п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кумир менен баарлашуу

Кундуз:
Өң десе - өң, бой десе - бою бар, фигурасы өзү ырдагандай 90-60-90 Кундуз Канатбек кызы бизде мейманда болуп, өзүн кумир тутуп жүргөн күйөрмандары менен жолугушту. Анда Кундуздун күйөрмандары менен болгон маекке орун берсек.

"Бир арабга турмушка чыгып калайын деп…"
Жылдыз, 27 жашта:
- Азыр эмне менен алектенип жатасың? Чыгармачылыгыңда кандай өзгөрүүлөр бар?
- Окуумду бүтүрүп коюп, эс алып жатам. Дипломумду "4" деген баага жактадым. 5 жыл окусам дагы, мамлекеттик экзаменде билбеген нерселердин көбүн билип алдым. Чыгармачылыгымда болсо, "Сен мен үчүн" деген ырымдын клибин тарттырып бүттүм.
- Кесибиң экономист экен, алган билимиң боюнча эле иштеп кетесиңби, же ырчылыктан алыстабайсыңбы?
- Негизи мага банкта иштеген жагат. Мүмкүн турмушка чыккандан кийин өзүмдүн беш жылдык алган билимим менен иштеп кетем. Ал эми чыгармачылык жагыма кайрыла турган болсок, шоу-бизнестен алыстабайм.
- Сема менен иштешпей калдың беле?
- Сема менен дуэт эле ырдаганбыз. Экөөбүз бир топ эмеспиз да, ошондуктан дайыма бирге иштебейбиз.
- Азыр сүйлөшүп турасыңарбы? "Кундуз менен Сема кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрчү, аялы Семаны кызганып, ошонун айынан дуэт ырдабай калышты" деген имиштер чыгып кеткенинен айтып жатам.
- Жо-о-к, андай эмес. Семанын келинчегин абдан жакшы тааныйм, түшүнүктүү адам. Гастролдорго да келинчеги менен чогуу чыгып калчубуз. Мамилебиз да жакшы. Сема экөөбүздүн ага-карындаштай болгон мамилебизди билчү. Семаны ага катары сыйлайм. Өзү дагы мага жакшы кеңештерди айтып турат.
- Сага айтылган сындарга кандай карайсың?
- Сындарды туптуура кабыл алам. Сын болбосо эч бир жерде өнүгүү болбойт болуш керек. Сынды угуп, өзүңдүн катаңдын үстүнөн кайра-кайра иштеп жатып, жакшы нукка түшөсүң.
- Өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?
- Өзүмдү сулуумун деп эсептебейм. Кудайым ар бир адамзатка өзүнө тиешелүү келбетти берген. Мага дагы ушундай келбет бергенине ыраазымын. Мен актриса Таттыбүбү Турсунбаеваны сулуулуктун эталону деп эсептейм. Анткени анда аялзатына тиешелүү бардык жакшы сапаттар бар.
- Өзүңө алба, бирок, "Чачы узундун - акылы кыска" деп коёт эмеспи. Буга кандай көз караштасың?
- Бул сөзгө мен макул эмесмин.

Нусупбек,
22 жашта:
- Көбүнчө ырчы кыздарды байлыгы барлар байлыгы менен, бийлиги барлар бийлиги менен итерип алганга аракет кылышат. Сизге да бай адамдар же болбосо бийликтеги адамдар тарабынан кандайдыр бир сунуштар түштү беле?
- Чынын айтсам андай сунуштар көп болот. Кээ бир адамдар өздөрүнүн визиттик карточкаларын берип да жиберген күндөрү болгон. Ал адамдарга маданияттуу жол менен түшүндүрүп коём. Таарынгандар да болгон.
- Башка улуттун мырзаларынын колун кармап кеткен кыргыз кыздарына кандай көз караштасың?
- Мен дагы Дубайга барганда ошол жактагы бир арабга турмушка чыгып калайын деп, кайра келбедимби (тамашалап). Албетте, бул өкүнүчтүү нерсе. Буга терс көз караштамын. Кыргыз кыздары чет элдик мырзаларды сүйүп калган учурлары да болот. Муну эми түшүнсө болот. Ал эми кээ бири чындап эле байлыкка карашат. А өзүмө болсо эң башкысы кыргыздын нукура жигити болсо болду. Түндүктүк-түштүктүк деп тандабайм.
- Байлык кызыктырбайбы?
- Бир адамды сүйүп калдың, бирок ал адам бай эмес. Ошентсе да ошол адам менен байлыкты, мал-мүлктү чогуу топтоп, түшүнүү менен жашасаң, акыр аягы бактылуу болосуң.
- Биз билген кыргыздын ырчы кыздарынын көбү бизнесмендерге баш кошуп жатышат. Сен да алардын катарын толуктабайсыңбы?
- Мага бир жолу бирөө "Бай адам менен жакыр студенттин кимисин тандайт элең?" деген суроо берген эле. Мен студентти тандайм дегенде, абдан таң калган болчу. Мен үчүн сүйүү биринчи орунда.
- Ош коогалаңында жабыр тарткандарга жардам бердиңби?
- Чынын айтсам жардам бере алган жокмун.
- Кыргыздын маданиятына салым коштум деп ойлойсуңбу?
- Кыргыздын маданиятына салым коштум деп айтканга азыр эрте. Балким мындан он жылдан кийин да антип айтыш эрте болот. Бирок, маданиятка салым кошконго аракет кылам. Бул менин алдыга койгон максаттарымдын бири.
- Азыркы жаш ырчыларга улуу муундун өкүлдөрү тарабынан ишенбөөчүлүк пайда болуп, "жасалмалуулук орун алган, жалаң фонограмма менен ырдашат" деген сып-пикирлер бар. Бул сындарга терикпейсиңерби?
- Жок, терикпейбиз деле. Фонограмма менен биз эле эмес, Россия, Казакстан сыяктуу чоң-чоң өлкөнүн ырчылары деле ырдашат. Дима Билан, Панайотовдор эле жандуу үн менен ырдабаса, калгандарыныкы бүт фонограмма. Биздин фонограмма менен ырдаганыбызды баарыңар эле билесиңер. Техника жагынанбы, вокал жагынанбы, Россияга жете элекпиз. Эми бизде деле Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков сыяктуу күчтүү-күчтүү ырчыларыбыз бар дечи. Алар 100 пайыз жандуу ырдай алышат, бирок техникалык жабдуулардын айынан алар деле фонограмма менен ырдап жатышпайбы.
- Кээ бирлер "жылдыз болоюн" деп эле ар нерсени тантырап ырдап жатканын тана албайбыз, туурабы? Сен эмне максат менен ырдап жатасың?
- Мен кичинекей кезимден эле ырга абдан шыктуу болчумун. Апама "Элдин алдына чыгып ырдагым келет" десем, "Ал үчүн тартынбаш керек" дечү. Ошентип жүрүп эле ырчы болуп кеттим. Анан менин чыгармачылыгыма да сын айткандар пайда болуп, өзүмдүн ырларымдан өзүм уялып калган учурлар да болду. Азыр ыр жаздыраарда текстине, обонуна абдан көңүл буруп калдым.
- Эгерде жолдошуң сенин чыгармачылыгыңа терс көз карашта болуп, "ырдабайсың" десе эмне кылат элең?
- Аялзаты үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат дечи. Ошентсе да жолдошум каршы болгонуна карабай, чыгармачылыктан алыстабаганга аракет кылам.
- Акыркы жолу кайырчыларга эң көп суммада канча акча бердиң эле?
- Бир жолу мечит жактан өтүп баратсам кайырчылар тизилип отурушуптур. Бирөөсүнө 20 сом берип өтүп жатсам, ары жактагылардын баары келип "мага берген жоксуң, мага берген жоксуң" дешкенинен баарына берип, капчыгымда акчам калбай калган.

нурбек,
19 жашта:
- Он жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?
- Азыр кандай болсом, ошондой эле элестетем (тамашалай). Ал убакта турмушка чыгып калат болушум келет. Өзүм төрт биртууган болгондуктан төрт балалуу болгонду самайм.
- Киного сунуштар түшүп жатабы?
- Ооба, буга чейин далай эле сунуштар түшкөн. Бирок, ролдор менин мүнөзүмө дал келбегенине байланыштуу тартылган жокмун.
- Ырларыңыздын сөздөрүн ким жазып берет?
- Бардык ырларым ырчы жигит Алтынбек Алымовдун сөзүнө таандык. Обонун болсо, Ильяз Абдыразаков жана Мирлан Абдраевге жаздырам.
Азамат, 22 жашта:
- Спорттун кайсы түрүнө кызыгасыз?
- Негизи эле спортчу балдарды абдан сыйлайм. Мага бокс жагат. Муз үстүндө бийлөөгө жана сууда сүзүүгө кызыгам.
- Жигиттердин кандай сапаттарын баалайсыз?
- Шайыр, тамашакөй, жөнөкөй, адамкерчиликтүү, ички дүйнөсү таза жигиттерди баалайм.
Төлөбүбү
Касымалиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Бир арабга турмушка
чыгып калайын деп…"

2-бет
"Бир арабга турмушка чыгып калайын деп…"
3-бет
Жаныш Бакиев эмне үчүн кармалган эмес?
4-бет
Кыздарга кылыктанган жигиттер жагабы?
5-бет
Биз экөөбүз…
6-бет
Махабат майданы
7-бет
Жашыруун эмес
8-бет
Шырмаек
9-бет
Кайнене менен кантип тил табышса болот?
10-бет
Жылдыз Караева: "Айым"
сулуулук салонунун жетекчиси:
"Эксперимент жасагандан коркпош керек

11-бет
Көл жээгинде эс алууда…
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Абийир азабы
15-бет
Обон почта
16-бет
"Артымда кала турган обон жараткым келет"










??.??