п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

ОП-124-01. Менин саламым сүйүктүү апам Орозгүл, эжем Нургүл, байкелерим Асан, Үсөнгө жолдонот. Бар болгула, аман болгула! 05561130хх.
ОП-124-02. Исмаиловдорго чоң салам. 07718825хх.
ОП-124-03. Күндөн да ысык экен жылуулугуң,/ Мени өзүңө тартып кетти сулуулугуң./ Сыйга-сый, сыйлашууга даяр болсо,/ Мен дагы Ысык-Көлдүн тургунумун./ Сакиш
ОП-124-04. Лейлек районунун Исфана шаарынын Айкол айылына жалындуу салам. Даткайым.
ОП-124-05. "Обонушканын" жамаатына ысык салам. 07718825хх.
ОП-124-06. Жолдошум Исмаилов Кубанга салам. Жаным, мен сени чексиз сүйөм. 07718825хх.
ОП-124-07. Сыйлашалы сылык-сыпаа сөз менен,/ Сырдашалы чер жазышып кеп менен./Тагдырыбыз кезиктирсе бир жерден,/ Бактылуумун бул жашоодо бир келген./ Арзу.
ОП-124-08. Кыргызымдын 18-22 жашка чейинки сулуу кыздары менен таанышам. Маякка жооп жок. 05558605хх.
ОП-124-09. Кең-Аралда жашаган чоң апам Ракыяга чоң салам. 05561523хх.
ОП-124-10. 18-20 жашка чейинки кыздар менен таанышам. 07776772хх.
ОП-124-11. Ильяз Абдыразаков, сен суперсиң! 07790570хх.
ОП-124-12. Көңүл ачуу үчүн тамашакөй кыздар менен таанышам. 0779160444.
ОП-124-13. Оо Жараткан, жашоодон абдан кыйналдым. Ажырашуу жаман экен, эки баламдын келечеги мени ойлондурат. Мага кеңеш бергилечи? 07782716хх.
ОП-124-14. Бүт денемди ээлеп алды махабат,/ Жалгыз сенин элесиңди жамынам./Бүгүн да сени ойлоп жатамын,/ Айтчы жаным, асылкечим кайдасың./ Нурбек91.
ОП-124-15. Сиздин атыңыз Кундуз,/ Атыңызга затыңыз жарашкан./ Бардык жактан төп келген,/ Кыргыз жигиттер карашкан./Жүзүнөн супсулуу нур чачылган,/ Жигиттерди сүйдүргөн, кыйнаган./07722493хх.
ОП-124-16. Махабат неге мындай ыйлатасың,/ Башында кооз болосуң, кубантасың./ Жигиттер кыз сүйүүсүн оюн кылып,/ Убактылуу кызыгып, кийин кор кыласың./ Акың жок, сен жигиттер ыйлатканга,/ Кор кылба, ак сүйүүнү азаптантпа./ Убалы уруп кетет ойлон жигит,/ Эртең сен дал ошондой ыйлап калба./ Бул сөзүм тиешелүү ыймансызга, сүйдүм деп алдаган туруксузга! Сөзүнө турган, чекчкиндүү жигиттер таарынбагыла, бул ырым силерге арналбайт. Зуля.
ОП-124-17. Талас областынын Бакай-Ата районунда жайгашкан Кең-Арал айылынын тургундарына салам. 07775614хх.
ОП-124-18. Сүйүктүү досторум Самара, Зирегүл, Аля, Элиза, Роллан, Аси, Зарлык, байкем Ырысбек, эжешам Жануська Роза жана жалпы смсчилерге супер салам. Зуля.
ОП-124-19. Менин саламым бир кездеги ардактуу досум Ринатка жолдонот. Кайда болбоңуз аман болуңуз. Зуля.
ОП-124-20. Улуу урматтуу Нурлан Мотуев, жалгыз калдыңбы? Таанышуу бурчунан кыз издеп. 07782160хх.
ОП-124-21. Азаматсыңар Чоң-Алайдын жана Алайдын жигиттери! Ошту силер сактап калдыңар! 07706672хх.
ОП-124-22. "Барахолка" базарында иштеген досторум Мика, Элан, Оля, Гули, Айназ, Айзирекке салам. Мен силерди сагындым. Айпери.
ОП-124-23. Кыргыз эстрадасына салымын кошуп келе жаткан Жолдошбек Исраиловго жана "Махабат көлү" деп обон созгон Камилага чоң салам. Назима, Айдеми, Айтеңир.
ОП-124-24. Сейит мен сени жакшы көрөм. А сенчи? Чынара.
ОП-124-25. Бакиевдин иштеп жатканын четтеги элдер билет. Ошон үчүн аны 95%ы колдойт. Отунбаева бир да кырдаалды токтото албады. Бизди аял башкарса, анда чет жерлерге уят болгонубуз. Бул кырдаалды бийликтегилер кылды. Бакиевди жамандагандар акчага багынгандар! Жаңыл.
ОП-124-26. Ильяз Абдыразаковдун күйөрмандарына суроо: Ильяз канча жашында машина айдаган жана кандай маркадагы машина? 07792022хх.
ОП-124-27. Ырысбек91ге менден чо-оң салам! 48.
ОП-124-28 . Караш Насер, сага аябай кызыгып жатам. Себеби, сен ойлордун гүлүн, сөздөрдүн түрүн таап жазасың. Сен жөнүндө билгим келет. Айнура92.
ОП-124-29. Ой шумдук заман,/ Кайда өзгөрүп баратат./ Дельфиндерге теңелип,/ Уй деле сүзүп баратат./ Тең жарышып ал менен,/ Алтын медаль мага деп./ Мараны сага бербейм деп./ 07774952хх.
ОП-124-30. Оо, сулуу көрсөтпө киндигиңди,/ Киндигиң айтпайт сенин кимдигиңди./ Жигиттерге ыймандуу кыздар керек,/ Баалабайт сенин андай кийингениңди./ Нур.
ОП-124-31. Көлдүктөргө, ошондой эле Таалай аттуу жигитке салам. Окуп калсаң чалып кой, сени издеген Бермет.
ОП-124-32. Кундуз, 20 жылдан кийин өзүңдү кандай элестетесиң? Нурай.
ОП-124-33. Алтыным апам мени төрөп өстүргөн,/ Берекем деп эркелетип көп жүргөн./ 07735403хх
ОП-124-34. Салам Зуля. Каникул жакшы өтүп жатабы? Ринат.
ОП-124-35. Мен силердин катарыңардамын "Обондун" смсчилери. Силерге жаңыдан кошулдум. Канышай.
ОП-124-36. Тогуз-Торо районунун 95-жылкыларына салам. Эрназар.
ОП-124-37. Максат мен сени сүйөм. Сюита.
ОП-124-38. 18-июнь күнү Ош шаарында менин сүйгөн мырзам оо дүйнө салып кете берди. Алмир, жаным жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Сени аргасыз жоготуп алдым. Эми эч болбогондо түшүмө кирчи?! Айдай.
ОП-124-39. Мырза-Арыкта жашап жаткан апам Гүмүшайга, сиңдим Гүлнурга салам жолдойм. +770146727хх.
ОП-124-40. Учкул кыял татынакай сезимдер,/ Кандай сонун окуучулук мезгилдер./ Өмүрүмдүн эң бир сонун кездери,/ Өтүп кетти акырында сезилбей./ 07703225хх.
ОП-124-41. Сен бирөөнү сүйсөң эгер,/Көзүң калат тумандап./ 07788421хх.
ОП-124-42. Үйдө отурган атама, апама, байкеме, жеңеме, сиңдим Айзирекке салам жолдойм. Гулзина.
ОП-124-43. Перизат жеңе туулган күнүңүз менен! Майрамбек акем менен бактылуу болуңуз. Гүлзина.
ОП-124-44. Бах чиркин кандай керемет,/ Чалкалап жатам эркелеп./ Бакалар жок издесең да таппайсың,/ Кытайларга баарын сатып качканмын./ 07727077хх.
ОП-124-45. ОП-123-92 абоненти, ойлонуп жаздыңбы? Бакиев эмне элин уктатып кеткен бекен? 07783620хх.
ОП-124-46. Балдар, кыздар жашым 24тө. Сүйүүнү билбейм. Сүйүү кайдан пайда болот? Жооп күтөм. 07791456хх.
ОП-124-47. Ай асманда көккө бараткан,/ Кирпиктериң ачып-жапкан сайын сагынам./Түн жамынып сени сагынып,/ Сени гана ойлойм садагам./ Аргинал.
ОП-124-48. Баткендик, орто бойлуу, терең ойлуу, илимдүү, билимдүү балдар менен таанышам. 0772167264.
ОП-124-49. Табигат сырдуу Алтынай, сиздин ырларыңыз мага абдан жагат. Мени менен дос боло аласызбы? 07734758хх.
ОП-124-50. Ильяз Абдыразаков, Бураш, силер суперсиңер! Чыгармачылыгыңарга ийгилик! Бека.
ОП-124-51. Балдар менен таанышам. Атым Жылдыз. 0777078255.
ОП-124-52. Кыргыз сулуусу,/ Жүрөктү кыйнады./ Арзуу деңизи,/ Сезимге сыйбады./ Кыйналган жан дүйнөм./ Сен деп ыйлады./ Нурбек91.
ОП-124-53. Жаштар үчүн бул күн ыйык болот,/ Кыз-жигиттин сүйүүсү тунук болот./ Бири-бирин сүйүп калган кыз-жигит,/ Өмүр бою түбөлүккө бактылуу болот./ Мен дагы бул сөздөрдү өзүңө арнап,/ Ыр жазам ак баракты сыялап./ Сен экөөбүз жолугушуп ушул күнү,/ Калалы 30-июнду эске сактап./ 07792022хх.
ОП-124-54. Ч.О.М.Г. окуган 94-жылкыларга салам. Силерди урматтоо менен классташыңар Жылдыз, Сайкал.
ОП-124-55. Мирбек Иманбековду жанымдан да артык жакшы көрөм. 07783013хх.
ОП-124-56. Жан дүйнөм жараланган махабаттан,/ Жалгыздыктан таңдар атып күндөр баткан./ Ок тийген сымал жүрөккө,/ Онтоп согот чарчаңкы жаны калган./ 07718993хх.
ОП-124-57. Токтогулдук 91-жылкы Перого салам. 07783013хх.
ОП-124-58. Жашым 20да. Балдар менен үй-бүлө куруу максатында таанышкым келет. 0772167264.
ОП-124-59 . Күндөн да ысык экен жылуулугуң,/ Мени өзүңө тартып кетти сулуулугуң./Сыйга-сый, сыйлашууга даяр болсоң,/ Мен дагы Ысык-Көлдүн тургунумун./ Сакиш.
ОП-124-60. Сизге шарап берейин, бирок мас болуп оолукпаңыз,/ Сизге гүл берейин, жыттап бирок, соолутпаңыз./ 07718993хх.
ОП-124-61. Урматтуу Дамир, ал арык менен бул арык,/ Гүлкайыр өсөт буралып./ Арабыз алыс болсо да,/ Кап этпесең смс аркылуу кабарлашып туралык./ Аси.
ОП-124-62. Алыстык арабызда болуп турат,/ Жүрөгүм дайым сен деп согуп турат./ Түндөсү айды карайм, жылдыз санап,/ Себеби, алар сени көрүп турат./ Аси.
ОП-124-63. Кызыкпаймын сүйгөнүмдүн байлыгына,/ Андан көрө тунук сүйүү артык мага./ Сүйгөнүм сенин сүйүүң таза болсо,/ Бир күнү сиз да мага, мен да сизге жолугармын./ Аси.
ОП-124-64. Барскоондо жашап жаткан жездебиз Токбаев Эсентурду 4-июль туулган күнү менен куттуктайбыз. Узун өмүр, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Кайнилери Медет, Бакыт, балдызы Айнура.
ОП-124-65. Сагынычтуу саламым досторум Нура93, Жанусь Роза, Зуля, Ырысбек91, Ринат, Алтынай, Тайырбек байке, Айчүрөк93, Заманага жолдонот. Бар болгула! 07718993хх.
ОП-124-66. Жашоодо кимдер гана таарынбайт,/ Сүйгөнүн кимдер гана сагынбайт./ Гүланда.
ОП-124-67. Бөлүнбөйлү, алакандай кичине калкпыз! Эркинай.
ОП-124-68. Алтыным менин ардагым,/ Жүрөк сүйгөн жарыгым./ Күндө жазган ырымын,/ Дагы бирин арнадым./ Сакиш.
ОП-124-69. Бакиевге жан тарткандар бар болгула! Ал эми азыркы бийликке болушкандар, күнкарамалар. Күн каяктан чыкса ошол жакты карайт. 07783620хх.
ОП-124-70. Кыргыз элим бөлүнбөй, бийликке отуруп кеткендерди жамандап, мактабай жөн жашайлычы. Сыноо дүйнөсүндө сыналып, жакшы жагыбызды көрсөтүп кетели. Эркинай.
ОП-124-71. Жакшы көрдүм ушунчалык садага,/ Айталбадым батамбы деп жалаага./ Жалындаган мындай сезим сабалап,/ Келди бекен сенин дагы башыңа./ Сыр чечишип бирге жүрдүк калаада,/ Билгизбедим сүйөөрүмдү сага да./ Сезимимди ойготтуң сен жаркылдап,/ Өзүң менен баарлашып калганда./ Арзуу.
ОП-124-72. Жолукканда кайдыгер бир адамдай,/ Көздөрүмдү ала качам карабай./ Жүрөк турат сүйүү күнүн кабарлап,/ Тынчсызданып каректерим жай албай./ Сагынганда элесиңди самаймын,/ Көрүнсө деп ар тарапты караймын./ Жүрөктү эзген кусалыкка чыдабай,/ Бассам-турсам кыялданып жашаймын./ 07738081хх.
ОП-124-73. Атым Айдос, жашым 20да. Кыздар менен таанышам. 0773539214.
ОП-124-74. Кайгырбай өмүрүңдө ойноп күлгүн,/ Жашоодо ак сүйүүнүн гүлүн үзгүн./ Жаштык кез бир кайрылып келбеген соң,/ Кайгы билбей шайыр-шат ойноп күлгүн./ Аргинал.
ОП-124-75. Кээ бир балдар убадага жок болот,/ Сүйөм сени деп коет./ Ары барып досуна,/ Койчу ошону деп коет./ Аргинал.
ОП-124-76. Ч. Асеков мектебинин окуучусу Абдыкеримова Бактыгүл, сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Кадырбек менен кармашкан колуң үзүлбөсүн. Классташың Күмүшай.
ОП-124-77. Мен сүйүктүү Талас жериме салам жолдойм. 07785936хх.
ОП-124-78. Мирбек Атабеков, мен сени сүйөм. Эльмара.
ОП-124-79. Балдар, кыздар менен таанышам. Атым Айпери. 0778240914.
ОП-124-80. Ишенесиңерби, айылымды ушунчалык сагындым. Эртерээк кетсем дегенде эки көзүм төрт. Сабактарым өчөшкөнсүп бүтпөй жатат. Аська.
ОП-124-81 . Ч. Асеков мектебинин окуучусу Сулайманова Айчүрөккө дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Күмүшай.
ОП-124-82. Калем алып баракка ыр жазаармын,/ Сырлар жазып какшап-какшап калаармын./ +770264320хх.
ОП-124-83. Түн күн үчүн,/ Айтчы Адилет ким үчүн./ Саламат.
ОП-124-84. Баткен областынын Лейлек районуна чоң салам. Самат.
ОП-124-85. Чыпай Асеков орто мектебинин 10-классынын окуучуларына салам жолдойм. Күмүшай.
ОП-124-86. Сени ойлойм, оо жан эркем кайдасың,/ Билем жаным, мен билбеген жайдасың./ Сени менен өткөрсөм деп өмүрүмдү,/ Тилейм, ойлойм, оо жанбиргем садагасы. Санчо92.
ОП-124-87. Юлдузду мага эки күнгө бергилечи, кыргыз кандай таза, ынтымактуу, акылдуу, ыймандуу экенин далилдеп, мээсин чукуйт элем. Нурбек91.
ОП-124-88. Сен менин жаралгансып арманыма,/Көп болду сени сүйүп калганыма./ Буулугуп тар көрүнүп дүйнө жүзү,/ Жалгызым мен өзүңдү сагынганда./ 07792022хх.
ОП-124-89. Жазды сүйөм, жаздын жыты башкача,/ Кышты сүйөм, кыштын кары таптаза./ Эгер кардай таза болсо махабат,/ Сени сүйөм, башкалардан башкача./ Сакиш.
ОП-124-90. Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында жашап жаткан Бусурмановдордун үй-бүлөсүнө сагынычтуу салам. Жээниңер.
ОП-124-91. Жылдыздар да чыгыптыр айды сагынып,/ Жаз да бүтүптүр күздү сагынып./ Кат жазамын сени сагынып,/ Сен качан жазасың мени сагынып./ Гүланда.
ОП-124-92. Талас облусунун Жон-Арык айылындагы Жаркынбаевдердин үй-бүлөсүнө чоң салам. Сиздерге тынчтык жана бакыт жашоо каалайм. Жанара.
ОП-124-93. Ойлой берип ооруп бүттү жүрөгүм,/ Ойлой берип уктабадым күнү-түн./ Сен деп жүрсөм мени сүйбөйт экенсиң,/ Сагынып сен деп жашап келемин./ 07784794хх.
ОП-124-94. Дүйнөдө не жаман, сүйгөн жаман,/ Махабаттын отуна күйгөн жаман./ Экөө бири-бирин сүйүп туруп,/ Экөө эки жакта жүргөн жаман./ 07735403хх.
ОП-124-95. Алтындай болгон апамдын туулган күнү менен куттуктайм. Эч качан оорубай жүрүңүз. Аргинал.
ОП-124-96. Кундуз, сиз кыялданасызбы? Нургүл.
ОП-124-97. Жашым 15те. Үй-бүлө куруу үчүн кыздар менен таанышам. 0773398789.
ОП-124-98. Түшүнүктүү, мен сулуумун деп өзүнө ишенген балдар чалгыла, таанышабыз. 0700596995
ОП-124-99. Таш-Көмүрлүк кыздар менен таанышам. Жашым 29да. Маякка жооп бар. 0778418619.
ОП-124-100. Бакыт деген акча, байлык эмес,/ Бакыт каалайм эч нерсеге теңелбес./ Жүрөгүмдөн чыккан ушул каалоомду,/ Досторум окуп койгула болсо дагы смс. Урматым менен Аси.
ОП-124-101. Ак-Теректик 86-жылкы Жанараны издейм. Окуп калсаң байлангыш. Бакыт.
ОП-124-102. Түштүктүк туугандардын аза кайгысын тең бөлүшөм. Сабыр кылгыла. Акыл.
ОП-124-103. Бактыгүл Бадыеванын кыз төрөгөнү чынбы? Билгендер болсо айтып койгулачы? 07771675хх.
ОП-124-104. Улан мен сени сүйөм. Мен ойлойм, экөөбүз жолукчу күндөр алыс эмес. Жаның.
ОП-124-105. Гүлнур Сатылганованын үнү керемет. Ал кыргыздын "Мадоннасы". Мэри.
ОП-124-106. Жайдын ысык аптабынан чарчадым. Мен байкушта эс алганга да мүмкүнчүлүк жок. Минтип жүрсөм өлүп калат окшоймун. Мурат.
ОП-124-107. Жаным кейип, жүрөгүм эзилип турат. Оо кудай, мен күткөн күн качан келет?! Жыргал.
ОП-124-108. Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,/ Сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден./ Айкан.
ОП-124-109. Туугандар, жүрөлүчү жүрөк оорутпай! Майрам.
ОП-124-110. Апамдын келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Апа эч качан оорубаңыз, биздин сый-урматыбызды көрүп, төрүбүздөн чай ичиңиз! Кыздарыңыз.
ОП-124-111. Мен кыргыздын Курманжан Даткасын, Таттыбүбүсүн, Мыскалын, Жаңыл Мырзасын көралбай койдум. Акылдуулук, кайраттуулук, сулуулук, коңур үн кыргыздын кыздарында жоголуп бараткандай. Жаныбек.
ОП-124-112. Султан Садыралиевге ысык салам. Гүлкайыр.
ОП-124-113. Смсчилерге салам. 07788707хх.
ОП-124-114. Азыркы кырдаал мени абдан түйшөлтчү болду. Келгиле биригели, ынтымакта бололу! Патриот .
ОП-124-115. Азамат менен Самаранын үйлөнүү тою менен куттуктайбыз! Кармашкан колдору бекем болуп, алдын мал, артын бала бассын. Бардык белестерди өмүр бою чогуу ашсын! Аяштары Аскат, Жылдыз.
ОП-124-116. Азыр эмне көп, ырчы, юрист, экономист. Таш ыргытсаң ушу үчөөнүн башына тийет. 05558007хх.
ОП-124-117. Бир жылым текке кетти. 4жыл алдыңкы студенттердин катарында жүрүп, контрагымды төлөй албай, "отчисление" болуп калдым. Эстеген сайын жүрөгүм ооруйт. Иштейин десем жумуш жок, тапкан акчам күнүмдүк тамактан артпайт. Эмне кылаарымды билбей калдым. Эч кимден жардам жок. Айгүл.
ОП-124-118. Айчүрөк эже, сиз менен сырдашкым, сыйлашкым келет. Күйөрманыңыз.
ОП-124-119. Мирбек Иманбеков мен сени сүйөм. Мендей сени эч ким сүйө албайт. 07781522хх.
ОП-124-120. Смсчилер, эмне тоого барбай калдыңарбы? 07726269хх.
ОП-124-121. Мээрим мен сени сүйөм. Данияр.
ОП-124-122. Иним Калыстын 12-июль, Тимурдун 20-июль туулган күндөрү менен куттуктайм. Алтындарым бар болгула! Эжеңер.
ОП-124-123. Узун бойлуу, акылдуу, билимдүү жигиттер менен таанышам. 0777275757.
ОП-124-124. 90-жылкы ак көңүл кыздар менен таанышам. 0778348327.
ОП-124-125. Мелис, сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө, эми мен сен жок кантип жашайм? Жамал.
ОП-124-126. Сулуу, сулуу эмес, сүйгөн сулуу деп эң туура айтылган. Мен буга толугу менен кошулам. Жанат.
ОП-124-127. Ак-Талаа районунун тургуну таякем Максаттын 25 жашка толушу менен куттуктайм. Ишине ийгилик каалайм. Батыраак бизди жеңелүү кылыңыз. Жээниңиз.
ОП-124-128. "Чырайын чылап ичмек белең" дегендей, Алмаз кыз тандаганды эмне кыласың. Сен ашып кеткен акылдуу же билимдүү болсоң такыр болбой калмак экенсиң. Сени тааныган бирөө.
ОП-124-129. Мага өтө назик кыздар жакпайт. Жөн эле чоектоп башты оорутат. Ал анткен сайын менин кыжырым кайнайт, ушинтип назданбай эле койгулачы кыздар. Нурдин.
ОП-124-130. Урматтуу абитуриенттер, ойкелди эле окууга тапшыра бербей, кичине ойлонсоңор боло. Келечекте ата-энеңер эмес, силер иштейсиңер! Жол көрсөткүч.
ОП-124-131. Жеңе, өтө эле ажылдай бербесең! Апам сени, баласын жаман болсун деген жок. Кийин балаң чоңойгондо апамдын баркын түшүнөөрсүң, бирок анда кеч болуп калат. Мен апамды мактабайм, бирок апамдай кайненени таппайсың, бизди урушуп, сенин көзүңдү караган. Баласынын куттуу очогун бузбаганга аракет кылган. Чынар.
ОП-124-132. Сүйгүм да, сүйдүргүм да келет. Ал үчүн эмне кылыш керек? 07782017хх.
ОП-124-133. Канча жакшы адамдар бири-бирин табышпай жүрөт. Эгерде, алар табышса, бул дүйнө армансыз болмок. Элиза.
ОП-124-134. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн баарына ак жол каалайм! Ойлогон максатыңар орундалсын. Бүтүрүүчү.
ОП-124-135. Тырманган сайын тармангың келген котурдан тажадым. Тачкист.
ОП-124-136 . Эжем бир ай мурун Ошко турмушка чыккан эле. Көп өтпөй согуш чыгып кетти, апам санаадан саргайып, кан басымы көтөрүлүп, эмгиче ооруканада жатат. 07784050хх.
ОП-124-137. Ысыктын күнүндө маршруткалардын "люгу" жок, же орун жок, өлүп калмай болдук. Урматтуу шоопурлар, адам кой эмес экенин эске алсаңар! Жүргүнчү.
ОП-124-138. Чыңгыз Мырзаевге чоң салам. Булбулдай үнүң өчпөсүн, ар бир кыргыздын үйүнө таң эрте кубаныч тартуулап жүрө бер! Угарман кыз.
ОП-124-139. Башка жетпей жаткансып, Айназик сага эмне жок? Өтө эле обу жок боло бербесең! Бөлөң.
ОП-124-140. Мейли ур, мейли саба, бирок мага катуу тилиңди тийгизбечи, жүрөгүм ооруган сайын сенден көңүлүм калып баратат. Эми бизге балдар да аралжы боло албайт. 05500708хх.
ОП-124-141. Смсчилер, мени да араңарга кошуп алгылачы? Жаңы окурман.
ОП-124-142. Гүлзинат Суранчиева, эмне мынча сулуусуң? 05561519хх.
ОП-124-143. Мээрим Болотбекова, мен сени издейм. Эгер окуп калсаң байланыш. Группалашың Бека.
ОП-124-144. Кыргыз элиме салам! Патриот.
ОП-124-145. Эч ким, эч качан унутулбайт! Баатыр.
ОП-124-146. Кыздар менен таанышам.0773571633
ОП-124-147. Калдымбы билбейм сага такыр жакпай,/ Кабагың ачсаң боло жалдыратпай./ Дагы эле үмүтүмдү үзбөй келем,/ Даракта жалгыз калган жалбырактай./07735791хх.
ОП-124-148. Салам смсчилер, силерге кошулуп таанышсам болобу? Луна.
ОП-124-149. Жаным, качан келесиң? Аябай сагындым.07784455хх.
ОП-124-150. Саламым Айдана, Азамат, Айназик, Толкун, Бека, Ысман, Тима, Русланга жолдонот. Айжаркын.
ОП-124-151. Сүйүүнүн мукам күүсү чертилип,/ Жаш жүрөктү муңга салып эзилтип./ Кайдадыр кыялдары алыс учуп,/ Жүргөнсүйт көл жээгинде ак куу болуп./ А бирок түгөйү жок жалгыз калган,/ Жаралантып жүрөгүнө атып салган./ Оңбосун ошол өзбек, ошол адам,/ Назгүл.
ОП-124-152. Жаным, сени сагындым,/ Түбөлүк сенден айрылдым./ Турмушта бирге болалбай,/ Тагдырыма таарындым./ Күмүшайка.
ОП-124-153. Кыздар менен таанышам. 0773571633.
ОП-124-154. Кемин районундагы Шабдан ата орто мектебинин 9 "А" классынын бүтүрүүчүсү Канатбек уулу Тилекти куттуктайм! Сага бакыт жана таза сүйүү каалайм. Н92.
ОП-124-155. Кирпик какпай тосом кээ бир түндөрдү,/ Ойлойм сени, ойлобоско мүмкүнбү?/ Бул дүйнөдө мага жакан көздөр көп,/ Сенин көзүң бир өзгөчө сүйкүмдүү./ 07783786хх.
ОП-124-156. Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылына салам жолдойм. Айка.
ОП-124-157. Элгиза мен сени сүйөм. 07788550хх.Бишкек шаарында окуп жаткан досум Гүлүмканга салам жолдойм. Мунара.
ОП-124-159. Нукура кыргыздын жакшы балдары менен таанышам. Атым Эля. 0556043203.
ОП-124-160. Максат, Рахат каалаган кесибиңерге тапшырып, кыргыз элинин туусун желбиреткен инсандардан болгула. Эжеңер Назгүл.
ОП-124-161. Кундуз эже, сиз аябай сулуусуз ээ? Фигураңызды кантип сактайсыз? Фанаткаңыз Пери.
ОП-124-162. "Обондун" смсчилерине салам. Дама.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Үнүм менен үй-бүлөмдү багып келатам"
2-бет
Азамат Сарыбаев, ырчы:
"Үнүм менен үй-бүлөмдү да багып келатам"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
"Ударный" ушактар
5-бет
"Ударный" ушактар
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Айдай болгон Алмакан, ашык болдум сизге мен"

7-бет
Кинодогу "жуптар"
8-бет
Салтанат Саматова:
"Жолдошума мени сынатып эле койсо…"

9-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Медер менен дубль башталганда эле сүйүшкөн кыз-жигит болуп калабыз…"

10-бет
Омор Султанов, КР эл акыны:
"Кандай сезсем ошондой жашагым келет"

11-бет
Спорт-world
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Атактуулар ааламы
15-бет
Обон почта
16-бет
Жанызактан китептер:










??.??