Жанызактан китептер:
"Кыргызстан кыргыздыкы" дейт бирок, Жанызак "кыргыз" дегенди башкача чечмелейт. Аны жогорудагы китепчеден окуңуздар!

"Айгыр бийкеч" деген шумдук китебин да чыгарып жиберди:
Мазмунун айтпай эле коёлу, окуп-билгиле!




Билгениң оң
Жайдын келиши менен мөмө- жемиштер бышып, айымдар чамынып кыям кайнатып, салат жасап, айтор кайра эле кышкыга кам көрө башташат. Сиз даярдаган кыям таттуу, тунук жана бузулбай кышка чейин сакталып туруусун кааласаңыз, анда төмөндөгү эрежелерди эске тутуп алыңыз.


Кыям жасоодогу эрежелер


Кулпунайдан кыям: Кулпунай назик жемиш болгондуктан, кайнатууда абдан кылдаттыкты талап кылат. Кайнатууга кулпунайларды даярдоодо биринчиден жууп, жалбырактарынан арылтып, сөзсүз түрдө былжырап, бузулуп бараткандарын аралаштырбоо керек. Анткени кыям ачып же болбосо банкадан атып кетиши мүмкүн.
Кайнатуунун классикалык түрү: Анча чоң эмес идишке алгач кумшекерди андан соң кулпунайды ирээти менен салып, ар бир катмарына кумшекер себелеп туруу керек. Идиш толгондон кийин капкагын жаап, ширеси чыгыш үчүн 3-30 саатка коюп, колдон келсе муздаткычка салып койсо жакшы болот. Кээ бири 6-7 саат коюп чоң ката кетиришет, анткени кайнаткандан кийин тунук эмес эзилген кыям болуп калышы мүмкүн. Ширеси чыккандан кийин өзүнчө идишке алып, акырын отко коюп, үстүндөгү көбүктөрдү улам алып жарым саат кайнатуу керек. Кыямда кумшекердин уюп калбашы үчүн, кайнап бүткөндөн кийин лимондун бир кабыгын салып койсо, даамдуу жана тунук болот. Кээ бир жаңы өсүмдүктөрдү (малина же кулпунай) көп убакытка кайнатууга болбойт. Алардын ширеси бат чыгып, кайнаткандан кийин өсүмдүктөр катуу болуп, бүрүшүп калышы мүмкүн.Ошондуктан даярдоодо бир нече эрежелерди эске алуу керек. Кайнайын деп калган учурда оттон алып, муздатып кайра оттун табына 15 мүнөт коюу керек.
Өрүктөн кыям: өрүктү данеги жана данеги жок кайнатууга болот. Кайнатуунун туура жолдору: Көлөмүнө жараша - 1 килограмм өрүк,1 килограмм кумшекер, 2 стакан суу жана 1стакан грек жаңгактары менен лимон кислотасы кошулат. Алгач, өрүктөрдү данегинен ажыратып, 5 мүнөткө ысык сууга салып коюу керек. Ширеси даяр болгон соң аны өзүнчө идишке салып, акырын отко жарым саат кайнаткан соң, өрүктү үстүнө салып чогуу кайнатабыз. Муздатып, кайрадан отко 15 мүнөт коебуз. Өрүктөр түбүнө түшүп кетпеш үчүн улам сайын аралаштырып коюу керек. Даяр болгон кыямга грек жаңгагын жана лимон кислотасын кошуп коюу керек.
Бат жасалуучу кыям: Бат жасалуучу кыямга кумшекер аз кошулат. Мындай учурларда бир килограмм мөмө-жемиштерге 0.5 же 0.8 килогграмм кум шекер кошулат да даярдалган (тазаланып, жуулган) өрүккө нормасынан төмөн кылып кумшекерди салышат. Ширеси чыккандан кийин отко коюп, капкагын жаап коюу керек.Кайнагандан кийин калган кумшекерди аягында салып, беш мүнөт отко коюлат.Мындай ыкмаларды колдонууда кыям суюк болуп калат.
Идиштерди колдонууда: Кыямды даярдоо үчүн эмаль идиштери эң ыңгайлуу. Алюминий идиштерди колдонуудан качыңыз, ал кыямдын өңүн жоготуп, даамын бузуп салышы ыктымал. Аларды жыгач кашыктары же атайын жасалган күрөкчөлөр менен аралаштыруу абзел. Эгерде кааласаңыз банканын тышына этикет чаптап коюңуз, ал кайсы күнү жасалганын билдирип турат. Кыямды кайнаткан соң кичине банкаларга куюп, резина капкактар менен катуу жаап, аларды бир нече убакытка чейин көмөрүп коюу керек. Себеби чоң идиштен бат бузулуп, атып кетиши ыктымал.
Кумшекердин ролу: Кыямды даярдоодо кумшекердин ролу абдан чоң. Кыямдын 66% кумшекер түзгөндүктөн бактериялардын жана микробдордун жок кылынышына алып келет. Андан тышкары кыямды бузулуп кетишинен сактайт. Кумшекер кыямдын жытын буркуратып, өңүн ачык кылат.