Маалымат майданында
Р.Отунбаева ЕврАзЭШтин саммитине катышууда
Роза Отунбаева 2010-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого; кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын коргоого; Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын эркиндиги менен укуктарын урматтоого ант берип, Кыргызстандын президентинин кызматына киришээр менен Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык шериктештик саммитинин (ЕврАзЭШ) 27-жыйынына чакырылды. Ошентип, толук кандуу легитимдешкен бийликтен Роза Отунбаева менен бирге Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Темир Сариев , Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев , ЕврАзЭШ иштери боюнча өкмөттүн улуттук координатору Базарбай Мамбетов, Экономиканы тескөө министринин милдетин аткаруучу Эмил Үмөталиев да катышууда. Саммитте ЕврАзЭШтин келечеги, Бажы союзун толук кандуу ишке киргизүү жана Европалык экономикалык мейкиндикти түзүү маселелери каралмакчы. Жыйын жабык эшик артында өтүүдө жана анда Президенттер Дмитрий Медведев, Роза Отунбаева, Нурсултан Назарбаев, Александр Лукашенко жана Эмомали Рахмон катышууда. Байкоочу катары Армениянын делегациясы катышып жатат.


Oш окуясынан жоголгондор табылып… өлтүргөндөр камалып…
Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык салтанатта Ош окуяларында каза болгон дарыгер Касым Жусупакматовду бир мүнөт унчукпай туруп эскерүү болду. К. Жусупакматов Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынын врач-хирургу болуп эмгектенген. Ал 16-июнда оорукананын жанында белгисиз топ тарабынан уурдалып, туткунга алынган. Ошол күндөн тартып дарыгер издөөгө алынып, окко учуп каза болгондордун арасынан табылды. Көкүрөгүнө жана башына ок тийип каза болгон К. Жусупакматовдун сөөгү 2-июль күнү жерге берилди. К. Жусупакматов 1972-жылы туулган. Анын артында 5 баласы калды.
Ошондой эле Ош коогалаңында белгисиз жоголуп, изделип жаткан Ош облустук Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкерлери Б.Байкишиев менен Б.Айдаровдун өлүмүнө байланыштуу шектүү 6 адам кармалды. Алардын көрсөтмөсү менен Б.Байкишиев менен Б.Айдаровдун сөөгү курулуп бүтө элек эки кабат үйдүн жер төлөсүндө терең казылган чуңкурга көмүлгөн жерден табылды. Ал эми Кара-Суу районунун ИИБ начальниги А.Султанов жана анын айдоочусу Уран Шамурзаевдин өлүмүн иликтөө иши боюнча учурда шектүү деп 5 адам кармалды, Бул маалыматты Ош областынын коменданты Бактыбек Алымбеков билдирген. Анын айтымында, учурда алар сурак берип жатышат.


Ошко газ бериле баштады
Ош аймагынын айрым жерлери, анын ичинде Кара-Суу шаары, Шарк айыл өкмөтү жана Ош шаарынын айрым кичи райондору көгүлтүр отун менен камсыз кылына баштады. Бул тууралуу "Ошгаз" ишканасынын жетекчиси Маматкалык Аматов "Азаттыкка" билдирген. Анын айтымында, июндагы башаламандыктан аталган ишкана 11 млн. сомдук чыгым тарткан. Июнь айындагы кагылышта кээ бир чоң газ куурлары керектен чыгып, Ош аймагынын калкын газ менен камсыз кылуу 11-июндан тартып убактылуу токтотулган болчу.


Апрель окуяларында жабыркагандарга компенсация берилет
Убактылуу өкмөт жыйынынын кечээки отурумунда каржы министри Темир Сариев жеке бизнеске келтирилген зыян 1 млрд. 56 миң сомду түзөт деди.
Мамлекет бардык жабыркагандарга компенсация төлөп бере албайт, ошентсе да, өзүнүн кичи бизнесинин эсебинен жашаган жана оор абалда калган 225 ишкердин тизмеси түзүлгөн. Аларга бюджеттик каражаттардан 53 млн. сом төлөп берүү пландаштырылууда.
"Аларга келтирилген зыян 356 млн. сом болгон. Биз 53 млн. төлөп беребиз деп макулдаштык. 225 адамдын такталган тизмеси прокуратура, финполиция, ИИМ аркылуу текшерилди", - деп билдирди Сариев. Бул долбоор отурумдун катышуучулары аркылуу кубатталды.


Ө.Текебаев Норвегияга учту
Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев Осло шаарында өтө турган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламент аралык ассамблеясынын 19-сессиясына катышуу үчүн учуп кеткен. Ө.Текебаев Ослодо Кыргызстандагы соңку кырдаал, референдумдун жыйынтыктары туурасында баяндама жасайт. Ал Норвегияда 5-июлдан 12-июлга чейин болмокчу.


Ү.Сыдыков үй камакка бошотулду
Ушундай маалыматты Ү.Сыдыковдун адвокаты "Интерфакс" агенттигине билдирген.
Сот Ү.Сыдыковдун оорусуна жана улгайып калгандыгына карап, үй камагына бошоткон.
Ү.Сыдыков май айынын ортосунда Жалал-Абад жана Оштогу окуяларды уюштурууга байланышы бар деп камалган эле.


Июндагы окуялар боюнча 1000ден ашык кылмыш иши козголду
Ош областында ведомство аралык ыкчам иликтөө бригадасы тарабынан июндагы окуялар боюнча 1000ден ашык кылмыш иштери козголуп, учурда иликтенип жатканын Ош областынын коменданты Бактыбек Алымбеков билдирген.


Өмүрбек Суваналиев рапорт жаза элек
Өмүрбек Суваналиев Ош областык Ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматынан отставка кеткени менен ал кызматын таштап кетип жаткандыгы тууралуу рапортун жазган эмес экен. Учурда анын ички иштер органдарынын катарына кайрадан кабыл алынбастан бошотуу тууралуу кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы ички иштер министри Болот Шер ге сунушталыптыр. Эми министр Болот Шер кандай чечим кабыл алып, кандай буйрук чыгараар экен деп кулак түргөндөр көп.


Э.Ибраимова кызматтан кетүүгө ниеттенип...
Убактылуу өкмөттүн социалдык жактан координатору Эльмира Ибраимова кызматтан кетүүгө ниеттенип жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен жолугушкан учурда билдирген. Бирок Э. Ибраимова кызматкен кеткенден кийин парламенттик шайлоого катышабы же жокпу бул жөнүндө айткан эмес.