п»ї

  Назайым

Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Медер менен дубль башталганда эле сүйүшкөн кыз-жигит болуп калабыз…"
Белгилүү режиссер Актан Арым Кубат тарткан, сүйүү деген улуулукту даңазалаган "У любви свои небеса" аттуу тасмасында башкы каарман Заринанын ролун аткарган жаш актриса Айсулуу Ашырахманова менен болгон маек сиздердин назарыңыздарда.

- Айсулуу, кастингге катышкан көп кыздардын арасынан сен кантип өтүп кеттиң?
- Ал убакта мен кыздардын түрк лицейинде окучумун. Бир күнү сабакка келсем классташ кызым "Киного кастинг болуп жатыптыр, катышып көрбөйлүбү" - деп калды. Барганыбызда бизди сүрөткө тартып, телефон номер, даректерибизди алып калышты. Бир ай убакыт өткөн соң режиссер телефон чалып, "Биринчи турдан өттүң"деп куттуктап, экинчи турга чакырды. Барсам, отургандардын баарынын жүздөрү тааныш, таанымал инсандар экен. Шайыр Касымалиеванын кызы Мээрим экөөбүзгө диалог аткартып, сынашты. Отургандардан сүрдөп, толкунданып жатып кантип аткарганымды да билбейм. Ошентип, сериалдын пилоттук вариантын тартып бүткөн соң "Керек болсоң чакырабыз" - деп узатышты. Ортодон жарым жыл убакыт өттү. Чакырышпаганынан сарсанаа болуп телефон чалсам, режиссер Эркин байке "Башкы ролго өтпөй калдың. Балким эпизоддук ролдорго чакырып калышыбыз мүмкүн" - деди. Кинодон үмүтүмдү үзүп, сабакка барып -келип окуп жүргөн учурда "Тезирээк Киностудияга келип кал, сени дагы көрүшүбүз керек" деп телефон чалышты. Сүйүнгөнүмдөн кантип учуп жеткенимди билбейм. Барганымда бир эже мага эч нерсе дебестен эле чачымды, бетимди кармалап, боюмду ченеп кирди. Көрсө ал костюмер Инара эже экен. Мен эжеден "Кайсы ролду ойнойм?" - деп сурасам, "Башкы ролду" дешти. Мен "Жок, эже, мен башкы ролду ойнобойм, мени албай коюшкан, сиз туура эмес түшүнүп алгансыз го" деп айтып жатсам, Актан Арым Кубат кирип келип, учурашып, "Айланып отуруп сага токтолдук" - деп куттуктады.
Башында бул ролго Айжан Акылбекованы тандашыптыр. Бирок, башкы каарман Зарина жаш кыз болуш керек болгондуктан кайра эле мени тандап алышкан окшойт.
- Өзүң биринчи жолу киного тартылып жатсаң, кыйынчылыктар көп эле болсо керек.
- Башында кастингден өткөнүмө эле сүйүнүп, кыйынчылыгы болот деп эч ойлобоптурмун. Сьемка башталганда анан баары башталды. Костюмер, визажист ж.б. кызматкерлер менен майда-чүйдө келишпестиктер болот экен. Кээде бир кадрды туура эмес аткарып же туура эмес сүйлөп алсаң 20 жолу дубль кылганга чейин барат. Режиссер кыйкырат, урушат. Бирок, эч кимибиз унчукпай анын айтканы менен болдук. Кино бир жыл убакытка жакын тартылды. Эртеден-кечке сьемкада жүрүп чарчаган учурда "Качан уктайм, качан эс алам" дей берчү элем. Сьемка бүткөндө ошол күндөрүмдү кайра сагынып көпкө чейин жаман болуп жүрдүм.
- Кинодогу Канаттан жолдошуң кызганган жокпу?
- Ал убакта экөөбүз кыз-жигит болуп жүрчүбүз. Сьемкага өзү алып келип, алып кетип жүрдү. Канаттын ролун аткарган Медер менен жылдызыбыз таптакыр келишпей койду. Бири-бирибизди көргөндө эле бардыгы башталат, анын аткарганы мага жакпай, мен ага жакпай "барчы нары, турчу нары" дейбиз дагы, дубль башталганда эле сүйүшкөн кыз-жигит болуп калабыз. Ошонун баарын өзү көрүп жатса эмнеге кызганмак эле. Мектепти аяктап, кино да тартылып бүткөн соң Уланга турмушка чыктым.
- Экөөңөрдүн ортоңордо 12 жаш айырма экен. Кантип таанышып калдыңар эле?
- Маршрутка күтүп жолдо тургам. Бир убакта бир машина келип, токтоп калды. Ичинде Улан досу экөө экен. Жаныма келип, "Жеткирип коелу" дегенинен, баш тартканыма көнбөй, ар нерсени айтып күлдүрүп, жарым саат менин макулдугумду алмайынча тура берди. Өзү да мага бир көргөндө эле жакты. Машинадан түшүп келатканда ичимден "Томпойгон, жакшынакай бала экен" деп койгом. Ошол күндөн баштап күнүгө телефон менен сүйлөшүп, жолуга баштадык.
- Эрте турмушка чыгышыңа ата-энең каршы болгон жокпу?
- Кичинекей кезимден бери эле атам менен жакшы сырдашам. Улан менен атам экөөнү дароо эле тааныштыргам. Атам "Жакшы көрүп калыптырсың, жакшы эле бала экен" деп унчуккан жок. Мамам башында абдан каршы болду. Уландын "Атаң макул болгон соң, мамаң кайда качмак эле" деп айтканындай эле акыры мамам макулдугун берди.
- Ата-энең жөнүндө айтсаң.
- Мамам Чолоева Бактыгүл. Мурда Опера-балет театрында хордо ырдачу. Азыр өзүнүн дүкөнү бар, соода менен алектенет. Атам Бакыт Ашырахманов Телерадиокомпанияда "Мурас" продюсердик борборун жетектейт. Азыр экөө эки башка жашашат.
- Чыгармачыл үй-бүлөдөн, чыгармачыл үй-бүлөгө туш келипсиң. Үйдөн кайсы темада көп сүйлөшөсүңөр?
- Кайним Азатты мурда "Хит параддан" көрүп калчумун. Бирок, анын үй-бүлөсүнө туш болом деп эч ойлогон эмесмин. Азат экөөбүз доспуз. Экөөбүз бир муун болгондуктанбы бардык темада сүйлөшүп, бири-бирибиз менен кеңешип турабыз. Кээде отуруп алып чогуу ырдайбыз. А апамды (кайнене) кайнене дегенге оозум барбайт. Экөөбүз эне-кыздай элебиз. Акын да жүрөгү жумшак.
- Баалаган актрисаң?
- Мен суктанган актриса бир гана Т.Турсунбаева. Азыр көп кинолор жарык көрө баштабадыбы. Көп артисттерди карасаң "жасалма" ойношот. Мен катышкан кинодо деле андай учурлар бар. Өзүм аткарып жаткан кадрларды көрсөтүп жатканда эле чыга качам. Менде деле ошондой кемчилик бар сыяктуу сезиле берет.
- Аялзаты бактылуу болуш үчүн биринчи кезекте эмне керек деп ойлойсуң?
- Ар бир аялзаты бакытты ар башкача түшүнүп, ар башкача кабыл алат. Мен өзүм жөнүндө айтсам, абдан бактылуумун. Кичинекей кезимде эле "Күйөөгө чыксам, ага күнүгө эртең менен туруп чай берип, жумушуна узатсам, балалуу болсом, кайненем жакшы болсо" - деп тилечүмүн. Кичинемде классташ балдарым "Обезьяна Чи Чи Чи, продовало кирпичи" деп чачымдан жулуп шылдыңдай беришчү. "Чоңойгондо сулуу кыз болсом" деп да кыялданчумун. Азыр тилегимдин баары орундалып сүйүктүү жар, мээримдүү эне, ыймандуу келин жана сулуу аялзатымын. Негизи, "Жаштын тилегин берет" деген сөз чын окшойт.
- Учурда кино жаатында сунуштар барбы башка?
- Сунуштар көп эле, бирок мен азыр эки кичкинтай балдарымды тарбиялашым керек. Экөө удаа төрөлүп азыр кичинекей, торолтуп алсам анан буюрса чыгармачылыкка баш-отум менен киришем. Ага азыртан аз-аздан даярданып жатам. Композитор Жамиля Муратовадан жакында эле вокалдан сабак алдым.
Эльмира Мадиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Үнүм менен үй-бүлөмдү багып келатам"
2-бет
Азамат Сарыбаев, ырчы:
"Үнүм менен үй-бүлөмдү да багып келатам"

3-бет
Маалымат майданында
4-бет
"Ударный" ушактар
5-бет
"Ударный" ушактар
6-бет
Тилек Алиев, музыкант:
"Айдай болгон Алмакан, ашык болдум сизге мен"

7-бет
Кинодогу "жуптар"
8-бет
Салтанат Саматова:
"Жолдошума мени сынатып эле койсо…"

9-бет
Айсулуу Ашырахманова, актриса:
"Медер менен дубль башталганда эле сүйүшкөн кыз-жигит болуп калабыз…"

10-бет
Омор Султанов, КР эл акыны:
"Кандай сезсем ошондой жашагым келет"

11-бет
Спорт-world
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Атактуулар ааламы
15-бет
Обон почта
16-бет
Жанызактан китептер:










??.??