п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Классташ

Тилек Алиев, музыкант:
"Айдай болгон Алмакан, ашык болдум сизге мен"
Мектепте өткөн окуучулук күндөр ар бирибиздин аң-сезимибизде алтын сыя менен түбөлүккө жазылып калат эмеспи. Балалыктын эң таттуу, эң ыйык, эң аруу көз ирмемдери дал ушул окуучулук күндөрдө көп болот. Биз "Классташ" рубрикабызга ырчы айым Алина Жетигенованын классташтарын чогулттук. Башынан өткөн кызыктуу окуяларды ырчынын классташтары тамаша, кыраан-каткы күлкү менен эстеп айтып беришти.

Жамалбек Ниязалиев:
"Дөөлөттүн катын Алинага далай ташыдым"
- Мен Алина менен бир партада төртүнчү класска чейин отуруп окудук, анан ал Таласка окуганы кетти. Кайра тогузунчу классында келип, экөөбүз дале да бир партага отуруп калдык. Башынан эле ал сабакты жакшы окуп, өз жанына тың кыздардан болчу. Жашырганда эмне, өңдүү-түстүү кыз болгондуктан кат жазган жигиттер көп болчу. Ага ашык болгон жигиттердин баары азыр ушул жерде отурат (каткырып). Катарлаш класста окуган Дөөлөттүн каттарын далай ташыдым го. Дөөлөт экөөбүз тайке-жээн болуп кетебиз. Төртүнчү класста окуп жүргөндө болсо керек, эртең менен үйүмө келип эрте чакырып кетет. Мектепке баратып жолду катар мага Алинага жазган катын үч бурчтук кылып бүктөп берип: "Сен бир партада отурат эмессиңби, байкатпай күндөлүгүнө салып койчу" дейт. Мага эмне, байкатпай барып салып коём. Балким ал каттардын жообун менин күндөлүгүмө салып койчудур, мен күндөлүктү үйгө барганда эзели ачпасам каяктан көрмөк элем ха-ха-ха…., ошол каттардын бирөөсүнүн да жообун Дөөлөткө жеткирген жокмун.
- Парталаш болсоңуз анда уруш-талаштар көп эле болсо керек?
- Анда Алмакандын чачы узун болчу, партага байлап чалкасынан кетип далай эле уруштук. Кыздардын биздин сумкаларды ыргытып иймей адаттары бар болчу. Бир жолу дене тарбия сабагынан сумкаларыбызды таппайбыз. Нурдин деген олбурлуу классташыбыз бар, ал жинденип Алинаны тээп ийгенби же катуу чапканбы билбейм, бүрүшүп эле отуруп калыптыр. Алина артын караса мен турам, ошондо аны мен урган болуп калдым да. Эртеси күнү чоң атасын ээрчитип келиптир мектепке. Атасы убагында мектептин директору болуп иштеген, тартипке катуу киши болчу. Математикадан Чоно деген агайдын сабагы кирип жаткан. Ал Алинанын чоң атасын алдап, "бүгүн ал бала сабакка келбей калыптыр, келгенде өзүбүз жазалайбыз, сиз бара бериңиз" деп жөнөткөн. Ошол бойдон Алинаны мен урган киши болуп калгам, эгер ушул макаланы окуса билет болуш керек. Дагы бир жолу бир бала кнопка алып келиптир, Алина ордунан турганда столуна койдум. Ал отураары менен бакырып атып турду, Жакып агайым жини келип ошол кнопканы менин башыма басып туруп бакырткан бойдон сууруп алган.
- Мектепти бүткөндөн кийин классташыңыз менен канча убактан соң жолуктуңуз?
- 1990-жылдары Көлгө командировкага бир айга баргам, келинчегим төрөмөк. Анда сары икарус автобустар каттачу, шаардын ичинен №31 автобуска отурдум. Ичинде эл көп, куурчактай болуп Алина да баратат. Таанып учурашайын десем, сакалым өскөнүнөн тартынып, уялып, "мени тааныган жок окшойт, мен деле көрмөксөн болуп коёюн" деп отурсам өзү келип "Жамалбексиңби? Сени дароо эле тааныдым" деп учурашып жатпайбы. Түшөөрдө (ал кезде сотка жок) үйүнүн дарегин талонго жазып берип, "келинчегиң төрөсө чалып кой" деп берди. Төрөтканага барсам келинчегим кыз төрөптүр, майрамдап тойлоп жүрүп ал телефон номур жазылган талон кайда түшүп калганын билбейм. Ошол бойдон кийин эки-үч жылдан соң кезиктик.


Касым Субанбеков:
"Алина көтөрүлгөндү билбейт"
- Мектепте балдарга кат жазып берип батасын алчу окшойсуз?
- Ооба, чынында мага Дөөлөттөн башка кат жаздырган балдар деле көп болчу. Балким кол жазмам чын эле башка балдардыкына караганда сулуу болгондур, ким билет. Дөөлөткө ыр менен минтип кат жазып бергеним эсимде:
Түлкү качат из менен
Тайган кууйт из менен
Айдай болгон Алмакан
Ашык болдум сизге мен - деп ха-ха-ха…Ошол каттарды Алмаканга Жамалбек ташычу. Ал кезде сахнаны жаба турган кара пардалар бар эле, бирөөбүз пардаларды түшүрөбүз, экинчибиз светти өчүрөбүз, калгандарыбыз жактырган кыздарыбызды кармаганга даярданып, сахнанын артына өткөндө жок дегенде бетинен бир өөп алганга ашыкчубуз. Алинага ашык болгон жигиттер арбын эле болду. Ошондо бири-бирин жөөлөп Алинаны өпкүсү келгендер көп эле болду болуш керек.
- Классташыңызга кандай мүнөздөмө бересиз?
- Көтөрүлгөндү билбеген, дайыма "вперед" деген кыздардан. Ак көңүл, оокат чогултайын деп деле ойлобойт. Жардамын аябай, колунан келген колдоосун көрсөтүп турат. Уюштуруучулук жөндөмү да жакшы, элдер беш жылдык, он жылдыкка чогулса, биз Алинанын демилгеси менен жети жылдык өткөргөнбүз. Чыгармачылык жактан эл тааныган инсан болгон классташыбыз менен сыймыктанабыз. Алина менен азыркы учурда да жамандык-жакшылыктарда катышып, байланышып турабыз. Мамилебиз дале сый бойдон. Канча жылдан бери билем, бир катуу айтып, бир да жолу көңүлүбүздү калтырган жок.


Дөөлөт Жусупбеков:
"Коркконунан колундагы катты жутуп ийип…"
- Дөөлөт байке, сиз классташыңыздан жазган каттарыңыздын жообун сураган жоксузбу?
- Ушу жээним өзү ич тарлык кылып мен жазган каттардын жообун катып койчу окшойт ха-ха-ха…Эки-үч жолу жаздым, анда төртүнчү класста окучубуз. Менин кол жазмам жаман болгондуктан классташыбыз Касымга жаздыртчумун. Анын кол жазмасы башка балдардыкынан айырмаланып сулуу болчу, меники болсо азыр деле ошол жаман бойдон калды. Чынын айтканда Алинага биздин класстан деле, башка класстан деле кат жазган жигиттер көп болду. Бир жолу бир классташыбыз Алинага кат жазып, кечке маал анын үйүнө барып жообун алып келе жатыптыр.
Колундагы катты ачпай үйгө барганда окуйм деп кудуңдап келе жатса алдынан бизден эки-үч жаш улуу Замир, Макай деген балдар чыгып "бул жакта эмне кылып жүрөсүң" дешиптир. Тиги коркконунан катты тартып алат деп оозуна салып, жутуп ийиптир. Ошол бойдон Алина же "ооба" же "жок" деп жазганын билбей калдым деп жыйырма жылдыкка барганда арман кылып отурган.
- Жыйырма жылдыкка Алина эже бардыбы?
- Жок, ал ошол кезде гастролдо болчу. Аксы окуясына туш келип калып, жол жабылып калган. Булардын классы Алина келет деп мактанып, биздин класс Алина келсе уят болбойлу, чүнчүп калбайлы деп колонкалардын жакшысын алдыртып…аягында уят болушуп, Алинага бир топко чейин таарынып жүрүштү. 1990-жылдары Алинанын концертине бардык. Айдарбек деген классташыбыз досторуна мактанып, "Алина мага арнап ыр ырдайт" дептир. Тигилер ишенбей…айтор бир ящик аракка, бир козуга мелдешип кетишиптир. Анан Айдарбек эптеп элдерден айттырат "Алина мага арнап ыр ырдасын" деп. Толтура элдин алдына чыгып Алина "ушул ырды классташым Айдарбекке арнайм" деп бир ыр ырдап берген. Кийин тамашалап, "Ошол Айдарбектин менин аркам менен уткан козусунун этинен ооз тийген деле жокмун" деп айтып жүрдү.
- Мектепте эле ырдачу беле?
- Коомдук иштерге, спектаклдерге, концерттерге көп катышчу. "Көк жылгаяк" деген ырды ырдап жүргөнү эсимде.

Анара Дүйшөналиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Үнүм менен үй-бүлөмдү багып келатам"
2-бет
Азамат Сарыбаев, ырчы:
"Үнүм менен үй-бүлөмдү да багып келатам"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
"Ударный" ушактар
5-бет
"Ударный" ушактар
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Айдай болгон Алмакан, ашык болдум сизге мен"

7-бет
Кинодогу "жуптар"
8-бет
Салтанат Саматова:
"Жолдошума мени сынатып эле койсо…"

9-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Медер менен дубль башталганда эле сүйүшкөн кыз-жигит болуп калабыз…"

10-бет
Омор Султанов, КР эл акыны:
"Кандай сезсем ошондой жашагым келет"

11-бет
Спорт-world
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Атактуулар ааламы
15-бет
Обон почта
16-бет
Жанызактан китептер:










??.??