п»ї

  окумал

Сен жана мен
(Уландысы, башы өткөн санда)
Уугум сага айтам…

"Мен жөнүндө кандай ойлоп жатышат болушту экен? Жактымбы, же?.." деп үйдөгүлөрдүн көз караштарын аңдып, ичинен бушайман болуп, өзүнөн-өзү буулугуп жүргөн Сүйгөн кайненесинен мындай кеп угам деп күтпөсө керек. Көзүнүн чарасына ысык жаш толуп, ордунан жыла туруп келип кемпирдин мойнунан кучактай, токтоно албай ыйлап жиберди.
- Энекебай, рахмат сизге! Мен сизден коркуп жүргөм…Сизге жаксам экен дечүмүн. Мен сизди аябай жакшы көрөм. Апам жок деп эми эч качан арман кылбайм.
Көкүрөгүнө башын жөлөп алып шолоктоп ыйлап да, сүйлөп да жаткан келинин эне тыйган жок. Эне жытын ким сагынбайт да, эне мээрин ким көксөбөйт! Энекелеп, өпкөлөп көз жашын төккөн келининин көкүрөгүндөгү көк буусу чыгып, жеңилдеп калат, ыйласа ыйлап алсын дегендей жедеп кара жумуштан туурулуп, катуу тарткан алакандары менен далысынан акырын таптай:
- Макоом десе…менден эмне коркосуң? -деп күбүрөндү.
Сүйгөн көптө барып басылды. Бирок солуктап тер, тарткан сүт-каймак жыттанган кайненесинин кучагынан бошонгусу келбей көкүрөгүнөн жыттап, магдырай көзүн жумуп көпкө отурду.
- Жеңилдеп калдыңбы? Ыйлагың келген кезде ыйлап алганың жакшы. Бирок көп эле жашык болбой жүр. Жашык адамды жашоо агымы бат эле аласалдырып кетет, балам. Барып жүзүңдү жууп келип, төшөгүңдү сала гой. Экөөбүздү эрлерибиз жоготуп ийишти го…-деп күлө бага, жашылдаганган кирпигин өйдө көтөргөн Сүйгөндүн чекесинен сүйүп, шыпырылып түшкөн жоолугун колуна берип жатып: - Баса, тигил гардөрөптө сага түшкөн жоолуктарды алып келчи. Арасынан тандап өзүңө жаккандарын алып кет, - деди.
- Жөн эле коюңуз. Шаарда жоолук деле салынбайм да. Үйгө келгенде сиз салган жоолуктарым деле жетишет.
- Салынбасаң да үй-бүлөлүү болгон соң алыш-катыш деген болот, керегиңе жаратасың. Тандап, жаккандарын салып ал. "Турмушка чыктың" деп курбу-курдаштарың келет, аяш-адаштарың чакырышат, "силер да мендей жоолук салынгыла" деп ырымдап моюндарына байлап койсоң сүйүнүп калышпайбы.
- Ии, - деген Сүйгөн унчукпай чоң түйүнчөккө түйүлгөн жоолуктардын арасынан "Гүлназга, Аидага…" деп үч-төрт жоолук тандап алып, түйүнчөктү кайра ордуна салып койду. Кайненесинин мамилесинен көңүлү көтөрүлүп калды.
- Оме-ей, караңгыда каякка кетишти деп ойлоп, сыртта жүрсө. Көрсө - ө…экөө төркү үйгө жашырынып алып ушакташып жатышканбы, же уруу кылып аттыңар беле? Үстүңөрдөн гана чыктымбы? Ушу мени эле туздадыңар го ээ? Кулагым кечке ысып жатты, - каткыра күлүп кирип келген Дуулат алгач апасына эркелегендей мойнунан кучактай өөп, анан Сүйгөндү каруусунан кармай кучагына кысып-кысып койду. Келин "уят" дегендей боюн оолактата, жоолугун оңдоп салынымыш этип буйдала түштү. Бирок, ыйдан кызара түшкөн көзүдөрүнө күлкү уялай ойноктоп, эркелегиси, энесинен уккандарын бөлүшкүсү келип араң турганын жалжылдаган каректери жашыра албады.
Уулуна мээрим төгө, эненин маңдайы жаркып:
- Сен үйлөнсөң бөлөм деп жасап, катып - жыйып жүргөн жууркан-төшөгүмдү келинге өткөрүп берейин дедим. Мен өлсөм "энем берди эле" деп эстеп жүрөөрсүңөр. Алып кеткиле, сырт жерде кимден жамынчы сурап жалдырамак элеңер. Энеңердин колунан келгени ушул…
- Апа, биз сатып деле алат элек да. Мен үчүн убара болбогула деп канча айтам?! Качан келбейин жууркан көктөйм, кийиз бышырам деп жүрүп карачы, көзүңүздүн карегин чел басып баратыптыр. Куурабай эле жыргап олтура бербейсизби? Азыр шаарда баары бар, биз эми ушунун баарын ташынып жүрмөк белек?
- Кандай эле сен сатып алгыч болуп кеткенсиң, ботом,- энеси уулунун сөзүн жактырбай чыртыя түштү: - Сага кереги жок болсо, аялыңа оокат керек.
Кабагын бүркөй, ачуулана түшкөн эне-баланын ортосуна Сүйгөн безелене түшө калып:
- Энеке, алып кетебиз, алып кетебиз. Дуулат тим эле сизди аяганынан айтып жатат да. Убара болушпасын деп.
- Эмненин убарасы… Жанагы келинге жаман көрүнүп кокус үйгө киши-кара келип калса Дуулаттын төшөнчүсүн салба, баламдын кийиз-шырдагын күбө жедирбей күнгө жайсаң боло деп какшаал көрүнүп, кайтарып, эми кубанып колдоруна берейин десем албайм дегениң кантип болсун? Баламдын төшөгүнө балдары оонап ойносун деген жакшы тилек менен көз майымды коротуп, колумду тешип жасагам мен буларды.
- Ой, апакеба-ай, болду, болду эми, кечирип коюңузчу. Кантээр экен десем… мен ойлонбой эле айта салдым да. Кана, тээтиги бурчта жыйылгандарбы? Аз эле го? Кошуңуз дагы, -деп Дуулат ажыкыстана тамашалай, энесин жайкап, кучактап өпкүлөп калды.
- Ошентсең, - эне улутунуп алып чыга жөнөдү.
Экөө өздөрүнчө калганда Дуулат баш чайкай күлүп:
- Карыганда адам сөз көтөрүмү жок, таарынчаак, бала кыял болуп калат деген чын окшойт. Карасаң апамды?..Мен аны аяп жатсам, кайра…Бизге берип коюп, эми тигил жүктүн орду бош калды деп бүжүрөп кайра жүн тытып, чамынып калат эмеспи. Деги түшүнбөйм.
- Жок, сен өзүң кызыксың. Алар сени ата-эне катары үйлөнтүп-жайлантып, эми малын, оокат - кечесин бөлүп берели, өз алдынча оокат кылып кетсин деп ошо сага бере алгандарына жетине албай кудуңдап атышса, сен "албайм, албайм" дейсиң. Мен түшүнүп жатам, а бирок аларга оор тийип атпайбы.
- Оой, эми сен баштадыңбы? Аялсың да ээ…алсам деп турасың. Тамаша, тамаша, кел андан көрө көп быдылдабай жаныма келчи. Сагынып кеттим сени…-ордунан шарт тура калып жаңыдан жоолугун чечип күзгүгө илип, өзүнүнүн сөлөкөтүнө таңыркай карап (эмнегедир толуп, дене бою жазы тарткансып калгандай көрүндү) чачын тарап аткан келинчегин кучактай, желкесинен жеңил өпкүлөп жалынып жиберди.
- Жаным десе, бөтөнчө жароокерсиң ээ. Ах, жытыңдан сенин! Колго түштүңбү? Айттым беле жана "кечинде шашпа-а" деп. Эми уктатпайм, - эркек жаны-алы калбай келинди сылап-сыйпап өпкүлөп, Сүйгөн болсо каршылык көрсөтүмүш этип кыткылыктай күлүп:
- Анан сеники жакшыбы? Чаламандын чак түшүндө, кошуна-колоңдун баарына айдан ачык көрүнүп, атам короодо жүрсө, өзүм отту чоң жагып алып күйүп кетпесе экен деп жетише албай жан талашып тамак жасап жатсам, "өптүрүп койчу" дейсиң да. Эл көрсө эмне дейт?
- Эмне десе ошо дешсин, эл менен менин эмне ишим бар? Аялымды өпкүм келип жатса… Сен да калп деле болсо үйгө беш мүнөткө кирип койбой, кылактап көзүмдөн өтүп сыртта жүрөсүң. Башында жакшы эле, колуңду кесип алып таңып берем деген шылтоо менен өөп-жыттап алчу элем. Акыркы күндөрү колуңду да кеспей калдың.
Сүйгөн Дуулаттын оюн-чындан айткан сөздөрүнө ого бетер шыңкылдай күлүп, ичи эзиле жалбарып, чачтарынан уйпалай кетти.
- Сенин сагынганыңдан, берекем менин…Жан биргем…
Жүрөктөрдүн кагуусу катуулап, сагынуудан, эңсөөдөн күйүп-жанган эки дене жуурулушуп, бир бүтүнгө айланып, кош жүрөк бир согуп, агылып-төгүлүп атты…
айылдын ажайып түнүндө…
ххх
Эртең менен Сүйгөндү кайненеси адатынча акырын терезе чертип ойготту.
- Сүйгөн, тура гой. Мен уйду кошуп келейин, сен сүттү карай тур, ташып кетпесин. Гүлнар ооруп калыптыр, тим эле эти от менен жалын. Тургузган жокмун.
Жеңесин ооруп калыптыр дегенди уккан келин ордунан шаша туруп кийинип, кызуу уйкуда жаткан Дуулатты элжирей тиктеп, жүзүнөн акырын өөп алды. Сүйгөн сыртка чыкканда кайненеси уйду дарбазадан жаңы чыгарып бараткан экен.
- Келиңиз мен айдашайын, каяк жакка?- бүжүрөгөн кайненесин аяп, уйдун артынан түшмөкчү болду эле кемпир чочуп:
- Кой кокуй, келини келе электе уй коштуруп коюшуптур деп эми эле кеп кылып чыгышпайбы? Өзүм эле тигил көчөнүнүн кайрылышынан кайтам. Андан көрө сүтүңдү кара. Бечара келин эмне болгонун билбейм, тим эле жөөлүп онтолойт кирсем. Тигил менин кемселимдин чөнтөгүндө бир дары жүрдү эле ошону алып барып бергем. Карап көрчү кантип калыптыр.
- Жеңе-е,- деп жаш балдарын ойготуп албайын деп шыбырай сүйлөп алар жаткан бөлмөгө акырын кирип, тизелей отуруп Гүлнардын чекесине колун койду. Ал акырын көзүн ачып, үлдүрөй:
- Иий, сенсиңби? Апам мобу дарыны берди эле эмне экенин окучу. Көзүм чыбырчыктап окуй албай койдум. Аябай ачуу экен, анальгин эмес окшойт.
"Левомицитин" дегенди окуган Сүйгөн күлөөрүн же күйөөрүн билбей дарыны колуна алып сыртка жөнөдү…
(Уландысы кийинки санда)




Юлдуз Усмановага жооп келди!

Жеңишбек Жумакадыр:

"Мээ чиритпе ырларына ойлонуп,
Мекенине батпай жүргөн катындын"
Жеңишбек төкмө Юлдуздун ырына каны кайнаса да, башында жооп бергенди каалаган эмес. Анткени, биринчиден аны кызыктуу инсан деп эсептебесе, экинчиден аял киши болгондуктан теңелгиси келбеген. Акынды "эми качан жооп бересиң?" деп тынчын алгандар көп болуп, буулуккан төкмө төмөнкү саптарды мөндүрлөткөн чагы экен.


Кыргыз, Кыргыз, улуу элмин деп билгин,
Кылымдарга улуулугуң жеткирдиң.
Кечиримдүү, кек сактабас Кыргызды
Кемсинтүүгө акысы жок эч кимдин.

Мээрим төккөн урпагысың баатырдын,
Мекендешиң айкөлдүккө чакыргын.
Мээ чиритпе ырларына ойлонуп,
Мекенине батпай жүргөн катындын.

Ар бирибиз Манасбыз,
Ар бирибиз Чыңгызбыз.
Аалам карап суктанат,
Анткени биз Кыргызбыз!

Кейиш тартып үмүтсүзгө алдырба,
Керемет бир жашоо турат алдыңда.
Кыргызстанда жашаш керек башкалар,
Кыргыздардын канатынын алдында.

Кыргыз жашайт Кудай берген дин менен,
Кыргыз жашайт Манастагы дил менен.
Коон сатат тулпар минип жүралбай,
Коен жүрөк кымыз баркын билбеген.

Ар бирибиз Манасбыз,
Ар бирибиз Чыңгызбыз.
Аалам карап суктанат,
Анткени биз Кыргызбыз!

Каалабастан эркиндиктин бекемин,
Каталашат "биз кыйынбыз" десе ким.
Кара башын көтөрөрдө коноктор,
Караш керек кимдин үйү экенин.

Жанын жеген туугандарым нечен көп,
Жан талашат кыргызды баш кесер деп.
Жалган айтып мусулмандык жолунда,
Жай намазга жыгылганың бекер кеп.

Кыргыз десе кытай коркуп ийилчү,
Кыраандары кыргыздардай кийинчү.
Кызыккандар окуп алсын тарыхты,
Кыргыз эли, Кыргыз тили биринчи!

Ар бирибиз Манасбыз!
Ар бирибиз Чыңгызбыз!
Аалам карап суктанат,
Анткени биз Кыргызбыз!

А.Бакирова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Бир арабга турмушка
чыгып калайын деп…"

2-бет
"Бир арабга турмушка чыгып калайын деп…"
3-бет
Жаныш Бакиев эмне үчүн кармалган эмес?
4-бет
Кыздарга кылыктанган жигиттер жагабы?
5-бет
Биз экөөбүз…
6-бет
Махабат майданы
7-бет
Жашыруун эмес
8-бет
Шырмаек
9-бет
Кайнене менен кантип тил табышса болот?
10-бет
Жылдыз Караева: "Айым"
сулуулук салонунун жетекчиси:
"Эксперимент жасагандан коркпош керек

11-бет
Көл жээгинде эс алууда…
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Абийир азабы
15-бет
Обон почта
16-бет
"Артымда кала турган обон жараткым келет"










??.??