Дарамет

Азамат Сарыбаев, ырчы:
"Үнүм менен үй-бүлөмдү да багып келатам"
Азамат Сарыбаев кайталангыс эски кайрыктарыбызга экинчи өмүр берип келгени менен баалуу. Ал аткарган ар бир ыр жаштыгын кайрадан таап, ажарына чыгып, ыр жандуу кыргызды рахатка балкытаары анык. Азаматтын элди сагынткан, күттүргөн ырчыга айланып калганынын сыры-анын табигый талантынын касиетинде...

Туулган айы-жылы- 1977-жыл, 15-июнь.
Учурда- Улуттук Консерваториянын 3-курсунда окуйт.
Репертуарында -15 ыр бар.
Эң популярдуу ырлары: "Аппагым", "Бульварым", "Саймачы кыз", "Шарманка","Табийхат сыры", "Таң чолпонум"

- Азамат мырза, "артисттердин тилегени той экени анык" дегендей, учурдагы замандын капшабы сиздерге да жеңил тийген жок көрүнөт?
- 7-апрелден бери чынында финансы жаатынан кыйынчылык болуп калды. Көрсө, той да эл-жер тынч болсо болот экен. 85 балабызды жерге берип, эми мындан аркысы жакшы болсун деп бел байлап турганыбызда Түштүк окуясы башталып кетип, жалпы кыргыз элинин бели кайрадан очорулду. Мисалы, ырчылар той менен эле жашачу да, дал биздин "сезонубуз" башталарда, жерибиз канга толду. "Эл болбосо, ыр кайда?" дегендей, элибиз-жерибиз эсен болсунчу.
- Сиз кайсы жердин кулунусуз?
- Тогуз-Торо районунун Казарман айылынан болом. Эки кыз, төрт эркек болуп 6 биртууганбыз. Атамдын 6 жыл мурун көзү өтүп кеткен. Апам Кантта турат. Өзүм Таластын күйөө баласымын. Келинчегимдин аты -Каныкей, Айкөл аттуу 8 жаштагы кызым, Темирлан деген 3 жашар уулум бар. Менин чакан "анкетам" ушундай…
- Балдарыңызды кандай тарбиялайсыз? Ата Журтун сүйгөн балдар болушуна азыртан кам көрөсүзбү же?..
- Балдарымдын кыргыз тилдүү болуп, өз тилин сүйүп чоңоюшун каалайм. Кызым быйыл биринчи классты чоң апасы менен жүрүп, Канттан бүттү, эми Бишкектеги кыргыз мектепке берейин деп ойлонуп атам. Балдарыма мультфильмди да жөн эле ала бербей, сапатына карап сатып алам. Мисалы, мага азыркы ызы-чууга толгон Батыштын мультфильмдеринин көбү жакпайт. Ошон үчүн илгерки өзүм көрүп чоңойгон союз мультиктерди алып берем. Эс алып үйдө болгон кезде жомок айтам, бирок балдардын дүйнө таанымын кеңейтүүнүн жоопкерчилигин көбүнчө келинчегим мойнуна алат. (күлүп) Мен каражат жагын.
- "Чоң ата, чоң энеге жакын балдар - Мекенди кадырлаган балдар болот" дейт элибиз. Сиздин чүрпөлөрүңүз чоң апасына жакынбы?
- Чоң апасына жакын болгон үчүн жанында жүрдү да. Бир жолу жайында апам этти эшикке илип койсо, чымындап кетиптир. Апам "Иий, өлүңдү көрөйүн, чымын этке "заңдап" салган турбайбы!" деп кейисе кызым: "Апа, эмне чымындардын "горшогу" жокпу?" деп сураптыр. Үйгө келгенде "ай, кокуй, ай" деп куду апамдай болуп сүйлөп калат.
- Ар бир эркектин тарбиячысы аялы болот эмеспи. А келинчегиңиз сизди кандай тарбиялайт?
- Жубайым экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош, ал да мендей токтоо, сабырдуу, көп сүйлөбөйт. Тигини-муну шакылдап ушактабайт. Ал өзгөчө менин сахнага чыгышыма, эл алдында өзүмдү кандай алышым керек, ошолор тууралуу кеңеш берет. "Ырдап атканда өзүңдү эркин кармабай, тырышып туруп аласың" деп айтат. А бирок,"тырышканым" өзүмө сезилбейт.
- Сизди кызганабы?
- Башында жаңы үйлөнгөндө концертке баратсам деле "кайда жөнөдүң?" деп ичи тарыгансып сурай берчү, кийин көндү. Тойго, майрамдык кечелерге барып калганда мага көңүл бурган кыз - келиндерден кичине кызганып атканы байкала түшөт. Бешинчи каналдагы Айдай Самиева деген диктор бар го, мага ошол диктордун алып барганы, өң-түсү жагат. Аны келинчегим "ана, сенин сүйгөнүң сүйлөп атат" деп тамашалап өтөт. Мындай тамашалуу көрүнүш ар бир эле үй-бүлөдө бар да.
- Аялзаттан көбү напсисин тарталбайт эмеспи. Ал жагынан кандайсыз?
- Мен напсимди тартам. Аялыңды да сыйлашың керек да. Тойлордон кыздар келип "телефонуңуздун номерин бериңизчи" деп сурашса, бербей коём. Алган жарым жанымда олтурса эле башка кыз телефон чалып атса, урушпаган күндө деле жүрөгү ооруп калбайбы.
- Анда балалык кезиңизге кайрылалы. Тентек кездеги сүйүүнүн даамын таткандырсыз?
- Балалык сүйүүм эсимде жок, бирок "Ачык көңүл балдарбыз" деген телекөрсөтүүгө ырдап чыкканым эсимде. Ошондо Болот Макетаев агай менин дарегимди теледен кетирсе керек, "Сиздин ырдаганыңыз жакты. Сиз менен таанышкым келет" деп 30-40 кыздан Казарманга кат келген. Эки-үчөөнө жооп берип, калганына үлгүрбөй калгам. Азыр ал каттар сакталуубу, жокпу билбейм, бирок ошол күндөрдөн аябай жакшы, жагымдуу элес калган.
- Атактууларды сыйлагандар көп болгондуктан шарапты "кыйбас дос" кылып алат эмеспи? Сизди да "Мени сыйласаң алып койчу?.." дегендер бар чыгар?
- Жок, мен ичкиликти оозума албайм. Өзүм табиятыман начар кылык-жоруктарга жокмун. Анын үстүнө эл көзүндө болгондон кийин, өзүмдү татыктуу алып жүргүм келет.
- Чыгармачыл инсандардын кимиси менен катташасыз?
- Көбү менен мамилем жакшы, үй- бүлөлүк катышыбыз да бар. Мисалы, Улукмырза Полотов, Анарбек Ибраев, Жеңишбек Токтобаев ж.б. Ал эми Токтобек Асаналиев менен Кенже Кубатова өкүл атам, өкүл апам болчу. Студент кезимде алардын үйүнөн чыкчу эмесин. "Үйлөнсөм эле силерди өкүл ата коём" дечүмүн. Айткандай эле эң биринчи өкүл баласы мен болдум. Азыр өкүл атамын башка "балдары" да көп. Кенже эже Кочкордо жашап атат, экинчи өкүл апамды да жакшы көрөм, менден бир жаш кичүү экенине карабай, "апа" деп айтам.
- Сиздин "саяпкериңиз" ким?
- Мен эң биринчи Филармониядагы студиядан окугам. Тапшырганда жүздөй бала тапшырып, сынактан 20дай бала өткөнбүз. Ошондо Улукмырза Полотовдон окуп калганыма кубанам. Күздөн кышка чейин 2-3 ыр, кайра кыштан жайга чейин 2-3 ыр менен үндү машыктырчубуз. Улукмырза агай: "кийин чоң ырчы болуп калганыңарда "мени Полотов агай окуткан" деп койсоңор эле болду" десе: "Оо,агай сизди көкөлөтөбүз да" дечүбүз. А чын-чынына келгенде азыр эч кимибиз деле агайды чакырып, укмуш кылган жокпуз. 2002-жылы алгачкы концертимди бергем, ошондо агайымды кадырлуу конок кылып, банкетте төргө отургуздум, анын эмгегинин акыбетин кайтарыш кудай буюрса, алдыда.
- Сиз да жаштарды окуткуңуз келеби?
- Өзүм кийинчерээк мен да окутат болушум керек деп ойлойм. Былтыр мени Филармонияга окутуучулукка чакырган. Мен Аламүдүн маданият үйүндө да иштейм, анан жетишпей каламбы деп барган жокмун. Анын үстүнө айлык акысы 900 сом экен.
- Бир кезде "Табийхат сыры" деген ырды Үмүт Тилегенова менен ырдап чыктыңыз эле?
- Башында жалгыз ырдачумун, бир жолу Үмүт эже экөөбүз сүйлөшүп атып, "кел, ушул ырды дуэт кылып ырдап чыгабыз" деп калдык. "Ушул нотага жетесизби?" десем, "ой, мен ал нотаны жөн эле алам да" деди эже. Ошентип чогуу ырдап чыгып калдык. Экөөбүздүн продюсерибиз Ырыс Окенова болчу. Продюсер бар деле жакшы экен, ырларыңды телеге берет, концертиңди өткөрөт, ушулар өңдүү толгон-токой түйшүктү продюсер бүткөрөт да. Ырыс экөөбүз байланышпай жүрүп эле иштешпей калдык. "Урушуп кеттиңерби?" деп сурагандар болду, таң калыштуусу урушмак тургай, неге иштешпей калганыбыз өзүбүзгө да табышмак. Балким, ал мени таарынып калгандыр деп ойлоп аткандыр, а мен аны… Бирок, таарынганга себеп да жок болчу. Жолукканда билмексен болуп учурашып калабыз, "эмнеге келбейсиң деп ал сурабайт, "барайынбы?" деп мен айтпайм.
- Ырчылык талантты бергенине сүйүнөсүзбү?
- Кудай сени эмнеге жөндөмдүү кылып жаратса ошол шыгыңды улантып кеткен жакшы да. Үнүм менен кудай берген миссиямды аткарып да, үй-бүлөмдү багып да келатам.
- Сиздин репертуарыңыздагы ырлардын баары тең уккулуктуу, эл сүйгөн ырлар. Бирөө-жарым кеңеш береби, же өзүңүз тандайсызбы?
- Кеңеш бергендер да болот, негизгиси мен өзүм эски ырларды баалайм. Биринчи иретте мага обону жагыш керек, анан текстине маани берем. Эл алдында эң алгачкы жолу "Аппагым" деген ыр менен чыккам. Аны тарткан режиссёр Нурслан Сыдыгалиев: "Көчө" киносунан да кошолу" деп Геннадий Базаровдон уруксат алып келди. "Сенин да актёрдук чеберчилигиң жок болсо, чыгармачылыктан алыс кызды тартканда кыйналып калабыз. Андан көрө актрисаны тарталы" деп, "Учур" театрындагы жаш актриса Динара Кыдырмаеваны сунуштаган. Замана студиясына алып барсак "Оо, сонун тартылыптыр" деп кызыгып көрүп, шарт эле эфирден кетиришкен. "Ырга клиптин тартылышы да төп келген" деп "Аппагымды" эл жакшы кабыл алышат.


Афина Бакирова