Ким күнөөлүү?

Жаныш Бакиев эмне үчүн кармалган эмес?
Убактылуу өкмөттүн тапшырмасы менен Сузактын Тейит айылына Бакиевдерди кармоо тапшырмасы менен барган атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков бул операция эмне үчүн ишке ашпай калганын, мурдагы президент менен ошондогу жолугушууда кандай сөздөр болгонун "Азаттыкка" айтып берген.


- Артур мырза, сиз мурда Курманбек Бакиевдин учурунда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп туруп, капыстан эле кызматтан кетип калгансыз. Анын себеби эмнеде эле?
- 2007-жылы парламенттик шайлоо болбоду беле, ошондо "Ата Мекен" партиясы чынын айтканда 50-60 пайызды утуп алган. Шайлоо бүтүп, өзүнчө чогулуш болгондо "Ата Мекенди" парламентке кое бергиле, болбосо элдин көбү көчөгө чыгат, көчөдө кыйкырып жүргөндөн көрө өздөрү депутат болуп, сессиядан болгон маселелерди туура айтып чыгып турса элге да, силерге да пайда, болбосо кийин иш чатак болот десем, алар мага терс көз карашта карап, башкача чечим чыгарышкан. Экинчиден, 2007-жылдын декабрында Кыргызстанга АКШ фирмасы аркылуу Түркмөнстандан эки учак учуп келген эле. Анда 100 тоннага жакын ок-дары, "Калашников" автоматтары, пулеметтор бар эле. Алардын бардыгы контрабандалык жол менен келген. Ага биз иш козгоп, мен аларды кармаганга аракет кылсам ошол убактагы УКМК башчысы Суталинов менен Бакиевдин баласы Марат каршы чыгышып, ал учакты коё берип жиберишкен. Анан көп өтпөй эле "сага жарлык чыкты, сен жумуштан кете бергин, башка жумушка барышың мүмкүн" дешкен.
- Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев менен кандайдыр бир карама-каршылыкка барган жок белеңиз?
- Максим Бакиев менен 2005-жылы декабрь айында "Бител" телефон компаниясы боюнча Жогорку Сотто чоң карама-каршылыктар болгон. "Бителди" Орусиядан келген бир чоң компания - НТС 150 миң долларга сатып алганына карабай четке кагып, алдап башка фирмага сатып жиберген. Ошонун тегерегинде Максимдин атасы Курманбек Бакиевге уулуңуз ушундай туура эмес иштерди жасап атат деп айткам. Себеп дегенде бизге кабар түшкөн, "Максим Бакиев эгер бизди четке кагып, алдай турган болсо аны жоготууга чейин барабыз" дегендей. Анан мен айткам, ушунун айынан чатак чыгышы мүмкүн, бул балаңызды тыйбасаңыз кыйын болот деп. Бул 2005-жылы декабрь айында болгон эле. Курманбек Бакиев болсо: "Көрөбүз, сен өз ишиңди жасай бер", - деп койгон. Ошону менен ар кимибиз өз оюбузда калганбыз.
- Быйыл 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин, Курманбек Бакиев Тейит айылына барган учурда аны кармоо боюнча операцияга сиз жетекчилик кылган экенсиз. Айрымдар Бакиевдерди атайын коё беришкен деп айтып жүрүшөт, ушунун чын-төгүнү канчалык?
- 10-апрелде мага Убактылуу өкмөттөн сунуш кылышты. "Бизге мурдагы ордуңда иштеп, жардам бер", - дешкенинен макул дедим. 12-13-апрелде "Бакиев элди чогултуп кырдаалды туруксуздаштырышы мүмкүн, Жалал-Абадга барып, ал кишини Кыргызстандан чыгып кетишин талап кылышыңар керек, жанында жүргөн иниси Жаныш Бакиев, менен мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевди кармап келишиңер керек", -дешти. Мен мага укук берсеңер барайын, бирок Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн бирөө барыш керек десем, "ойлонуп көрөбүз, эртең сага жообун беребиз", - дешкен. Бирок убактылуу өкмөттөн эч кимиси барган жок, оозеки чечим чыгарышып мени жиберишти, бирок эч кандай кагаз жүзүндө чечим чыккан эмес. Анан биз 15-апрелде учуп кеттик, ага чейин оперативдүү булактар аркылуу жакын туугандарына байланышка чыгып, Курманбек Бакиев менен жолуктук.
- Сиз анан жалгыз бардыңызбы?
- УКМКнын Ош, Жалал-Абаддагы башкармалыктарынын башчылары жана атайын операция боюнча башкармалыктын жетекчиси болуп төртөөбүз бардык. Бакиевдердин Тейиттеги үйүнө жеткенде автоматчан 15ке жакын киши чыгып, көкүрөгүбүзгө автомат такап, чөнтөктөрүбүздү тинтишип эч нерсе таппагандан кийин киргизишти. Короонун ичине киргенде карасам, эшикте костюм-шымчан Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев менен Бакыт Калыев жана жакын туугандары турушуптур. Ары жак четинде 50-60 киши, бери жагында 20-30 киши куралчан жүрүшүптүр. Биз чынын айтканда байкоо салганбыз. Алар кандайдыр бир кармоо аракеттерине каршы даярдыктарды көрүп коюшуптур. Анан Курманбек Бакиев менен учурашып, убактылуу өкмөттүн атынан сүйлөшкөнү келгенимди, Убактылуу өкмөт үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенге жол берип атканын, Жаныш Бакиев баштаган жакын туугандары жана Бакыт Калыев колго түшүп, эл алдында жооп бериш керектигин айттым.
- Бакиевдин реакциясы кандай болду?
- А киши бир аз ойлонуп туруп "макул" деди. Бир убакта телефон чырылдап калып "Александр Васильевич", - деп Лукашенко менен сүйлөшүп калды. Лукашенконун телефондон "мен сени колдойм" дегени угулуп атты. Менимче, ошол убакта эле сүйлөшүлсө керек Белоруссияга бара турганы.
- Жаныш Бакиевчи?
- Жаныш Бакиевге мен агасынын көзүнчө деле айттым колго түшүп бериши керектигин. Эгерде мындай бош жүрө берсең баары бир "атабыз, өлтүрөбүз" деген кишилер көп десем: "Менин анча күнөөм жок, бирок эл аралык комиссия, БУУдан байкоочулар келсин, ошондо гана колго түшөм, азыр мени силер алып кетсеңер мени тытып саласыңар же элге алып барасыңар, алар өлтүрүп салышат. Мен азыр барбайм, атышканга чейин даярмын", - деди. Мен ага мындай сөзүңдү кой, мынакей сени менен мурда чогуу иштеген Дүйшөбаев кепилдигин берип атат десем: "Курманбек Бакиев кетсин, эртең менен саат 10до курал-жарактарды өткөрөлү да анан сүйлөшөлү, бул генералдык сөзүм", - деди. Мен ага карабай азыр десем агасы Курманбек Бакиев "бул качпайт, бул жерде болуп турсун, чечишип алалы" деп калды.
Анан Курманбек Бакиев: "Декретиңер барбы, мен азыр сүйлөштүм, ЕККУдан атайын декрет бар экен деп айтышты, ошол боюнча кагазды бергиле?" - деп сурап калды эле менде андай кагаз жоктугун айттым. Чынында мага Убактылуу өкмөттөн эч кандай декрет, же кагаз берилген эмес эле. Мен бир сааттан кийин биз дагы жолугушалы дедим да, чыгып кеттим...
(Маектин уландысы басууга даярдалууда.




  Спорт

Баш байгени Испания утту
11-июлда Түштүк Африка өлкөсүндөгү дүйнө чемпионатында финалда Голландияы Испания өлкөсү жеңип, биринчи орунду ээлеп, дүйнө чемпиону аталды.
Кыргызстандык футбол күйөрмандары бир ай бою Түштүк Африка өлкөсүндө өткөн дүйнө чемпионатынын оюндарын кызыгуу менен көрүп, күйөрман болушту.
11-июлда дүйнө чемпиондугу үчүн финалда Голландия менен Европа чемпиону Испания өлкөлөрүнүн командалары мөөрөй талашты. Түштүк Африка өлкөсүнүн борбору Йоханнесбург шаарындагы "Соккер Сити" стадионунда 85 миң күйөрмандан сырткары финалдык мелдешти дүйнө жүзүнүн калкы көгүлтүр эркан аркылуу көрүп, күбө болушту.
Эки команда чеберчилигин көрсөтүү менен канчалык аракет кылышканы менен 90 мүнөттүк биринчи жана экинчи таймда эсеп ачылбай, оюн эрежеси боюнча калыстар кошумча убакыт бөлүштү.
Беттешүүнүн 116-мүнөтүндө испаниялык жарым коргоочу Андрес Иньеста тепкен топ Голландиянын дарбазасынан орун алып, ал мыкты оюнчу аталып, Испаниянын дүйнө чемпиону болушуна данакер болду.
Түштүк Африка өлкөсүндөгү футбол чемпионатынын шарапаты, таасири менен кыргыз футболуна өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулса деген тилегин билдирген күйөрмандар дагы арбын.
Испания биринчи ирет финалда ойносо, Голландия өлкөсү ушуну менен үчүнчү ирет финалга чыгып, үч жолу жеңилүү ызасын тартып, күмүш байгелүү болушту. Голландиялыктар 1974- жана 1978-жылдары дагы баш байге үчүн таймашууда утулуп калышкан.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатында өзбекстандык калыстар тобу менен беш оюнга талаа четинде калыстык кылган оштук Бахадыр Кочкаровду тосуп алып, журналисттер менен жолугушуу уюштурууну өлкөнүн футбол федерациясы пландап жатат.




Бир бүркүм
Убактылуу өкмөт төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев бүгүн, 12-июлда кызматынан кетти. Ал президент Роза Отунбаеванын атына кызмат ордун калтыруу тууралуу арызын жазды.
Убактылуу өкмөт төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров "Коммерсант" басылмасына анын өкмөттө калаары же кетээрин партиясы чечет деп айтты. Ал белгилегендей, БЭКтин башына съезд аркылуу шайланган адам турат. "Биздин кыймылга 10 партия кириш максатында азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Менин планым боюнча жаштарды колдойбуз, өзүбүз болсо тренер катары иш жүргүзөбүз. Жаңы ысымдар келиши керек, биз, карылар, аларды колдойбуз", - деп белгиледи Бекназаров.
Парламенттик шайлоодо кайсы бир партиянын мандаттардын көбүнө ээ болушу кыйын. Ушундан улам саясый партиялар коалиция түзүп, шайлоого барышы керек, - деп билдирди 12-июлда финансы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев . Анын айтымында, өзү башында турган "Ак шумкар" партиясы да башка саясий партиялар менен биргеликте коалиция түзүшү мүмкүн. Т. Сариев Убактылуу өкмөттүн эки-үч мүчөсүнөн башкалары жакынкы күндөрү отставкага кетээрин белгиледи. Мындан тышкары, Т. Сариев парламенттик шайлоого 10дон ашык партиялар катышаарын айтып, Жогорку Кеңешке 5-6 партия өтүшү мүмкүн экендигин кошумчалады.
Кыргызстандын темир жолчулары кыска мөөнөткө иш ташташты, "Кыргыз темир жолу" профсоюзунун өкүлү Эрнис Докенов айтымында, учурда темир жол ишканасында кызматтарды талашуу токтобосо, кызматкерлер бардыгы иш таштоого мажбур болушат.
Нарын облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп Турдубек Мамбетов дайындалды. Аны облустук администрация кызматкерлерине Убактылуу өкмөттүн аппаратынын аймактык башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Калмурза Иманалиев тааныштырды. 7-апрелден кийин Нарын облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп Адыл Эсенбеков иштеп келаткан.
Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева Маданият министрлиги тууралуу Декретке кол койду. Декретке ылайык, Маданият министрлиги деген сөз айкашы Маданият жана маалымат министри болуп кошумчаланат.