п»ї
 Таанышуу жарыясы


 "Ударный" ушактар

Редакциябыздын "Кат куржунуна" көп каттар келип түшөт. "Уккан кулакта жазык жок" дегендей, окурмандарыбыздын кулагы чалып калган "ударный ушактарына" жооп алуу максатында керектүү адамдарга кайрылдык. Ошентсе да, шамал болбосо чөптүн башы кайдан кыймылдасын?

"Айчүрөк күйөөсү, балдары менен башка өлкөгө качып дейби?.." Саламатсыңарбы "Обон" гезити! "Кат куржун" деген рубрикаңар аркылуу бир нерсени билгим келип жатат. Ырчы Айчүрөк Иманалиева күйөөсү Таалай жана эки баласын алып, Бакиевдердин бир "ойношу" коркутканынан улам Россияга качып кетип, "Б" нын бийлиги кеткенден кийин кайра келишкенин уктум. Бул тууралуу өздөрүнөн сурап бераласыңарбы? Бишкектен, Алтынай.
Айчүрөк Иманалиева, ырчы:
"болуп өткөн окуяга
кайрылгым келбейт!"
- Мен кыргыз элинин ырчысы катары, эне катары Кыргызстандагы абал эми өз ордуна келип, элибиз тынчтыкты гана тилеп отурганда мен да өзүмө, үй-бүлөмө тынчтык тилеп, биздин үй-бүлө менен болуп өткөн окуяга кайрылгым келбей жатат.
Эң негизгиси "ак ийилет, бирок сынбайт" деген чын экен. Адам-адамга жамандык кылып атабы, жакшылык кылып атабы үстүбүздөгү Алла Таала карап, билип турат тура. Кимге-ким жамандык кылса, 1 жылдан соң болобу же 10 жыл болобу, кылган жамандыгы жүз эсе өзүнүн башына тиет, ошондуктан эч качан эч кимге жамандык тилебесе, жасабаса.


"Темир Бирназаровдун чырак кармаган баласы качан келет?"
- Өткөндө "Белгисиз маршрут" деген кинону үчүнчү жолу көрүп отуруп, сюжеттен Кыргызстандын азыркы абалын даана сүрөттөп тартып койгонуна дагы бир жолу ынандым. Көзү ачыктай эле тартыптыр. Бул кинону өзүнүн туюму менен эле тартты бекен же кимдир бирөө ( балким көзү ачыктар) кеңеш бергендир. Эгер өзүнүн интуициясы менен тарткан болсо, тасманын аягындагы баарыбызга жол көрсөтүп, жарык (факел) көтөргөн бала качан келет экен, айтып койсунчу сураныч? Токмоктон, Урмат.


Темир Бирназаров, режиссёр:
"Чырак кармаган баланын келээрине аз калды"
- Негизи чыгармачыл адамдардын 6-туюму күчтүү болот. Алар бир нерсе болоорун күн мурун эмес, бир канча жыл мурун эле туюшат. Мисалы, Эдгар По деген англиялык жазуучу 1820-жылдары чыгарма жазган. Чыгармада деңизге бир кеме чөгүп кетип, үч адам аман калат. Аралга сүзүп келен үчөө абдан ачка болуп, экөө бирөөнү жеп коюшат. Баягы эки киши жеген адамдын атын толугу менен жазып, калтырып кетишет. Кийин, 1960-жылдары Америкада дапдаана ушундай окуя болуп, жада калса экөөнө жем болгон адамдын атынан бери дал келип калат. Ошол сыяктуу эле "Белгисиз маршрут" тасмасын эч кандай көзү ачыгы жок эле өзүмдүн чыгармачылыгым, туюмум менен тарткам. Ал эми кай бир жерлеринде туюм эмес, факт да келтирилген. Мисалы, автобустун ичиндеги ууру К. Бакиев болчу. Мен аны Жалал-Абаддагы акча уурдаганын кыйытып айткам.
Ал эми чырак кармаган баланын келээрине аз калды буюрса, ишеним менен күтө туралы.

"Б.Бадыева көз жарыптырбы?"
Саламатсыздарбы "Обон" гезитинин жамааты! Акыркы убактарда ырчы кыз Бактыгүл Бадыева көп көрүнбөй калды. Аны жакында Токмокто апасынын үйүндө көз жарып, кыздуу болду деп уктум. Эгер чын болсо кызынын атасы ким? Бишкектен, Зарина.

Бактыгүл Бадыева, ырчы:
"Кыргыз элим менен кубанычымды тең бөлүшөм!"
- Урматтуу Зарина, бул туура эмес маалыматтар. Көз жарыш үчүн биринчиден турмушка чыгыш керек. Мындай ушактарды качан токтотобуз?! Буюрса, турмушка чыгып, балалуу болгондо кыргыз элим менен кубанычымды тең бөлүшөм! Бул сөздөрдүн баары ушак.




  тентек собол

"Жел чыкпаса жан чыгат"
Адам болгондон кийин турмуштун мыйзамынан алыс кете албайбыз. Мисалы, кээде кармана албай кетип, "жел" чыгарып коебуз. А негизи жаман-жуман заттар организмден сыртка чыгып турганы жакшы да.


"Жел чыкпаса жан чыгат" деп коёт эмеспи, эгер сыйлуу конокто отуруп, карманалбай жел чыгарып алсаңыз, абалдан кантип чыкмак элеңиз?


Жакут Сыдыков: "Мага шылтай бер" демекмин"
- Андайга барбаганга аракет кылам. Ага да болбой "жел" чыгып кетсе, жанымдагыны түртүп "мага шылтай бер" деп чыгып кетмекмин. А отургандар жанымдагыны ойлошмок, ошо экен деп. (күлүп)


Сьездбек Искеналиев:
"Жанымдагыга шылтап коймокмун"
- Сиздин сурооңуздан кийин бир окуя эске түшүп кетти. Илгери бир аттуу-баштуу, элин-жерин коргогон баатыр болуптур. Сыйлуу конокто отуруп, кокусунан баягы баатырдан "жел" чыгып кетип, тиги баатыр ордунан козголбой катып калыптыр. Тегерегинде отургандар баатырды сыйлаганданбы же андан корккондонбу, эч нерсе деп сүйлөбөптүр. Эт бышып, устукан тартылгандан кийин деле баягы баатыр унчукпай отурат дейт. Элдин баары этин, бешбармагын жеп бүтүп бата кылалы десе деле баягынын отурганы-отурган. Көрсө, жел чыгаары менен эле намысына чыдабай, канжары менен сайынып өлүп калыптыр.
Байкатпай чыгып кеткен учурлар ар бир адамда кездешип калышы мүмкүн. Андай учур болуп калса, жанымдагыга шылтап, "бул эмне кылганың" деп тилдеп коймокмун да айла жок. (каткырып)




Бегимай Бекбоева: "Жакшы адам жаман желди ичине кармабайт"
- Буга чейин андай болгон эмес. Эми чоң адам болгондон кийин антпегенге аракет кыласың да. "Жакшы адам жаман желди ичине кармабайт" деген сөздү бир эжем дайыма эле айтып, күлдүрүп жүрөт. Эгерде чын эле ошондой кокустук болуп кетсе, мен да ошол сөздү айтып кутулуп кетмекмин. Өзүм орус мектепте окугандыктан биздин класста мен анан бир кыз эле кыргыз болчубуз, калганы орус ж.б. улуттагылар эле. Чогуу отуруп калганда алар жел чыгара беришчү. Биз болсо "ичине ит өлүптүр" деп күлүп тим болчубуз.




Урмат Үсөнов:
"Жаны бардын жели бар да"
- Сен айткандай эле "Жел чыкпаса жан чыгат", "токчулук", "Жаны бардын жели бар" деген сөздөрдүн бирин айтып, абалдан чыкканга аракет кылмакмын да. Мындай абалдан башкача чыгып кете турган жол жок болсо керек.




Замир Арыкбаев:
"Жел чыгарганга жол бербейм"
- Менде андай болгон эмес. Акыл-эстүү адам болгондон кийин, сыйлуу жерлерде өзүңдү-өзүң контролдоп турушуң керек да. Эгер анте албасаң, кичинекей эле бала болуп калбайсыңбы, туурабы? Мас болуп калсаң бир жөн эле. Мен жел чыгарганга жол бербейм.

Төлөбүбү Касымалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Үнүм менен үй-бүлөмдү багып келатам"
2-бет
Азамат Сарыбаев, ырчы:
"Үнүм менен үй-бүлөмдү да багып келатам"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
"Ударный" ушактар
5-бет
"Ударный" ушактар
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Айдай болгон Алмакан, ашык болдум сизге мен"

7-бет
Кинодогу "жуптар"
8-бет
Салтанат Саматова:
"Жолдошума мени сынатып эле койсо…"

9-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Медер менен дубль башталганда эле сүйүшкөн кыз-жигит болуп калабыз…"

10-бет
Омор Султанов, КР эл акыны:
"Кандай сезсем ошондой жашагым келет"

11-бет
Спорт-world
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Атактуулар ааламы
15-бет
Обон почта
16-бет
Жанызактан китептер:










??.??