п»ї

Сен жана мен
(Уландысы, башы өткөн санда)
Керегем сага айтам…

Дуулаттын отпускасы ортолоп калган кезде ал ата-энесине шаарга кайтаарын билдирди.
- Макул көрсөңөр биз эртең-бүрсүгүндөрдөн шаарга кайталык. Отпускам аяктай электе барып, квартира караштырып, көчүп алайын. Эми Эдил менен бир бөлмөдө жашай албайбыз да.
Муну уккан энеси чебеленип кетти:
- Ий, кагылып кетейин, мен силерди дагы көп жүрөт деп көңүлүм ток жүрсө.
Дуулат күлүп жиберди.
- Апам качан болбосун ушул сөзүнөн эч жаңылбайт. Алматыда окуп жүргөндө деле, кийин отпускалап келип, кетем деген күндөрү дайыма ушул сөздү айтчу. Көп эле жүрдүк го. Эми силерди жүдөтпөй кетели да. "Аял ал, аял ал, колунан чай ичип анан өлсөм арманым жок" дедиңиз эле, мына… Сизге чай сунуп жүрсүн деп атайын алып келдим, - Сүйгөнгө күлмүңдөй көз кысып, - калтырып кетем. Колунан чай ичип, экөөң жетелешип оокатыңарды кылып жүрө бергиле.
- Ооба, сен эле болсоң калтырып кал. Токмокко жетпей кайра тартаарсың, - чай үстүндө отургандар баары дуу күлүп калышты. Сүйгөн уялганынан башын жерге салып, жүзү албыра түштү.
- Тамаша, тамашасы менен… Ушинтип жадырап биздин маңдайыбызда эле ушул үйдө жашап, оокатыңарды кылып кетсеңер жакшы болбойт беле. Бирок, окуйм деп атайын беш жыл алыста саргарып жүрүп окуп алган соң, эми үзүрүн көрүп ошол кызматың менен иштеп элге алынып кет! Айылда эмне кылат элең? Бизди унутпай амандыгыбызды сурап, ээрчишип келип-кетип турсаңар эле бизге чоң каниет. Үйлөндүрдүк, бир парзыбыздан кутулдук деп атаң экөөбүз кудуңдап сүйүнүп турабыз, - энеси толкунданганын жашыра албай, жашылданган көз жашын жоолугунун учу менен акырын аарчыды. Дуулат ордунан тура калып, "апакелеп" мойнуна асыла кучактап бетинен өөп калды.
- Апаң сенден айлансын…
- Энең туура айтат, ата-энелик милдетибизден кутулдук. Эми энчиңди бөлүп берейин, ошол менен менден аласаң жок, - атасы сөзгө кошулду, - шаарда баскан-турганыңардын баары акча, жада калса сууңардан өйдө сатык. Мурун го жалгыз жанын багып кетет деп санаабыз тынчыраак эле. Эми бүлө күттүң. Мойнуңа каамыт илинди. Ушуну түшүнүп тыңыраак жашап кеткиле. Үй-жайың жок качанкыга чейин квартиралап жашамак элең. Мына колубузда эки жылкың, бир уй, эки торпогуң, он чакты кой-козуң бар. Кааласаң азыр алып кетип сатып, там караштырып, алып алсаң кандай болот? Шаардын сырт жагынан караштырсаң чаканыраак үй табылаттыр, же кандай дейсиң?
- Ой ата-а, рахмат! Бирок, мага силерден эч нерсенин кереги жок. Андан көрө өзүңөр оокат кылгыла. Мына,Кубат байкемдин балдары да чоңоюп келатат. Көп бүлөсүңөр. Өзүңөрдүн эле керегиңерге жараткыла. Тамды иштеп акча чогултуп деле алсам болот. Жумуштан да берип калышы мүмкүн.
- Сен бизди ойлобо, өз оокатыбыз өзүбүзгө жетет. Кубаттын өзүнүн малы бар. Бул сенин энчиң. Үйлөндүң, берип кутулуш менин аталык милдетим.
- Кереги жок деп ооз кесир сүйлөбөчү балам. "Дуулат үйлөнсө беребиз" деп кулун, музоо кезинен бери багып келатсак. Кудайым ошол тилегибизге жеткирген ушул күнгө миң мертебе тобоо. Атаң айткандай, тапкан-ташыганыңарды чогултуп кошуп, быйыл болбосо эмдиги жылдардан деле бир үй алып ал. Былтыр эле айттык элек болбой койдуң. Эми жалгыз бой эмессиң. Албайм десең таарынып калам.
- Койдум, койдум, алабыз. Бирок, быйылча эмес. Азыр үйлөр кымбат да. Мен дагы эки-үч жыл иштейин. Анан көрө жатаарбыз.
- Ии-и, ошондой десең… Баса, өкүл атаңар да бир торпок энчилебедиби. Анда "өзүңөр эле багып, чоңойтуп бергиле. Азырынча албайм" деп айтып кет. Азыр мал багыш деле азап. Ууру деген күч. Былтыр каратып туруп эле Эрмектин эки тайын карышкырга жедирип ийбедикпи.
Кечки тамак үстүндө Адамовдордун үй-бүлөсү аркы-беркини кеп салышып, көпкө олтурушту. Дуулат бүрсүгүнү жолго чыкмай болуп чечилди. Ата-энесинин кашында өзү да бир бүлөнүн башчысы катары кеп чечишип, олтурганына Дуулат ичинен корстон, көңүлү шат.
- Анда эртең эртелеп козуңарды союп коёлук. Каны сарыгып, тобоорсуп калсын. Ичеги-карын, баш-шыйрагын түштө салып, Эрмектерди чакырып чогуу тамактаналы. Боорсоктун камырын түштө жуурусак кечки салкында майга ары-бери чайкап тез эле бышырып ала коёбуз, - деп кайненеси күбүрөнүп, келин-уулунун кетээрин уккандан бери бир орунга отура албай күйпөлөктөп калды. Сүйгөндү жанына чакырып алып, "Бул силердики, таза карма" деп төшөк-жууркан шырдак-кийизин чоң жүктөн бөлүп алдыртып, өзүнчө бурчка жыйдыртып койду.
- "Балам кандай немеге тушугат болду экен? Ыймандуу бирөө болсо…" деп убайым тартып жүрдүм эле. Эми менин санаам тынч. "Ач калдыбы, жакасы кирдедиби" деп кейибейм. Эстүү жан экениң көрүнүп турат. Бир айтам, экинчи кайталабайм. Бул кемпир эмнени эле келжиреп, башымды оорутуп жатат дебей угуп ал. Аял болгон соң көтөрүмдүү, кечиримдүү бол. Аял кишиге көктүк жарашпайт. Акырын сүйлөп, аста бассаң көп нерсени жеңесиң. Анан таза бол. Үйүңдү да, өзүңдү да таза карма. Кооз көйнөгүңдү күйөөң үчүн кий. Күйөөңө жасан. Күйөөңдүн көзүн кубантып, эртең менен ишине жөнөтсөң, кечинде сага шашат. Сени көрүп, сени өпкүсү келет. Анан кээ бир келиндерчилеп тийдим, эми кайда кетет эле деп үйдөн түйтөйүп жүдөп, чачың таралбай, үйүң чачык болсо, бара-бара эркектин көңүлү калат. Сууйт. Үй-бүлөң бузулбасын десең, акыл менен иш кыл. Жүрөгүң менен сүй, ошондо ал сүйүүң кайра өзүңө кайтат.
Бул башымдан эмнелер кана өткөн жок. Жанагы эки жеңеңе деле ушул сөздөрдү айткам, алиги күнгө чейин айтып келем, жаман болгон жок. Бала-бакыралуу, очор-бачар жашап жатышат. Эми силер маңдайымда болбогон соң баламдын бутуна-бут, колуна-кол болуп, ынтымактуу жашап кетишиңерди бир кудайдан тиленем. Жыйырма жыл эне-атам жок деп жүрсөң, эми сага биз ата-энебиз. Сурасаң, болгон кеп-кеңешимди сенден аянбай калайын. Көзүбүздүн тирүүсүндө тирөөч болуп бере алабыз. Кокус, жазып-тайып ары карап кетсек, анда… Эки жеңеңди сыйлап ал. Билем, улуусунун кыялы чатагыраак. Бирок, анткен менен ак көңүл, бат жазылып иймей жайы бар байкуштун. Ортончусун өзүң көрүп, билип атасың, жоош момун жан. Эч нерсе менен иши жок, оокатын кылып жүрө берет. Бизди бапестеп багып аткан ошол. Дуулат окуп калган соң, баары бир айылга турбайт деп, Кубатым үйлөнгөндө бөлгөн жокпуз. Эми неберелерди эрмектеп, минтип жашап атабыз. Айтаарым ушул балакетиңди алайын.
(Уландысы кийинки санда)




  Сезим серпиндилери…

Мен сизди сүйөм

Мен Сизди күнүгө көрөм. Бүгүн да көрдүм. Сиз менен жакындашып сүйлөшүүгө даап бара албай, Cизди терезеден карап коюп, кыялданып отура берем.
Шым костюмду кычырата үтүктөп, көркүңүзгө-көрк кошкон кызыл галстугуңузду тагынып алып, шаша-буша подъезден чыгып кетесиз. А мен ушинтип Сизди терезеден көзүмдүн кыйыгы менен узатканыма эки айдын жүзү болду. Сабакка түштөн кийин бараарымды билсем деле, таң атпай туруп алам. Сиздин күнүгө үйүңүздөн канчада чыгарыңызды да билем. "Байке" деп боорума кысып, бетиңизден өппөсөм да, Сиз көрүнбөй калганча Сизди карап, Сизге суктанып, куштарланып отурганыма деле ыраазымын, бактылуумун. Албетте азырынча…. "Баары бир меники болосуз. Каякка качмак элеңиз? Качкан күндө да, баары бир таап алам. Себеби Сиз экөөбүз кошуна жашайбыз. Ал эле эмес, Сиздин эжеңиз менен менин таежем илгерки достор. Телефонуңузду жатка билем. А чөнтөк телефонуңузду сурап алам. Ха-ха… көрдүңүзбү, Сиз баары бир менден кача албайсыз"
Ушинтип кыялымда Сизди бат эле өзүмдүкү кылып алам. Чындыгында үйүңүздөн чакырып чыкмак түгүл, маңдайымдан чыга калсаңыз, башымды жерге салып, тейтектеп качам. Мени "карындашым" дейсиз. Эх, байке, кайдагы карындаш? Ушул карындашыңыздын жүрөгүнө чок салып, башымды айланттыңыз го. Сиз менин идеалымсыз, Сиз мен ойлогон, мен эңсеген адамсыз. Мага баардыгы жагат. Турган турпатыңыз, келбетиңиз, сүйлөгөнүңүз, үнүңүз, басканыңыз, кийген кийимиңиз, көзүңүз, кирпигиңиз, жылмаюуңуз, деги койчу баары, баардыгы…
Мен Сизди СҮЙӨМ! Ооба чындап эле сүйөм! Мен Сизге эч кандай карындаш эмесмин да.
Мындан ары мындай жашоо болбойт. Ой, кыял, санаа менен жашаган болбойт…
Кечинде эшиктин алдында отургучта Сизди күтүп отурам. "Баары бир өтөсүз, айтам, оюмдагынын баардыгын айтам, сезимимди билдирем, "жок" дебейсиз. Эмнеге "жок" демек эле" деп өзүм менен өзүм сүйлөшүп отурсам күлмүңдөп подъезден чыга келдиңиз.
- Кандайсың карындашым?
- Саламатсызбы, өзүңүз кандайсыз?
- Жакшы ырахмат, окууларың кандай?
- Жакшы эле…
- Кайсы окууга тапшырайын деп жүрөсүң?
- Азырынча ойлоно элекмин.
- Аа жакшы-деп басып кетип баратасыз.
- Байке…
- Эмне болду?- деп мен жакка бурулдуңуз. Жүзүңүздү көрүп апкаарып кеттим. Себинген атырыңыздын жагымдуу жыты буркурап мээме чыкты, башым тегеренип кетти. Сиздин жаныңызда туруу мен үчүн бакыт эле.
- Эч нерсе…
Айта албадым. Калп эле өзүмчө кыйын болгонум менен мен үчүн Сизге сөз айтуу өлүм болчу. Аялзаттык намысым жол бербеди. Мени таңгала карап кадамыңызды уланттыңыз. Көзүмдү жумуп, эмне кылаарымды билбей калдым. Сезим деген нерсең ушунчалык таттуу да, ушунчалык өкүнүчтүү болот тура. Жаныңызда беш мүнөт турсам да, кадимкидей эс алып калдым. Эс алуум максатына жетпесе да, үстүмөн оор жүктү кичине болсо да жеңилдеткендей болдум. Буюрса эмдики жолугушууда, бак аралап бассак ээ. Бах, чиркин. Кандай сонун болоор эле.
Жакшылыктан үмүтүмдү үзбөй, кийинки жолугушууга камынып жүрдүм. Кийинки жолугушуу болду. Бирок мени менен эмес. Сары кыз менен, Сары кыз менен кучакташып алып бир нерселерди сүйлөшүп турдуңар. Жүзүңөр жылмаюуга батпай, экөөңөр тең бактылуусуңар. Сары кыздын чачын сылап өбүшүп жатканыңарды көрүп жийиркенип кеттим. Кыйкырып барып, Сары кыздын чачын жулуп, будуң-чаң түшүрөйүн дедим.
Анте албайм. Себеби мен коркокмун. Коркоктугумдун айынан тигинтип Сары кыз олжолуу болуп отурат. Ичим күйүп бышып баратат.
"Байке алдагы Сары кыз Сиздин батегиңизге да тең келбейт, сезимиңизди өзүңүздүн карындашыңыздан аяп, ушул кызды таптыңызбы?" деп өкүргүм келди. Бирок андай болгон күндө да мени жиниккен айбандарга теңешмек. Чыныгы сүйүшкөндөр мени угуп жинди болушуптурбу.
Башыма ар кандай ойлор келип, кызганычым койнума батпай, туйлап турдум. Болоору болду. Сары кыз менен болобу, дагы башкасы менен болобу, иши кылып амандыгыңызды, бактылуу болушуңузду тилеп, терезеге бурулуп карасам, тигил кыз экөөңөр тээ алыста жанаша кетип баратыпсыңар…
Нури








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Үнүм менен үй-бүлөмдү багып келатам"
2-бет
Азамат Сарыбаев, ырчы:
"Үнүм менен үй-бүлөмдү да багып келатам"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
"Ударный" ушактар
5-бет
"Ударный" ушактар
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Айдай болгон Алмакан, ашык болдум сизге мен"

7-бет
Кинодогу "жуптар"
8-бет
Салтанат Саматова:
"Жолдошума мени сынатып эле койсо…"

9-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Медер менен дубль башталганда эле сүйүшкөн кыз-жигит болуп калабыз…"

10-бет
Омор Султанов, КР эл акыны:
"Кандай сезсем ошондой жашагым келет"

11-бет
Спорт-world
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Атактуулар ааламы
15-бет
Обон почта
16-бет
Жанызактан китептер:










??.??