аңгеме

Абийир азабы

Т оолуу айылга "Тиги раматылык Жолчунун чоң кызматтагы уулу келиптир. Мектепке атасынын ысымын коёт экен" деген куш кабар жел менен кошо тарагандай заматта белгилүү болду. Айылдыктардын улуу- кичүүсү баары мектептин жанына чогулушту. Орто бойлуу, ак жүздүү жигиттин жаш эле туруп чачы буурул тартып кетиптир. Ал ар бир айылдашы менен көөдөн тийиштире кучак жайып чын дилден учурашып жатты. Акылдуу көздөрү ойлуу, маанилүү тигилет. "Апасына окшош экен. Атасы Жолчу бир аз эңкейип баскан узун бойлуу, арык, кара тору киши болчу" дешти атасын көргөндөр. Айылдыктар Жолчунун уулунун сунушуна бир добуштан макул болушту. Мектебин оңдоп, жыл сайын жакшы окуган окуучуга акчалай сыйлык берип турса жаманбы. Андан сырткары, "Зирек, бирок, окууга шарты жок балдар-кыздарыңар болсо окууга жибергиле, жыл сайын бирден баланы окутууну мен мойнума алам" деди Тилек айылдаштарын кубантып. Зияда да ошол айылдаш агайынын жардамы менен алгач даярдоо бөлүмүнө өттү. Мейли, ушунусуна да шүгүр, антпесе, өзүнөн кийинки чиедей бөбөктөрүнөн ашынып оорукчан атасы кызын эч качан окута алмак эмес. Айылда бир топ эле жакшы окуган Зияда бул жерге келгенде алсыз экенин сезди. Суйкайган шаардык кыздар, тыкылдаган тың студенттер менен Зияда тил табыша албай жүдөй түштү. Үстүндөгү жупуну кийиминен да басынып жүрдү. Айрыкча, кышында жука плащы менен үшүгөн Зияданын окууга да көңүлү келбей калды. Бүгүн биринчи жолу борошологон карда сабакка баргысы келген жок. Телмире сыртты карап, жагын таянып отура берди. Көз алдында кар баскан бир боор тоолор, эч жасалмасы жок ачык көңүл айылдаштары, кардан морлору араң көрүнгөн жер тамдар, эми эле туулган козуну сууктан койнуна калкалап катып алып, пальтосу жок кызын ойлоп ичи тилинип бараткан оорукчан атасы, от боюнда күйпөлөктөгөн апасын укпай чуу түшкөн бөбөктөрү. Зияда эшиктин тыкылдаганынан чочуп кетти. Ыйлап жатканын ошондо гана сезип, көз жашын аарчыганча шашты.
- Ким?-деди үнүн шаңдуу чыгарганга аракет кылып.
- Зияда ушул жерде жашайбы?-"Ким мени издеп келген" деген ойдо Зияда эшикти шарт ачты да, бет алдындагы группалашын көрүп негедир кубанып, ошол эле учурда ыйлагысы келип кетти.
- Эмне ооруп калдыңбы, сабакка барбадың?-деди группалашы жайдары. Группадагы эң жакшы окуган кыздын минтип өзүн издеп келээрин күтпөгөн. "Үшүп барган жокмун" дегенден намыстанган Зияда "ооруп калдым" деген болуп койду.
- Кел олтур-деди Зияда группалашына суроолуу тигилип. Дилинде "жөн келбеген чыгаар. Эмне агай сурады бекен, же дагы бирдеме болдубу?" деген түпөйүл суроолор турду.
- Өзүң эмне турасың кодоюп? Сенин боюңдай кар жааса кыштан кантип чыгабыз?-деди Нурила жарк эте күлүп.
- Тынчылыкпы?-деди Зияда отуруп жатып акырын.
- Тынчылык эле. Карасам жоксуң, ооруп калдыбы деп эле келдим. Журналга кыздарга билдирбей "келди" деп белгилеп койдум. Антпесе, сессияда катышууну да эске алып, келбеген күндөрүбүзгө штраф төлөйт имишпиз
Зияда не дээрин билбей кайра ыйлагысы келип чыкты. Бул жерге келгени биринчи жолу өзүнө кимдир бирөөнүн кам көрүшү. Карегине келе түшкөн жашты көрсөтпөөгө "чай коёюн" демиш болуп ордунан туруп чыгып кетти. Чай коёрун коюп алып нан жок эмне кылаарын билбей туруп калды.
- Зияда-деди Нурила бөлмөдөн.
- Ии, азыр-деген менен өзү "кимден акча сурап турсам экен?" деп ойлоп жатты.
- Сен эмне уктап калдыңбы? Же чай кайнаганча кайтарып тура бересиңби?-деди Нурила шаңкылдап. Аргасы куруган Зияда кайра келди. Нурила столдун үстүнө нан, май, кесим эттерди коюп жатыптыр.
- Кечээ айылдан атам келиптир. Сени ооз тийсин деп алып келдим. Сабакка келеби деп күтсөм барбадың-Нурила сүйлөп да, колу шыпылдап столго улам бирдемени алып коюп да жатты.
- Мынчаны ким жейт?-деди Зияда не дээрин билбей.
- Жей албасак кыздарды чакырабыз-деди Нурила жаркырай күлүп. Анан курбусунун көзүнөн агып жаткан жашты көрүп чочуп кетти, - Эй, сен эмне кемпирлердей бышактайсың? Кана отурчу мындай. Эмне болду? - Эреркеген Зияда өпкө өпкөсүнө батпай солуктап ыйлап кирди. Айлап чогулган бугун, сагынычын чыгарып ыйлады кыз. Нурила Зияда соолукканча анын титиреген арык ийиндеринен кучактап унчукпай отура берди.
- Болдуңбу?-деди анан курбусунун алдына чөгөлөй көз жашын аарчып. Зияда муңайым күлүмсүрөй баш ийкеди.- Бар бетиңди жууп, чайыңды алып кел.
Зияда кадимкидей жеңилдеп, көңүлү көтөрүлө түшкөнүн сезди. Нурила кетээринде бирдеме айта албай жаткандай кыйылып туруп калды.
- Зияда, сен мага караганда бойлуусуң, сөөктүүсүң. Мобу пальтону жакшы көрүп алаарын алып алып кийе албай жатам. Сен кийип албайсыңбы. Менден улуу эч ким жок, сиңдилерим али кичине-деди баштыгынан жаңы эле пальтону сууруп чыгып. Бул пальтону Нурила кийгенин бир жолу көргөн. Ырас, бир аз узун болчу. "Модасы ушундай го. Жакшынакай пальто экен" деп ойлогон Зияда суктанып. Кыз алгач көктөн издегени жерден табылгандай кубанып кетти да анан, "акчасын кантип төлөйм?" деп ойлоп көңүлү сууй түштү
- Нурила тим эле кой, атам келем деди. Келсе пальто алып берет-деди акырын.
- Кызыксың сен, атаң келгенче кийип тур. Титиреп жука плащ менен барып жатасың. Куру намыстын эмне кереги бар. Акчасынан чочулабай эле кой, сага эстелик болсун. Балким, даярдоо курсунан кийин экөөбүз эки башка группада болуп калаарбыз. Ошондо эстеп кийип жүрөсүң. Атама этегин күйгүзүп алдым деп жаңы пальто алдырып алдым. Кана кийип көрчү-деди Зияданын ой-боюна койдурбай кийгизип. Пальто куду Зиядага арнап алгандай чак келди. Нурила тим эл жаш баладай кубанып, курбусунун алды артына өтүп жетине албай калды. Көксөгөн тилегине жетишип, алар ошол жайда студент болуп калышты. Нуриланын оозуна сала бергендей Зияда экөө эки башка группада болсо да курбулар достугунан тайган жок.
Бактысыздыктын баары окуу жылынын башында башталды. Ал кезде Зияда муну бактысыздык деп ойлогон жок, тескерисинче, кыз ал күндөрү өзүн "бактылуумун" деп эсептеп жүрдү. Ушул кара тору, орто бойлуу, көздөрүнөн от жанган жайдары жигиттин Зияданын жанында коңур үн менен гитарада ырдап отурганынан өткөн бакыт жок эле. Анын ийинине башын коюп алып үнсүз отуруу бардык нерседен жогору тургандай сезилчү. Бир эле түндө кыздык абийирден ажыроо деле Зияданы көп кейиткен жок.
- Суу берчи-деди энтиккен Карыбек. Зияда унчукпай ордунан тура калып суу алып келип берди. Кыз өзү сыртка чыгып кеткенде Карыбектин шейшепти алмаштырып, кан шейшепти таштандыга салып салганын билген жок. Карыбек Зияда алып келген сууну карап да койбой, ордунан суз туруп кийинип чыгып кетүүгө камынды.
- Качан келесиң?-деди Зияда акырын.
- Мени келтирип эмне кыласың?
- Ал эмне дегениң, биз үйлөнөнбүз дебедиң беле?
- Сен ар бир сөзгө ишене бересиңби? Эркек айта берет, кайра кайта берет.
Качан, ким менен болгонуңду өзүң эле билбесең, мен билбейт экем. Шейшебиңди карап туруп анан сүйлөчү макулбу? Эгер кааласаң келип турам-деди да шарт чыгып кетти. Зияда жарыкты жагып эле шейшебин карап, көргөн көзүнө ишене албай турду. Шейшеп таптаза. Эмне кылаарын билбей тизесин кучактап отуруп калды. Чын эле кыз эмеспи? Эч ким менен болгон жок эле го. Эмнеге анан эч жери көп деле оорубайт? Айылда турмушка чыккан кыздар, "Тим эле казык кагып жибергендей болот. Үч күндөй баса албай каласың" дешчү эмес беле. Ал эми Зияда болсо, жан жеринин бир аз ооруксунганы, кичине тыз этип ачышканы болбосо эч нерсени сезген деле жок. Миң сан ой менен алпурушкан кыз үч күн сабакка барган жок. Үчүнчү күнү гана Нуриланын жашаган жерине барды. Нурила бир аз ак шишик баскан курбусунун капалуу жүзүнө улам карап койгону менен, Зияда өзү кеп баштаганча унчуккан жок.
- Мен кыз эмесмин-деди бир оокумда Зияда кайдыгер
- Ал эмне дегениң? Кандай кыз эмессиң?
- Биз Карыбек экөөбүз болдук. Анан менден эч кандай кан чыккан жок. Ал мени кыз эмес экенсиң деп чыгып кетти.
- Эмне ага чейин бирөө менен болдуң беле? Карыбек менен эмнеге болдуң?-Нурила эмне деп сурап жатканын өзү да түшүнбөй, баш аламан суроолорду жаадыра берди. Зияда нес немедей мелтейип суз, муздак.
- Ага чейин эч ким менен болгон эмесмин. Мен Карыбекке ишенгем. Ал "биз үйлөнөбүз" деген болчу.
- Сен эмне үйлөнөм десе эле жата бересиңби? Үйлөнгөндөн кийин деле үлгүрөт элең го жатканга. Эми эмне болот?-Нурила ыйлап жиберди. Зияда ыйлай берип көз жашы түгөнгөнбү, ыйлаган жок. Мындан көрө ыйлап алса жакшы болмок. Ошондон кийин мурда эле суз, жалгыз жүрчү Зияда биротоло кыздардан четтеп калды. Карыбек бир күнү эле жаркылдап Зияданын жанында болсо, бир күнү тааныбаган немедей карап да койбойт. Карыбек бөлмөсүнө келгенде Зияда берээрге тамагын, айтарга жылуу сөзүн таппай калат. Айрыкча, сырттан бирөө кирсе, - Кемпир, төшөк сал-деген Карыбектин сөзү Зияданы бактылуу кылчу. Андайда кыз өзүн кадимки ак көшөгө артынан эми эле чыгып, келген конокторго көлдөлөң салып жаткан жаш келиндей элестетип жүрөгү толкуп кетчү. Куру үмүткө алданган төрт жыл өттү арадан. Зияда ушул жылдары бир жолу ачылып күлгөн жок, курбуларына кошулуп бир жакка бара албады. Курбусунун мындай абалына Нурила түтпөй Карыбек окуган жерге барып, деканына болгон окуяны айтты.
- Биз чара көрөбүз-деди декан көп жактыра бербей. Декандын жек көрө караган муздак, кайдыгер көз карашынан Нурила жерге кирип кете жаздады. Ошондон көп өтпөй Зиядага Карыбек келди да;
- Зияда атам ооруп жатат, бир жылдай академ отпуск албасам болбойт. Анан келем да экөөбүз үйлөнөбүз, жакшы жүр-деди кызды үмүткөр кылып. Алар ошол түнү таң атканча чогуу болушту. Карыбек гитарада ырдап берди. Зияда Карыбектин мындай өзгөргөнүн "Акыры менин ак экениме ишенген экен" деп ойлоду. Карыбек ошол бойдон бир жылдан кийин келди да суз гана "Сен бузулган кыздарга кошулуп кетипсиң, мага ишеничтүү адамдар айтты" деп басып кетти. Зияда эч кандай бузулган кыздарга кошулбаса да актана албады. Карыбектен үмүтүн үзгөн Зияда ошол жылы келишимдин негизинде айылга кетип калды. Студенттик жылдар ал күткөндөй болгон жок. Жалаң алдамчылыктан турган ушул жылдар кызды басынткандан башка эч нерсе тартуулай албады. Дилинде кимдир бирөөгө болгон жек көрүү гана калды. Айылда тез эле жигит чыгып, Зияданы ала качып кетишти. Ал өмүрүндө биринчи жолу бирөөнү алдады. Болгондо да бир өмүр бирге болчу жан шериген алдады. Кирпиктери төгүлгөн күнөөсүз жарын карап туруп далай жолу дили жанчылып, канча жолу абийир азабы кыйнап, анан бара-бара баары унутулуп бараткан кезде жарасы дагы бир жолу сыйрылды.
Зияда билимин жогорулатуучу курска окууга келген. Көп нерсени өзү менен өзү болуп жүрүп окуган эмес экен. Китепканадан чыгып парк менен басып бараткан Зияданы;
- Зияда-деген таааныш да, тааныш эмес үн токтотту. Зияда жүрөгү селт эте артын карады.-Кандайсың?-деди орто бойлуу, бир аз толук, келбеттүү кара тору киши мыскылдуу жылмайып.
- Карыбек, сенби?
- Эмне көз ачып көргөн эркегиңди унутуп калдыңбы?-деди Карыбек табалагандай кытмыр күлкүсүнөн жазбай.
- Көз ачып көргөн эркегим сен эмес болчусуң, мен сени алдап тийип алайын деп ойлогом. Же шейшептин таптаза экенин унутуп калдыңбы? -деди Зияда өзүн колго алып. Дилинде кандайдыр кашкөй көктүк, жек көрүү кайнап чыкты. Карыбек дароо олуттуу тартты.
- Кечирип кой Зияда, сен мени эмес, азыркы эриңди алдап тийип алдың. Мени менен болгондо тоо суусундай таза элең, наристе элең, ишенчээк болчусуң. Ошол ишенчээктигиңден улам кала бердиң, кан болгон шейшепти алмаштырып ыргытып жибергенимди билген да жоксуң. Ишенсең ошондон бери абийир азабы кыйнап келет.
Зияда уккан кулагына ишенбей көзү караңгылап кетти. Канча жылдар ушул адамды унута албай эстеп, "балким, шейшебимде кан болсо үйлөнөт беле" деп ойлоп, аны актап, гитара коштоп шаңшыган арген үндү тумарындай эш тутуп, көзүн жумса кулагына дирилдеген мукам добуш жаңырып, ошол үн, ошол эскерүү менен жашап келбеди беле? Канча жолу пахтазардагы айлуу түндү терметкен Карыбектин шаңшыган үнүн сагынып жүрөгү тилинбеди беле?
- Сенде да абийир барбы? Жогол көзүмө көрүнбөй.-деди Зияда калчылдап.
- Анан эмне сенде абийир барбы?. Андай абийирдүү болсоң эмнеге бирөөнүн ак келин алам деген аруу тилегин тебеледиң? Эмнеге бирөөнүн көзүн боёдуң? Же "мени бирөө бузуп, төрт жыл аял кылып анан таштап кеткен" деп айттыңбы? Айткан жоксуң. Андыктан, абийир жаатында экөөбүз бирдейбиз. Балким, күйөөң деле далайдын убалына калган акмак, жүзү жок бирөөдүр. Кудай ошон үчүн ага сени жолуктурган чыгаар. Анткени, бул жалганда эч нерсе жоопсуз калбайт, эсиңде болсун.Бардык нерсении жообу, убалы бар экен.
- Ылайым эле ошондой болуп, менин убалым уктатпасын-деди Зияда ый аралаш.
- Сенин убалыңа калган жокмун. Сен убалды аттап кеттиң, сага убал жок. Эгер менин айымдан турмушка чыкпай калсаң, же ажырашып кетсең анда убал жөнүндө кеп кылсаң болмок. Экөөбүз тең өз убалыбызга өзүбүз калдык. Экөөбүздү тең өмүр бою абийир азабы кыйнайт. Бизге эмес, бизге бүткөн абийирге убал болду. Кош аман бол.-деди да шарт басып кетти. Зияда Карыбек өзүн эч качан сүйбөгөнүн азыр сезип, дили буулукту. Чын эле кайдагы убал? Ак келин алам деген кайын энесинин тилегине, ак аял алдым деген жарынын ишенимине, жүрөк түпкүрүндө онтогон абийир азабына убал болду. Зияданын эмнесине убал? Келин өз дүйнөсүндөй ээн көчө менен жалгыз басып баратты.
Жаркын Ай