Атактуулар ааламы

Белгилүүлөр балдарын кантип бөлүшкөн
Кичинекей мамлекет деп саналган үй-бүлөдө кандайдыр бир келишпестиктер болуп, жубайлар эки жолго түшүүгө мажбур болушат. Ал эми ажырашууга келгенде ортодогу балдар ата-эненин соодасына айланат. Буга белгилүү инсандардын жеке жашоосу мисал боло алат. Статистика боюнча үй-бүлөлөр жабыркаганда алардын ажырашуусу сот чечими менен гана иш жүзүнө ашырылат. Анда белгилүү адамдар ажырашууда балдарын кантип бөлүшкөнү туурасында сөз кылмакчыбыз.


Эдди Мерфи жана Николь Митчелл
Актер Эдди Мерфи жубайы фото модель Николь Митчелл менен 2006-жылы ажырашкан. Актердун бул никесинен беш баласы бар, учурда балдарынын баардыгы апасы менен биргеликте Беверли Хилзде чоң особнякта турушат.
Эдди аларга эң кооз жерден особняк тандап, өзүнчө үй алып берген. Актердун айтуусу боюнча балдары алардын ажырашуусуна эч кандай каршылык көрсөтүшкөн эмес. "Балдарыбыз бойго жетип калгандыктан алардын ким менен калуусун өзүлөрүнөн сурап, алардын каалоосу менен чечим чыгарганбыз. Болгону алардын каалаган иштерин аткаруумду талап кылышкан, мен алардын окуусуна, эс алуусуна акча каражат төлөп берем" - деп жооп берген актер.


Мадонна жана Гай Ричи
Поп-идол аталган белгилүү ырчы Мадонна жана британ режиссеру Гай Ричинин ортосунда Девид Банда жана Мерси Джейм аттуу бакма балдары бар. Алты жыл чогуу жашагандан кийин 2008-жылдын аягында ажырашышкан. Жубайлар кызына болгон акысын бөлүүдө бир нече кыйынчылыктарга туш болушкан. Сот иштеринде Ричи Мадоннага болгон нааразычылыгы жок экендигин билдирип, балдарынан толугу менен баш тарткан. Соттун чечими менен Мерси Джеймс апасы менен калган. Учурда алар Нью-Йоркто чогуу турушат.


Динара Акулова жана Абдумалик Шерматов
Бир убактарда Динара Акулова менен Абдумалик Шерматов "Кош жылдызды" ырдап мыкты ырчы гана эмес, мыкты үй-бүлөдөн болушкан. Экөөнүн пикир келишпегенинен улам үй-бүлө урап, эки тарапка бөлүнүп кеткени баарыбызга маалым. Ал эми ортодогу кызы эч кандай кыйынчылыгы жок эле Динаранын көзөмөлүндө калган. "Балдар кичине болгондуктан аларды эркек киши чоңойтконго дарамети жетпейт, эненин мээрими абдан маанилүү да. Эркек балдар болсо түшүнөт элем, кыздардын эненин жанында эле болгону жакшы" -дейт ырчы айым.


Бритни Спирс жана Кевин Федерлайн
Бритниге кол салуулардан кийин ырчы реабилитациялык ооруканага жатып, дарыланууга мажбур болгон. Жаш жубайлар ажырашууда балдарды ар бири өзүнө алып калууну талап кылышкан. Бирок, Бритни ооруканага жатып чыкканына байланыштуу анын психикалык жабыр тартканына карап, сот өкүлдөрү балдарды атасы менен калтырууну туура көрүшкөн. Соттун чечими менен балдарына жардам катары Бритни мурдагы күйөөсү Федерлайнга айына 25 миң доллар төлөп турат.


Яна Рудковская менен Виктор Батурин
Жаш ырчы Дима Биландын продюсери Яна Рудковская жана бизнесмен Виктор Батурин 2008- жылы ажырашып, ортодогу балдарын көпкө бөлө албай кыйынчылыктарга учурашкан. Элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон үй-бүлөнү ажырашып кетет деп эч ким ойлогон эмес. Үй-бүлөнүн ажырашуу иштери бир жылга чейин созулган. Алты жаштагы Коли жана сегиз жаштагы Андрейди алып калууну экөө тең каалашкан. Алгач Батурин Рудковскаяга балдарын көрүүгө тыюу салгандыктан, сот иштери абдан катуу жүргүзүлгөн. Аягында экөө тең балдарга бирдей укуктарга ээ болушуп, балдарын чогуу тарбиялоону туура көрүшкөн.


Клара Алибекова жана Байыш Момунов
Жаш кездеринде сүйүүлөрү күч алып үйлөнүшкөн Байыш менен Кларанын ортосунда бир бала калган. Алардын ажырашуусуна көптөгөн кыйынчылыктарды алып келсе дагы эненин жүрөгүн сыздатпастан баланы Кларанын колуна беришкен. "Сот иштери жүрбөсө дагы өз ара сүйлөшүүлөр менен бири- бирибизди түшүнүүнү туура көрдүк" - дейт Байыш Момунов


Ирина Лобачева жана Илья Авербух
Муз үстүндө бийлөө боюнча эң сулуу түгөйлөрдүн бири Илья менен Ирина 2007-жылы ажырашууга мажбур болушкан. Жаш жубайлардын ортосунда төрт жашаар Мартин аттуу уулу бар. Түгөйлөр эч кандай комментарийлери жок тарап кетишкен. Учурда Мартин апасы менен жашайт. Аларга дайыма атасы барып, майрамдарда куттуктап кетет . Буга Ирина дагы каршылык көрсөтпөйт.


Кристина Орбакайте жана Руслан Байсаров
Жылдыздардын ажырашуусу жөнүндө кеп кылууда примадоннанын кызы Кристина Орбакайте жана чечен жараны Руслан Байсаровдун ортосундагы конфликтти аттап кетүүгө болбойт. Жай каникулдарынан кийин 11 жаштагы Дени атасы менен жүрүп, ошол бойдон Орбакайтеге келген эмес. Кристина баланы Америкага алып кетүүнү туура көргөн, анткени Русланга АКШ виза ачууга уруксат берген эмес. Байсаров сотко берип, баланын жашаган жерин аныктоону суранган. Алардын чыр-чатагын бүт өлкө көзөмөлдөп турган. Аягында жубайлар бир чечимге келүүнү туура көрүшкөн. Соттун чечими менен эгерде Орбакайте Москвада болсо, Дени апасынын жанында болот, ал эми ырчы гастролдоп чыкканда атасы менен болууну айтышкан.


Анвар Асанакунов жана Бүбүсара
Белгилүү куудул Анвар Асанакунов жубайы Бүбүсара менен 15 жылга чукул бирге жашап, андан соң ажырашып кетишкен. Ортосунда төрт бала болгондуктан ажырашууда аларды теңме тең эле бөлүп алышкан. Дегеним, жубайы эки баласы менен Англияга көчүп кетсе, эки баласы менен куудул өз мекенинде калган.


Нургүл Ибраева