п»ї

  Билгениң оң

Көл жээгинде эс алууда…
Жай мезгили келип, күн кайнаган маалда адамдар шалдырап, суусап, ысыктан тажап, шарты келсе эле Көлдү карай бет алат. Көлгө түшүп, жээктеги ысык кумдардын үстүндө эс алууга эмне жетсин. Жок дегенде бир жолу бассейнге чумкуп алсаң ээ. Бирок, андагы эрежелерди да эске ала жүргөнүбүз оң.


Сууда сүзүүнү үйрөнүү:
Сууда сүзүүнү үйрөнөм десеңиз, ага 10-15 мүнөт арнасаңыз сүзүүнүн техникасын бат эле өздөштүрүп аласыз. Сүзүүнү үйрөнүүдө дененин абалына, буттар менен колдордун кыймылына жана дем алуу системаларына көңүл буруңуз. Ар бир кыймылдын өзүнүн спецификасы болот. Сүзүүдө денени туура алып, толук кандуу дем алуу абдан маанилүү. Эгерде башты суунун үстүнө чыгарып, өйдө көтөрсө, буттар ылдый түшөт. Мындай учурда булчуңдарга күч келиши мүмкүн. Сүзүү убагында колдоруңузга көңүл буруңуз. Суунун ичинде дененин абалын өзгөртпөй, башты оңго-солго бурганда кенен дем алыңыз. Кээ бири мурун менен дем алып кыйынчылыктарга учурашат. Тамчы суу тамакка кирип, дем алууңуз оорлонуп, тумчугуп кетишиңиз ыктымал. Эгерде бардык ыкма сиз үчүн оор болсо, сууга чалкаңыздан жатып, калкыганды үйрөнүңүз. Бирок, катуу толкун болуп жатканда абайлаңыз.


Сууда сүзүүнүн пайдасы:
Сууда бат-бат сүзүп туруңуз, ал сиздин дене түзүлүшүңүздү жакшыртат. Сууда сүзгөн адамдын ден соолугу дайыма чың болуп, көп бир оорулардан алыс болот. Мисалы: жүрөк ооруларына пайдалуу. Психологияны дагы жөнгө салып, мээни сергитип, стрессти чыгарат. Денедеги тактарга күндүн жана ысык кумдун пайдасы өтө зор. Сууда сүзүүдө адам эркин болуп, коркунучу жоголот. Ошондуктан көп учурларда доктурлар пациенттерине суу процедураларынан өтүүнү талап кылышат.


Сёрфинг -
Атайын жасалган тактайлар менен суунун үстүндө тебүү. Алар ласт деп аталып, ар түрдүү форматта болот. Анын атайын мээлейи жана кийимдери болгондуктан кырсыктардын алдын алат. Тактайчанын узундугу 180 сантиметрден жогору болот. Тактайчада буттун манжаларына орун болгондуктан, кулап кетүүдөн сактап турат. Сёрфинг толкун учурунда колдонууга абдан ылайыктуу, кээ бир серфинг сүйүүчүлөрү атайын толкун кылдырып анан ойноп башташат. Ал дагы өз алдынча суунун үстүнөн эс алуунун бир түрү болуп эсептелинет.


Күндөн кантип сактануу керек?
Кремди бир сүйкөп койсо эле күндөн сактайт деп ойлобоңуз. Ал сууга түшкөндөн кийин кетип калаарын эске алыңыз дагы, эки же үч жолу кайталап сүйкөп туруңуз. Жээкке чыкканда биринчиден көз айнек алыңыз, ал бырыштардын пайда болуусуна жол бербейт. Кумда жатканда сөзсүз түрдө башыңызды жаап алыңыз, күн катуу өтүп кетиши мүмкүн. Күнгө күйүүгө эртең мененки убакыт эң ылайыктуу. Анткени күндүн нуру жеңил болгондуктан, дене жакшы кабыл алат. Чак түштө күйүү ден соолукка зыян. Сууга түшүү учурунда атырды колдонгонго болбойт. Анын составындагы көмүртектер денеге терс таасирин тийгизет. Абдан ысык учурда, өзгөчө түштөн кийинки маалда көлөкөгө өткөнүңүз жакшы. Сууга түшүп, күнгө күйгөндөн кийин душка түшүп денени чайкап, дагы бир жолу денеңизге крем сүйкөп койгонду унутпаңыз.


Катуу күйүп калганда:
Өзгөчө Көлдүн жээгинде эс алып жатканда кээ бир адам уктап калып, бири көп күйбөш керегин билбей жата берип катуу күйүп калып жабыр тартышат. Мындай учурда доктурлардын кеңеши сөзсүз керек. Болбосо, жаныңызда дайыма жардам кере турган "Каламитновый мазь" же "Ибупрофен" дарысы болуусу зарыл. Ал ооруну басууга жардам берет.


Дельтопландар:
Канат образдуу абдан жеңил, суу үстүндө учуучу аппарат. Анын ылдамдыгы саатына 40-90 километрди түзөт. Дельтоплан менен учууда аны көзөмөлдөп туруу өтө кыйын. Дельтопландарды тажрыйбалуу адамдар менен бирге колдонбосо болбойт. Себеби ал өзгөчө шыкты талап кылат. Бирок, карап турган кишиге ал оңой эле көзөмөлдөнүп жаткандай туюлат. Катуу ылдамдыкта учкандыктан аны токтотуу кыйынга турат. Дельтопландар менен жекече учууну кааласаңыз, алгач билген адамдардан сабак алыңыз. Анын теориясын жакшы өздөштүрүңүз. Биринчиден, жакынкы аралыктан учуп көрүп, андан кийин гана узака учсаңыз болот.


Катамаранды тебүүдө:
Катамаран менен суунун үстүндө сейилдөөгө абдан ыңгайлуу. Аны колдонуу дагы эң жөнөкөй. Коркунучтуу эмес. Ылдамдыгын да көзөмөлдөп турууга болот. Катамаран өзгөчө жаш өспүрүмдөргө жана улгайган адамдарга абдан ылайыктуу. Суу үстүндө эс алуу менен биргеликте буттарга жана манжаларга жакшы көнүгүү болот.


Бананда тебүү:
Атайын Көлгө эс алганы барган адам сөзсүз түрдө бананга түшүп, көңүл ачкысы келет. Ага алты адамдан он беш адамга чейин түшүүгө болот. Адамдардын физикалык түзүлүшүнө, салмагына же курагына көңүл бурулбайт. Банан баардыгына бирдей кызмат кылат. Бирок, ар бир адам сууда кармалып, тең салмактуулукту сактай билүүсү керек. Антпесе, катуу бурулуштардан кармана албай учуп, сууга түшүп каласыз. Ал үчүн атайын куткаруучу кийимдерин кийип алыңыз. Тамактанып алып бананга олтуруу коркунучтуу, себеби банан көтөрүлгөндө окшуп, ыңгайсыз абалда калышыңыз мүмкүн.


Суу скутерлерин колдонууда:
Азыр эс алуучу жайларда Көл үстүндө суу транспорттору менен көңүл ачууга жакшы шарттар түзүлгөн. Мисалы, суу скутери. Суу үстүндө скутерден рахат алган эң сонун, кызыктуу дагы. Бирок, аны колдонуу алда канча оор. Себеби, анын ылдамдыгы жогорку деңгээлде. Ага отурган адамдар коргоочу гидрокостюмдарды кийүүсү зарыл.


Нургүл Ибраева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Бир арабга турмушка
чыгып калайын деп…"

2-бет
"Бир арабга турмушка чыгып калайын деп…"
3-бет
Жаныш Бакиев эмне үчүн кармалган эмес?
4-бет
Кыздарга кылыктанган жигиттер жагабы?
5-бет
Биз экөөбүз…
6-бет
Махабат майданы
7-бет
Жашыруун эмес
8-бет
Шырмаек
9-бет
Кайнене менен кантип тил табышса болот?
10-бет
Жылдыз Караева: "Айым"
сулуулук салонунун жетекчиси:
"Эксперимент жасагандан коркпош керек

11-бет
Көл жээгинде эс алууда…
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Абийир азабы
15-бет
Обон почта
16-бет
"Артымда кала турган обон жараткым келет"










??.??