сезимимди, махабатты даңазалагым келди.
- Сизге бир суроо бергим келет, сиздин азыркы курагыңызда сүйүү болушу мүмкүнбү?
- Сөзсүз да, ал өчсө акын киши кошо өчкөнү эмеспи. Кээде ушундай бир ирмемдер болот, сулуулукка ушунчалык суктанганыңдан көзүңдөн жаш чыгып кетет. Анан өзүңдүн азыркы курагыңды эстейсиң... Негизинен мен курагымды эстеп, ага капаланбайм деле. Менин куракташтарымдын көбү андайды "уят" деп ойлошот экен, а мен кандай сезсем ошондой жашагым келет.




"Ак илбирстин тукумун" тарткан оператор Нуртай Борбиев
Тарткан тасмалары
"Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымы", "Азият"(казак тасмасы), "Маңкурт" (түркмөн тасмасы)ж.б.
Жалпы саны
Толук метраждуу кинолору 7-8
Документалдуу фильмдери 150-200


Нуртай Борбиев, оператор, Б.Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр институтунун окутуучусу:

"Кино - кино эмес, кыйноо"
"Операторсуз кино жаралбайт"
Азыр эчтекени билбей айылдан келген балдар бир-эки жолу сьёмка тартып көрүп, андан кийин чоң кинону тартканга кошулуп атышат. Бул - кинону оператор эмес, камера тартып калды деген кеп. Ушинтип жүрө берсек биздин маданият өлөт. Мисалы, театрда деле бир аз көпчүлүккө катышып алып, анан баш каарманды ойноп чыга калат, актёрлор режиссёрго айланып кетип атат дегендей…Операторлук деген чоң кесип да, операторсуз кино жаралчу беле. Буга өзгөчө көңүл бөлүү менен терең билим алып, майда сьёмкага көнүп, анан чоң киного аттаныш керек. А бизде сөздүн ачыгы - жаштардан жакшы операторлор жок, чыныгы, фанат операторлорубуз карыды-арыды, операторлор бизде калбай калды.

1983-жылы май айында башталган кино 1984-жылдын февраль айларында ийгиликтүү аягына чыккан.

"Актёрлорубузду өлдү деп ойлогонбуз"
Июнь айында тоодо кар жатат. Сьемканы баштарда тырмышып, улам ылдый тайгаланып атып араң чыгабыз. Жанагы Сайкал апа Манас айткан эпизодду эле бир ай жүрүп тартканбыз. Күндүн суугу чучугуңду какшатат, консерва жейбиз, картошка, капуста бышпайт. Ал эпизод бүткөн соң Кожожаш менен Касенди көчкү басып калган жери бар эмеспи, аны 15 күн тарттык. Вертолет тоого таштап кетти, тоонун бийиктиги 5000-4800 метр. Түнкүсүн иттин терисинен, тооктун, өрдөктүн жүнүнөн жасалган, кийип уктай турган мүшөктө (спальный мешок) башыбызды чыгарып коюп жатабыз. Ошондо да үшүйбүз титиреп. Анан көчкүнү тарта турган болуп калдык, альпинисттер көчкү түшүрө турган жардыргыч заттарды даярдап, биз болсо көчкү түшсө эле тарта коюуга даярданып, камера менен шыкаалап калдык. Бир убакта кар акырындан куюлуп келатат, жанталашып тартып баштадык, көрсө берки баланын камерасы иштебей калыптыр. Аңгыча көчкү күү менен келип чет жагы эки актёрубузду басып калды. "Кожожаш менен Касенбиз өлүп калды окшойт, кино аягына чыкканы калганда куурабадыкпы" деп жаныбыз чыгып кетти. Бир убакта суурулуп чыга калышса, сүйүнгөнүбүздөн жүрөгүбүз жарылып кете жаздаган.

"Бөкөндөр жипке чалынып жыгылган"
Бөкөндөрдү аябай кырган жерибиз бар эмеспи, а чындыгында андай кырылган эмес. Бөкөндөрдү кубалап аткылаганда ошонун баарын тартуу мага кыйыныраак болду. Анан аркандарды катар-катарынан талаага болжолсуз узун кылып кердирип, "эми бөкөндөрдү аркандарды көздөй айдагыла" дедим. Байкуштар удургуп качып келишип, жипке чалынып оңко-чоңкосунан кеткенде экрандан мылтыктардын окторунан жыгылгандай көрүнүп калган.

"Бир таанышым дечү эле"
"Ак илбирстин тукумун" тартып бүткөн соң эки ай катуу ооруп айыктым. Көрсө муундарымдын баарына суук тийиптир. Тартып бүткөндөн кийин азап-тозогунун баары артта калып, тасма сонун көрүнүп калат. Кино жаатында иштеген бир таанышым "Кино -кино эмес, кыйноо. Кино - кино эмес, сволочь!" деп айтчу эле.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Үнүм менен үй-бүлөмдү багып келатам"
2-бет
Азамат Сарыбаев, ырчы:
"Үнүм менен үй-бүлөмдү да багып келатам"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
"Ударный" ушактар
5-бет
"Ударный" ушактар
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Айдай болгон Алмакан, ашык болдум сизге мен"

7-бет
Кинодогу "жуптар"
8-бет
Салтанат Саматова:
"Жолдошума мени сынатып эле койсо…"

9-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Медер менен дубль башталганда эле сүйүшкөн кыз-жигит болуп калабыз…"

10-бет
Омор Султанов, КР эл акыны:
"Кандай сезсем ошондой жашагым келет"

11-бет
Спорт-world
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Атактуулар ааламы
15-бет
Обон почта
16-бет
Жанызактан китептер:










??.??