п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кесип+адис

Жылдыз Караева: "Айым"
сулуулук салонунун жетекчиси:
"Эксперимент жасагандан коркпош керек
Чырайды чыгарган чач сулуулугу,
чач-адамдын көркү. Өзгөчө аялзаты чачсыз өзүн сулуу сезбейт эмеспи. Чачка жакшы кам көрүш керек экенин билсек дагы, көп учурда эринип, маани бербей келебиз. Өзгөчө жай айында чачка жакшы кам көрбөсөң, чач күнгө күйүп, кургап, өзүнүн көркүн жоготуп коет. Ал эми адистер, чачыңыздын жалтырап, сулуу көрүнүшү үчүн кеңешин аябай келишет.

- Жылдыз, бул тармакта канча жылдан бери иштеп келатасыз?
- Негизи мага чач кескенди башында эч ким үйрөткөн эмес. Өзүм эле кызыгып аракет кылып, кыркып атып үйрөнүп алгам. А толук кандуу окуусун кийин эле үйрөндүм. А профессионалдык деңгээлде өзүм салон иштетип жатканыма беш жыл болду. Ага чейин Жогорку окуу жайлардын биринде иштечүмүн. Анан кызыгуу, каалоо күч болуп сулуулук тармагына толугу менен өтүп кеттим.
- Өз кесибиңизди которгон оңойго турбаса керек?
- Биринчи иш баштаганда ар бир эле адам кыйналат да. Мен дагы башында чакан чач тарачта иштегем. Алгачкы айлыгым отуз беш сом болгон. Андан кийин эң көп тапканым эки жүз сомдой боло баштаган. Арзан дагы, кымбат дагы салондордо иштеп, тажрыйба топтоп такшалгандан кийин азыркы салонду ижарага алгам. Салонду жаңы ачканда бир жумада бир-эки кардар гана келчү. Анан кардар чакырыш үчүн өзүм кабат үйлөрдүн подьездерине, көчөдөгү устундарга "Айым" сулуулук салону сулуулук үчүн баардыгын жасайт" деген жарнактарды илип чыккан күндөрүм болду. Азыр эми Кудайга шүгүр, бутубузга туруп калдык.
- Азыр элдер "салон" десе эле, баасы кымбат деп түшүнүп калышпадыбы?..
- Ооба. Көптөрү ошентип түшүнүшөт. Мисалы, биздики өтө арзан да, өтө кымбат да эмес орто баада. Анткени, арзан болсо "демек, начар кыркат", кымбат болсо "Анча акча жок" деген түшүнүк бар. Ошондуктан, кардар да ыраазы болгудай, өзүбүз да ыраазы болгудай орточо бааны коюп, кардардын чачынан бутуна чейин "сулуулайбыз".
- Толук кандуу чач тарач болуш үчүн канча убакыт керектелет?
- Учурда чач тарачтын окуулары ЖОЖдан да көп. Теориясын 2-3 ай окуп алып келе беришет. Бирок, толук кандуу чач тарач болгонго бул жетишсиз. Мисалы, мага келген окуучулар ал жакта 2-3 ай окугандан тышкары колдорун көндүрүш үчүн бир күндө 5-6 кардардын чачын кесип, сегиз ай тажрыйба топтош керек. Ошондо гана толук кандуу чач тарач деп эсептелинет.
- Чачты кыркуу үчүн дагы илхом керекпи?
- Албетте, илхом жок болсо, өзүң каалагандай чач жасалга чыкпайт. Мен үйлөнүү тойдун чач жасалгасын бириникине-бирин окшоштурбайм. Кээ бир кыздар сүрөттөрдү, журналдарды көтөрүп алып "Ушундай кылып бериңизчи" деп келишет. Бирок, ар бир адамдын мүнөздөрү ар башка болгон сыяктуу эле, чачтары да ар түрдүү болот да. Анан ал көрсөткөндөй эмес, өзүмдүн фантазияма жараша жасайм. Жыйынтыгында, андан да сонун болгонун айтышып кубанып кетишет. Негизи бизде бизде бири-бирин туурамайды, окшоштукту адатка айландырып алышкан. А Европада тескерисинче, эч ким бири-бирине окшошкусу келбей, топтон айырмалангысы келишет. Ошондуктан эч качан эксперимент жасаткандан коркпош керектигин айтаар элем.
- Сиз белгилүүлөрдүн арасынан эксперименттен коркпойт деп кимдерди атаар элеңиз?
- Айжан Газиеваны айтсам болот. Анын денесине мен бодиарт да коюп бергем.
- Чачтарын саткан кардарлар болобу?
- Ооба. Бирок көп учурда тизеден келген узун чачтарды кесүүнүн алдында кардарга "ойлон" дейм. Анткени ушунчалык узун, кундуздай чачты кыркыш мен үчүн чынында оор. Анүстүнө ар кимдин кыялы ар кандай, кырккандан кийин, андайга көнбөгөн жаны жакпай калып чыр чыгарышы мүмкүн дегендей.
- Андай учурлар да болсо керек?
- Бир жолу дайыма келип жүргөн кардар кызым кошмо, узун кара чачын кызылга боётом деп келиптир. Мен ага "жакшы болбой калат, кошмо чачтын жаны жок. Ал боекту өзүңдүн чачыңдай кылып албайт. Сага бул түс жарашпайт дагы" десем, көгөрүп туруп алды. Ошентип беш саат алышып, узун чачын кызылга айланттым. Айткандай кызга кызыл түс жарашпай калды. Анан отуруп алып ыйлап кирсе болобу, баасы да кымбат эле бул кызматтын. Анан апасын чакыртты, ал тескерисинче, "Мен сага айткам, кызыл сага жарашпайт деп" кызын урушуп, кайра кызынын чачын карага боетуп, алып кеткен. Ар кандай учурлар көп эле болот. Кээде кардарлардын башынан бит табабыз. Андайды көргөндө биз кызмат көрсөтпөйбүз. Ачык эле айтып кетирип жиберебиз.




Кеңештерге кулак түр!
Чачты жети күндө эки жолу жууш керек. Жууп жатканда тырмак менен башты укалап жууса, жакшы массаж болот.
Чач 90 пайыз кургагандан кийин гана тараш керек. Суу чачты дароо тараса, чач түшө баштайт.
Бир күндө чачыңызды беш-алты жолу тарасаңыз, баш ооруну азайтат.
Чачка фен же атайын үтүк колдоноордо алгач атайын спрейлерди сээп алыш керек. Антпесе чач күйүп, түшө баштайт. Чачка керектүү техникалык каражаттын (үтүк, фен, плойка) баасы канчалык арзан болсо, ошончолук чачка зыян экенин унутпаңыз.
Уктаарда чачты байлап жатпаш керек.
Сапаттуу боёк чачта жыйырма күн гана туруш керек. (А биз тескерисинче, "бул боёк көпкө чейин кетпейт экен. Дайыма ушундай алыш керек экен дейбиз") Боёк канчалык чачта көп турса, анда ошончо аммиак көп болот да чачка зыян алып келет.
Чачыңызды көп күйгүзгөн болсоңуз, чачты жуур алдында, сарымсак кошулбаган кадимки майонезден шыбап, бир саат кармап, анан жууса, калыбына бат келет. Жумуртканын сарысын агынан бөлүп алып шыбаса да жакшы жыйынтык берет.
Кара нанды сууга чылап, ботко кылгандан кийин чачтын үстүнө басып-басып сүйкөп, бир сааттан кийин жууса, чач жалтырап, сапаты жакшырат.
Чачын жумшарткысы келгендер айран менен жууса болот.

Ал жөнүндө анча-мынча маалымат
Жылдыз чач жасалга менен бодиартты айкалыштырып, фантазия менен жаралган эмгектерин эл алдына алып чыгып, шоу-программаларды да уюштуруп келет. Буга чейин үч шоу өткөргөнгө жетишкен. Ал жасалгалаган модель кыздар подиумдан кырка-тилке өтүшүп, Жылдыздын эмгегин "жымыңдатып" көрсөтүшөт. Шоуну көргөнү келгендер мода дүйнөсүн сыйлашкан анча-мынча гана кыргыз өкүлдөрү болбосо, коноктору негизинен чет элдиктер. Мындан бир топ күн мурда шоумен Бакыт Букаевге өнөктөш болуп, "Мисстер-2010" жигиттер сынагын
да өткөрүшкөн.


Мен үчүн...
(тамашалуу салыштыруу)
Чач- баары
Кайчы- тамак жеген кашык
Тарак- тамак жеген вилка
Фен- чоң жардамчым
Үтүк- кичинекей жардамчым
Кресло- ыйык так
Күзгү- менин эмес, кардардын буюму

Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Бир арабга турмушка
чыгып калайын деп…"

2-бет
"Бир арабга турмушка чыгып калайын деп…"
3-бет
Жаныш Бакиев эмне үчүн кармалган эмес?
4-бет
Кыздарга кылыктанган жигиттер жагабы?
5-бет
Биз экөөбүз…
6-бет
Махабат майданы
7-бет
Жашыруун эмес
8-бет
Шырмаек
9-бет
Кайнене менен кантип тил табышса болот?
10-бет
Жылдыз Караева: "Айым"
сулуулук салонунун жетекчиси:
"Эксперимент жасагандан коркпош керек

11-бет
Көл жээгинде эс алууда…
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Абийир азабы
15-бет
Обон почта
16-бет
"Артымда кала турган обон жараткым келет"










??.??