п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Киностан

Кинодогу "жуптар"
Биз бүгүн "көңүлдөштөрдүн" жашоодо эмес, тасмада калган "сүйүүсүнө" көз чаптырдык. Актёрлор ошол эпизоддорун ойногондо кандай сезимде болду экен деген суроо кызыктырды. Искусство курмандыкты талап кылары баарыбызга белгилүү. Махабаттын өзү кандай түбөлүктүү болсо, ал чыгармачылыкта дагы түбөлүктүү орун алары шарттуу көрүнүш. Кеп аны ким ойногонунда эмес, кандай ойногонунда жана ошол сүйүүнүн жасалмалуулугу менен нукуралуулугунда…


"Белгисиз маршрут" тасмасы, айылдык акын Гамлеттин ролунда
Акылбек Мураталиев, кино актёр:
"Аягы суюк эркектин ролу жаккан"
- Негизи режиссёрлор актёрду ролго өзү тандайт, а мен бул образды өзүм тандап алгам. Анткени, Темир: "Байке, каалаган ролуңузуду алыңыз, кандай роль болсо да сиз ийине жеткире ойной аласыз" деп мага эркиндик берген болчу. Мен киносценарий менен таанышып, окуп бүткөн соң ушул аягы суюк эркектин ролуна токтолуп, ошол адамдын ички трагедиясын алып чыккым келди. Анткени, мага элдин бүйүрүн кызыткан роль керек эле. Кинодо, театрда адамдын дүйнөсүн "жаман же жакшы" деп экиге гана бөлүп ойнобош керек. Терс каармандын да жакшы жагын алып чыксаң, ошондо роль максатына жетет. Байкуш ал "аягы суюк киши" деле "мен 6 аял алайын" деп үйлөнгөн эмес да, ал дагы "ушу менен бактылуу жашап, токтоп калсам экен" деген тилек менен улам аял алып атты. А турмуш ага болгон жок. Карабайсыңбы, аягында Анипа берки эркектин жанына отуруп, экөөнүн "романы" башталып атканда "силер бири-бириңерге жарашасыңар. Бактылуу болгула" деп, ичи ыйлап атса да сыртынан ууртуна жылмаюу жаратып айтып атат. Бул не деген улуулук? Менин партнёршам, актриса Динара Абдыкадырова бардык жагынан профессионал болгон үчүн аны менен бирге ойногон мага жеңил жана жагымдуу болду.


"Апамдын махабаты" сериалы, мугалим
жигиттин ролунда
Нурдөөлөт Копоев, "Учур" театрынын актёру:
"Аяш апамды
кучактай албай"
- Окуучусун боюна бүтүрүп койгон ролду аткарыш мага өөн көрүнгөн. Бирок, актёрсуңбу, өз милдетиңди билишиң керек да. Керездин апасын ойногон актриса курсташым Азиз Мурадиллаевдин апасы болот. Ошол "кайненем" менен жатып алган эпизод бар эмеспи, ошондо аяш апамды кучактай албай уялганымды айтпа. Кампос биздин жатканыбызды жаратпай, улам: "колуңар туура эмес болуп калды, кучакташкыла" деп атып көптө тартып бүткөн. Мен үчүн эң оор эпизод ушул жери болгон. Анан көлдүн жээгинде караңгыда тартылып атканыбызда килейген чиркейлер талап, бети-башыбызды, кулактарыбызды тызылдатып, же ыйлай албайбыз. Бакалардын көптүгүн айтпа, караңгыда канча баканы көрбөй, ичеги-кардын чыгара басып кеттик. Мына ушундай учурларынан кыйналбасак, ролдорубуздан кыйналган эмеспиз.


"Министрдин
кызынын махабаты", Зинанын ролунда
Роза Азимбаева, КМАДТтын алдындагы театралдык окуу жайдын студенти:
"Апам "режиссёруңду сот-ко берем!"деген"
- Кино тартылганга чейин режиссер Аскат (Жоробек) экөөбүзгө кайра-кайра айтып, түшүндүрүп, психологиялык жактан аябай даярдаган. Бирок, тартылып атканда Аскат экөөбүз тең тартындык, уялдык. Кинонун ачылышы болгондо апам барып көрүп, үйгө келгенден кийин чоң уруш чыгарды. "Жанагы жерин алдырып салгының! Ал сени эмне үчүн ушунчалык ачык тартат? Мен Рустам Аташовду сотко берем!" деп кыйкырып кирди. "Апа, сиз мени урушуңуз, Рустам байке менин уруксатым, өзүмдүн каалоом менен тарткан. Анда күнөө жок" деп апамды араң токтотком. Бир иним бар, ал эч нерсе деген эмес, ал эми атам бизден бөлөк жашайт, ошондуктан ал менин кином тууралуу ооз ачкан жок. Биз канткен менен кыргызбыз да, биздин эл үчүн жылаңачтанып киного түшкөн жат көрүнүш. Ошон үчүн эми жайлоодо жашаган, адептүү, нукура кыргыз кыздын образын жараткым келет.


"Апамдын махабаты" сериалы,
Мадинанын ролунда
Шайыр Касымалиева, Т.Абдумомунов атындагы КМАДТтын актрисасы:
"Атамдай болгон киши менен…"
- Менин мурунку ролдорумдун баары оң каармандар болгондуктан, ушул ролум мага жаңылык болгон. Албетте, "Дүйшөн Байдөбөтовдун ойношунун ролун аткарасың" дегенде "Дүйшөн агай менен ал ролду кантип ойнойм" деп жаман болгом. Себеби, ал киши мени дайыма "кызым" деп сүйлөйт, өзүм сыйлаган, атамдай болгон киши менен ошондой ролду аткарыш аябай ыңгайсыздык жараткан. Кино тартылып бүткөндөн кийин ойногонум өзүмө жагып, тааныштарым да "жакшы ойноптурсуң" дешип, жакшы пикирлерин билдирген. Кесибиң артист болгондон кийин "алкаш бол" десе алкашты, жиндинин ролун берсе аны ойнойсуң да. Менин ушул ролум сыяктуу элди кызыктырган образдарды жараткан актёрлорду сыйлайм.


"Айыл өкмөтү" тасмасы, урушчаак келиндин ролунда
Элмира Тагаева, Б. Кыдыкеева атындагы "Балдар жана өспүрүмдөр" театрынын актрисасы:
"Андай роль ойнобос болдум"
- Иий, ошол ролум өзүмө жакпайт! Негизи 2-3 дубль менен бат эле тартылгам. Сьёмкага кетип баратсак мага костюмерша айтып калды: "бизде кызыл ич кийим бар, анан киесиң" десе деле маани бербептирмин. Тартылуучу үйгө жеткенде Эрнис байке кантип ойношум керек экенин түшүндүрдү, мен улам жыгылып, жаныбыздагы артисттер кыраан-каткы түшүп күлүшүп, ролумду ойноп бүткөн соң кетип калгам. Бир жылдан кийин жайында кинонун премьерасы болду, мен элдин арасында отуруп, ошол жерине келгенде башымды салып карай албай эле отуруп калдым. Эл каткырып атат. Анан бир күнү көргүм келип кино театрга кайра бардым да, жанагы жерине жеткенде башымды көтөрө албай, дагы көрбөй калдым. Ошентип чоң экрандан өзүмдү такыр көрө албай койдум. Бир күнү үйдө жалгыз отурсам телевизордон берилип калды, уялып көрбөй жүргөн эпизодумду көрүп атсам, Аскат (милиционер) менин ич кийимимди төшөктүн астына буту менен тээп киргизип атат. "Өлгөн турбайымбы!" дедим өзүмчө. Себеби, мен ал жерин мурун билген да, уккан да эмес болчумун, ошондо билип атпайымбы. Жолдошум да кинонун ачылышында гастролго кетип киномду көрбөй калган, кийин өз көзү менен көргөндө өзү актёр экенине карабай: "ушуга уялбай кантип тартылдың? Макулдугуңду бербей эле койбойт белең" деп нааразы болгон. Эми мындан ары андай ролду ойнобос болдум.


А.Бакирова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Үнүм менен үй-бүлөмдү багып келатам"
2-бет
Азамат Сарыбаев, ырчы:
"Үнүм менен үй-бүлөмдү да багып келатам"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
"Ударный" ушактар
5-бет
"Ударный" ушактар
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Айдай болгон Алмакан, ашык болдум сизге мен"

7-бет
Кинодогу "жуптар"
8-бет
Салтанат Саматова:
"Жолдошума мени сынатып эле койсо…"

9-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Медер менен дубль башталганда эле сүйүшкөн кыз-жигит болуп калабыз…"

10-бет
Омор Султанов, КР эл акыны:
"Кандай сезсем ошондой жашагым келет"

11-бет
Спорт-world
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Атактуулар ааламы
15-бет
Обон почта
16-бет
Жанызактан китептер:










??.??